СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мектепке даярдоо тайпасында "Математикалык квн" сабагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мектепке даярдоо тайпасында

 “ Математикалык көнүгүүлөр” деген темада өткөрүлүүчү  квн сабактын планы.

Тема: Жапайы жаныбарлар жана курт-кумурскалар.

Сабактын тиби: Квн сабак.

Сабактын максаты:

Жапайы жаныбарлар жана курт-кумуркалар тууралуу балдардын билимдерин бышыктоо.Көрсөтмө куралдарга таянуу менен   эсептөө көндүмдөрүн өнүктүрүү.Так жана жуп сандарды аныктоо,барактын устундо багыт алганга уйротуу.Сутканын бөлүктөрун,жуманын аталыштарын,ай,жыл мезгилдерин алардын ырааттуулугу жөнүндө тушунук берүү менен бирге математикалык билимдерин күндөлүк турмушта пайдалана билүүгө,жамаатта досторуна туура мамиле кылууга ,мейкиндикте багыт алганга,өз оюн тартынбай айтууга тарбиялоо.

Методикалык ыкмалар:Суроо-жооп,дидактикалык оюндар

Колдонулуучу каражаттар:

Сандар,чакмак барак,кум салынган паднос,карандаш ручка,таякчалар,геометриялык фигуралар,жапайы жаныбарлардын жана курт-кумурскалардын суроттору.

Күтүлүүчү натыйжа:

Балдар 20нын чегинде сандарды билет.Оң жана тескери санайт,жуп жана так сандардын атайт,коңушуларын билет.Сутканын бөлүктөрүн, жуманын күндөрүн,жыл мезгилдерин иретин аташат.

Сабактын журушу:

Кереге отурум:

Саламатсынарбы балдар.мен силерди көргөнүмө аябай кубанычтамын.Балдар азыр биз маанайыбызды көтөрүү үчүн конүгүүлөрдү жасайбыз.

1.Оң колубуз –оң чырак.

Сол колубуз-сол чырак.

Оң чырак жанды,сол чырак жанды,Оң чырак өчтү,сол чырак өчтү.ж.б Кайталанат.

2. Сөөмөй менен ортон колду сунсак коёнек болот.

    Сөөмөй менен баш бармакты бириктирсек шакек болот.

   Эки шакекти бириктирсек  чынжыр болот.

Коёнек,шакек,чынжыр,шакек,коёнек,чынжыр.ж.б уланат.

3. Эки колдун манжаларын бириктирип уй курабыз.

Манжаларды бириктирип кирпи кылабыз.

Манжаны жазсак көпөлөк болот.

Уй,кирпи ,көпөлөк ж.б уланат.

Азаматсынар биз азыркы оюнда коёнек жөнүндө айтып кеттик.ал кандай жаныбар? Анын баласынын аталышы? Ал эмне менен тамактанат?Дагы кандай жапайы жаныбарларды билесиңер? Кайсы жаныбарлар кышында чээнге киришет? Балдарынын аталыштары кандай?

Көпөлөк кандай жаныбар? Дагы кандай курт-кумурскаларды билесинер? Көпөлөк кантип пайда болот? Кумурскалардын жөргөлөмүштүн канча буту болот? Жөргөлөмүштөр эмне менен тамактанышат?

Азаматсынар Силер көптү билет турбасынарбы?

Азыр балдар силердин билиминерди текшеруү учүн квн өткөрөбүз.Квн-деген балдар таймаш,жарыш дегенди тушундурөт.Квнде бир команда жеңишке ээ болсо,бир команда жеңилет,бирдей да болуп калат.

Биз азыр сандарды катары менен санайбыз. Так сандар 1-стол,жуп сандар 2-столго отурушат.

1-команда жапайы жаныбарлардан ат коюшат.

2- команда курт кумурскалардан ат коюшат.

Ар бир командадан бирден капитан шайлап алабыз.Силерге суроолор берилет,туура жооп берген командага бирден фигура берилет.ким көп  фигура топтосо ошол женүүчү болот.

 

1-конкурс.Убакыт тез өтөт

1.Бир жумада канча күн бар? Аталышы кандай?

2.Бугун шейшемби,эртен кайсы күн болот?

3.Кечээ кайсы күн болду?

4.Дүйшөмбү менен шаршемби ортосунда кайсы күн бар?

5.Бир суткада сааттын жебеси канча жолу айланат? (эки)

6.Бир сутка канча убакка бөлүнот?(эрте менен,күндүз,кеч,түн)

7.Бала бакчага качан келесинер? Качан кетесинер?

