СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
КЫРГЫЗСТАНДЫН
МЕКТЕПТЕРИНДЕГИ
РЭКЕТТИ АЛДЫН АЛУУ
Жалпы билим берүү мекемелеринде
рэкетти жоюу боюнча
усулдук окуу куралы
Бишкек - 2011
УДК 371
ББК 74.200.5
К 97
Окуу куралы «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо
боюнча» ЕККУ программасынын финансылык каржылоосунун негизинде
жарыкка чыкты
Авторлор: А. Кызалакова, Н. Турдубекова, А. Көкүлова, М. Мундузбаев,
Е. Гаврилова
Кыргызстандын мектептериндеги рэкетти алдын алуу. Жалпы билим
берүү мекемелеринде рэкетти жок кылуу боюнча усулдук окуу К 97
куралы - Б.: 2011. - 72-б.
ISBN 978-9967-26-221-8
Окуу куралы «Балдардын укугун коргоочулардын Лигасы» коомдук фонду тарабынан
2011-жылы Кыргыз Республикасынын 7 областында рэкеттин пайда болуу себептерин
аныктоо боюнча өткөргөн 17 форумдун натыйжасында түзүлдү.
Окуу куралы Кыргызстандын мектептеринде рэкетти жоюу жана алдын алуу үчүн
мектептердин мүдүрлөрүнүн окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларына, класстан
сырткары тарбиялык иштерди уюштуруучуларга, жалпы билим берүү мекемелеринин
психологдоруна жана мугалимдерине, ошондой эле жашы жете электердин бөлүмүнүн
кызматкерлерине багытталды.
К 4306000000-11 УДК 371
ББК 74.200.5
ISBN 978-9967-26-221-8 © «Кыргыз Республикасынын ички иштер
органдарын реформалоо боюнча» ЕККУ
программасы, 2011.
МАЗМУНУ
ДОЛБООР БОЮНЧА МААЛЫМАТ 4
ФОРУМДАРДЫН ЖҮРҮШҮНДӨ АНЫКТАЛГАН РЭКЕТТИН СЕБЕПТЕРИ 5
КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНДЕ РЭКЕТТИ ЖОК КЫЛУУ
БОЮНЧА ФОРУМДАРДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН СУНУШТАРЫ 6
РЭКЕТ ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АНЫН КЕСЕПЕТТЕРИ 7
ТОБОКЕЛ ТОБУ 9
ӨСПҮРҮМ КУРАКТЫН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫ 10
ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ДЕВИАНТТУУ ЖАНА ДЕЛИНКВЕНТТҮҮ
ЖҮРҮМ-ТУРУМУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ 15
КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮҮ ЖӨНДӨМҮ 17
ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ МАНИПУЛЯЦИЯ
(ЖАЗГЫРУУ, КӨКҮТҮҮ) 19
ОКУУЧУЛАРДЫН УКУК БУЗУУЧУ ЖҮРҮМ-ТУРУМУНУН АЛДЫН АЛУУ 21
КОШУМЧАЛАР 25
1-кошумча Мугалимдерге жана мектеп психологдоруна девианттуу
жүрүм-турумду аныктап билүү жана түзөтүү боюнча
көрсөтмөлөр 25
2-кошумча Психологго маалымат 27
3-кошумча Укук бузуунун алдын алууга багытталган көнүгүүлөр
жана оюндар 44
4-кошумча Ата-энелер менен иштөө үчүн көрсөтмөлөр 58
5-кошумча Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн
кызматкерлерине көрсөтмөлөр 64
Жашы жете электердин инспекциясынын
кызматкерлеринин балдар менен өткөн сабактары.
«Укук бузуу. Кылмыш жана кылмыштуулук» 69
КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАРДЫН ТИЗМЕСИ 72
3
ДОЛБООР БОЮНЧА МААЛЫМАТ
«Баланын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фонду «Кыргыз Республикасынын ички иштер
органдарын реформалоо боюнча» ЕККУ программасынын колдоосу алдында 2010 жылдын апрель-
декабрь айларында «Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ж. б. атайын дайындалган
жооптуу органдардын (коомдук алдын алуу борбору, үй-бүлө жана балдарды колдоо
бөлүмдөрү, тарбия иштери боюнча мектеп, гимназия, лицейлердин мүдүрлөрүнүн орун
басарлары), КР жалпы билим берүү мекемелеринде баланын укугун рэкеттен коргоо боюнча
иш-аракеттери» аттуу долбоорду ишке ашырды.
Долбоордун максаты
Долбоордун максаты - Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү мекемелериндеги
(мектептерде, гимназияларда, лицейлерде) окуучулардын арасындагы рэкетти жоюу.
Долбоордун алкагында республиканын бардык аймактарында «Кыргызстан - рэкетсиз мектептер
үчүн» аттуу он жети форум өткөрүлдү.
Мектептердин мугалимдерине, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине
(ИДН) жана ата-энелерге жардам катары иштелип чыккан окуу куралы мектептерде рэкетти жоюу
жана алдын алуу боюнча долбоордун жыйынтыгы болду.
Форумдарда: мугалимдер, мектеп жетекчилигинин өкүлдөрү, психологдор, өспүрүмдөр менен
иштөө инспекциясынын, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жана
албетте, мектеп окуучулары катышышты. Форумдарда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү
мекемелериндеги рэкеттин пайда болуу себептери жана аны жоюу боюнча маселелер талкууланды.
4
ФОРУМДАРДЫН ЖҮРҮШҮНДӨ АНЫКТАЛГАН РЭКЕТТИН
СЕБЕПТЕРИ
Форумдун катышуучулары талкуулардын жүрүшүндө мектептерде рэкеттин анык бар экендигин
жана анын чоң масштабга айлангандыгын ачык айтышты. Форумдун катышуучулары жалпы билим
берүү мекемелеринде рэкеттин пайда болушунун эң негизги себептерине төмөнкүлөрдү көрсөтүштү:
1) үй-бүлөдөгү тарбиянын жетишсиздиги, көр оокаттын айынан көп иштеген жана чет өлкөлөргө
чейин акча табуу максатында кеткен ата-энелердин баласынын жүрүм-турумун көзөмөлдөй
албагандыгы, балага толук кам көрө албагандыгы;
2) өспүрүмдөр арасында өз ордун табуу аракети. Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын
кызматкерлери, мугалимдер жана балдардын өздөрү белгилегендей, рэкетчилик
өспүрүмдөрдүн кээ бирлери үчүн өзгөлөрдөн кыйындыгын, артыкчылыгын шарттаган
түшүнүк катары бааланат. Окуучулардын айтуусу боюнча рэкетчилик өспүрүмдөр арасында
бийлик үчүн күрөш, башкаларга үстөмдүк кылуу, коркутуу, «тандамал чөйрөгө» кирүү, назарга
илинбей калуу коркунучунан келип чыгат;
3) рэкетчиликке кабылган балдар мугалимдерге, ата-энелерине ишеним артышпайт, себеби көп
учурда чоң кишилер мындай маселени чечүүдө катаал, чогоол иш жүргүзүү менен рэкеттин
курмандыгын ашыкча коркунучка дуушар кылышат;
4) мектепте рэкет бар экендигин билип турушса да элге таралып кетүүдөн жана кошумча
көйгөйлөрдөн («алда неме болуп кетет») корккон мугалимдердин унчукпай коюусунда; ата-
энелер балдарынын саламаттыгы үчүн коопсузданып («балага мындан да жаман болбосун»)
деп кооптонушканда; балдардын өздөрү кемсинтүүдөн, уруп-согуудан коркуп унчукпай
коюусунан улам жазасыздык күчөйт. Доочуну ашып кетсе, жашы жете электердин иши боюнча
бөлүмүнө каттоого коюшат, көбүнчө жоопкерчиликтен бошотуп коюшат. Балдардын айтуусу
боюнча, мектеп жетекчилерине рэкетчини тарбиялап түзөтүүдөн көрө, башка окуу жайына
которуп жиберип, кутулуу оңой;
5) окуучулардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалынын ар түрдүүлүгү;
6) бош убактыларын туура пайдалануу уюштурулбагандыгы. Форумдардын көпчүлүк
катышуучулары белгилегендей, рэкетчиликтин негизги себептеринин бири болуп, балдар
бош убактысында эч нерсе менен алектенбегендиги, өкмөт тарабынан каржыланган ийрим
жана секциялардын жокко эсе экендиги эсептелет;
7) криминалдык чөйрөнүн таасири көбөйгөндүгү кооптондурууда;
8) балдардын өз укуктарын коргоо механизмдерин билбегендиги, өзү теңдүү өспүрүмдөргө, ал
өзүнөн алсыз болсо да, каршы тура албагандыгы;
9) өсүп келе жаткан муунду тарбиялаган мекемелердин мамлекет тарабынан жетишсиз
каржыланышы, мугалимдин коомдогу төмөн макамы;
10) оюн-зоок мекемелердин көптүгү жана балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карабай эшиктеринин
ачыктыгы;
11) мыйзам чыгаруу базасынын начардыгы («мыйзамдар бар, бирок алар иштебейт»);
12) ювеналдык юстициянын жоктугу.
5
КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНДЕ РЭКЕТТИ ЖОК
КЫЛУУ БОЮНЧА ФОРУМДАРДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН
СУНУШТАРЫ
1) Өспүрүмдөрдүн бош убактыларын мектептеги жана мектептен сырткары кызыктуу коомдук
иштер менен камсыздоо. Балдарга жөндөмүнө жараша катыша ала турган мамлекет
тарабынан каржыланган, спорттук жана башка ийримдерди ачып берүү.
2) Коомдо бала өз жашоосун өзү жөндөй ала турган социалдык ыкмаларды өнүктүрүү
максатында мектептерде балдардын укугу боюнча семинарларды, тренингдерди өткөрүү.
3) Ата-энелерге жана мугалимдерге балдардын укугу жана аларды коргоо механизмдери
тууралуу маалымат берүү.
4) Ата-энелер менен мектептердин, жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин,
бейөкмөт уюмдардын, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин
ортосунда тыгыз байланыш түзүү, ата-энелер чогулушун, тренингдерди өткөрүү, рэкетчилик
жана анын алдын алуу боюнча маалыматтык жолугушууларды уюштуруу. Жашы жете элек
балдарды тарбиялоодо жана алардын укук бузуусунда ата-энелердин жоопкерчилигин
эскертүү.
5) Мектептерде психологдордун кызматын өнүктүрүү, психологдун кабинетин түзүү.
6) Психолог аркылуу рэкетчилик кылган бала менен анын курмандыгын элдештирүү
жолугушуусун өткөрүү.
7) Өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо жооптуу мамлекеттик мекемелерди коомдук көзөмөлгө
алуу.
8) Балдар борборлорун, балдар жана өспүрүмдөр уюмдарын түзүүдө жана өнүктүрүүдө
мамлекеттин сөзсүз колдоосу.
9) Мугалимдин, класс жетекчинин макамын көтөрүү.
10) Рэкеттин себептерин жана кесепеттерин толук ачып көрсөтүү максатында массалык
маалымат каражаттарын ишке тартуу керек.
11) Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү керек
(жашы жете электер менен иштөө кызматкерлерин өз адистик багыты боюнча гана ишке
тартып, кызматка көбүнчө балдар менен иш алпарган, же ички иштер бөлүмүндө 3-5 жылдан
кем эмес иштеген кызматкерлерди алып, жашы жете электердин иши боюнча инспекциянын
макамын ички иштер органдарынын өзүнчө структуралык бөлүмүнө чейин көтөрүү,
мектептердеги жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кабинеттерин каржылоо
жана жаңыртууну кайрадан карап чыгуу).
12) Кыргыз Республикасында ювеналдык юстицияны түзүү.
13) Балдардын жана өспүрүмдөрдүн оюн-зоок, компьютердик клубдарга кирүүсүнө бөгөт коюу.
14) Мектептерде элдештирүү кызматын түзүү.
6
РЭКЕТ ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АНЫН КЕСЕПЕТТЕРИ
«Рэкет» деген сөз англис тилинен которгондо «зордук-зомбулук, доочулук» дегенди билдирет.
Сөздүн өзү эле айтып тургандай, рэкет - бүгүн биздин балдарга, атүгүл кээде мугалимдерге
көрсөтүлүп жаткан зомбулук. Көпчүлүк мектептердин жетекчилери, мугалимдери, ата-энелер
мектептерде, гимназияларда, лицейлерде рэкеттин бар экендигин билишсе да, туңгуюктан чыгуунун
жолун таппай жатышат.
Мектептердеги рэкетчиликтин жаш балдарга чейин жеткендиги кооптондурат. Форумдун Талас
шаарындагы катышуучулары рэкетчиликке жана рэкетчиликтин курмандыгына башталгыч класстын
балдары чалдыга баштаганын белгилешти. Ошондой эле рэкетчилик уюшкан мүнөздөгү топторду
түзүп, бир аймактын уюшкан топ балдары экинчи аймактын уюшкан топ балдарын уруп-согуп
жазалоосу, доочулук күч алды. Форумдун Жалалабаттагы катышуучулары мектеп окуучуларынан
түзүлгөн топтордун куралдуу кагылышуусу (учуна мык кадалган таяктар, арматуралар ж.б.) болгонун,
кагылышууга катышкандардын иши ички иштер министрлигинин райондук бөлүмүнүн иликтөөсүнө
келгенде жалаң атка минерлердин, укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин балдары болуп
чыкты. Акырында бардык балдарды үйлөрүнө ата-энелери кымбат машинелерге салып кетишти.
Аныктап айтканда,рэкеттин кеңири жайылып, күчөшүнө жазаланбагандык себеп болууда. Азыр
«калканчы бар» («крышует») деген сөз өтүмдүү болуп калды. Атүгүл бүгүнкү күндө рэкетчиликтин
курмандыктары бар, алар зомбулукка чыдабай өзүн-өзү өлтүрүп, же зордук менен өлтүрүлгөндөр.
Биздин коом биздин балдардын үстүнөн жүргөн зомбулукка качанкыга чейин чыдайт? Коом,
мектеп жана милиция мектептердеги рэкетчиликти түп-тамыры менен жок кылган учурга качан
жетебиз?
«Мисалы мындай окую болду, - дейт жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кыз-
маткери, - сегизинчи класста окуган кызынын бир ай сабакка барбагандыгын апасы
күтүүсүздөн билип калат. Күнүгө эртең менен кызы китептерин көтөрүп, мектепке
кетип жүрөт, бирок апасын мектепке чакыртышканда, мектеп журналында кызы сабак-
тарга катышпагандыгы тууралуу белгилери турат. Биз ал окуучу кыз менен маектеш-
кенде, анын денесиндеги көгөргөн тактарды көрдүк. Ал кыз ыйлап жиберди да, баарын
апасына айтып берди».
Көрсө ал кыз мектепке барбай, коркуп жүргөндүгүнүн себеби, аны топ кыздар «счетчик-
ке» коюп коюшуптур. Алгач ал кыздар карызга акча сурашат, андан соң коркута башта-
шат. Барган сайын күчөшөт... Кызды көчөдөн эле сабап коюшат. Кыйноонун ар түрүнө
туш келтиришет: бир нече сааттан тизелеп турууга, кыйноочулардын өтүктөрүн
өптүрүп, акча алып келбегендиги үчүн кечирим суроого мажбурлашат.
Эң кызыгы, ошол жашы жете элек беш доочу кыз беделдүү мектепте окуп, жетиштүү
үй-бүлөнүн балдары болушчу. Алар акчага анча деле муктаж эмес экен. Жашы жете элек-
тер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин сөзү боюнча, алар мындай таң калаар-
лык ыкма менен коомдогу өздөрүнүн ордун тапкылары келген. Акыры бул кыздар сот
алдында жоопко тартылып, өз жазаларын алышты - кылмыш кодексине ылайык тар-
биялык иштерге жазаланышты.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мектептеринде рекетчиликтин пайда болуу
себептери терең изилдене элек. Ал эми жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлерине
келип түшкөн маалыматтар ачыкка чыкпай, көпчүлүккө белгисиз бойдон калууда. Бизде Бишкек
шаарындагы он эки жалпы билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы бар.
Изилдөөлөр «Рекетчиликти эртелеп эскертүү жана эртелеп алдын алуу» деген долбоордун алдында
жүргүзүлдү. Изилдөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар Кыргызстандын мектептеринде рекэт бар
экендигин тастыктайт. (1- табл. кара).
7
№ 1 таблица
Окуучуларды жана алардын ата-энелерин сурамжылоонун натыйжасы
Суроолор Балдар Ата-энелер
Ооба - 40% Ооба - 32,4%
Сенин мектебиңде
Жок - 0% Жок - 19,6%
рэкетчилик барбы?
Билбейм - 0% Билбейм - 48%
Күн сайын - 22% Бир айда 1 - 2 жолу
Канчалык тездикте
Апта сайын - 20% Мезгили менен - 14,3%
доолашат?
Ай сайын - 9% Чанда - 12,4%
Өлчөмү канча? 5 сомдон 5000 сомго чейин 800 сомго чейин
Көпчүлүк учурда эмнени Акча тартып алышкан эмес жана
Акча, буюмдарды
доолашат? доолашкан да эмес - 24,8%
Окуу жайдын жетекчилери - 46,7%
Мектептердеги
Укук коргоо органдары - 22,4%
рэкетчиликке ким
Ата-энелер - 7,6%
күнөөлүү?
Окуучулардын өздөрү - 2,4%
Андан кийинки суроолорго жалаң гана балдар жооп беришти.
Суроо: «Рэкетчилер сенин кайсы кымбат буюмуңду тартып алышты?»
47 окуучунун 35и уюлдук телефонун, 6 кыз - жасалгасын жана башка 6 бала - кийимдерин
тарттырып ийгендерин айтышты.
Суроо: «Рэкетчилерге төлөө үчүн каражатты кайдан аласыңар?»
Сурамжылоодо балдардын 51% чөнтөк акчаларын чогултаарын, 34,7% ата-энелеринен
алышаарын, 7,4% иштеп табууга аракеттенишээрин, 5,3% өздөрүнөн кичүү балдардан тартып
алышаарын, 1,6% карызга алышаарын билдиришти.
