СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мектепте олимпиада өткөрүүнүн жобосу.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мектепте олимпиада өткөрүүнүн жобосу.»

Мектеп ичинде өткөрүлүүчү предметтик олимпиаданын жоболору:

  1. Жалпы жобо:

    1. Предметтик одимпиада таланттуу, өзгөчөлөнгөн балдарды тандап, таанып билүүсүн, кызыгууларын өркүндөтүү үчүн өткөрүлгөт.

    2. Жалпы билим берүүчү мекемелер өткөрүп жаткан мектеп олимпиадасы – Жалпы Республикалык олимпиаданын – биринчи этабы катышуучулардын саны жана курамы көз карандысыз аныкталат. Олимпиадага 5-11 класстын окуучуларынын каалаганы катыша алат. Олимпиада I чейректин аягында же II чейректин башында мектептин традициясына жана иш планына жараша өткөрүү убагы тандалат. Предметтик олимпиаданын биринчи этабынын уюштуруу коммитетинин жана калыстардын функцияларын предметтик мугалимдер чогуу бирдиктүү аткарышат.

    3. Педогогикалык-коллективдик талантту окуучулар менен ишмердүүлүгүнүн жыйынтыг – мектептик-предметтик олимпиада, ал окуу сабактарынын гана эмес, класстан тышкары ишмердүүлүктүн (кружоктордун, секциялардын ж.б), окуучулардын чыгармачылык өнүгүшүнүн, өз алдынча мааалымат топтоп изденүүчүлүгүнүн, идимий-көрүнүктүү адабияттар менен кызыгууларынын, интернет менен достошкондугунун жыйынтыгы.

    4. Мектептик олимпиада төмөнкү предметтер боюнча, өткөрүүгө болот: физика, математика, химия, биология, география, орус тили жана келерки жылга башкажалпы республикалык олимпиада кайсы предметтерден өткөрүлсө, ошол предметтер алынат.



  1. Олимпиаданын маселелери:

    1. Окуучулардын чыгармачылык ишмердуулуккө кызыгууларын өнүктүрүү жана илимий билимдүүлүктү жайылтуу.

    2. Таланттуу балдар менен иш алып баруунун программасынын алкагында кесип тандоого, багыттоого жана жөндөмдүүлүктөрүн колдонууга шарттарды түзүү.

    3. Окуучуларды илимий-практикалык ишмердүүлүккө тартуу.

    4. Предметтик олимпиаданын экинчи туруна жөндөмдүү окууучуларды тандап алуу.



3.Олимпиаданын уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби:



3.1. Жалпы билим берүүчү мекеменин методикалык бирикмесинин төрайымы (методикалык бирикменин жетекчиси) – мектептик предметтик олимпиаданы өткөрүүгө жооптууу.

3.2. Олимпиаданын тапшырмаларынын тексттерин сабак берген мугалимдер предметтин өзгөчөлүгүн эске алуу менен түзүп чыгып методикалык бирикменин кеңешмесиндеталкууга коюлат, андан кийин бекитүүгө жиберилет. Ар бир тапшырмага берилүүчү баллдар,маселелердин чыгарылыштары, жооптору да тиркелет. Баалоонун критерийлери да ( тапшырмалардын татаалдыгына жараша) көрсөтүлүшү керек.

3.1. Тапшырмаларды түзүүгө мүмкүн болбосо, теориялык эсперименталдык тапшырмаларды шаардык методикалык кабинеттен биринчи этап үчун алса болот.

3.4. Олымпиаданы окуу күндөрү, жалпы билим берүүчү жетекчилигинин уруксаты менен сабактан кийин же кружоктук иштин отурумдарында өткөрсө болот (мыкты предметти өздөштүргөн окуучуларды атайын чакыруу менен, ал эми каалоочулар да катышса болот) олимпиаданын өтүү убагында.

3.5. Олимпиада бардык параллель класстар үчүн бир күндө же бекитилген график боюнча өткөрүлөт.

3.6. Параллель класстар менен олимпиаданы бир же бир нече мугалимдер өткөрсө болот.

3.7. Олимпиада жүрүп жатканда администрациянын мүчөлөрү же методикалык бирикменин мүчөлөрү катышса болот.

3.8. Окуучуларга олимпиаданын өткөрүү мөөнөтү жана тартиби менен он күн эрте тааныштыруу керек.

3.9. Олимпиаданын жазуу иштерин предметтик мугалимдер текшеришет. Ар бир тапшырма өзүнчө бааланат.

3.10. Олимпиаданын жыйынтыктары эки күндүн аралыгында чыгарылып окуучуларга жарыяланат.

3.11. Берилген бардык тапшырмалардан жогорку балл алгандар олимпиаданын жеңүүчүсү болот да, ар бир парллельдер боюнча биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар бөлүштүрүлөт.

3.12. Предметтик олимпиаданын биринчи этабынын жеңүүчүлөрү мектеп коллективинин маалымат баракчасына белгилүү болот.

3.13. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү мектептин грамоталары же белектери менен сыйланат жана анда кийинки турга жолдомо алышат.



4. Олимпиадага катышуучулардын укуктары.

4.1. Олимпиаданын уюштуруучулары жана катышуучулар, мугалим предметниктер, мектептин жетекчилиги тарабынан эс алуу күндөрдү алса болот, же акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

4.2. Эгерде, олимпиадага катышуучу ооруп калса, же башка негиздүү себептер менен катыша албай калса, анда ал окуучуга жекече тапшырма алууга укугу бар же олимпиаданын экинчи туруна катышса болот.

4.3 Мектептик олимпиадага катышкан окуучу өзүнүн иши менен жыйынтык чыккандан кийин таанышуууга укуктуу жана предметтик мугалим менен кружоктук сабактарда жоопторду түшүндүрүлүшү менен маалымат баракчасынан алынат.

5. Олимпиаданы уюштуруучулардын жоопкерчиликтери

5.1. Олимпиаданы уюштуруучулар жана предметтик мугалимдер тапшырмаарды өз убагында даярдабай графикти бузгандыгы үчүн жооп берет.

5.2. Жалпы билим берүүчү мекеменин буйругу менен олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдөн ар бир класстан экинчи турга катышуучулардын курамы түзүлөт. Ушул эле документте мугалимдердин ичинен мектептин курама командасын жетектеп аларыдн ден соолугуна жана өмүрүно жооптуу адам дайындалат.

6. Олимпиаданын өндүрүшук ишмердүүлүугүнүн жыйынтыгы

6.1. Мектептик олимпиаданын өтүшүнүн отчетуна жооптуу болуп, методикалык бирикменин жетекчиси эсептелет.

6.2. Биринчи, экинчи, үчүнчү орун алган жеңүүчүлөрдун тизмеси жана көрсөтүлгөн очет мектептин билим берүү ишмердүүлүгү боюнча директордун орун басары райондук билим берүү башкармалыгына бекитилген схема боюнча жөнөтөт.















ТММБнин жетекчиси: Маликова Д.Н.