8.Бир жылда канча мезгил бар?

9.Күз мезгилинде канча ай бар?

10.Кыш мезгилинде канча ай бар?

11.Бир жылда канча ай бар?

12.Ар бир айда канчадан ай бар?

13.Бир жыл кайсы айдан башталып,кайсы айдан бүтөт?

2-конкурс.Сандар санаты.

  1. 10-1ге чейин тескери саноо.
  2. 20-10го чейин тескери саноо
  3. Жуп сандарды саноо
  4. Так сандарды саноо
  5. 8ден сон,10дон кичине сан
  6. 6дан чон,8ден кичине сан
  7. 7ден чон,9дан кичине сан
  8. 5тин конушулары
  9. 9дун конушулар
  10. 14 конушулары
  11. 10го чейинки сандарды тиздирүү

Кыймылдуу оюн:Досума досум

Оң колума,оң колум,сол колума сол колум.

Оң бутума-он бутум,сол бутума-сол бутум.

Оң чыканакка-оң чыканак,сол чыканакка-сол чыканак.

Далыга-далы,Башыбызга-башыбыз,

Чыпалакка –чыпалак.Ынтымактуу баарыбыз.

3-конкурс

Балдарга барак дерилет.

Барактын оң жактын жогорку бурчуна Квадрат.

Сол жактын төмөнкү бурчуна тик бурчтук.

Оң жактын төмөнкү бурчуна уч бурчтук.

Сол жактын жогорку  бурчуна овал.

Борборго тегерек. (Суроо аркылуу талдоо жургузулот.)

Квадраттын канча бурчу бар. 4

Тик бурчтун канча бурчу бар?4

Уч бурчтуктун канча бурчу бар?3

Квадрат менен тик бурчтун кандай айырмасы бар?

(Квадраттын жактары бирдей,тик бурчтуктун бир жагы узун,бир жагы кыска)

Бурчу аз фигура кайсы? Уч бурчтук

Жалпак фигура менен көлөмдүү фигуранын айырмасы кандай? Мисал келтиргиле.

Шар формасына окшош эмнелер бар?Кубик кандай фигура?

Таякчалар менен фигура түзүү.

1.Беш таякчадан 2 бирдей үч бурчтук туз,

2.Жети таякчадан эки квадрат,

3.Жети таякчадан үч бирдей үч бурчтук

4.Тогуз таякчвдвн төрт үч бурчтук түз.

4-конкурс кум менен ойотуу.

1.Көздү жумуп барабанды ургулап канча жолу добуш чыкса ошол санды  жазгыла.

2. 5 көпөлөк гулгө конду.

    Ага 2 көпөлөк кошулду.

   Баардыгы канча көпөлөк болду.

3.Коён досун конокко  чакырды.

   Экөөбү отуруп 5тен сабиз жешти.

   Баардыгы канча сабиз жеди?

4. 2 мамалак Уңкүргө кирди.

    Тамандарын соруп уйкуга киришти.

     2 мамалакта биригип канча таман бар.

5-конкурс. <>=  белгилери.

5 >3 ,15<18, 8=8  ж.б

6-конкурс.Кимиси ашыкча.

1.кошуу,кемитүү,дүйшөмбу,барабар,

2.Тегерек,квадрат,тик бурч,декабрь,

3.Эрте менен,кеч,түн,кыш,

4. 7,квадрат,5,10,

5.Узак,бийик,жапыз,жаз,

6.Ишшемби,Жекшемби,бейшемби,март,

7-конкурс.Карама-каршы сөздөр.

Оң-сол,Узун-кыска,чоң-кичине,Бийик-жапыз,Арык-семиз,Оор-жеңил,Калың-жука,Кең-тар,Жоон-ичке,Жогору-төмөн,алды-арты,бүтүн-бөлүк,Ак-кара,Суюк-коюуу,Көп-аз,Күн-түн,

8-конкурс.

Макал айтуу сан катышкан.

1.Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.ж.б

9-конкурс  Чакмак баракка ключ тартуу.

Кайтарым байланыш.

Силерге бүгүнкү сабак жактыбы?

Силерге эмне көбүүрөөк жакты?

Тапшырма ооор болбодубу?

Эң оор кайсы тапшырма болду?

Эң кызыктуу кайсы тапшырма болду?

Азаматсыңар анда эмесе балдар силердин алган упайларынарды эсептеп чыгабыз.Балдар эсептешет.

Жеңишке жетишкен командага кол чабылат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!