Суроо: «Классташтар чогулуп, каршы турууга аракеттендиңер беле?»
37% - «ооба», 27% - «дайыма эмес», 36% - «натыйжасы жок» - деп жооп беришти.
Жогорудагы №1 таблицада көрсөтүлгөндөй, суроого жооп берген балдардын 40%, ата-энелердин
32,4%, мектептерде рэкеттин бар экендигин айтышты. Ошол эле убакта ата-энелердин 48%
рэкетчиликтин эмне экенин билишпесе, ал эми 19,6%, рэкетти таптакыр жокко чыгарышты.
Талап-тоноочулуктун өлчөмүн жана тездигин белгилөөдө да балдар менен ата-энелердин
көрсөтмөлөрүндө айырма бар. Мисалы, балдар талап-тоноолор үзгүлтүксүз (күнүгө, апта сайын, ай
сайын), беш сомдон беш миң сомго чейин болуп турганын айтышса, ата-энелер тескерисинче, чанда
гана, айына 1-2 жолу жана суммасы 800 сомго жеткенин айтышты.
Суроо: «Мугалимдерге, администрация жетекчилерине кайрылдыңар беле?»
Окуучулардын 30% - «бул натыйжасыз, баары бир жардам беришпейт» деп, 15% - «мындан
кийин рэкетчилер арызчыга катуу жаза колдонушат» деп, 13% - «уялабыз» деп жооп беришти.
Рэкетке каршы турууга балдардын 64% өздөрү аракет кылышса, 27% дайыма каршы
турбагандыгын, 36% рэкетке каршы күрөш жүргүзүүгө мүмкүн эмес деп айтышты. Ошол эле убакта
ата-энелердин көпчүлүгү (46,7%), мектептерде рэкеттин бардыгына администрация жетекчилери
жана укук коргоо органдары күнөөлүү деп белгилешет. Ата-энелердин кээ бирлери (7,6%), өздөрүнүн
күнөөсү бар экенин мойнуна алышса, ата-энелердин (2,4%) , балдардын өздөрү күнөөлүү дегендер
да болушту. Ушундан улам, тилекке каршы, рэкет менен күрөшүүдө улуулардын көмөгүнө балдар
көп ынана беришпейт, улуулардын (ата-энелери менен мугалимдердин) өздөрүнө жардамчы
болооруна ишеним артпагандары сезилип турат. Рэкетке каршы турууга балдардын өздөрүнүн күчү
да, тажрыйбасы да жетишпестиги белгилүү.
Келтирилген маалыматтар биздин өлкөдөгү жалпы билим берүү мекемелеринде бул көйгөйдүн
маанилүүлүгүн белгилейт. Рэкеттин көйгөйлөрү көптөгөн суроолорго жооп берүүчү мындан аркы
изилдөөлөрдү жана рэкет менен күрөшүүдө натыйжалуу системаны иштеп чыгууну талап кылат.
8
ТОБОКЕЛ ТОБУ
Форумдардын алкагында өткөрүлгөн талкуулардын жыйынтыгына иш жүзүндө таянып,
тобокелдеги балдардын тобун бөлүп кароого болот.
Тобокел тобу - бул кандайдыр бир укук бузуучу кыймыл-аракеттерди жасоого, талап-тоноочулукка
берилчү жана алардын курмандыгы болчу балдар.
Укук бузууга жөндөмдүү балдардын бир бөлүгүн сыртынан жайында эле көрүнгөн,оокаттуу
үй-бүлөлөрдүн балдары түзүшөт. Бул балдарга, өздөрү эмнени кааласа, ошону алып коюу көнүмүш
нерсе, анткени ата-энелери эч нерсени аянышпайт.
Башка бир бөлүгүн жетишпей жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары түзүшөт, алардын каалаганына
жетүүгө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.
Белгилеп кетчү нерсе, кедейдин да, байдын да балдарын талап-тоноочулукка барууга ички
дүйнөнүн калыптанбагандыгы, адамдык сапаттарды баалабоосу, өзүндө бар укуктардын башкаларда
да болуусу кажет экендигин түшүнбөстүктөрү түрткү болот.
Үчүнчү бөлүгүн «курмандык болгон» балдар түзүшөт. Көбүнчө булар тартынчаак, өздөрүнө
ишенишпеген, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалай албаган балдар. Бул балдар теңтуштары менен
мамиле бузуудан, араздашууга баруудан коркушуп, тез баш ийишет да рэкеттин курмандыгына
айланышат.
9
ӨСПҮРҮМ КУРАКТЫН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫ
Балдардын жүрүм-турумундагы терс өзгөрүүлөрдү изилдөөгө көп эмгектер арналган. Бул
девиациялык1өзгөрүүлөрдүн себептерин, жаратылышын аныктоодо ар түрдүү пикирлер бар, бирок
изилдөөлөрдүн авторлорунун бардыгы бул терс өзгөрүүлөр көбүнчө өспүрүм куракта болоорун
белгилешет. Баланын чоңоюп келе жаткандагы кулк-мүнөзүнүн, кызыкчылыктарынын түп-тамырынан
бери өзгөрүшү өспүрүм курактын кризисин түзөт. Бул өзгөрүүлөр ушунчалык тез мөөнөттө
жүргөндүктөн, бир паста пайда болгондой сезилет. Психологиялык өзгөрүүлөр көп учурда өспүрүмдүн
өзүн-өзү түшүнбөстүгүнө алып келип, аны тарбиялоодо, сүйлөшүүлөрдө көп кыйынчылыктарды
туудурат. Бул учурда өспүрүмдөр улуулардын тарбиясына баш ийбей, тил албай, өткүр, кежир,
урушчаак болуп калышат. Өзүнүн терс жактарын ашкерелеп, кайым айтышат. Өспүрүм түнт тартып,
өзү менен өзү болуп, ишенбөөчүлүк көрсөтөт.
Бул окуу куралында биз баланын өспүрүм куракка өтүү учурундагы коомдук турмуштун жаңы
ыкмаларын жана эрежелерин үйрөнүүсүндө кезиккен кыйынчылыктарга көбүрөөк токтолобуз.
Өзүн улууларга теңеп көрүп, өспүрүм анча деле айырмачылык жок деген чечимге келет. Ал
өзүнүн укуктарын таанып-билип, айланасындагылардан өзүн бала деп эсептөөбөсүн талап кыла
баштайт. Бул курактын эң чоң өзгөрүүсү - өспүрүм өзүн бала сезбей, тезирээк чоңдордун чөйрөсүнө
кошулууга аракеттенет, ошол эле мезгилде ал толук жетиле электигин, балалыктын дүйнөсүнөн али
чыга электигин мойнуна алгысы келбейт, айланасындагылардан анын бойго жеткендигин кабыл
алуусун көздөйт.
Өспүрүм курак баланын коомдо өз ордун табууга, улуулардын турмушуна аралашууга аракет
кылган убагы. Балалык дүйнөсүнөн чыгып, бирок улуулардын турмушуна али аралаша элек өспүрүм
ар түрдүү социалдык топтордун арасында өзү менен өзү болуп, өспүрүмдөрдүн өзгөчө бир чөйрөсүнө
туш келет.
Бирок, чыныгы чоң турмушта өзүнүн «мен» дегенин табыш ал үчүн кыйын, себеби ал өзүн терең
баалай албайт, өзүн чоң кишилердин дүйнөсүндө инсан катары алып жүрүүнү үйрөнө элек. Анын
«Мен» дегени «Биз» дегенге көбүрөөк жакындашат. Ушул учурда «Биз» (Биз - топбуз) дегенди анын
теңтуштары түзөт.
Чоңоюп эр жеткенче өспүрүмдөр ар түрдүү кыйынчылыктарга туш болушат. Өспүрүм өзүнүн
турмуш жолун адашуу, жаңылуулар менен издейт. Көпчүлүк өспүрүмдөр түшүнүп-түшүнбөй,
турмуштук тажырыйба топтооого умтулушат, ал тажрыйбанын оң же терс сапаттарынан коркушпайт.
Бул убакта өспүрүмдөр өздөрүнүн жүрүм-турумун баалай алышпайт. Көпчүлүк учурда, чоң кишилер
ушул өспүрүм курактын калыптана элек мүнөзүн элес алышпайт да, ошондон улам өспүрүмдүн
жаңылууга укугу жок деп эсептешет.
Өспүрүмдүн жүрүм-турумунда кандай өзгөрүүлөр болсо да аны калыптанган мүнөздөй кабыл
алышат. Мисалы, ээнбаштык кылды, же оңолду деп гана кабыл алышат, эч качан аны тажрыйба
топтоо катары карашпайт. Мындай одоно катачылыктын негизинде, өспүрүм өзүн кандай алып жүрсө
да, ал анын негизги кулк-мүнөзү катары кабыл алынгандыгын сезет да, өзгөрүүгө аракет жасабайт.
Муну менен өспүрүм өзүнүн жүрүм-турумунун өзгөрүүсүн тандоо укугунан ажырайт.
Мектеп окуучусунун жүрүм-турумуна өзү аралашып жүргөн теңтуштарынын, анын ичинде
классташтарынын таасири чоң. Улам эс кирген сайын күчтүү таасирленет. Америкалык психолог
Анри Валлон байкагандай, чоңдордун чөйрөсүнө караганда, балдардын чөйрөсүндө өз топторунун
мүчөлөрүнө талаптар катуу коюлат да, аларды аткарууда чечкиндүү кадамдар жасалат.
1
Девиация - (лат. deviation - четтөө) - социалдык илимде коомдо калыптанган ченем жана эрежелерди бузуу деп
белгиленет (укук бузуу, кылмыш, аракечтик, баңгилик ж. б.)
10
Теңтуштарынын арасындагы кадыр-баркы өспүрүм үчүн өтө маанилүү. Өспүрүмдөрдүн
чөйрөсүндө, алардын таалим-тарбиясынын өсүш деңгээлине жараша, чаржайыт түрдө, ар намыс
кодекси түзүлөт. Албетте, бул эреже жана ченемдерди орнотууда өспүрүмдөр чоң кишилердин өз
ара мамилелерин туурашат. Өспүрүмдөр арасында ар-намысын сактоо, теңдик жогору бааланат
да, чыккынчылык, сөзүнө тура албагандык, өзүмчүлдүк, менменсинүү, ач көздүк ж. б. катуу
жазаланат.
Өспүрүмдөрдүн чөйрөсүндө ченемдер чаржайыт түрдө түптөлөт. Анын артынан катуу көзөмөл
жүргүзүлөт. Эгерде өспүрүм чыккынчылык кылса, алешемдик кылып, ишеничти актабаса,
ур-токмокко дуушар болуп, кемсинүүгө жана жалгыздыкка кабылат. Өспүрүмдөр көп учурда ой-пикири
калыптана элек, өзүнүн кызыкчылыгын коргой албаган чабал теңтуштарын жактырбай, тизгиндеп
турушат.
Жогоруда айтылгандай, өспүрүмдөрдүн мамиле куруудагы багыты көпчүлүк учурларда чоң
кишинин мамиле түзүүсүнө окшош. Бирок, өспүрүмдөрдүн мамилелери, кылган иштери чоң кишилерге
караганда сезимталдык менен кабыл алынат.
Топтогу өспүрүмдөр бири-бирине көз каранды болушат , өз ара тең болууга умтулушат, айрым
учурларда топтун кызыкчылыгы үчүн баарына даяр турушат. Өспүрүмдөр тобу «Биз» деген ой-туюмга
таянат, ал ар бир өспүрүмгө өзүнүн күчүнө ишенич берет. «Биз» деген туюмдун таасирин күчөтүү үчүн
өспүрүмдөр окшош кийинишип, ошол топко гана тийиштүү сөздөрдү сүйлөшүп, өздөрүнө түшүнүктүү
кыял-жоруктарды жасашып, ушуну менен өзүнүн белгилүү бир топко тиешелүү экендигин билдирип
турушат.
Өспүрүмдөрдү бир топко байланыштырып турган «сленг» сөздөрдөн тышкары, көчөдөн алган
ар түрдүү кылык-жоруктары, кээде ачык эле уятсыз мамилелери өзгөчөлөнтүп турат. Мындай көчө
тарбиясы чоң кишилерге жакпаганы менен, өспүрүмдөр өз курагындагылардын кылык-жоруктарын
оңой эле өздөштүрүп алышат. Ошол эле убакта алар одоно кыймыл-аракеттеринин терс таасир
берээрине көңүл бурушпайт. Мисалы, балдар бирин-бири эликтеп, тилин көрсөтүп, муштумун түйүп,
кулакка чаап, сөөмөйү менен чыкыйын чукуп, бармактарын бириктирип манжасын көрсөтүп, артты
карап эңкейип ж. б. у.с. нерселерди тартынбай жасай беришет.
Өспүрүмдөр одоно кыймыл-аракет, кылык-жоруктарга терең маани беришпейт. Алар кыз бала,
эркек бала экенине карабай, көргөндөрүн кайталай беришет. Жогоруда айтылган кыймыл-аракет,
кылык-жоруктар адамды кемсинтүү үчүн жасалаары белгилүү болсо да, өспүрүмдөр үчүн бул
кадыресе эле көрүнүш, өз чөйрөсүндө алар көңүл деле бурушпайт.
Албетте, бул оң, тетири түрдөгү кыймыл-аракеттерге өспүрүм өзү өскөн чөйрөсүнүн маданиятына,
өзүнүн ички дүйнөсүнүн кабылдоосуна жараша мамиле кылат. Ушул учурда балага үй-бүлөдө бирдей
талап коюлушу чоң мааниге ээ. Өспүрүм өзүн-өзү билип, өз алдынча болууга көп аракет жасайт. Эгер
ал өзүнөн көп нерсени талап кылып жатышканын сезип калса, ал милдеттеринен тезирээк кутулуу
үчүн өзүнөн улуу «ак көңүл» куткаруучусунун колтугуна кирип кетүүгө даяр. Ошондуктан, өспүрүмдүн
жетилүү курагындагы мамилелерин түзүүдө чоң кишилер түшүндүрүү иштерин көп жүргүзүүлөрү
керек. Болбосо жөн эле талап кое берүү натыйжа бербейт.
Теңтуштары менен (көбүнчө бир короодо тургандар, бир райондо жашагандар, бир мектепте
окугандар) бир топ болуп чогулушат да, эмне менен алектенээрин билишпейт. Алар короодо гитара
чертип отурушат, же музыка угушат, эгер мотоцикли бар болсо, кечке мотоцикл тебишет, болбосо
жөн эле көчө таптап, өздөрүн алаксытуучу окуя издеп жүрө беришет. Кээде ошондой алаксууга
кабылышат, бирок андай алаксуунун терс жактары көп болот. Албетте, мындай максатсыз убакыт
өткөрүү бардык эле өспүрүмдөргө мүнөздүү эмес, болбосо коом кыйроого учурамак. Биз бул жерде
психикалык саламаттыгы соо балдар жөнүндө айтып жатканыбыз жок, биз «турмушка жеңил-желпи
мамиле кылган», кийин психиатрдын жардамына муктаж болчу балдар жөнүндө айтып жатабыз.
Жашы чоңураак өспүрүм топ башында турат, ал спирт ичимдигин ичүүдө, баңгизаттарды
колдонууда тажрыйбалуу, психикалык жактан чектен чыгуусу бар, же калгандарынан күчтүүрөөк болот.
Эгер топ башындагы өспүрүм тарбиясы начар, криминалдык тажрыйбасы бар болсо, өз чөлкөмүн
башка топтордон коргоо үчүн тынымсыз күрөш жүргүзүп, ал топ бандага айланып кетүүсү мүмкүн.
11
Банда короолордо, чатырларда, жер төлөлөрдө, бүтпөй калган курулуш, талаа-түздөрдө чогулушат.
Топ башы, балдар үйлөрүнө барганда, ата-энелерине кайда жүрүп, эмне менен алектенгенин айтып
койбоосун көзөмөлдөйт. Өспүрүмдөргө салыштырмалуу, эгер ал улуураак болсо, Кылмыш кодексин
өз тажрыйбасында билет да, жашы жете элек балдарды аракечтикке, баңгизаттарды колдонууга,
кылмыш кылууга үйрөткөндүгү үчүн жаза алаарын жакшы түшүнөт. Анын таасири астында балдар
түнт тартып, ата-энелерине каяша айтып, калп айтууга, топ башынын үйрөтүүсү менен ата-энесин
алдоого мажбур болушат да, натыйжада ата-энелер балдарынын жашоосун «кимдир-бирөө»
жетектеп жатканын байкабай калышат.
Топ башы топтун башка мүчөлөрүнө талашсыз авторитет болуп алат, ал өз ордун бекемдөө
үчүн ким болсо да айыгыша салгылашып, өзүнүн күч-кубатын дайыма далилдеп турат. Өспүрүмдөр
спорттун күч жумшоочу түрлөрүнө катышып, булчуң эттерин өстүрүп, эрктерин бекемдеп, самбо,
каратэ ыкмаларын үйрөнүп, кээде өздөрүнүн тобуна коркунучтуу аттарды коюп, түрлүү лозунгдарды
ойлоп табышат. Жыйынтыгында өспүрүмдөрдүн бул тобу өз аймагындагы балдар үчүн жана башка
топко кирбеген балдар үчүн анык тозок болот.
Көпчүлүк жетиштүү үй-бүлөдөгү балдар мындай топтун мүчөсү болуп кошулууну эңсешет, аларга
жагалданып, акчасы болсо акчасын берип, ар түркүн кызматтарды көрсөтүп, акыры топко кошулат.
Ошентип кечээги эле жоош бала спирт ичимдигин ичип, баңгизаттарды колдонуп, жүрүш-турушу
өзгөрөт. Мугалим менен ата-эне эмне болуп кеткенин түшүнө албай калышат. Кечээ эле тил алчаак,
жөндөмдүү окуучуга бүгүн үйүндө отуруу, мектепте (училищеде) окуу кызыксыз, ал оройлунуп, түнт
тартып, кээде ыгы жок ачык-айрым болуп, сабактарды калтырып, мүмкүн болушунча жаңы досторуна
качып, үйдөн акча-буюмдарды уурдап барат.
