« Мектеп,ата-эне,коомчулук менен кызматташуу аркылуу окуучуларды ар тараптан онүктүрүү” жылына карата.
План.
1.Киришүү.
2.Ата-эненин балага болгон мамилеси.
3.Мектеп,ата-эне ,коомчулук менен кызматташуу аркылуу окуучуларды ар тараптан онүктүрүү жылына карата иш-чаралар.
4.”Баланын биринчи мугалими –ата-эне.
5.Билим сапатынын томондугу эмнеде?
6.Сунуш.
7.Жыйынтык.
Изилдоо ишинин актуалдуулугу.Экономикалык жана социалдык мамилелер жаныланып жаткан мезгилде билим беруу тармагында да сандан сапатка умтулуу, жанылануу жана натыйжалуу аракеттер байкалууда .Билим беруу системасын онуктуруунун негиздери жана аны ишке ашыруунун механизмдери нормативдик документтерде ,башкача айтканда “Билим беруу жонундогу”законунда ,”Кыргыз Республикасында билим берууну 2020-жылга чейин онуктуруунун концепциясында”, “Кыргыз Республикасында билим берууну 2012-2020-жылдарда онуктуруу стратегиясында” жана аларды ишке ашыруунун планында корсотулгон .Бул документтерде орто мектепте билим беруунун сапатын которууго жана ага туздон-туз тиешеси болгон уй-було менен бирдиктуу иш алып барууга озгочо конул бурулган.
Мектеп окуучуларынын билим сапаты алган билимдерине коз каранды.
Ал эми элеттик мектепте билим беруунун сапатына бир нече факторлор таасир тийгизет,алардын ичинен мугалим менен ата-энелердин максатту багытталган бирдиктуу иш-аракеттери ото маанилуу.
Баланын сабакка конулу чаппаганы же кызыгуусунун жоктугу,уйд-булодогу аба-ырайына байланыштуу.Ата-эне баласына жетиштуу конул бурбай жумушта жургону аз келгенсип,кечинде бошогондо,эки сааттын ичинде баланы козомолдоп,ага талаптарды кое баштайт.Бул корунуш баланы ого бетер жудотот.Бул корунуш айрыкча айыл жергесинде жашаган уй-булоолордо кездешет.Кобу баланы сабак окуп жаткан учурунан алаксытып жумшаганды адатка айланткан.Же айрым ата-эне баласына убакыт болгондон эринип тапшырмасын озу аткарат.Же болбосо балага конулкош мамиле кылгандар кобойуудо.Айыл жергесиндеги балдарга ата-энелери бир уй-булонун туйшугун артып коюшкан.Бала сабакты эмес,уй жумушун биринчи орунга коет.
Биз ата-энелер менен биргеликте иш алып баруу учун ,2019- жылды районубуз тарабынан “Мектеп,ата-эне,коомчулук менен кызматташуу жылы –деп белгиленди.
“Мектеп,ата-эне,коомчулук менен кызматташуу”-жылына карата биздин мектепте бир топ иш-чаралар жургузулуудо.Отуп кеткен жылдагы жалпы ата-энелер жыйынында талкууга салынган маселе, “Ата-энелер мектебин”ачуу маселеси уюштурулуп ,январь айынан баштап иштей баштады.Мисалга алсак,класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу Узакова Парида эжекебиз “Ата-энелер мектебинин мааниси,максаты жонундо тушундуруу иштерин,семинарларды жургузуп жатат.Класс жетекчилерге “Ата-энелер менен иштоо жонундо”семинар отту.
Ар жуманын шаршенби куну “Ата-энелер куну”- деп белгиленди,ошол куну ата-энелердин комитеттери келишип,ар турдуу иш-чараларга,семинарларга катышышат.Ата-энелерге баланы учурдун талабына шайкеш тарбиялоо максатында ,тегерек стол,жолугушуулар,семинар-тренингдер отулуп жатат.Копчулук ата-энелер жакшы ой-пикирлерин,сунуштарын калтырушууда.
