МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ТАРБИЯ БЕРҮҮНҮН САЛТТЫК ƟЗГƟЧƟЛҮКТƟРҮ
Абдалиева П.К.
Абдалиева Перисат Кошоевна - препадователь кафедры информатики и математики БГУ им. К.Карасаева г.Бишкек
Аннотация: в статье анализируется в полной мере, всегда игравшие важную роль в формировании детей традиционные методы воспитания кыргызского народа, не используется весь потенциал влиятельных никаких образов – наследия нации, и по некоторым объективным причинам они уходят в забвение.
Ключевые слова: Дошкольное образование, традиционное, воспитание, наследие.
Ар бир элдин салттык тарбиясы чексиз жана өтө бай. Элдин дүйнө таанымы, жашоо турмушу, кесиби, этикалык жана моралдык нормалары, элдик маданияты, философиясы, оозеки чыгармачылыгы, кол өнөрчүлүгү илим-билими, элдик медицина, тамак-ашы миңдеген жылдардын аралыгында калыптанган. Ар бир доордун жана мезгилдин талабына, жашоо шартынын ыңгайына жана улуттук өзгөчөлүктүн чен өлчөмүнө туура келбеген айрым бир жактарын электен өткөрүп элдин жашоосу үчүн эң керектүү, эң баалуу деп эсептелген каада-салттар сакталып, нукура элдик, улуттук деген ат менен эл менен кошо жашоосун уланткан жана ага кызмат кылган. Кыргыз элинде жаш жеткинчектерди салттуу мүнөзгө ээ болгон адептүүлүк, улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо, жол көрсөткөн насаат айтуу, турмуштун ар кандай шарттарында жаштарды сабырдуулукка, чыдамкайлыкка жана ийкемдүүлүккө тарбиялоо салтка айланып калган көрүнүш. Элибиздеги меймандостук, улууну урматтоо, туулган жерди сыйлоону туугандар аралык карым-катнаш жана өткөн муундарды эскерүү сыяктуу касиеттер байыркы түрк доорунан бери эле келе жатат деп айтууга болот. Анткени аталган сапаттар азыркы учурда бир эле кыргыз элине эмес, бардык тараптагы элдерине мүнөздүү. Улуттук тарбиялоо маселесинде кыргыз элине баланы жашынан тартып турмушка, эмгекке жарактуу, чыдамкай, туруктуу кылып тарбиялоо мүнөздүү. Бул максаттарды аткарууда бир эле чөйрөнүн таасири аздык кылат. Ошол себептен мурунку муундар адамдын жашоосуна керектүү болгон жаратылыш, турмуш чындыгы боюнча өз тажырыйбаларын жаш муундардын үйрөнүүсүнө шарт түзүлгөн. Жаш жеткинчиктерди тарбиялоого терең маани беришип, чыгармачылыгын сарптап, ык-машыгууларга ээ болсун үчүн акыл жана кол эмгегинин ар кандай түрлөрү көрсөтүлгөн улуттук оюндарды, майрамдарды өткөрүшкөн. Кыргыздардын педагогикалык көз карашынын калыптанышында коңшулаш жашаган жана карым-катышта болгон башка улуттардын таасири да тийген. Ага мисал катары жалпы түрк элдеринин, анын ичинде казак, өзбек, тажик элдеринин тилдик, маданий, социалдык жана педагогикалык таасирлерин айтууга болот. Кыргыздын элдик оозеки чыгармаларынын кайсы түрүн албайлы, адептүүлүк, ыймандуулук, чынчылдык, ата-энени кадырлоо, улуу-кичүүгө, чөйрөгө туура мамиле жасоо, намыскөйлүк, эмгекчилдик, кечиримдүүлүк жана башка сапаттар тууралуу айтылып, окуучуну же угуучуну ошол сапаттарга үндөйт. М: «Манас» эпосунан эле улуттук педагогиканын бардык багыттары боюнча материалдарды табууга болот. Элдик ыр «Бекбекейде» ар кандай ишти аткаруунун жоопкерчилигин сезе билүү, намыскөйлүк, эл алдында жүзү жарык болуу тууралуу ырдалса, «Жакшы киши эл камы үчүн жүгүрөт, жаман киши өз камы үчүн күйүнөт» деген элдик макалда адамдык сапат, эл үчүн кам көрүү, кызмат кылуу ж.б. жөнүндө айтылат [2,с.4].