Жеке эле терс таасири бар балдар топтошуп жүрүшпөйт. Кандайдыр бир чогуу кызыкчылыгы
бар, же спорттун бирдей түрү менен алектенген балдар да топтошушу мүмкүн. Бирок, тажрыйба
көрсөткөндөй, өспүрүмдөрдүн кайсы тобу болбосун, улуулар тарабынан көзөмөлдөнбөсө, эртеби,
кечпи, балдарды жолдон чыгарчу бирөө табылат да, укук бузууга жол баштайт. Жеткинчек куракка
бирөөнүн таасирине бат кирүү мүнөздүү, акыл-эси токтоло элек, жоош-момун балдар өзүнөн күчтүү,
желкелеп турган теңтушунун таасирине бат берилет.
Өспүрүмдөрдүн көбү өздөрүнө «кумир» издешет - ал кино каарманы, актер, белгилүү ырчы,
музыкант болушу мүмкүн, алардын кийинүүсүн, чачын жасалгалоосун, жүрүш-турушун туурашат. Эгер
ал терс каарман болсо, анда эле мугалимдер, ата-энелер түрдүү жоруктарга даяр болуулары абзел.
Жеткинчек куракка мүнөздүү ишенчээктик менен өспүрүм өз кумирин туурап гана тим болбостон,
андан «ашып түшүүгө» аракет жасайт.
Бул куракта өспүрүмдүн өзүнүн бекем адеп-ахлактык көз карашы жок. Адеп-ахлактык түшүнүктү
өсүп келаткан бала ата-энесинин таасири алдында үйрөнөт, же алардын таасири терс болсо, өзү
сыйлаган кимдир-бирөөнүн таасирине берилет.
Чоң кишилерден айырмаланып балдар бирөөлөрдүн терс таасирин аңдап биле беришпейт. Алар
кылмыш, мыйзам, түрмө дегендерди жеткиликтүү түшүнүшпөйт. Улуулардын сөзүнөн гана, уурулук
кылбаш керек экендигин угушат, бирок эмне үчүн экенин түшүндүрүп бере алышпайт. Өспүрүмдөр
укук бузуудан коркушпайт жана жоопкерчиликти толук сезишпейт. Ошондуктан көп учурда зөөкүрлөр
балдардын коркунучту тогоотпогондугунан, өлүмдөн же майып болуудан тартынбагандыгынан
пайдаланышат. Балдар топ башы кандай буйрук берсе да ойлонбостон туруп аткарууга даяр
болушат. Атүгүл бир аз эле убакыт зөөкүрдүн таасири астында калган баланын жүрүм-туруму
өзгөргөнү байкалат. Россиялык психолог В.А. Крутецкий жазып алган өспүрүмдүн сөздөрүн мисалга
келтирсек: «Мен азыр чоңойдум, ошондуктан мени кичинесинтип, акыл үйрөтүп сүйлөгөнүңөрдү уккум
да келбейт. Кеңеш бересиңби, кеңешиңди бер, бирок тең сүйлөш, талап кылгың келеби, талап кыл,
бирок чоң кишиден талап кылгандай, эгер күнөө кылсам, жазала, бирок кичине баланы жазалагандай
эмес, болбосо, «бөлөк партага отур, сабактан кийин кечирим сура!», ушу да жазабы? Мен эмне, 1-чи
класстын окуучусумунбу?» - дегенинен улам улуулар балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша мамиле
кылышы керектигин эскертет.
12
Өспүрүмдөргө кургак акыл үйрөтүп, чоңсунуп сүйлөөдөн көрө, чын көңүлдөн, ачык аңгемелешип,
түшүнүктүү мисалдар менен далилдеп, тең ата мамиле кылуу керек, эң башкысы күнүмдүк турмушта
адеп-ахлактык ченемдерди сакташ керек экендигин туура түшүндүрүүгө аракет жасаш керек.
Россиялык психолог К. Левиндин айтканына караганда, өспүрүм жашка келген бала жаш
өзгөчөлүгүнө жараша буюмдарды пайдаланып, ошол буюмдарды жыйноого өзгөчө аракет кылат да,
аны турмушунун эң негизги максаты катары кабыл алат. Өзүнүн кийим-кечеги, буюм-тайымы менен
өзгөчөлөнүп турган өспүрүм өзүн мыкты сезип, теңтуштарынан урмат-сый талап кылат. Балдардын
жаш өзгөчөлүгүнө, маданиятына жараша, бири-бири менен мамиле кылууда буюмдар чоң мааниге
ээ. Өспүрүм белгилүү бир буюмдарга ээлик кылса, ал өзүн ишенимдүү алып жүрүп, жолдошторунун
алдында кадыр-баркы жогору болот.
Албетте, буюм-тайымдар баланын ички дүйнөсүнүн, бой-сымбатынын өсүшүнө таасир берип,
жеке менчик мүнөзүн калыптандырат. Бирок, коомдук керектөөлөр өспүрүмдүн көңүлүнө тандоону
жана көптөгөн буюмдарды алмаштырып турууну көздөтсө да, ал нерселер баланын жан дүйнөсүнүн
калыптанышына эч кандай таасир бере албайт. Бүгүнкү заманбап мезгилде буюмдар аркылуу жаш
жеткинчектердин ой сезиминин бузулушуна көп себептер бар:
1) жашоосунун толук экенин көрсөткөн эң негизги байлыгы болуп калат;
2) буюм чогултуу, буюмдардын кулу болууга алып барат;
3) белек берүүчөлөрдөн көз каранды болуп, ошону менен ич күйдүлүк же жек көрүүнү үйрөнөт.
Азыркы учурда коомдук турмушка көптөгөн криминалдык ченемдер кирип кетти. Мындай
ченемдердин пайда болуш жолу көп, анын ичинде эң таасирдүүсү массалык маалымат каражаттары,
анткени көптөгөн криминалдык окуялар сырткы көрүнүштөрдү (кебете-кешпирин, кыймыл-аракетин)
сүрөттөө менен көрсөтүлөт. Ачык-айкын көрсөтүүлөр оң же терс маанисине карабай, өспүрүмдөрдү
өздөрүнө багынтып алат.
Заманбап илимий-педагогикалык адабияттардын негизинде «тарбиясы чектен чыккан»
балдардын олуттуу үч белгисин бөлүп кароого болот.
Биринчи белги - бул жаш балдардын же өспүрүмдөрдүн ченемге туура келбеген жүрүм-
турумдары. Ылайыгына карай, «чектен чыккан же тарбиясы начар жүрүм-турум» деп аташат.
Канчалык деңгээлде ченемге туура келбегенин тесттер жана эксперименталдык ыкмалар менен
аныкташат. Бирок, бүгүнкү күндө психологдор менен педагогдор чектен чыгуунун негиздерин толук
өлчөп, изилдеп бере алышпайт. Ошондо атайын байкоо жүргүзүлөт.
Экинчи белги - жүрүм-турумдун оңой менен оңдолуп, түзөлбөй турган бузулуусу. Эрежеде,
бардык «чектен чыккан» балдар - педагогикалык тарбиясы жетишсиз болгондор. Бирок бардык
эле педагогикалык тарбиясы начар балдар оңолгус эмес, кээ бирөөлөрүн оң жолго салуу оңой эле
болот.
Үчүнчү белги - атайын окуу жайларда болуп келген, мугалимдин жеке көзөмөлүнө,
айланасындагылардын жана теңтуштарынын оң мамилесине муктаж болгон балдар.
Айлана-чөйрө окуучунун аң-сезиминин калыптанышына оң да, терс да таасир берет. Мисалы,
тарбиясы начар, чектен чыккан өспүрүмдүн мүнөзүнүн калыптанышына ал жашаган аймактын
түздөн-түз байланышы болушу мүмкүн.
Окуучу үчүн мектеп өтө маанилүү. Окуучулардын укук бузуусу белгилүү бир мектепте, башка
мектептерге салыштырмалуу дайыма көбүрөөк болуп турат. Белгиленгендей, окуучулардын жаман
жүрүм-туруму эки факторго байланыштуу: 1) мугалимдердин тез-тез алмашып туруусу жана 2)
класстагы окуучулардын саны улам жаңыланып туруусу. Эң таасирдүүсү биринчи фактор. Бул
жерде мектептин жаңы, же эски экендиги, чоң же кичине экендиги анча мааниге ээ эмес.
Ошондой эле, үй-бүлөнүн өспүрүмгө таасири күчтүү экендигин ашыкча баалоого мүмкүн эмес.
Далилденгендей, кароосуздук 80% кылмышка алпарса, өспүрүмдөрдүн 60% аракечтикке
үй-бүлөдө үйрөнөт. Девианттуу жүрүм-турумдагы өспүрүмдөрдүн 25-30% ата-энелери көп
13
чатакташкан үй-бүлөдөн чыгышат. Ата-эне менен баланын мамилелери канчалык начар болсо,
өспүрүмдүн кылмышка баруусуна ошончолук мүмкүндүк түзүлөт.
Тыюу салуулар менен коштолгон аша чапкан камкордук, акыл-насаат айта берүү, ар бир кадамын
текшерүү, баланын ички дүйнөсүнүн, кулк-мүнөзүнүн калыптанышына терс таасирин тийгизет.
Мындай таалим-тарбия көпчүлүк жашы жете элек балдар менен өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен
мамилелери бузулуп, жүрүм-турумунун терс жагына кескин өзгөрүшүнө алып келет.
Үй-бүлө адеп-ахлактык жана психологиялык тарбияда баланын өмүрүндөгү алгачкы социалдык
топ болот да, анын инсандык калыптануусунда бала кезинен бойго жеткенге чейин коштоп жүрөт. Ата-
энелери менен болгон мамиледен баланын дүйнөгө, айлана-чөйрөгө, жашоо-турмушка болгон көз
карашы калыптанат. Ата-энелердин көрсөткөн үлгүсү баланын адеп-ахлактык жана психологиялык
тарбиясына түздөн-түз таасир берет, анткени балдар туураганга жакын болушат, өзгөчө өспүрүм
куракта. Баланын үй-бүлөдөн алган тажрыйбасы, көп убакта, анын адамдарга, айлана чөйрөгө
кылган мамилесинен көрүнүп турат. Бала чактын таасири күчтүү, терең, туруктуу болот.
14
ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ДЕВИАНТТУУ ЖАНА ДЕЛИНКВЕНТТҮҮ
ЖҮРҮМ-ТУРУМУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Кийинки кездерде педагогикалык коомдо, ювеналдык юстицияда: «девианттуулук», «девианттуу
жүрүм-турум», «делинквенттүүлүк» деген сөздөр көп колдонулат.
Девианттуу жүрүм-турум жогоруда эскертилгендей, коомдогу моралдык жана укуктук
ченемдерге туура келбеген, коомго жат кыймыл-аракеттерди жасаган күнөөкөрдү коомдон
оолактатууга, дарылоого, түзөтүүгө же жазалоого жиберүүгө мажбурлаган иш-аракети. Девианттуу
жүрүм-турумдун негизги белгилери: кылмыш, аракечтик, баңгилик, суицид (өзүнө-өзү кол салуу),
акчага денесин сатуу, сексуалдык девиация.
Бүгүнкү күндө өспүрүмдүн девианттуу жүрүм-турумун изилдеп, түшүнүк берген, бирдей мамиле
кылуу жок. Америкалык психолог Э. Дюркгеймден кийинки бир топ изилдөөчүлөр, социалдык
уюмдар кадыресе иштеген шарттарда, девианттык жүрүм-турум азыраак жолугаарын, ал эми
тескерисинче, нормативдик текшерүү аз жерде, девианттык жүрүм-турум көбөйөөрүн белгилешкен.
Мындай көрүнүштөргө стресс, топтор аралык, же бир топтун ичиндеги араздашуулар, коомдогу терс
өзгөрүүлөр түрткү болот.
Жүрүм-туруму терс жагына өзгөргөн көпчүлүк адамдар адамзаттагы баалуулуктарды, моралдык
ченемдерди билгени менен кайсы бир себептерден улам аларды сактап турууга эрки жетпейт, же
өздөрүнүн социалдык алсыздыгына ар кандай шылтоолорду таап актанышат.
Кылмышка барууга көнүмүш катары калыптанып келе жаткан, же калыптанып калган коомго жат
девианттуу жүрүм-турум түрткү болот, россиялык психолог С. Л. Сибиряков өзүнүн изилдөөлөрүнө
таянып: «Коомго жат жүрүм-турумдун негизи он төрт жаштан башталышы ыктамал» дейт. Девианттуу
жүрүм-турум жашы жете элек кылмышкерлердин өмүр баянын ретроспективдүү изилдөөлөр
көрсөткөндөй, окуучулардын көпчүлүгүндө биринчи класстан башталат.
Коомго жат мүнөздөгү жүрүм-турумдун эрте жаш курактан башталаарын америкалык
окумуштуулар кененирээк изилдешкен. Ошол эле убакта жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында
кылмышка таңкалаарлык «толеранттуу» мамиле кылышаары байкалган. Мектептерде жүргүзүлгөн
сурамжылоонун негизинде окуучулардын 27,78% кылмышты жашоонун башкача нугу катары
баалашса, 9,25% кылмышка көңүлкош карашат.
Девианттуу жүрүм-турумдун пайда болушу баланын психологиялык өзгөчөлүктөрүнө
байланыштуу болот. Жашы жете элек балдардын инсан катары өнүгүү деңгээлинде жана өсүү
ыргагында коошпогондуктар байкалат. Жаңыдан калыптанып келаткан жаш өспүрүмдүн өзүн
чоң кишидей кабыл алуу сезими өз мүмкүнчүлүгүн чектен ашыра баалап алууга түртөт. Баланын
сезимталдуулугу туруксуз болуп, маанайы шаңдануудан көңүл чөгүүгө чейин өтө тез өзгөрүп турат.
Өспүрүмдүн өз алдынча болууга умтулуусунда түшүнбөстүккө кабылганда сын-пикир сөздөрдү
көтөрө албай теригип, аффект1 абалына чейин жетет. Маанайынын өзгөчө абдан тез өзгөрүшү эркек
балдарда 11-13 жашында, кыздарда 13-15 жашында байкалат. Айтканынан кайтпаган көкбеттиги да
ушул куракка туура келет.
Жашы чоңураак өспүрүмдөрдү өз алдынча болуу укугу түйшөлдүрөт, алар жашоода өз ордун
издешет. Балдардын жөндөмдөрү, кызыкчылыктары өзгөрүп, жан дүйнөсү калыптанат, жыныстык
мерчеми аныкталат. Ошого карабастан бул курактагы максатын көздөгөндүк, өжөрлүк мүнөз, кызуу
кандуулук, туруксуздук менен коштолуп турат. Аша чапкан өзүнө-өзү ишенүүчүлүк, айтканынан
кайтпагандык менен сезимталдыкты, өз күчүнө ишене бербегендикти бирдей алып жүрөт. Бирөөлөр
менен мамиле түзүүгө болгон умтулуусунан бат эле айнып, жалгыздыкты көздөйт, мүнөзүндө
1
Аффект (лат. affectus - жан дүйнөсүнө бүлүк түшүү жинденүү) - өзүн-өзү башкара албай, терс эмоцияга
алдыруу.
15
тартынчаактык адепсиздикке, романтика түркөйлүк менен эсепкорлукка, назиктик мыкаачылыкка
чейин тез-тез алмашып турат.
Делинквенттик1 жүрүм-турум - бул ар түрдүү кылмыш, коомдук жүрүм-турумдун ченемин
бузуу, күнөөгө батуу эсептелет. Криминалдык кылмыштан делинквенттик жүрүм-турум укук бузуунун
анчалык оор мүнөздө эмес экендиги менен, жана кээде гана кылмыш жазасы колдонулаары менен
айырмаланат.
Бул жүрүм-турум сабактан качып кетүүдөн башталып, кийин мушташуу, хулигандык кылуу, өзүнөн
кичүү балдардын же чабалыраак теңтуштарынын акча-тыйынын, буюмун тартып алуу, велосипедди,
мотоциклди, же машинаны ойноп көңүл ачуу үчүн айдап качуу, тилемчилик кылуу, майда уурулук
кылууга жетет.
Кароосуздук, үй-бүлөнүн балага көңүл бөлбөөсү бул өспүрүм курактагы баланын делинквенттик
жүрүм-турумунун өзөгү.
Тартиби начар өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумунун дагы бир өзгөчөлүгү турмуштун
кыйынчылыктарына туруштук бере албагандыгында; алар мындай учурда үйүнөн качып кетип,
дромоманияга2 берилип, улууларга каршылык көрсөтүп, бардык шарттардан баш тартып, бири-бирин
көкүтүп, баскынчылык кылышат.
1 Делинквенттик (лат. delinquentia) - укук бузуучу, кылмышкер, козголоңчу.
2
Дромомания (грек. dromos - чуркоо, жол жана mania - акыл-эстен өтө адашуу) - көрүнгөн жерде темселеп,
тентип жүрүү.
16
КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮҮ ЖӨНДӨМҮ
Жүрүм-турумдун каршылык көрсөтүү түрү өспүрүмдө таарынычтарга жооп катары, жакындарынын
мамилелеринен жана талап кылууларынан, анын ар-намысын кемсинткенде пайда болот. Каршылык
көрсөтүү жөндөмү санаркоого мажбур кылган адамдарга - көбүнчө ата-энесине карата болот.
Үй-бүлөдө жаңжалдашуу, түшүнбөстөктөр көп болсо баланын каршылык көрсөтүүсү күч алат.
Ата-энеси өз ара чатакташып жатканын көргөн бала, аларды өзүнүн алдында күнөөлүү санап, жек
көрүп, аларга каршы майда-барат укук бузууларга барат.
Каршылык көрсөтүү - ата-энелери балдарга кайдыгер караган убакта, баланын ар-намысына
шек келтирген адилетсиз жазаларды колдонгондо, бала үчүн баалуу болгон нерсеге, мисалы,
жолдоштору менен бирге болууга тыюу салганда күчөйт.