“Баланын биринчи мугалими –ата-эне”.Уй-було бекем болсо,балага тарбияны ата-энеси татыктуу берсе,коом да туруктуу бекем болот.Биз окуткан балдар билимдуу болсо,коом да ошончолук билимдуу болот.”Дарак жемиши,адам иши менен нарктуу”-дегендей мугалим –онор ээси,тарбиячы-ата-эне.Чыгармачыл адам жана окуучунун ой жугуртуусун жандантып,окууга болгон умтулуусун ойготуп,аны келечекте жакшы адам болуп калыптанышына кузгу болуп туруш керек.Окуучунун “Саламатсызбы?”-деп учурашканы мугалимдин жан дуйносун нурлантат.Билим сапатынын ачкычы мугалимдин колунда деп айтышат.А бирок коомдогу койгойлор комускодо калып жатпайбы?Себеби бала мектепте болгону 5саат болот,калган 19саатын коомдо, уй-булодо откорот.Мисалы билим сапатынын томондугу бир нече факторлорго байланыштуу.Алар окуучунун ден соолугунун чын болушуна кунумдук тамак-ашка керектуу витаминдер менен азыктанбагандары,кээ бир ата-энелердин аракка берилуусу,ата-энелердин кун-тун(2смен) иштегени,балдарына конул буруунун аздыгы,айрым окуучулар ата-энелери менен соода сатык кылышы,ата-энелердин чет олколорго иштоого кетиши,(балдарын туугандарына калтыруусу) мектепке чейинки бала-бакчалардын аздыгы,педагог адистердин,окуу китептердин жетишсиздиги,айрым ата-энелердин динге берилуусу менен оз балдарын дагы медресеге бериши,ата-эненин баланын билим алуусуна жана тарбиясына конул коштугу.Коомдогу ушундай койгойлор окуучунун билим-тарбия алуусун томондотот. Балдар биздин,Кыргызстандын-эртенки келечеги.Келечектеги балдарга ата-эне бардык мумкунчулукторун жумшап ,аларга жакшы билим алуусуна шарт тузуп бериши керек.Ошондой эле баланын келечектеги турмушунун жакшы болуусуна аракет жасоо негизги милдети.Ата-энелик милдетин аткарган ,ата-энелерибиз менен байланышты кучотуу керек.Аракет кылган ата-энелер бар ,бирок копчулук учурда алар койгоцду чечуунун эфективдуу жолдорун таба алышпайт.
Япониядагы маалыматтарга караганда 1-2 баласын тарбиялоо учун, атасын же энесин 5 жыл окутат экен.Бизде окуткан мындай турсун ,жашы жете элек турмуш курган уй-булонун саны кобойду.Буга ким куноолу?
Малайзиядагы маалыматтарга караганда ,уйлоно турган балдар жана кыздар атайын сынактардан отушот экен.
Азыркы кундо Япония,Корея,Кытай,Индонезия турмушу,билими боюнча эн алдыга озуп чыкты.Себеби аларда балдарына болгон таалим-тарбия ,билимине системалуу турдо карашат.А биздин ата-энелерчи?Балдарыбыз эмне менен алек болуп жатат,сабакта жана сабактан кийин,кечиндеси эне иш кылат,эмнеи ойлонуп жатат ишибиз жок.Ата-эне баласынын билим алуусуна кызыгып,кунуно жок дегенде 1саат китептерди чогуу биргеликте окуп,анын мазмунун чогуу талкуулап турса,китепке болгон кызыгуусу артып ,оз алдынча окууга конугот эле.
Анан калса,айыл жериндеги ата-энелер педагогдордун,писихологдордун жардамына муктаж .Алар балдардын сапатту билим алышын каалашат,ага оз салымдарын кантип кошууну билишпейт,бут жоопкерчиликтин баарын мугалимдерге жуктоп коюшкан.Жадакалса мигранттын балдарын да мугалимдер козомолго алышат.
Азыркы учурдун койгойуно ички жана тышкы миграция да таасирин тийгизуудо.Себеби баланын атасы да, апасы да балдарын туугандарына таштап,жумуш издеп кетуудо.Ал эми туугандары баланын тарбиясына жана окуусуна озунун ата-энесиндей карай алышпайт.
Райондук билим беруу тарабынан белгиленген “Мектеп,ата-эне,коомчулук менен кызматташуу”жылы ото негиздуу жана оз учурунда белгиленди.Ушул жылдын алкагында биз мугалимдер,ата-энелер,коомчулук менен биргеликте коптогон иштерди жасап алсак болот.Ата-энелерди, коомчулукту, баланын билим алуу процесине тартуу максатында жаш озгочолугуно карата иш-чаралар тузулуп,аткарыла баштады.Ата-энелер менен биргеликте семинар-тренингдере,тегерек столдордо ата-энелерден тушкон суроолор,ой-пикирлерди анализдеп биз томондогудой жыйынтыккы келдик.Биздин ата-энелердин билими ото томон.Айрыкча балдарды окутуп-тарбиялоо боюнча эч кандай адабияттар,маалыматтар менен таанышышпайт экен.Ошондуктан ушул откоруп жаткан семинарларды кобойтуп ар бир ата-энени катыштырып,ар турдуу иш-чараларды откорсок.
Элеттин ата-энелери учун,массалык- маалымат каражаттарын кобойтуп,атайын ата-энелер учун гезит-журналдарды чыгарсак жакшы болот эле.Ошол гезит-журналдарга : ата-энелердин ийгиликтери чагылдырылса ,башка ата-энелерде дагы шыктануу пайда болот эле.
Баланын билимине,тарбиясына мектеп эле жооптуу болбостон,ата-энеси да, коомчулук да-бул милдеттемени озунун иштеринин негизи катары карашса,жакшы жыйынтыктырды берип, ийгиликке жетууго мумкунчулук кобойот.