Ата-бабалардын изги жолундагы кылым карыткан бай тажрыйбасын үйрөнүү – нагыз маданияттын белгиси. «Өткөндү билсең, келечекке жолуң ачылат» дегендей, бабалардын дарегин билип, сыйлап, салтын улап, жүрүм-турум эрежелерин туюндуруучу, таалим-тарбия берүүчү каада-салт, үрп-адаттардын, элдик музыканын, бай оозеки чыгармаларыбыздын негизинде балдарга билим берүү - учурдун талабы.
Кыргыз элинин таалимчилик тажрыйбасында адамдын төрөлгөн кезинен тартып, өсүп жетилгенге чейинки жүрүм-турумун жөнгө сала турган үлгү тутаар мурастары жана усулдары жетишээрлик деңгээлде колдонулбай, айрым бир объективдүү себептердин негизинде жаш жеткинчектерди тарбиялоодо унутта калууда. Жаштарыбыз улуттук нуктан алыстап, тилине, дилине, салтына кайдыгер мамиле жасап жаткандыгы улуттук намыстуулукка тарбиялоо муктаждыгын алып келүүдө.
Элибизде “карынын кебин капка сал” деп бийик адеп-наркка ээ болгон улуулардын сөзүнө, акылына, билимине баа берип келишкен. Т.Н.Волков: “Элдик педагогика – улуу педагогика, улуу педагогдордун баары элдик болушат”, - дегендей, элдин салттуу адеп маданиятын, анын адамды тарбиялап өстүрүү жагындагы жемиштерин, кылымдар бою сакталып, байытылып келген рухий-педагогикалык дөөлөттөрүн аздектеп, калк арасына жайылтуу, анын нугунда балдарга туура тарбия берүү, келечекте баланын өсүп-өнүгүүсү, жетилүүсү биринчи кезекте мектепке чейинки тарбияга байланыштуу болот [1,б.5].
Ата-бабаларыбыз бүгүнкү урпактарына мурас кылып калтырган өзгөчө баалуу байлыктарынын бири – элдик оозеки чыгармачылыктан бешик ырларынан тартып, дидактикалык мүнөздөгү чыгармалар, кеңири мазмундагы уламыштар, жомоктор, дүйнөдө сейрек учуроочу феномендик мүнөзгө ээ «Манас» эпосунан да үзүндүлөр берилди. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы балдардын эс тутумунун, дүйнө таанымынын, айлана-чөйрөгө болгон мамилесинин калыптанышында өзгөчө орунду ээлейт. [4,с.1].
Түптүү, тектүү элибиз узак мезгилди камтыган тарыхый жолундагы рухий байлыгынын маңызын, көп жактуу бай мазмунун бөксөртпөй сактоо жолдорунун бири - кыргыздын руханий дөөлөттөрүнүн жана каада-салттарынын негизинде жаш жеткинчектерди инсандык деңгээлге чейин туура багытта тарбиялоо, улуу-кичүүгө мамиле кылуу, үйдө, конокто ж.б. жерлерде өзүн алып жүрүү, жашоодо жакшы-жаман, оң-терсти ажырата билүү сыяктуу адеп-ахлактуулук сапаттарынын, кулк-мүнөзүнүн калыптанышына негиз түзөт. Ошондуктан, каада-салттардын, ырым-жырымдардын уңгусунда пайда болгон этикалык нормалар бул китепте балдарды тарбиялоонун өзөгү катары берилди.
Айрыкча, мектепке чейинки тарбия берүүдө оюндун мааниси абдан зор. Элдик оюндар - элдик тарбиянын ажырагыс бөлүгү болгондуктан, ата-бабаларыбыз оюндар аркылуу балдарды акыл-эстүүлүккө, чечкиндүүлүккө, сабырдуулукка, шамдагайлыкка, эр жүрөктүүлүккө тарбиялап келген. Колдонмодо кыргыз элинде байыртадан ойнолуп жүргөн дидактикалык, кыймыл-аракеттүү оюндардын жүрүшү, ойноо ыкмалары балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык тандалып берилди.
Элибизде балага төрөлгөндөн тартып бешик ырын ырдап, жакшы тилек-ойлорун айтып, баталарын тилеп, эли-жерин, мекенин сүйүүгө тарбиялашкан [5,б.1].
Күүлөрдү, мукамдуу обондорду угуп, жан дүйнөсү музыкага байып, эстетикалык түшүнүктөрү, айлана-чөйрө жөнүндөгү көз караштары, кооздукка болгон сезим-туюмдары байыган. Музыканын жаш жеткинчектерди тарбиялоодо мааниси чоң. Тилекке каршы, азыркы мезгилде наристеге бешик ыры менен алдейлеп уктатуу чанда кезигип, жокко эсе болуп калды.