Каршылык көрсөтүү - ата-энелери аша чапкан талаптарды коюп, баланы вундеркинд (өзгөчө
жөндөмү бар) кылууга, балага күчү жетпеген маселелерди чечтирип, мектепте алдыңкы окуучу
болууга же өзүнүн кайсы бир мыкты теңтушуна теңелүүгө үндөгөн убакта өнүгөт. Өспүрүмгө өз
теңтуштары менен көчөдө убакыт өткөрүү, ата-энеси талап кылган китеп окуу, музыка, спорт же чет
тил менен машыгууга караганда, жеңил жана оңой.
Ата-энесинин бирөө кайталап турмуш курганда, үйдө өгөй эне, өгөй ата, жана алардын балдары
пайда болгондо, болбосо дагы бир ымыркай төрөлүп, улуурагына анча көңүл бурулбай калганда,
өспүрүм каршылык көрсөтөт. Бул албетте, кызганычты, үй-бүлөнүн жаңы мүчөсү менен тирешүүнү
пайда кылат.
Каршылык көрсөтүү - көбүнчө акыл-эси өнүкпөй, артта калган, ошонун кесепетинен жаман окуп,
бааларынын начардыгы, сабактан качкандыгы үчүн тил уккан балдарда болот.
Пассивдүү каршылык көрсөтүү жөндөмү - бул жашыруун кастык, кекенүү, өзү менен
мурдагыдай ачык-айрым мамиле түзө албагандыктары үчүн чоңдорго таарыныч, сүйлөшүүдөн качуу.
Өспүрүм башка жактан мамиле издей баштайт.
Активдүү каршылык көрсөтүү жөндөмү - бала тил албай, оройлонуп, өзүн текебер, агрессивдүү
алып жүрүүсү, үйдөгү жаңжалдан, чыр-чатактан, тарбиянын катаал ыкмаларынан, жазалоодон,
кемсинтүүлөрдөн кутулуу үчүн үйдөн качып кетүүсү.
Психопатиясы бар, же башы оорулуу балдардын активдүү каршылык көрсөтүү жөндөмү өтө
жинденип, буюмдарды сындыруу менен коштолот. Активдүү каршылык көрсөтүү атайылап тескери
иш жасап, каршылашкан душманына түз зыян келтирип, өзүнүн коомго жат жүрүм-турумуна ылайык
өч алуусунда көрүнөт.
Кээ бир убактарда каршылык көрсөтүү реакциясы күчөп, кийинчерээк бардык улууларга каршы
багышталат.
Эмансипация1 жөндөмү - бул өспүрүмдүн өзүнүн эркиндиги, өзүнчөлүгү үчүн күрөшүүсү. Ал
улуулардын көзөмөлүнөн кандай да болсо кутулуп чыккысы келет. Аны канчылык текшерип, басынткан
сайын, ошончолук улуулардын таасиринен кутулууну көздөйт. Өз бетинчелигин көрсөтүп, каалаганын
жасай баштайт. Эгер ата-энеси, болбосо мугалимдер аны кайсы бир нерсеге мажбурлабаса деле, ал
өзү эле ошону жасамак экенин көрсөтөт.
Мындай жүрүм-турумду көпчүлүк учурда ата-энелер да, мугалимдер да көктүк деп түшүнүшөт.
Чындыгында бул жашы жете элек балдардын кадыресе эле мыйзамченемдүү көрүнүшү. Психикалык
жактан саламаттыгы соо балдарда ал бир убакта өтүп кетет. Тең ата болуу - улуулар өздөрүн туура
1 Эмансипация (лат. emancipatio) - тең ата болуу, укугун талашуу.
17
эмес жактан көрсөткөндө пайда болот, басмырлоодон, үн-сөзсүз баш ийүүсүн талап кылуудан тажаган
балдар үйдөн качып, тентип кетишет.
Баш тартуу жөндөмү - жолдоштору менен жолугуп турушуна бөгөт коюлганда бала сүйлөшүүдөн,
оюндан, тамак ичүүдөн, үй жумуштарын аткаруудан, сабакка катышуудан баш тартат. Мындай нерсе,
ата-энелер баласына терс таасири тийген, өздөрүн социалдык ченемдерге каршы алып жүргөн
топтордон коргоо үчүн башка мектепке которуп, же жаңы жерге көчүп кеткенде болот. Бул учурда
өспүрүм өзүнүн көнүмүш тобунан ажыраткандыгы үчүн ата-энесин жектеп, алар менен сүйлөшүүдөн
баш тартат.
Үйдөн качып кетүүнүн ар түрдүү себептери бар, мисалы, өспүрүмгө жаман мамиле кылып,
кемсинтип, уруп-сабаганда. Кыздар көбүнчө өгөй атасынын же мас абалындагы өз атасынын
сексуалдык асылуусунан, же тынымсыз басынтып, уруп-сабоодон апасы коргой албай калганда,
качышат. Качып кетүү - ата-энесинин кайдыгер жасаган мамилесинен, же басмырлап, ашыра талап
коюлушунан, же өз жашоо образын таңуулаганда, каршылык көрсөтүүнүн бир түрү катары жасалат.
Кээде үйдөн качып кетүү жөн эле эркин болууну, ар түрдүү көңүл ачууларды, окуяларды эңсөөдөн
келип чыгат. Кыялкеч, фантазияга бат берилген, белгилүү саякатчылар, алыскы өлкөлөр жөнүндө көп
окуган жашы жете элек балдар да, өспүрүмдөр да үйдөн качууга тап болушат.
Биринчи жолу үйдөн качуу жаңжалдашуудан кийин, же психикалык жаракат алгандан кийин
болот, кийин кандай гана жагымсыз окуя болбосун, үйдөн качуу адатка айланат.
Качкындар бул аракеттерин ата-энелер, мугалимдер алардын кызыкчылыктарына көңүл
бурбай, кичинесинтип мамиле кылгандарына нааразылык катары көрсөтүшөт. Мындай өспүрүмдөр
мугалимдерди, ата-энелерин түшүнүгү тар, консерваторлор деп эсептешип, жаштардын жашоосун
жактырбайт деп ойлошот. Кыздар ата-энелер менен мугалимдер аларга косметика колдонгонго
уруксат бербей, каалаган кийимди кийүүгө тыюу салып, ата-энелери убактысын ким менен, кантип
өткөрөөрүн текшергенине нааразы болушат.
Материалдык жактан жетиштүү жашаган, сыртынан жайлуу көрүнгөн үй-бүлөдө тарбияланган
балдар мындайда өздөрүнүн жаңы жашоосун мектептен, үй-бүлөдөн эркин болуу катары баалашат.
Бул качкындарга өзүн-өзү камсыз кылуу, ичимдик ичип, баңгизат колдонуу, ата-энелердин,
мугалимдердин көзөмөлүсүз каалагандай ойноп күлүү, анын ичинде социалдык тажрыйба алуу
жагат. Эгер үйдөн качып кетүү балага жаман мамиле кылуу менен байланыштуу болсо, өспүрүм үйгө
кайтып келүүгө таптакыр каршы болот. Андан көрө ата-энесин тапкычакты жашы жете электерди
реабилитациялоо жана адаптациялоо борборунда жашаган ага жагат, ошондуктан кайра кайтарып
үйүнө жибербеш үчүн алар дарегин жана фамилиясын көбүнчө жашырып, башка даректи айтып
коет.
Компенсация жана гиперкомпенсация жөндөмү - бул жүрүм-турумдун өзгөчө түрү, анын
жардамы менен бала өзүнүн начар жагын жашырып коюуга аракеттенет, бул көбүнчө ата-энеси көңүл
бурбаган, сүймөнчүк кылбаган үй-бүлөдө өскөн балдарга, жетимдерге, толук эмес, болбосо бузулган
үй-бүлөдө жашагандарга, невроз менен ооруп калган, кемсинген балдарга мүнөздүү. Өспүрүм өзүнүн
психикасындагы же денесиндеги мүчүлүштүктү жашыруу үчүн психологиялык калканч кылып алат.
Гиперкомпенсациянын мисалы катары, өзүнүн алсыз, тартынчаак экендигин жашыруу үчүн
сырткы келбетин жосунсуз өзгөртүп алган, жаштайынан тамеки тарткан, спирт ичимдиктерин ичкен
балдарды кароого болот.
18
ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ МАНИПУЛЯЦИЯ
(ЖАЗГЫРУУ, КӨКҮТҮҮ)
Манипуляция - бул адамды жазгырып кыйыр таасир берүү. Мындайдан бардык эле чоң кишилер
өзүн коргоп, терс таасиринен кутулуп кете алышпайт. Өспүрүмдөр дээрлик катаал жазгыруу
ыкмаларын колдонушат.
Россиялык психологдор В. Петровский, Б. Мастеров белгилешкендей, жогорку класстын
окуучуларынын мүнөзүндөгү өзгөчөлүк - өз мүмкүнчүлүктөрүнөн ашыра тобокелчиликке барууга
умтулгандык. Манипуляциянын бир ыкмасы болгон кеңири белгилүү «а слабо» (алың жетеби)
деген сөз түркүмүн, мисалы, минтип чечмелесе болот: «эгер сен чыныгы жигит болсоң, анда муну
жасайсың...». Дене түзүлүшүндө мүчүлүштүктөрү бар балдарга: «сенин ушул кебетең менен кыздарга
көз артууга гана жарайсың...» деген көкүтүү.
Өспүрүмдөр кандай да болсо өздөрүнүн күчүн, эр жеткендигин далилдөөгө умтулушат. Көбүнчө
эр жетүү дегенди өспүрүмдөр тайыз маанисинде түшүнүп алышат: тамеки чегүүнү, аракечтикти,
жыныстык катнаштарды чоң турмушка аралашуунун көрсөткүчтөрү катары карашат. Ушул куракта
жыныстык манипуляция башталат, ал сексуалдык кысым көрсөтүүдө, мисалы: «сүйүүнү аныктоо...»
ж. б. билинет. Махабатка, достукка, бири-бирине берилүүгө байланышкан мамилелер мына ушул
манипуляциядан өзгөчө жабыр тартышат.
Топтошуп кысым көрсөтүү
Манипуляция топтошкон түрдө да болушу мүмкүн. Мындай учурда, эреже катары, «топтошуп
кысым көрсөтүү» деген термин колдонулат. Биз бул көрүнүштү сүрөттөөдө көп кезиге турган
мисалдарды келтирели. Мисалы: Класс сабактан качып кетүүнү чечти, бирок бир канча бала
анткенди каалашпайт, ошондо аларга качып кетүүнү көздөгөндөр кысым көрсөтө баштайт: «Сен
саткын болосуң!», «Сен коркуп атасың, коркоксуң!», «Эмне, ушул сага оор болуп атабы?», «Эгер сен
чыныгы дос болсоң...» ж. б. Болбосо мындай түрү - өспүрүмдөрдүн тобу теңтушун тамеки чегүүгө
азгырып жатышат: «Сен эмне алсызсыңбы? Кызсың го?», «Апаңдын этегин карма!». Бул кысымдын
кадыресе агрессивдүү түрү. Көпчүлүк учурда мындай убакта өтүнүп суранышат: «Эмне эле тартынып
атасың?», «Көрүп атасыңбы, баары сенден суранып атышат?», «Биз бардык нерсени дайыма чогуу
жасачу эмес белек!», «Биз сенсиз болгубуз келбейт, топтон бөлүнбө!», «Сен өзүбүздүн жигитсиң,
бизди сатпайсың!» ж. б.
Байкоолор көрсөткөндөй, мындай азгырыктарда көбүнчө топтун өзүнө анча ишенбеген,
чабалыраак мүчөлөрү өзгөчө аракеттенет экен, муну менен алар, бир жагынан, өзүнүн топко
берилгендигин далилдегилери келсе, экинчи жагынан, чогуу жасап жаткан иштерине өздөрүн
камчылап, даярданышат. Мындай учурда көбү жарга такалат: «Досторума каршы тура албайм, бул
ишти жасай албайм, жасагым да келбейт, анда эмне кылам?». Ушул жерде чарасыз кемсинүү менен
таптакыр айласыздыкка туш болот.
Психологиялык жардамдын программалары ушул топтошуп кысым көрсөтүүнү эске алуулары
керек жана психологдордун катышуусу менен өткөн сабактарда анализдеп, териштүрүүнүн негизи
катары кароо керек.
Топтошуп кысым көрсөтүүнүн түрлөрү: жагалдануу, опуза, көндүрүү, коркутуу, өзгөчө көңүл
буруу, мактоо ж. б. Мындай кысымга каршы туруу эмне үчүн кыйын? Белгилүү болгондой, топтошуп
жашоонун жүрүшүндө топтун ченемдери, баалуулуктары пайда болот жана бекийт, аларды кайсы
бир деңгээлде топтун бардык мүчөлөрү аткарышы керек.
Топтошуунун ченеми - бул топтун ичиндегилердин бири-бири менен карым-катнашын,
мамилелерин жөндөп турган, топтун бардык мүчөлөрү аткарган кандайдыр бир эрежелер. Ал
эрежелерди топтун бардык мүчөлөрү аткаруусун көзөмөлдөөдө жоопко тартуу системасы иштелип
19
чыгат. Бул демилге берүү же чектөө мүнөзүндө болушу мүмкүн. Биринчисинде, топтун талаптарын
аткаргандарды топтун мүчөлөрү мактайт - бул анын беделин көтөрүп, өзгөлөргө сес көрсөтүүсүн
өстүрөт, жактоо үчүн мындан башка да психологиялык чараларды колдонушат. Экинчисинде, топтун
мүчөлөрүн топтун тигил же бул эрежесин бузгандыгы үчүн жазалоо иретиндеги чектөөлөр. Бул
«бойкот» (кабыл албоо) болушу мүмкүн, «күнөөлүү» менен сүйлөшпөй коюу, беделин түшүрүү, өз
ара байланыштан чыгарып салуу ж. б. Бул чектөөлөр жан дүйнөсү али калыптана элек өспүрүмдөргө
оор сокку болот.
Топтун мүчөлөрүнүн мамилелерин али түшүнө элек, топко жаңы кошулган мүчөсүнө, ойлонуп
табылган ченемдер өзгөчө көйгөйдү жаратат. Россиялык психолог М. Р. Битякова бул көйгөйдү төрт
түргө бөлөт:
1) эрежелерди өз эрки менен кабыл алуу;
2) топтогулардын коркутуусу менен айласыздан баш ийүү;
3) топтогуларга сес көрсөтүү үчүн («мен өзгөчөмүн» принцибинде);
4) өз эрки менен топтогулардын бардык эрежелеринин өзүнө келтире турган кесепеттерин
түшүнүп туруп баш ийбөөсү, же топту таштап кетүүсү.
Экинчи жана үчүнчү түрүндө топтогулардын мамилесине көз каранды болгон жүрүм-турум
сүрөттөлөт, же топтун кысымы менен эрежелерди кабыл алуу, болбосо ушул топтогуларга өзүн-өзү
каршы коюу. Мындайда, бул эки түрү тең өспүрүмгө топто калууга мүмкүндүк берет, бирөөнө «козел
отпущения» (бардык нерсеге күнөөлүү), экинчисине «аутсайдер» (жеңүүчү) катары. Изилдөөлөр
даана көрсөткөндөй, экинчи түрдөгү жүрүм-турумдагы өспүрүмдөр топтун ичинде көп кезигет. Топтун
эрежелерин жана баалулуктарын айласыздан кысым астында топтон чыгып калуудан, же топтогу
өз ордун жоготуп коюудан коркконунан улам кабыл алган учурлар конформизм деп аталат, жана
бул азыркы учурда топтун мүчөлөрүн бириктирип кармап турган бирден-бир керектүү ыкма катары
эсептелет.
Кысымдын дагы бир түрү - айланасындагыларды тууроо, «үйүргө кошулуу» сезими, өспүрүм
топтун «ээлигүүлөрүн» жугузуп алат (мисалы, биригип тополоң салуу көрүнүшү).
20
ОКУУЧУЛАРДЫН УКУК БУЗУУЧУ ЖҮРҮМ-ТУРУМУНУН
АЛДЫН АЛУУ
Жашы жете электердин укук бузуусунун алдын алуу системасын кароодон мурда, алгач
кылмышты эскертүү жоболоруна көңүл буруу керек. Кылмышты эскертүү - бул адамдарды,
коомду, мамлекетти кылмыштан сактоо, андан да түз маанисинде - мамлекеттин жана
коомдун чара көрүү тармагын - кылмышты четтетүүгө, болбосо жок кылууга, кылмыштын
себептерин жана шарттарын азайтууга, кылмышка баруудан сактоого, жана укук
бузгандардын жүрүм-турумун түзөтүү жагдайына буруу. Алдын алуу иш-аракеттери жашы
жете электердин кылмышка баруусундагы ченемдик актыларды гана ишке ашырбастан, билим
берүү, социалдык коргоо, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү
актыларды да ичине камтыйт. Эгерде мамлекет балдардын кылмышка баруусун улуттун
кадыресе кемчилиги катары көрсөткүсү келбесе, анда кылмыштын алдын алууну, балдарды
кылмыштан сактоону улуттук идея кылып алышы керек.
Балдардын кылмышка баруусунун себептери көп, анын бири өспүрүмдүн өзүнүн кылган
ишине жоопкерчиликти акыр-аягына чейин түшүнбөгөндүгү. Акылы толо элек жеткинчектер
өздөрүнүн жосунсуз кылык-жоруктарын жашы жете электигине байланыштуу кылмыш деп
эсептешпейт, демек жоопко тартылбайт, себеби кылмыш жообуна тартуу жалпы жонунан 16
жашка толгондон башталат, ошондуктан ар бир үчүнчү өспүрүм өздөрү айткандай «баары бир
отургузбайт» деп ойлошот.
Бирок Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамы 16 жашка толо электерди кылмыш
жообуна тартууну белгилейт. Айрым учурда, кылмыш кодексине ылайык, саламаттыкка атайлап
оор залал келтиргенде 14 жаштан кылмыш жообуна тартылат (104-берене), саламаттыкка
атайылап анча оор эмес залал келтиргенде (105-берене), уурулук (164-берене), тоноо
(167-берене), каракчылык (168-берене), опузалап талап кылуу (170-берене), оорлотуучу
жагдайдагы хулиганчылык (234-берененин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү). Аныгында, өкүм
чыгаруууда сот күнөөлүүнүн жашы жете электигин жеңилдетилген жагдай катары карайт жана
төмөнкүдөй жазаларды колдонот:
• коомдук иштерге тартуу;
• айып салуу (штраф);
• зыяндын чыгымын төлөө менен эл алдында кечирим суроо;
• түзөтүү жумуштары;
• эркиндигин чектөө;
• эркинен ажыратуу.
Эгерде жашы жетпеген күнөөкөргө шарттуу соттоо дайындалса,жана сыноо мөөнөтүнүн
ичинде анча оор эмес жаңы кылмыш жасаса, сот иштин жагдайын жана айыптуунун оң
сапаттарын эске алуу менен жаңы сыноо мөөнөтүн белгилейт. Жашы жетпеген өспүрүмгө
жаза белгилөөдө белгилүү бир милдеттерди аткарууну буюрат, мисалы, келтирилген чыгымды
төлөө, ишке орношуу же окуу, каттоодон убагында өтүп туруу, жашаган жерин алмаштырбоо,
сот аныктаган жерлерге барбоо, белгиленген убакыттан кийин өзү жашаган даректен чыкпоо,
үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү. Сот ошондой эле шарттуу түрдө жазага тартылган
өспүрүмдүн оңолушуна өбөлгө түзө турган башка милдеттерди да колдонот.
Сот жашы жете элек өспүрүмдү жазага тартууда жасалган кылмыштын өлчөмүнүн коомго
коркунучтуулугуна, турмушу менен тарбия шарттарына, психикалык өнүгүшүнүн деңгээлине,
инсандык башка өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурат жана улуулардын өспүрүмгө болгон таасирин
эске алат.
Белгилей кетчү нерсе, жашы жете элек курак жеңилдетилген жагдай катары, жоопкерчиликти
жеңилдеткен же оорлоткон башка жагдайларды кошкондо гана эсептелет. Жашы жете электе
жазага тартылгандарга, эгер ал 16 жашка чыга элек болсо жана биринчи жолу анча оор эмес же
21
өтө оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн, жана башка жашы жете элек кылмышкерлерге биринчи
жолу анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу жазасы берилбейт.
Биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган жашы 14-18 чейинки, жана өтө оор эмес
кылмыш жасаган жашы 14-16 чейинкилерге эркинен ажыратуу жазасы колдонулбайт.
Жашы 18 ге жете элек кылмышкерлерге эркинен ажыратуу мөөнөтү төмөнкүдөн өтпөшү
керек:
• анча оор эмес кылмыш үчүн - 1 жыл;
• өтө оор эмес кылмыш үчүн - 3 жыл;
• оор кылмыш үчүн - 5 жыл;
• өзгөчө оор кылмыш үчүн - 10 жыл.
Жаза мөөнөтүн белгилөөдө кылмыштарды жана өкүмдөрдү бириктиргенде эркинен
ажыратуу мөөнөтүнүн эң жогорку чеги 10 жылдан ашпоосу керек. Күнөөкөр өкүм чыгаруу
мезгилинде 18 жашка чыга элек болсо, жаза мөөнөтүн жалпы же күчөтүлгөн тартиптеги тарбия
берүүчү колонияларда өтөйт.
Жаш өспүрүмдөрдүн «мен мас болчумун, кантип акча доолап, тоногонум эсимде жок»
дегендери кылмыш жообуна тартылуудан сактап кала албайт, себеби Кыргыз Республикасынын
кылмыш кодекси даана аныктагандай, спирт ичимдиктерин ичип алып мас абалында, же
баңгизаттарын колдонуп, же башка акылдан адаштыруучу заттарды колдонуп алып жасаган
кылмыштар жазага тартылат.
Бирок жазанын түрү, жазаны өтөө ыкмасы бул укук бузуунун бир гана көрүнүшү. Кылмышкерди
жазага тартуу деген жөн гана берене эмес, жөн эле тергөө иштери эмес, жана эркинен ажыратпай
жеңил-желпи жазага тартып койгон сот иши эмес, бул деген - соттолгондук, өспүрүм эр жетип,
өзүнүн «жаш кезиндеги» жаңылыштыктарын эчак унутуп калса да, жумушка орношууда, чет
өлкөгө чыгууда, жарандыгын алмаштырууда, же биротоло жер которуп көчүүсүндө дайыма
эскертилип туруучу көйгөй экендигин убагында кимдир-бирөө айтып койгондо, өспүрүм өзүнүн
«майда класстын баласынан жүз сом карыз» алгандыгынын натыйжасын билгенде, ойлонуп
иш кылмак.
Мындай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү биринчи иретте ата-эненин милдети, бирок көп
убакта, эки тараптуу чектен чыгууларды байкаса болот, биринде ата-энелер балдарын
тарбиялоо деп камсыздандырып турууну гана эсептешсе, экинчисинде, тескерисинче, ата-
энелер өз милдеттерин аткарууга аракеттенбей, балдар көчөдө калып, таптакыр башка мыйзам
менен - өлбөстүн күнүн көрүп калышат. Мындай болуп калбаш үчүн балдардын укугун коргоого
атайын бекитилген уюмдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.
Кыргыз Республикасында мыйзам чегинде мындай уюмдарга - Балдарды коргоо
Департаменти, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрү, балдардын иштери боюнча
комиссиялар кирет.
Укук бузуунун алдын алууда үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрү өзгөчө роль
ойношот, себеби үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн милдеттерине төмөнкүлөр
кирет:
• балдардын арасында укук бузууну эскертүү жана алдын алуу;
• ата-энеси жок калган же кароосуз калган балдарды табуу;
• кризистик кырдаалга туш болгон баланын абалын изилдеп, баалоо;
• баланын мыйзамдык кызыкчылыктарын, укуктарын түзүлгөн кырдаалга жараша коргоо,
анын ичинде алдын алуу, реабилитациялоо, коомдук реинтеграция кызматы;
• ата-энесинин камкордугу жок калган балдарды муктаждыгына жараша орноштуруу;
• баланы асырап алуучуларды, камкордукка алуучуларды, фостердик (убактылуу)
үй-бүлөлөрдү тандоо;
• камкордукка, тарбияга алынган балдардын эсебин жүргүзүү;
• камкорчулардын, асырап алуучулардын, фостердик жана тарбиялоочу үй-бүлөлөрдүн өз
милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөө;
22
• балдардын жашоо укугун коргоого чара көрүү, керек болсо жашоо шартын түзүп берүү;
• тарбия берүү мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде, социалдык коргоо мекемесинде,
дагы ушул сыяктуу толук мамлекеттик каржылоодо турган мекемелердеги балдардын
жашоо шартын, тарбиясын, билимин көзөмөлдөө;
• балдардын мыйзамдык кызыкчылыктары жана укуктары бузулгандыгы жөнүндө кайрылган
балдардын, жооптуу кызматкерлердин, мекемелердин жана жарандардын арыздарын
кароо;
• балдардын кызыкчылыктарын тергөө органдарында, прокуратурада, сотто коргоо;
• ата-энелер менен баланын ортосундагы келишпестиктерде баланын укугун жана
кызыкчылыктарын коргоочуну табуу жана табыштоо.
Балдардын укуктарын коргоодогу дагы бир атайын мекеме болуп балдардын иштери
боюнча комиссия эсептелет. Балдардын иштери боюнча комиссия үзгүлтүксүз иштеп турбайт,
ал керек учурда атайылап түзүлөт. Комиссиянын тизмесине төмөнкүлөр кирет:
• ички иштер органынын өкүлү;
• билим берүү, илим жана жаштар саясатынын өкүлү;
• саламаттыкты коргоо органынын өкүлү;
• эмгек жана социалдык коргоо өкүлү;
• жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, райондук администрациянын өкүлү;
• жарандык коомдун өкүлү.
Балдар кылмышынын алдын алуу жашы жете электерди көзөмөлдөгөн райондук
администрациянын жана ага кызыкдар кызматкерлердин коллегиясында талкууга алынат.
Чынында, мектеп окуучуларынын укук бузуусунун алдын алуу, мектепти таштап кеткен
балдарды каттоого коюу иштерин милициянын аймактык тескөөчүсү инспектору менен мектеп
администрацияларынын ортосунда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара
көрүлүшү керек. Жашы жете элек балдардын укук бузуусуна райондук балдардын иштери
боюнча комиссиянын колдонгон чараларынын эң негизгиси болуп: айып салуу санкциялары,
жашы жете элек өспүрүмдү каттоого коюу же реабилитациялык борборго жаткыруу эсептелет.
Балдардын иши боюнча райондук комиссияларда каралган жашы жете элек укук
бузуучуларга дагы башка альтернативдүү чаралар көрүлүп, алардын кийинки тагдырын
багыттоо керек. Балдардын иши боюнча комиссиялар, мектептер жана ички иштер органдары
сыяктуу эле жашы жете элек балдардын укук бузуусунун ар бир себебин өзүнчө ар тараптан
изилдеп карап, баланын жүрүм-турумунун өзгөрүү себебин аныктоого маалымат жыйнайт:
• дене түзүлүшү жана психикалык саламаттыгы тууралуу маалымат;
• мектептеги же башка окуу жайдагы жетишкендиктери тууралуу маалымат жана
мүнөздөмө;
• кошуналардын пикирлери, үй-бүлөнүн мүчөлөрү, ата-энеси тууралуу билдирүү;
• баланын жашаган жери жана жашоо шарты жөнүндө маалымат;
• киреше тууралуу маалымат;
• достору жөнүндө, бош убактысын кантип өткөрүп, эмне менен алектенгендиги тууралуу
маалымат.
Бул маалыматтар өспүрүмдүн кайсы бир укук бузуу кырдаалын туура чечип гана тим
болбостон, жашы жете элек балдардын укук бузууларынын алдын алууга өткөрүлгөн
иш-чараларды системага салып, талдоо үчүн керек. Алдын алуу үчүн балдарды кызыктырган
ар кандай иш-чараларды өткөрсө болот. Бул мектептерде укуктук тематикада билимин
жогорулатуу үчүн өткөрүлгөн иш-чаралар (класстык саат, тегерек стол, талкулоолор). Ички
иштер органдарынын өкүлү (милициянын жергиликтүү инспекторлору) менен жолугушууну
уюштуруу, жана алар менен биргеликте балдардын бош убактыларын кызыктуу өткөрүү боюнча
түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Жаш жеткинчектердин укук бузуусуна каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу жана гумандуу
жолу болуп жалпы социалдык эскертүүлөр, б. а. экономикалык, социалдык, саясий, укуктук,
маданий жана балдардын жашоо шартын, кулк-мүнөзүн, социалдык тең укуктуулугун, элдин
жалпы катмарын коргоого көрүлгөн иш-чаралар эсептелет.
23
Инсандык калыптануусуна шарт түзүп берүү, коомго каршы жүрүм-турумдун кылмышка
айлануусуна бөгөт коюуну эртелеп алдын алуунун негизги шарты, анткени польшалык акын
Станислав Ежи Ленц: «Жашы жете элек кылмышкерлердин келечеги бүдөмүк. Алардан мыкты
адамдар өсүп чыгышы мүмкүн « деп айтканындай бар эмеспи.
24
КОШУМЧАЛАР
1-кошумча
Мугалимдерге жана мектеп психологдоруна девианттуу жүрүм-
турумду аныктап билүү жана түзөтүү боюнча көрсөтмөлөр
Жүрүм-туруму начар балдар менен окутуу-тарбиялоо, түзөтүү иштерин алпарганда алардын
психофизиологиялык инсандык өнүгүүсүн эске алуу керек. Инсандык өнүгүүнүн бири-бири менен
байланышып жана өз ара аракеттенип турган 3 негизи бар:
1) организмдин физиологиялык жетилүүсү, эң алгач нерв системасынын жетилүүсү
2) психикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгү;
3) инсандык өсүүсүн максатка ылайык багыттап, тарбиялоо.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, чоң кишинин өспүрүмгө коомдук тажрыйбаны үйрөткөн чечкиндүү
таасири болмоюн баланын толук инсандык өнүгүүсү мүмкүн эмес. Инсандын бул үч тараптуу өнүгүүсү
(физиологиялык, психикалык, тарбиялык) бири-бири менен бекем байланышып, бирин-бири толуктап
турат.
Балдардын жүрүм-турумунда пайда болгон кыйынчылыктарды жеңүүгө жана алдын алууга
балдарды тарбиялоодо коюлган психологиялык талаптардын негизгилери:
• мектеп окуучуларынын калыптануусуна зарыл болгон кызыкчылыктарды топтоо керек;
• окуучуларды оң адаттарга тарбиялап, терс өнөрлөрүнөн арылууга жардам берүү зарыл;
• окуучу өзүнүн кылган иш-аракеттери аркылуу гана инсан катары калыптанат;
• окуучунун акыл-эсин гана тескебестен, анын аң -сезимин өстүрүүгө көңүл буруу керек;
• тарбиялоодо окуучунун оң касиеттерине басым жасап, анын инсандык өзгөчөлүгүн сыйлоо
керек;
• окуучуга өзүнүн жүрүм-турумун таразалоону, инсандык калыптануусун аңдап- билүүнү сөзсүз
үйрөтүү керек.
Жеке мамиле - психология жана педагогиканын маанилүү бөлүгү, анын аркасында окуучулар
менен окуу-тарбия ишин жүргүзүүдө сөзсүз баланын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алып, өткөн жашоо-
чөйрөсүнө назар салып, өмүр баянын изилдөө.
Азыркы мезгилдин билим берүү системасы окуучунун жеке өзгөчөлүктөрүнө көп көңүл бурат.
Бул баарыдан мурда жүрүм-туруму бузулган балдарга маанилүү, анткени мектепте жолуккан
кыйынчылыктарды жеңүүгө жардамдашат. Окуучунун көңүлүн окууга жана класстын турмушуна
тез бурууда жекече этиет мамиле кылуу өз жемишин берет. Анын ичинде окутуунун психология-
педагогикалык системасына инсандык аң-сезимди өстүрүүнү окутууну киргизүү милдети турат. Азыркы
убакта жүрүм-турумдун бузулуусунун алдын алууда окуучулар менен так ушундай психологиялык
багыт берип иштөө - дүйнөлүк илимде инсандын чектен чыккан жүрүм-турумун оңдоодо ийгилик алып
келет деп белгиленет.
Окуучуда «мен» деген концепциянын туура түзүлүшү үчүн мугалим окуучулары менен болгон
байланышта төмөнкүдөй эрежелерди карманышы керек:
• бардык окуучуларга бирдей мамиле кылуу;
• ар бир окуучу менен жекече сүйлөшүүгө убакыт табуу;
• окуучунун ийгилигин белгилеп, адилеттүү мактоо;
• ар бир окуучунун жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу.
25
Окуучу мугалимдин оң, ишеничтүү мамилесине муктаж. Эгер мугалим окуучуга туура мамиле
кылып, анын аң-сезиминин өсүшүнө шарт түзсө, бул мугалим менен окуучунун ортосундагы мамиленин
бекемдешине шарт түзөт. Америкалык психотерапевт К. Роджерс көрсөткөндөй, турмуштун бардык
жагдайларында окуучуну тарбиялап, түзөтүү иштерин жүргүзүүнүн үч шарты бар:
1) эмпатия (түшүнүү, кубаттоо);
2) тарбиялануучусуна оң мамиле кылуу;
3) окуучу менен ачык-айрым, чын көңүлдөн маектешүү.
Психологдор мындай түзөтүү иштерин жүргүзгөндө аз сандагы балдар менен иштөөсү керек.
Эгер алар мектепке чейинки балдар болсо - 6-8 бала, башталгыч класстын окуучулары болсо -
8-10 бала. Оюнду өткөрүүдө сабактан сырткары убакытты пайдаланыш керек. Башталгыч класстын
балдары үчүн - бул класстык саат же оюн өткөрүү боюнча атайын бөлүнгөн факультативдик саат.
Мектепке чейинки мекемелерде түштөн кийинки убакыт оюнду өткөрүүгө пайдаланылат. Оюндарды
сабактардын ортосуна киргизип, жумасына 1-2 жолу өтсө да болот. Балдарды майда топторго бөлүп
өткөрүү ыңгайлуу. Оюндун мөөнөтү 25 мүнөт. Ошондуктан оюндун бир түрү бир нече сабактарга
бөлүнөт.
Класстык сааттарда бардык оюндарды өткөрүүнүн максаты 3 негизден турат:
1) аңдап билүү - оюндун жүрүшүндө бала өзүн-өзү коргоонун амалдарын, эрежелерин
үйрөнөт;
2) тарбиялык - айланасындагыларга туура мамиле кылууну, өзүн-өзү коргоону үйрөнөт
(адамдарга мээрман болууну, адамдар арасындагы мамилелерде өзүнүн коопсуздугун
сактоону, айлана-чөйрөгө аң-сезимдүү мамиле кылууну);
3) жүрүм-турумдук - бул жүрүм-турумдун белгилүү үлгүлөрүн түзүүгө багытталган.
26
2-кошумча
ПСИХОЛОГГО МААЛЫМАТ
Чектен чыккан жүрүм-турумду аныктоонун
методикасы
Тесттерди өткөрүү
Балдардын чектен чыккан жүрүм-турумга жакындыгын аныктоо ыкмасы стандарттуу сурамжылоо
тесттерден турат. Сурамжылоо тестти атайын психодиагностикалык шкалалардан турат, ал
өспүрүмдөрдүн чектен чыккан жүрүм-турумга жакын экендигин көрсөтүү үчүн колдонулат. Бул ыкма -
сыноого катышуучулардын социалдык каалоолорунун жоопторун эсепке алып түзөтүүгө багытталган.