Кыргыз элинде балдардын музыкалык табитин калыптандырууда алардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган музыкалык аспаптарды пайдаланышкан. Алсак, упай чүкө шылдырак - эң жөнөкөй музыкалык аспап. Чүкөлөрдү шалдыратып, ар кандай добуштарды чыгаруу менен балдарга эң алгачкы музыкалык билим беришкен. Балдарга арналган мындай музыкалык аспаптарга тай туяк, зуулдак кирет. Бул аспаптар тууралуу маалыматтар китепте берилди.
Байыркы доордон бери эле кыргыз эли рухий маданияттын түркүн кенчтерин мурастап, элдин элегинен өткөрүп иргеп, алымча-кошумчалап, элдик педагогиканын таасирдүү каражаттарын иргеп, колдонууга ийкемдүү абалга жеткирип кийинки муундарга өткөрүп берүү аракетинде болгон.
Салттык тарбия берүү - касиеттүү ата-бабаларыбыздын урпактарына калтырган мурасы, басып өткөн жолу, көөнөрбөс улутубуздун улуу маданияты. Колдогу шам чыракты өчүрүп албай, океан сымал элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн, элдик оюндарды, каада-салттын көрөңгөлүү уңгуларын инсан катары жаңы калыптанып жаткан жаш муундар үчүн пайдубал катарында пайдалануу ар бир ата-эненин, тарбиячынын, мугалимдин, жалпылап айтсак, коомдун милдети.Кыргыз эли байыртадан сөзмөр келип, улуу сөзгө маани берип, чечендикти жогору баалашкан. Ата-бабаларыбыз оозеки чыгармачылык өнөрүн муундан муунга өткөрүп, казынасын байытып, улуу көчтү улап келишкен. Ушул көчтүн ажырагыс бир бөлүгү – балдарга арналган чыгармалар. [3,с.2].
“Адеп башы – тил, ата конушу улууга мурас” деген сыяктуу накыл сөздөр аркылуу бала төрөлгөндөн тартып эле тарбия бериши, бешик ырлары ырдалып, бөбөктүн жан дүйнөсү кызыктуу жомоктор менен байытылып, ал эми табышмактар, жаңылмачтардын жардамы менен анын ойлоо сезимдери, тапкычтыгы калыптанган.
Ар бир элдин ѳзүнѳ гана тиешелүү каада-салттары, ѳзгѳчѳлүктѳрү болот. Албетте, кыргыз элинин да кѳптѳгѳн кылымдар аралыгында муундан муунга берилип келген салттары, ырым-жырымдары сакталып келген. Ѳзгѳчѳ орунда жаш муунду тарбиялоо турган. Кыргыздар баланын тарбиясына ѳзгѳчѳ кѳңүл бурушкан. Бала тѳрѳлгѳндѳн тартып эле салттар жана баалуулуктар ѳмүрүнүн ѳбѳлгѳсү болгон. Балага бешик ыры ырдалып, жомок, уламыштарды айтып келишкен. Ар кандай музыкалык аспаптарда ойноп беришкен. Эпосту айтуу менен баатырлардын эрдиктери жѳнүндѳ баяндашкан. Бул албетте балдарда мекенине, элине, бабалардын салттарына, ырым-жырымдарына сый-урмат менен мамиле кылууга үйрѳткѳн.
Список литературы
Абрамзон С.М.// “Рождение и детство киргизского ребенка (из обычаев и обрядов Тяньшанских киргизов) 1947-г. АН КР отд. рукописи, инв. 30;
Абдалиева Г. К., Рысмендеева Н. К. Насыйкат // (Кыргыз руханий дөөлөттөрүнүн жана каада-салттарынын негизинде).Бишкек.2015.
Айтмамбетов //Д. Культура киргизского народа во второй половине XIX нач XX века. Ф., 1967;
Алимбеков А.// Кыргыз элинин билим берүү салттары. Б., 2001;
Волков Г. Н.// Педагогика любви : Избр. этнопед. соч. : [В 2 т.] / Сост. М. Н. Егоров. — М.: Магистр-Пресс, 2002. — Т. 1. — 456 с. — ISBN 5-89317-181-0. (включает произв.: «Становление этнопедагогики как отрасли педагогической науки», «Педагогика национального спасения», «Чувашская этнопедагогика»/