Сурамжылоонун шкалалары мазмундуу жана кызматчы болуп бөлүнөт.
Мазмундуу шкалалар девианттык жүрүм-турумдун бири-бири менен байланышкан түрлөрүн,
мындайча айтканда, ошол жүрүм-турумдун артында турган социалдык жана инсандык чен-өлчөмүн
аныктайт. Кызматчы шкала - сыноодон өтүүчү өзүн-өзү жактаган маалымат бергенге шыктуулугун
ченеш үчүн, сурамжылоонун тууралыгын аныкташ үчүн, ошондой эле сыноодон өтүүчүнүн мазмундуу
шкала боюнча жоопторунун натыйжасын толуктап берет.
Тестти өткөрүү боюнча эрежелер
Сиздин алдыңызда бир канча далилдөөлөр турат. Алар сиздин турмушуңузда мүнөзүңүздүн,
адаттарыңыздын кээ бирлерине тиешеси бар. Биринчи далилди окуп, бул далилдин сизге карата
тиешеси бар же жок экенин аныктаңыз.
• Эгер туура болсо, жооптордун баракчаларындагы номердин жанына далилдер туура келе
турган квадраттын ичиндеги «ооба» деген сөздүн жанына белги коюңуз.
• Эгер туура эмес болсо, «жок» деген квадраттын ичине белги коюңуз.
• Эгер сиз жооп берүүдө кыйналып жатсаңыз, анда өзүңүздүн оюңузга көбүрөөк жакындаган
вариантты тандоого арекет кылыңыз..
Эгер жаңылып калсаңыз, чийип салыңыз да, өзүңүзгө туура келгенин тандаңыз. Сиз азыр өзүңүз
жөнүндө өзүңүздүн оюңузду айтып жатканыңызды унутпаңыз. Бул жерде «жаман» же «жакшы», «туура»
же «туура эмес» деген жооптор болушу мүмкүн эмес. Жоопту көпкө ойлонбоңуз, далилдерге тез жооп
беришиңиз керек. Ишке кылдат, токтоолук менен караңыз. Кайдыгерлик, жоопторду «жакшыртып» же
«жаман» кылып ийүү туура эмес натыйжага алып келет. Эгер жооп берүүдөн кыйналсаңыз, эрежени
дагы бир жолу окуңуз, же тестти өткөрүп жаткандарга кайрылыңыз. Сурамжылоо барагына эч кандай
белги койбоңуз.
Эркек балдар үчүн тест
Ооба Жок
1. Мен ачык эмес, бозомук түстөгү кийимдерди тандайм.
2. Кээде бүгүн жасай турган ишимди, эртеңкиге калтырып коем.
3. Мен ар кандай согуштарга өз эрким менен катышмакмын.
4. Ооба, мен кээде ата-энем менен жаңжалдашам.
5. Кичинесинде согушпагандар, чоңойгондо «апасынын баласы» болуп, турмушта эч
нерсеге жетпейт.
6. Эгерде акчасын жакшы төлөсө, өмүрүмө коркунуч туудурган жумушту аткармакмын.
27
Ооба Жок
7. Кээде мен ушунчалык бушайман болгонумдан бир орунда отура албай калам.
8. Кээде мен мактанып коем.
9. Эгер мен аскер кишиси болсом, учкуч-истребитель болмокмун.
10. Адамдардагы этияттыкты, баамчылдыкты баалайм.
11. Коркок , мажүрөө адамдар гана мыйзамдарды эч шексиз аткарат.
12. Мен саякатка көп барчу, дайыма өзгөрүп турчу жумушта иштегим келет.
13. Мен дайыма чындыкты гана айтам.
14. Эгерде адам ээликтирүүчү, психикага таасир этчү заттарды өз өлчөмү менен,
зыянсыз колдонсо - туура эле болот.
15. Жиним келип жатса да, сөгүнбөйм.
16. Арстандарга аңчылык кылуу мага жакмак деп ойлойм.
17. Эгер мени таарынтышса, сөзсүз өч алам.
18. Адам спирт ичимдигин өзү канча кааласа, ошончо ичүүгө акылуу.
19. Эгер менин досум белгиленген убакыттан кечигип жатса, мен камаарабайм.
20. Жумушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүү мен үчүн кыйынчылыкка турат.
21. Мен кээде жолдо мага ылайыктуу жерден өтө берем.
22. Эгерде сексуалдык каалооң күчтүү болсо, кээ бир тыюуларды, жол-жоболорду четке
каксаң болот.
23. Мен кээде ата-энемдин тилин албайм.
24. Эгерде автомобиль сатып алууда мага тездигин же коопсуздугун танда десе, мен
коопсуздукту тандамакмын.
25. Бокс менен машыгуу мага жакмак деп ойлойм.
26. Эгер мен кесипти эркин тандасам, спирт ичимдиктеринин дегустатору (татып
көрүүчү) болмокмун.
27. Мен көп учурда курч сезимдерди эңсейм.
28. Кээде мен өзүмдү-өзүм оорутуп, кыйнагым келет.
29. Менин турмушка көз карашым «жети өлчөп, бир кес» деген макалдагыдай.
30. Коомдук транспортто сөзсүз акы төлөйм.
31. Менин тааныштарымдын ичинде ээликтирүүчү баңгизаттарын колдонгондор бар.
32. Мен дайыма мага пайдасы тийбесе да, убадаларымды аткарам.
33. Мен кээде аябай сөгүнгүм келет.
34. «Эгерде тыюу салынса, бирок өтө кааласаң, анда каалаганыңды кыла бер» деген
макалды тутунган адамдардыкы туура деп ойлойм.
35. Спирт ичимдигин ичип алып, кээде мушташка кокусунан катышып калган учурум
болот.
36. Ишим оңунан чыкпай калган учурда, ошол иштин аягына чыкканга эрким жетпейт.
37. Эгер биздин убакта гладиаторлордун кармашы бар болсо, мен сөзсүз катышмакмын.
38. Мен кээде калп айтып коем.
39. Өзгөлөргө каршы туруп, ооруга атайлап чыдап отура берген мага жаккан учурлар да
болот.
40. Мен бирөө менен талашкандан көрө, макул болом.
41. Эгер мен илгерки заманда төрөлгөн болсом, сөзсүз боорукер каракчы болмокмун.
42. Эгер башка жолу жок болсо, талашты мушташып чечсе болот.
43. Менин азыраак ичип келгендигим үчүн ата-энем, улуулардын баары кыжаалат болгон
учурлар бар.
44. Кийим бир караганда эле адамды калың элден өзгөчөлөнтүп көрсөтүп турушу керек.
45. Эгер кинофильмде түзүгүрөөк бир да мушташ жок болсо - бул начар кино.
46. Адамдар жаңы өзгөчө сезимдерге жана ой-туюмдарга умтулса - бул кадыресе
көрүнүш.
47. Менин сабакта зеригип отурган учурларым болот.
48. Көпчүлүктө кимдир- бирөө мени түртүп кетсе, мен сөзсүз ал кишиден кечирим
суратам.
28
Ооба Жок
49. Эгер бирөө кыжырыма тийсе, ал жөнүндө эмне ойлоп жатканымдын баарын айтып
салууга даярмын.
50. Саякаттап, же жөн эле жол жүргөнүмдө көнүмүш маршруттар менен жүрбөгөнгө
аракеттенем.
51. Мага жырткыч айбандардын дрессировщиги (машыктыруучу) болгон жакмак.
52. Мотоциклдин рулуна отурган соң, аны өтө тез, учуруп айдаш керек.
53. Мен детектив китеп окуганда, кылмышкердин карматпай качып кетишин каалайм.
54. Кээде ыгы жок тамашаны укканда, күлкүмдү тыя албай калам.
55. Айланамдагыларды уялтпаш үчүн жаман сөз сүйлөгөндөн тартынам.
56. Мен көп учурда майда-барат нерсеге да кабатыр болом.
57. Мага каяша сүйлөгөндө, мен кармана албай катуу айтып коем.
58. Мага сүйүү жөнүндө китеп окугандан көрө, укмуштуу окуялар жөнүндө окуган жагат.
59. Ырахаттануу үчүн кээ бир эрежелерди, тыюуларды бузса болот.
60. Мага чеги менен ичип, көңүл ачкан отуруштарга барган жагат.
61. Кыздардын тамеки чеккени менин кыжырыма тиет.
62. Мага жакшы отурушта чеги менен ичкенден кийинки абалым жагат.
63. Ыгы келбей турганын, туура эмес иш экенин түшүнсөм дагы менин ичким келип
турган убактар болгон.
64. Кыжаалат болгондо тамеки чексем, жеңилдеп калам.
65. Мен үчүн башка адамдардын үшүн алуу, коркутуу оңой, кээде жөн деле эрмектеп
коем.
66. Өлүм жазасына адилеттүү тартылган кылмышкерди, мен өз колум менен
жазаламакмын.
67. Ырахат - бул жашоонун негизи, ага умтулуу керек.
68. Мен автомобилдердин жарышына катышкым келет.
69. Менин жиним келип турганда, мага жолобош керек.
70. Кээде өзүмдөн-өзүм кыжынып, мушташты биринчи баштоого даяр болом.
71. Кээде жиним келип турганда, колума тийген нерсени талкалап салган учурларым
болгон.
72. Мен дайыма айланамдагылардан менин укугумду сыйлашын талап кылам.
73. Парашют менен секирүү мага жакмак.
74. Спирт ичимдиктери менен тамекинин зыяны көп деп апыртып айтышат.
75. Мени чаап жиберген убакта да, кээде гана кол кайтарам.
76. Мен тобокелге салып иш кылгандан ырахат албайм.
77. Ачуусу келип жаткан адам кээде сөгүнүп койсо, анын эмнеси жаман.
78. Мен көп убакта өзүмдүн сезимимди кармана албай калам.
79. Мен сабакка кечигип калган убактарым болгон.
80. Бирин-бири келекелеп, тамашалай берген отуруштарды жакшы көрөм.
81. Жаштардын жашоосунда секс алдыңкы орунда турушу керек.
82. Менин айтканымды туура көрбөсө, өз оюмду бербей талаша берем.
83. Кээде үй тапшырмасын аткарбай койгон күндөрүм болгон.
84. Мен көп учурда мүнөттүк маанайга алдырып,жаман кылык-жоруктарды жасап коем.
85. Мен адамды чаап жибере албайт болушум керек деп ойлойм.
86. Кылмышкер жазаланбай калганда адамдар туура нааразы болушат.
87. Мен кээ бир кылык-жоруктарымды улуулардан жашырып койгон учурларым болот.
88. Ишенчээк келесоолор алдатып койгондоруна өздөрү күнөлүү.
89. Кээде аябай жиним келет, үстөлдү муштумум менен койгулайм.
29
Кыздар үчүн тест
Ооба Жок
1. Мен мода кубалап кийингенге аракет кылам, кээде модадан алдыда жүргүм келет.
2. Бүгүн бүтүрчү ишимди, кээде эртеңкиге калтырып коем.
3. Эгер мүмкүн болгондо, чын көңүлүмдөн сүйүнүп, армияда кызмат өтөмөкмүн.
4. Кээде ата-энем менен уруша кетем.
5. Өзүнүн тууралыгын далилдеш үчүн кээде кыздар деле мушташса болот.
6. Эгер акчасын жакшы төлөп беришсе, ден-соолукка зыяндуу ишти деле аткара
бермекмин.
7. Мен кээде кыжаалаттанганымдан бир орунга отура албай калам.
8. Мен кээде ушакташып отурганды жакшы көрөм.
9. Мага өмүргө коркунуч келтирген жумуштар жагат.
10. Менин кебете-кешпирим, кийимим улуулардын жинине тийгенин жактырам.
11. Мыйзам менен эрежени акылы жок, коркоктор гана аткарышат.
12. Өмүргө коркунучтуу болсо да, жер алмаштырып, саякаттап жүргөн жумуштарды
жактырам.
13. Мен дайыма чындыкты гана айтам.
14. Менин оюмча, адамдын психикасына таасир берчү заттарды өлчөмү менен, аша
чаппай, колдонсо болот.
15. Менин жиним кайнап турса да, эч ким менен урушпаганга аракет кылам.
16. Мен мушташкан (боевик) кинолорду ырахаттанып көрөм.
17. Эгер мени таарынтышса, сөзсүз өч алам.
18. Адам спирт ичимдиктерин канча жана кайсыл жерде ичүүнү өзү чечкенге укуктуу.
19. Эгер курбум белгиленген убакыттан кечигип жатса, мен көбүнчө токтоолук менен
күтөм.
20. Белгиленген мөөнөтүнө жумушту бүтүрүп коюш, мен үчүн көп убакта кыйынчылыкка
турат.
21. Кээде мен жолду белгиленген жерден эмес, каалаган жерден өтүп кете берем.
22. Бир нерсени өтө кааласаң, эреже, тыюуларга көңүл бурбай койсо деле болот.
23. Мен кээде ата-энемдин тилин албаган учурларым болгон.
24. Мен автомобилдин ылдамдыгына караганда, жайлуулугун баалайм.
25. Ушу же каратэге окшогон спорттун түрү мага жагат деп ойлойм.
26. Ресторанда официант болуп иштеген мага жакмак.
27. Мен көп учурда курч сезимдерди эңсейм.
28. Кээде мен өзүмдү-өзүм оорутуп, кыйнагым келет.
29. Менин турмушка көз карашым «жети өлчөп, бир кес» деген макалдагыдай.
30. Коомдук транспорто сөзсүз акы төлөйм.
31. Менин тааныштарымдын ичинде ээликтирүүчү баңгизаттарын колдонгондор бар.
32. Мен дайыма мага пайдасы тийбесе да, убадаларымды аткарам.
33. Мен кээде аябай сөгүнгүм келет.
34. «Эгерде тыюу салынса, бирок өтө кааласаң, анда каалаганыңды кыла бер» деген
макалды тутунган адамдардыкы туура деп ойлойм.
35. Спирт ичимдигин ичип алып, кээде жаман окуяга кокусунан катышып калган учурум
болот.
36. Ишим оңунан чыкпай калган учурда, ошол иштин аягына чыкканга эрким жетпейт.
37. Секске болгон тыюуларды эскичилик деп ойлойм, аларды жок кылыш керек.
38. Мен кээде калп айтып коем.
39. Кээде атайылап баарына каршы туруп, ооруга чыдап отура берген мага жаккан
учурлар да болот.
40. Мен бирөө менен талашкандан көрө, макул болом.
41. Эгер мен илгерки заманда төрөлгөн болсом, сөзсүз боорукер каракчы болмокмун.
42. Эмне кылсаң да, талаштан жеңип чыгышың керек.
30
Ооба Жок
43. Менин азыраак ичип келгендигим үчүн ата-энем, улуулардын баары кыжаалат болгон
учурлар бар.
44. Кийим бир караганда эле адамды калың элден өзгөчөлөнтүп көрсөтүп турушу керек.
45. Эгер кинофильмде түзүгүрөөк бир да мушташ жок болсо - бул начар кино.
46. Мен сабакта зеригип отурган учурларым болот.
47. Көпчүлүктө кимдир-бирөө мени түртүп кетсе, мен сөзсүз ал кишини кечирим суратам.
48. Эгер бирөө кыжырыма тийсе, ал жөнүндө эмне ойлоп жатканымдын баарын айтып
салууга даярмын.
49. Саякаттап, же жөн эле жол жүргөнүмдө көнүмүш маршруттар менен жүрбөгөнгө
аракеттенем.
50. Мага жырткыч айбандардын дрессировщиги (машыктыруучу) болгон жакмак.
51. Мотоциклдин же автомобилдин зуулдап тез жүрүшү мага жагат.
52. Мен детектив китеп окуганда, кылмышкердин карматпай качып кетишин каалайм.
53. Мен адеби жок, бирок күлкүлүү анекдотторду кызыгуу менен угам.
54. Мен айланамдагыларды уят кылып, ыңгайсыз абалга койгонду жакшы көрөм.
55. Мен көп учурда майда-барат нерсеге да кабатыр болом.
56. Мага каяша сүйлөгөндө, мен кармана албай катуу айтып коем.
57. Мен кыйроолор, кандуу кылмыштар жөнүндө окуганды жакшы көрөм.
58. Ырахаттануу үчүн кээ бир эрежелерди, тыюуларды бузса болот.
59. Мага чеги менен ичип, көңүл ачкан отуруштарга барган жагат.
60. Кыздардын тамеки чеккенин кадыресе көнүмүш деп эсептейм.
61. Мага жакшы отурушта чеги менен ичкенден кийинки абалым жагат.
62. Ыгы келбей турганын, туура эмес иш экенин түшүнсөм дагы, менин ичким келип
турган убактар болгон.
63. Кыжаалат болгондо тамеки чексем, жеңилдеп калам.
64. Кээ бир адамдар менден коркушат.
65. Өлүм жазасына тартылган кылмышкердин жазасы адилеттүү болсо, мен аны
жазалоо учурунда катышмакмын.
66. Ырахат - бул жашоонун негизи, ага умтулуу керек.
67. Эгер мүмкүнчүлүгүм болгондо, мен автомобилдердин жарышына чын көңүлөмдөн
катышмакмын.
68. Менин жиним келип турганда, мага жолобош керек.
69. Кээде өзүмдөн-өзүм кыжынып, мушташты биринчи баштоого даяр болом.
70. Кээде жиним келип турганда, колума тийген нерсени талкалап салган учурларым
болгон.
71. Мен дайыма айланамдагылардан менин укугумду сыйлашын талап кылам.
72. Парашют менен кызыкчылык үчүн секирип көрмөкмүн.
73. Спирт ичимдиктери менен тамекинин зыяны көп деп апыртып айтышат.
74. Жаш бойдон өлгөндөрдү бактылуу деп ойлойм.
75. Мен тобокелге салып иш кылгандан ырахат алам.
76. Талаш-тартыш учурунда сөгүнгөнгө болот деп ойлойм.
77. Мен көп убакта өзүмдүн сезимимди башкара албай калам.
78. Мен сабакка кечигип калган убактарым болгон.
79. Бирин-бири келекелеп, тамашалай берген отуруштарды жакшы көрөм.
80. Жаштардын жашоосунда секс алдыңкы орунда турушу керек.
81. Менин айтканымды туура көрбөсө, өз оюмду бербей талаша берем.
82. Кээде үй тапшырмасын аткарбай койгон күндөрүм болгон.
83. Мен көп учурда мүнөттүк маанайга алдырып,жаман кылык-жоруктарды жасап коем.
84. Мен адамды чаап ийген убактарым болгон.
85. Кылмышкер жазаланбай калганда адамдар туура нааразы болушат.
86. Мен кээ бир кылык-жоруктарымды улуулардан жашырып койгон учурларым болот.
31
Ооба Жок
87. Ишенчээк келесоолор алдатып койгондоруна өздөрү күнөөлүү.
88. Кээде менин аябай жиним келгенде катуу кыйкырам.
89. Күтүлбөгөн окуялар менен коркуу сезими гана менин ким экенимди көрсөткөнгө шарт
түзөт.
90. Эгер менин ден-соолугума зыяны тийбей, жоопко тартылбай турганымды билсем,
кандайдыр бир ээликтирүүчү затты колдонуп көрмөкмүн.
91. Мен көпүрөдө турган учурларымда, кээде төмөн карай секиргим келет.
92. Мен ыпластыктан корком жана жийиркенем.
93. Менин жиним келгенде, мени кыжаалат кылган адамды сөккүм келет.
94. Спирт ичимдигин ичкенден адамдар баш тартса деп ойлойм.
95. Мен тик кырдан ылдый лыжа тебүүдөн ырахат алмакмын.
96. Кимдир-бирөө менин бир жеримди оорутканы мага жагат.
97. Мен секиден бассейнге секирүүдөн ырахат алмакмын.
98. Менин кээде жашагым келбейт.
Эркек балдар үчүн тест (жооптор)
1. Социалдык каалоолордун жоопторунун шкаласы: 2 (жок), 4 (жок), 6 (жок), 13 (ооба),
21 (жок), 23 (жок), 30 (ооба), 33 (жок), 38 (жок), 47 (жок), 54 (жок), 79 (жок), 83 (жок), 87 (жок).
2. Эреже жана ченемдерди бузууга ык салгандардын шкаласы: 1 (жок), 10 (жок), 11 (ооба),
22 (ооба), 34 (ооба), 41 (ооба), 44 (ооба), 50 (ооба), 53 (ооба), 55 (жок), 59 (ооба), 61 (жок),
80 (ооба), 86 (жок), 88 (ооба), 91(ооба).
3. Аддиктивдүү жүрүм-турумга жакындардын шкаласы: 14 (ооба), 18 (ооба), 22 (ооба),
26 (ооба), 27 (ооба), 31 (ооба), 34 (ооба), 35 (ооба), 43 (ооба), 46 (ооба), 59 (ооба), 60 (ооба),
62 (ооба), 63 (ооба), 64 (ооба), 67 (ооба), 74 (ооба), 81 (ооба).
4. Өзүнө-өзү зыян келтирип, өзүн-өзү жоготууга жакындардын шкаласы: 3 (ооба),
6 (ооба), 9 (ооба), 12 (ооба), 16 (ооба), 24 (жок), 27 (ооба), 28 (ооба), 37 (ооба), 39 (ооба),
51 (ооба), 52 (ооба), 58 (ооба), 68 (ооба), 73 (ооба), 76 (жок).
5. Зордук-зомбулукка жакындардын шкаласы: 3 (ооба), 5 (ооба), 15 (жок), 16 (ооба),
17 (ооба), 25 (ооба), 37 (ооба), 40 (жок), 42 (ооба), 45 (ооба), 48 (ооба), 49 (ооба), 51 (ооба),
65 (ооба), 66 (ооба), 70 (ооба), 71 (ооба), 72 (ооба), 75 (жок), 77 (ооба), 82 (жок), 89 (ооба).
6. Эмоционалдык реакцияларын башкаруу, эркин көзөмөлдөө шкаласы: 7 (ооба),
19 (ооба), 20 (ооба), 29 (жок), 36 (ооба), 49 (ооба), 56 (ооба), 57 (ооба), 69 (ооба), 70 (ооба),
71 (ооба), 78 (ооба), 84 (ооба), 89 (ооба).
7. Делинквенттик жүрүм-турумга жакындардын шкаласы: 18 (ооба), 26 (ооба), 31 (ооба),
34 (ооба), 35 (ооба), 42 (ооба), 43 (ооба), 44 (ооба), 48 (ооба), 52 (ооба), 55 (жок), 61 (жок),
62 (ооба), 63 (ооба), 64 (ооба), 67 (ооба), 74 (ооба), 86 (жок).
Кыздар үчүн тест (жооптор)
1. Социалдык каалоолордун жоопторунун шкаласы: 2 (жок), 4 (жок), 8 (жок), 13 (ооба),
21 (жок), 30 (ооба), 32 (ооба), 33 (жок), 38 (жок), 54 (жок), 79 (жок), 83 (жок), 87 (жок).
2. Эреже жана ченемдерди бузууга ык салгандардын шкаласы: 1 (ооба), 10 (жок), 11 (ооба),
22 (ооба), 34 (ооба), 41 (ооба), 44 (ооба), 50 (ооба), 53 (ооба), 55 (ооба), 59 (ооба), 61 (ооба),
80 (ооба), 86 (жок), 91 (ооба), 93 (жок).
3. Аддиктивдүү жүрүм-турумга жакындардын шкаласы: 14 (ооба), 18 (ооба), 22 (ооба),
26 (ооба), 27 (ооба), 31 (ооба), 34 (ооба), 35 (ооба), 43 (ооба), 59 (ооба), 60 (ооба), 62 (ооба),
63 (ооба), 64 (ооба), 67 (ооба), 74 (ооба), 81 (ооба), 91 (ооба), 95 (жок).
32
4. Өзүнө-өзү зыян келтирип, өзүн-өзү жоготууга жакындардын шкаласы: 3 (ооба),
6 (ооба), 9 (ооба), 12 (ооба), 24 (жок), 27 (ооба), 28 (ооба), 39 (ооба), 51 (ооба), 52 (ооба),
58 (ооба), 68 (ооба), 73 (ооба), 75 (ооба), 76 (ооба), 90 (ооба), 91 (ооба), 92 (ооба), 96 (ооба),
98 (ооба).
5. Зордук-зомбулукка жакындардын шкаласы: 3 (ооба), 5 (ооба), 15 (жок), 16 (ооба),
17 (ооба), 25 (ооба), 40 (жок), 42 (ооба), 45 (ооба), 48 (ооба), 49 (ооба), 51 (ооба), 65 (ооба),
66 (ооба), 71 (ооба), 77 (ооба), 82 (ооба), 85 (ооба), 89 (ооба), 94 (ооба).
6. Эмоционалдык реакцияларын башкаруу, эркин көзөмөлдөө шкаласы: 7 (ооба),
19 (ооба), 20 (ооба), 29 (жок), 36 (ооба), 49 (ооба), 56 (ооба), 57 (ооба), 69 (ооба), 70 (ооба),
71 (ооба), 78 (ооба), 84 (ооба), 89 (ооба), 94 (ооба).
7. Делинквенттик жүрүм-турумга жакындардын шкаласы: 1 (ооба), 3 (ооба), 7 (ооба),
11 (ооба), 25 (ооба), 28 (ооба), 31 (ооба), 35 (ооба), 43 (ооба), 48 (ооба), 53 (ооба), 58 (ооба),
61 (ооба), 63 (ооба), 64 (ооба), 66 (ооба), 79 (ооба), 93 (жок), 98 (ооба).
8. Аялдын социалдык ролун кабыл алуу шкаласы: 3 (жок), 5 (жок), 9 (жок), 16 (жок), 18 (жок),
25 (жок), 41 (жок), 45 (жок), 51 (жок), 58 (жок), 61 (жок), 68 (жок), 73 (жок), 85 (жок), 93 (ооба),
95 (ооба), 96 (жок).
Тесттин жыйынтыктарын талдап чыгуу
Ар бир туура жоопко 1 балл берилет. Андан соң ар бир шкаладагы топтолгон балл эсептелип,
тесттин ченемдери менен салыштырылат. Изилденип жаткан адамдын жекече жыйынтыктары
орточо суммадагы баллдан четтеп, шкала боюнча 1S-тен жогору болсо, психологиялык мүнөздөмөнү
даана деп берсе болот. Эгерде изилденип жаткан адамдын жекече топтолгон баллы орточо 1S-тен
төмөн болсо, анда изилдөөнүн көрүнүшүн анча даана эмес деп бааласа болот. Андан сырткары,
изилденип жаткан адамдын жүрүм-туруму делинквенттик экендиги белгилүү болсо, анда анын
жеке жыйынтыктарын № 1 таблицадагы тесттик ченемдер менен салыштыруу керек, бул таблица
делинквенттүү жүрүм-турумга ылайык.
1-таблица
Чектен чыккан жүрүм-турумду аныктоо ыкмасынын тесттик ченемдери
«Туура» тандоо «Делинквенттүү» тандоо
шкала
М S М S
1 2,27 2,06 2,49 2,13
2 7,73 2,88 10,27 2,42
3 9,23 4,59 15,97 3,04
4 10,36 3,41 10,98 2,76
5 12,47 4,23 14,64 3,94
6 8,04 3,29 9,37 3,01
7 7,17 4,05 14,38 3,22
33
2-таблица
«Чийки» баллдарды Т-баллына которуудагы ченемдердин таблицасы
Т-баллы
«Чийки»
Шкала
балл
1 2 3 4 5 6 7
0 35 26 30
1 44 27 28 24 24 26 32
2 50 31 30 26 27 30 34
3 55 34 33 29 29 33 37
4 58 37 35 32 31 37 39
5 62 40 37 35 34 40 41
6 65 43 39 37 36 44 43
7 67 46 42 40 39 48 46
8 70 50 44 43 41 51 48
9 74 53 46 45 43 55 50
10 85 56 48 48 46 58 53
11 89 59 50 51 48 62 55
12 63 53 54 51 65 57
13 66 55 56 53 69 59
14 69 57 59 55 73 62
15 72 59 62 58 77 64
16 75 62 64 60 81 66
17 78 64 67 62 85 68
18 81 66 70 65 71
19 84 68 72 67 73
20 87 70 75 70 75
21 90 72 78 72 77
22 74 81 74 79
23 76 84 77 81
24 78 87 79 83
25 80 90 81 85
26 82 83 87
27 84 85
28 87
29 89
34
Шкалалардын сүрөттөмөсү жана алардын түшүнүгү
1-шкала - социалдык каалоолордун көрсөткүчү
(кызматчы шкала)
Социалдык каалоолордун чегинен караганда бул шкала сыноодон өтүүчү өзүнүн жакшы жагына
өзгөрүүгө даяр экендигин аныктоого багытталган.
50дөн 60 Т-баллга чейинки натыйжалар сурамжылоо дептерин толтурганда социалдык
каалоолордун жайыраак экендигин белгилейт. Сыноодон өтүүчүнүн анчейин эмес социалдык
ченемдерди так аткарып, өзүн жакшы жагынан көрсөтүүгө ашкере аракеттенгендигин, изилдөө
кырдаалына шектенүү менен карагандыгын 60 баллдан жогорку натыйжа аныктайт.
Диапазону 70-89 балл сыноодон өтүүчүнүн психодиагностикалык кырдаалга жана негизги
көрсөткүчтөр боюнча натыйжанын чындыгына өтө шектенүү мамилесин көрсөтөт. №1 шкала боюнча
анча жогору эмес натыйжалар сыноодон өтүүчү кырдаалды текшерүү катары кабыл алганын,
негизги диагностикалык көрсөткүчтөрдүн өтө тез төмөндөгөнүн, аялдардын социалдык ролу боюнча
жогорулаганын көрсөтөт.
Эркек балдар үчүн алгачкы топтолгон балл социалдык каалоолор шкаласы боюнча жогорулаганын,
алгачкы 11 баллдын түшүнүгү негизги шкаладагы натыйжанын чын эмес экендигин аныктайт.
50 Т-баллдан төмөн көрсөткүчтөр сыноодон өтүүчү өзүнүн ченемдерин жашырууга
ниеттенбегенин, социалдык каалоолор боюнча жоопторун түзөткүсү келбегенин көрсөтөт. Ошондой
эле жаш өспүрүмдөр ( 14 жашка чыга элек же андан кичүү) социалдык каалоолор шкаласына узак
убакытка чейин жооп бере албагандыгын белгилей кетүү керек.
Кызматчы шкала боюнча жана башка негизги (8-чи шкаладан башкасы) бийик көрсөткүчтөр
боюнча натыйжалар чындыкка жакын эместигин, же сыноодон өтүүчүнүн аң-сезиминде жүрүм-
турумдун ченемдери өзгөрүүгө дуушар болгонун көрсөтөт.
2-шкала - ченем менен эрежелерди бузууга жакындар
Бул шкала сыноодон өтүүчүнүн кээ бир ченемдерди жана эрежелерди бузууга жакын экендигин,
кеңири белгилүү ченемдерди, баалуулуктарды, жүрүм-турумдун үлгүлөрүн четке кагууга жакын
экендигин ченөөгө көрсөтүлгөн.
50-60 Т-баллдын диапазонундагы натыйжалар жогоруда көрсөтүлгөн тенденциялардын
даана экендигин, сыноодон өтүүчү жай турмуштан сырт, (нонконформист) өзүнүн баалуулуктарын
топтогуларга каршы коюп, «тынчтыкты бузууга», өзү жеңе турган тоскоолдуктарды издеп табууга
жакын экендигин көрсөтөт.
60-70 баллдын тегерегиндеги натыйжалар сыноодон өтүүчү жай турмуштан сырт
(нонконформисттин) көз карашынын өтө ачык даана экендигинин тескери таасирин көрсөтүп, ушул
көрсөткүч боюнча тесттин натыйжаларынын тууралыгынан күмөн санатат.
50 Т-баллдан төмөн диапазондогу натыйжалар сыноодон өтүүчүнүн турмушка шайкеш,
жүрүм-турумдун кабыл алынган ченемдерине, калыптарына баш ийээрин күбөлөндүрөт. Кээ бирде
интеллектуалдык деңгээли бийигирээк сыноодон өтүүчүнүн өзүнүн чыныгы анык ченемдерин жашыра
билүүсүнүн негизинде мындай баалоолор натыйжаларын туура эмес көрсөтөт.
3-шкала - аддиктивдүү жүрүм-турумга жакындар
Бул шкала сыноодон өтүүчүнүн аддиктивдүү жүрүм-турумду ишке ашырууга даярдыгын ченөөгө
арналган.
35
50-70 Т-баллдын тегерегиндеги натыйжалар сыноодон өтүүчүнүн анык турмуштан четтөөгө,
өзүнүн психикалык абалын өзгөртүүгө инсандык тоскоолдуктарын өзүнүн ой-кыялын өзгөртүү жолу
менен чечүүгө жакын экендигин көрсөтөт. Андан башка бул натыйжалар турмушта сезимталдык
жагына ооп, «сезимталдык чаңкоо» бар экендигин, тутунган ченемдери тескери жагына багытталганын
көрсөтөт.
70 Т-баллдан жогору болгон көрсөткүчтөр натыйжалардын дааналыгынан шектендирип, же
кошумча диагностикалык чараларды колдонуп, сыноодон өтүүчүнүн аддиктивдүү абалын текшерүү
үчүн психологиялык кийлигишүүнү пайдалануу керектигин көрсөтөт.
50 Т-баллдан төмөн натыйжа сыноодон өтүүчүдө жогоруда белгиленген байкоолордун даана
эместигин, же жүрүм-турум жөндөмүн социалдык көзөмөлдөө жакшы экендигин көрсөтөт.
4-шкала - өзүнө-өзү зыян алып келип, өзүн-өзү жок кылууга
жакындар
Бул сыноодон өтүүчү өтө агрессивдүү жүрүм-турумдун ар кандай түрлөрүн ишке ашырууга
даяр экендигин ченөөгө арналган. Сыноодон өтүүчүнүн көрсөткүчү №3 шкалада белгиленген
психологиялык касиеттер менен мүмкүн болушунча окшош экендиги көрүнүп турат.
50-70 Т-баллдын тегерегиндеги натыйжалар сыноодон өтүүчүнүн өз өмүрүн баалабастыгын,
тобокелге барууга жакындыгын, кооптуу ой-туюмун башкара албастыгын, садо-мазохисттик (өзүнө-
өзү тири укмуш зыян келтирүү) жөндөмгө жакындыгын аныктайт.
70 Т-баллдан жогору болгон көрсөткүчтөр натыйжалардын чындыкка шайкеш келбеген
көрүнүшү.
50 Т-баллдан төмөн натыйжалар сыноодон өтүүчүнүн өзүн-өзү жок кылуу жүрүм-туруму,
кабатырлануу жөндөмү жок экендигин, терс ойлорду ишке ашырууга жакын эместигин аныктайт.
5-шкала - зордук-зомбулукка жакындар
Бул шкала сыноодон өтүүчүнүн чектен чыккан кыймыл-аракетин ишке ашырууга даяр экендигин
аныктоо үчүн колдонулат.
50-60 Т-баллдын диапазонундагы көрсөткүчтөр сыноодон өтүүчүнүн жүрүм-турумундагы терс
мүнөздөрүн ишке ашырууга даяр экендигин көрсөтөт.
60-70 Т-баллдын диапазонундагы көрсөткүчтөр сыноодон өтүүчүнүн башка адамдарга катаал
мамиле кылып, көйгөйлөрүн зомбулук менен чечүүгө жакындыгын, шеригин басынтып, өзүнүн
мүдөөсүнө жетүү куралы катары пайдаланган жүрүм-турумунда садисттик жөндөмү бар экенин
көрсөтөт.
70 Т-баллдан жогору көрсөткүчтөр натыйжалардын чындыкка жакын эместигин аныктайт.
50 Т-баллдан төмөн көрсөткүчтөр сыноодон өтүүчүдөн катаал көз караштын байкалбаганын,
зомбулукту көйгөйдү чечүүчү курал катары пайдаланбаганын, кыйын кырдаалдан жаңжалдашуу жолу
менен чыгууга умтулбагандыгын көрсөтөт.
Бул шкала боюнча сыноодон өтүүчүнүн төмөнкү көрсөткүчтөрү социалдык каалоолор
көрсөткүчүнөн жогору болгонуна байланыштуу, жүрүм-турум жөндөмүн социалдык көзөмөлдөөсүнүн
жогорку деңгээлин көрсөтөт.
6-шкала - эмоционалдык жөндөмүн көзөмөлдөө эрки
Бул шкала сыноодон өтүүчүнүн жүрүм-турумунун эмоционалдык жөндөмүн көзөмөлдөөнү
ченейт.
36
60-70 Т-баллдын тегерегиндеги көрсөткүчтөр сыноодон өтүүчүнүн эмоционалдык эркин башкара
албастыгын жана башкарууну каалабастыгын, эмоциясын көзөмөлдөй албастыгын көрсөтөт. Жүрүм-
турумундагы терс эмоциясын ишке ашырууга даяр экендигин, өзүнүн талаптарын жана сезимдик
каалоолорун эрки менен башкаруусу калыптанбагандыгын көрсөтөт.
50 Т-баллдан төмөн көрсөткүч сыноодон өтүүчүнүн жүрүм-турумундагы эмоционалдык
жөндөмүн, сезимдик каалоолорун башкарып, өзүн-өзү көзөмөлдөөсү күчтүү экенин көрсөтөт.
7-шкала - делинквенттик жүрүм-турумга жакындар
Бул шкала салыштырмалуу, анткени аныктамалардын негизинде жаралып, «кадимки»
өспүрүмдөрдү жана укук бузуусу катталган, жашоонун кабыл алынган эрежелери менен укук
ченемдерине каршы чыккандарды аныктайт. Бул шкала өспүрүмдөрдүн делинквенттик жүрүм-
турумга даяр экендигин ченейт. Мындайча айтканда, өспүрүмдүн турмушунда белгилүү шарттарда
ишке ашып кетчү делинквенттик шыгын аныктайт.
50-60 Т-баллдын тегерегиндеги натыйжалар сыноодон өтүүчүнүн делинквенттик жүрүм-туруму
бар экендигин, социалдык көзөмөлдөөсү начар экендигин көрсөтөт.
60 Т-баллдан жогору натыйжа делинквенттик жүрүм-турумдун ашынгандыгын көрсөтөт.
50 Т-баллдан төмөн натыйжа көрсөтүлгөн жөндөмү ачык эместигин, социалдык каалоолордун
жогорку көрсөткүчү менен айкалышканда социалдык көзөмөлдөөсү бийик экендигин күбөлөндүрөт.
8-шкала - аялдардын социалдык ролун кабыл алуу
Бул шкала сыноодон өтүүчүнүн аялдардын социалдык ролун түшүнүүсүн аныктайт.
50-60 Т-баллдын тегерегиндеги натыйжалар сыноодон өтүүчүнүн аялдардын социалдык ролун
туура түшүнөөрүн, эркектердин калыптанган жүрүм-турумун жана жүрүм-турумдун аялдарга мүнөздүү
касиеттерин ишке ашырууга, аялдарга гана мүнөздүү баалуулуктарга багытталганын көрсөтөт.
60 Т-баллдан жогору натыйжалар жүрүм-турумдун аялдарга тиешелүү формаларын ишке
ашырууга даяр экендигин, турмуштагы максаттарына жетүү үчүн чектен чыккан жүрүм-турумга
барбагандыгын, аялдарга мүнөздүү баалуулуктар көбүрөөк экендиги, эмгектенүүдө да жынысына
жараша бөлүнүүгө багытталганын көрсөтөт.
50 Т-баллдан төмөн натыйжалар аялдардын социалдык ролун түшүнбөгөндүгүн, эркектердин
калыптанган жүрүм-турумуна даяр экендигин, эркектерге мүнөздүү баалуулуктарга жакын экендигин,
өзүнүн жана башкалардын чектен чыккан жүрүм-турумун кабыл алууга даяр экендигин көрсөтөт.
Ошондой эле эркек балдар менен кыздардын делинквенттик жүрүм-турумунда өзгөчөлүктөр
бар экенин эсепке алуу керек. Ошого жараша, ыкманын делинквенттик жүрүм-турумун аныктоочу
шкаласы да өзгөрөт.
Жүрүм-турумду түзөтүү ыкмасы
Көпчүлүк психологдор үй-бүлө менен иштөөдө ар түрдүү түзөтүү ыкмаларын колдонушат. Кандай
ыкма болбосун курал катары көрсөтүлөт, ал балка же пианино түрүндө болушу мүмкүн. Балка курал
катары, же үй курууда колдонулат, пианинодон кыжырга тийген түрдүү үн чыгат, же жан жыргаткан
музыка угулат. Ар бир куралдын баалуулугу ким, кайда, кантип колдоноорунан аныкталат.
«Үй-бүлөлүк сүрөт»
Бул ыкма - үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири- бири менен мамилеси анча келишпеген ар түрдүү
үй-бүлөдө иштөөдө колдонулат. Үйдүн ичиндеги мамилелерди, үй-бүлөнүн түзүлүшүндө үй-бүлө
37
мүчөлөрүнүн ролдорун аныктоодо пайдаланылат.Бул ыкманын негизинде үй-бүлөнүн өткөн чагынын,
азыркы жана болочок турмушуна тийгизген таасири талданат. Өздөрүнө бөлүнгөн «ролдордун»
тетири же оң жагын, ишенимдерин, эрежелерин, үй-бүлө жөнүндөгү болумуштарды кайра талдап
кароого жардам берет. Бул ыкма үй-бүлөлүк карым-катнашты диагностикалоодо жана түзөтүүдө
колдонулат.
Психолог ар бир үй-бүлө мүчөсүнөн, үй-бүлөнүн ички мамилеси билинген бир нече сүрөттөрдү
алып келүүсүн табыштайт. Сүрөттөр аз санда болушу керек (үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн 4-5 сүрөтү
жана үй-бүлө чогуу түшкөн 1 сүрөт). Сүрөттөрдү тандоодо психолог көрсөтмө бербейт. Эгерде көп
муунду камтыган үй-бүлөдөгү мамилелер жөнүндө сөз болуп жатса, сүрөттөрдүн саны көбөйөт.
Кийинки жолугушууда үй-бүлөнүн мамилелеринин эң негизги темасы талкууланат. Ар бир
үй-бүлө мүчөсүнө он беш мүнөт бөлүнөт, ошол убакта ал эмне үчүн ушул сүрөттөрдү тандаганын,
бул сүрөттөрдүн ага кандай мааниси бар экенин, кандай ойлорду жаратаары тууралуу айтып берет.
Психолог үчүн эң негизгиси болуп сүрөттөрдү кандай катарга коюп, алар жөнүндө кантип айтып
берээри эсептелет. Мисалы, сүрөттөрдү коюу катары - кайсынысы биринчи, кайсынысы акыркы болуп
коюлат. Сүрөттөрдү көрсөтүүдө кыймылынын тездиги, канчалык деңгээлде кызыкканы, чоочулаганы
жана ошол убактагы үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн кыймыл-аракеттери: токтообу, тамашалашабы, же
кыжалаат болушабы, ж. б. баары эске алынат. Ошентип ар бир сүрөттүн мааниси, сүрөттөгүлөрдүн
бири-бирине жакындыгы, мамилелердин жасалмалуулугу жана сүрөттө туугандардын кимиси бар,
кимиси жок экендиги сүйлөшүлөт. Психолог бул сүрөттү кайсы жерде, кандай шартта түшкөндөрүн,
ошол мезгилде сүрөттөгүлөрдүн маанайларынын кандай экендигин сурайт. Мисалы, төмөндөгүдөй
суроолор берилет: «сүрөттөгү адамдар кимдер?»; «Сүрөткө түшүп жатканда эмне болуп жатканы
эсиңерде барбы?!»; «Ошол күнү үй-бүлөңөр менен убакытты чогуу өткөрүү жакты беле?»; «Сүрөттү
ким тартты эле?»; «Сүрөтчү фотоаппараттын объективин чык эттиргенден кийин эмне болду?»;
«Мүмкүн болсо, ушул сүрөттөгү бөлмө жөнүндө айтып бериңизчи?»; «Сүрөткө түшкөндөр эмнеге так
ушундай кийинип турушат?».
Үй-бүлө мүчөсү өзү алып келген сүрөттөрдү тааныштырып бүткөндөн кийин, үй-бүлөнүн башка
мүчөлөрүнө суроо берип, өздөрүнүн сүрөт көрүүдө байкагандары тууралуу аңгемелешүүгө чакыруу
керек, бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүм-турумундагы жаңы нерселерди байкоого жардам берет. Сүрөт
көрүү бир нече жолугушууда кайталанат. Бул көнүгүү кызыктуу болуп, чоочулоо туудурбайт, ошону
менен бирге өткөн чагын эстөөдө унутулуп калган эмоционалдык тажрыйбасын, эмоционалдык
кооптонууларын эске салууга жардам берет. Сүрөттөрдү көрүү учурунда психолог үй-бүлөнүн
ичиндеги мамилени: бийликти, көз карандылыкты, жакындыкты, кооптонууну, үй-бүлөдөгү эркек жана
аялдын ролдорун талдайт.
«Үй-бүлөлүк мейкиндик»
Бул ыкма үй-бүлөнүн ичиндеги карым-катнашты өзгөртүү үчүн үй-бүлөнүн өз ара мамилелерин
изилдеп чыгууга колдонулат. Ата-энелерге чоң кагаз, фломастер же карандаш берилет. Алардан
үйлөнүү тоюна чейин жашаган үйлөрүнүн сүрөтүн тартып берүүнү сурашат. Бул убакта балдары ата-
энесинин ишин карап, угуп отурушат. Эгер ата-энеси бир нече жолу жер которуп, үйдөн- үйгө көчкөн
болсо, эстеринде калган үйдүн сүрөтүн тартууну сунуштайт.
Психолог сыноого катышуучуларды акырындан кырдаалга жакындатып, ойлонууга түрткү берген
төмөнкүдөй суроолорду берет:
• бул же тигил бөлмө маанайыңыздын кандай убагына окшошот;
• бул бөлмөдөгү адамдарды, жыттарды, үндөрдү, түстөрдү эстегенге аракет кылыңыз;.
• үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү чогула турган атайын бөлмө бар беле;
• үй-бүлөнүн мүчөлөрү кайсы бөлмөдө жолугушчу;
• үйүңөрдө сизге кирүүгө уруксат кылынбаган бөлмөлөр бар беле;
• үйүңөрдө сизге таандык өзгөчө орун бар беле?
• ата-энеңердин үйүндө жакындык, аралык же жалгыз болуу мүмкүнчүлүктөрү кандай чечилген
эле;
• ата-энеңердин үйү кандай жайгашкан эле, башкалардын үйлөрүнөн эмнеси менен
айырмаланып турчу;
• ата-энеңердин үйүндө кайталанып турчу кадыресе окуяларды эстеңиз;
38
• үй-бүлө мүчөлөрү дайыма колдонгон сөздөрдү, кайталанып айтыла берчү сүйлөмдөрдү
эстеңиз.
Бул ыкманы колдонуунун түрлөрү
1. Психолог балдардын ата-энесинен, алардын өздөрүнүн ата-энеси жашаган үйдүн сүрөтүн
тартууну суранат, бул убакта балдары карап турат.
2. Балдарга учурда ата-энеси менен жашап турган үйдүн сүрөтүн тартууну сунуштагыла, ошол
убакта ата-энеси карап отурушу керек.
3. Учурда жашап турган үйдүн сүрөтүн үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү тартышат.
Психологдун суроолору ушул үйдө жашагандардын эскермелерине, үйдөгүлөрдүн турмуш
эрежелерине жана алардын пайда болуу шарттарына багышталат. Андан башка, эскермелер
канчалык деңгээлде үй-бүлөнүн мамилесин чагылдыраары изилденет.
Бул ыкма негизинен ата-эненин үйдөгү жүрүм-турумунун маанисин, үй-бүлөнүн өз ара
мамилелериндеги эрежелерди, үй-бүлөлүк түзөтүүнүн максатын аныктоого жардам берет.
Биринчи вариантты колдонуу (ата-энеси сүрөт тартып, балдар карап турат) үй-бүлөнүн
муундарынын ортосундагы чектөөнү аныктоого, жана ар башка үй-бүлөлөрдөгү чектөөлөрдү
аныктоого жардам берет. Бул иш үй-бүлөдөгү ата-эненин өзгөчө ордун көрсөтүп, балдардын үйрөнүү
ролун тастыктайт. Ата-энелери өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн тарыхын айтып берүүсү, өздөрүнүн үйүндө
жашаган убактарын эскерүүлөрү, балдарда бири-бирин колдоо сезимин ойготуп, ошол үй-бүлөгө
таандык маданий мурастарын үйрөнүүгө түрткү берет. Ошону менен катар, үй-бүлөнүн учурда болуп
жаткан көйгөйү козголуп, өткөн чакка кайрылуу аркылуу ортодогу түшүнбөстүктөр чагылдырылат.
Экинчи вариантта (балдар үйдүн сүрөтүн тартып, ата-энеси карап отурат). Психолог балдардын
көз караштарын бөлүп карап, алардын үй-бүлөнүн ичиндеги карым-катнашка болгон мамилесин
аныктайт.
Ыкманын үчүнчү вариантында (үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү үйдүн сүрөтүн тартышат), психолог
үй-бүлөнүн көйгөйлөрүн, араздашууларын тереңден изилдөөгө мүмкүндүк алып, аларды жоюунун
жолдорун аныктайт. Бул варианттын өзгөчөлүгү - үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы чектөөлөр
билинбей жуулуп калганда, ошондой эле үй-бүлө менен сырткы дүйнөнүн чектөөлөрү сакталбаганда
пайдасы тийет. Үй-бүлө мүчөлөрү кооптонбой, өз оюн эркин айтууларынын негизинде үй ичиндеги
чектөөлөрдү билсе болот.
«Үй-бүлөлүк мейкиндик» ыкмасы ата-энелер топтору менен иштөөдө психикалык түзөтүүгө
пайдаланылат. Топтун максатына жараша үй-бүлөнүн көйгөйлөрүнө же үй-бүлөнүн тарыхына көңүл
бөлүнөт.
39
Орто жана жогорку класстын окуучулары менен
өтүүчү көнүгүүлөр1
«Өзү менен өзү болуу кыйын» көнүгүүсү
Максаты: Балага өзүнүн инсандык касиеттерине туура мамиле кылуусуна шарт түзүү.
Баарлашуу «Өзүнө ишенимди кантип өстүрүү керек»
Баарлашуудан кийин балдардын ар кимиси өзүнүн турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшөт,
психолог аларды толуктап, кененирээк түшүнүк берет.
Өзүн-өзү баалоо - бул адамдын өзүнүн касиеттерин, жетишкендиктерин, кемчиликтерин
баалоосу. «Өзүн өзү баалоо» деген термин өзүн кайсы бир сырткы эталон менен, башка адамдар
менен, же башка кулк-мүнөздөгү үлгү менен салыштыруусу. Өзүн-өзү баалоо - туура, жогору, же
төмөн болушу мүмкүн.
Өзүн-өзү төмөн баалоо - өзүнө ишенбеген адамдарга мүнөздүү, эскертүүлөрдү өзүнө жакын
кабыл алып, башка адамдардын нааразылыгына, майда-барат нерселерге кейий берүүсү болот.
Мындай адамдар өздөрүнө ишенишпейт, чечимди өздөрү чыгара алышпайт, өз оюнда тура алышпайт.
Алар өзгөчө сезимтал болушат.
Өзүн-өзү туура баалоо - адам өзүн туура баалап, өзүнүн оң жана терс сапаттарын көрө билет.
Айлана-чөйрөнүн өзгөрүү шарттарына көнө билет.
Өзүн-өзү жогору баалоо - адам өзүнө ашкере ишенет, өзүн дайыма «ат үстүндө» сезет, бирок
өзүнүн кемчилиги жок экендигине ашкере ишенгенде, ал татаал кырдаалга туш келип калышы да
мүмкүн, ошондо өзүнүн көнүмүш көз караштарынан баш тартып, өзгөнүн чындыгын кабыл алууга
туура келет.
Өзүн-өзү баалоо менен өзүнүн жөндөмүн ишке ашыруу бири-бири менен байланышып,
бири-бирине таасир берип турат: жөндөмсүздүктү сезүү адамдын өзүн-өзү баалоосун
төмөндөтөт, ал эми өзүн төмөн баалоо өз жөндөмүн толук ишке ашырууга тоскоол болот.
Сунуштар
Өзүнө-өзү ишенимди кантип бекемдеп, өзүн-өзү баалоону кантип өстүрүү керек? Бул үчүн өзү көп
аракет жумшашы керек. Өзүн-өзү баалоону жогорулатуунун жолдорун балдар өздөрү табуу керек.
Балдардын ойлору доскага жазылып, мугалим толуктап турат:
• сырт келбетти жакшыртуу (чачты жасалгалоо, дене түзүлүштү, кийимди оңдоо);
• билимди жогорулатуу, талантты өркүндөтүү;
• кайсы бир иште жеңишке жетишүү;
• башка адамдардын талантын баалоо;
• конкурс, мелдештерде жеңүүгө аракеттенүү;
• мактоону көтөрө билүү;
• өзүңдүн өзгөчөлүгүңдү көрсөтүп туруш үчүн, «хобби» табуу;
• эркти чыңдап, чыныгы жете ала турган максаттарга умтулуу.
1 Мындай көнүгүүлөрдү класс жетекчи мектептин психологу менен биргеликте өткөрүүсү керек.
40
Өзүн-өзү баалоонун ыкмалары
1. Эртең менен үйдөн жасанып чыгууга аракеттен. Баары өз калыбында экендигин байкоо үчүн
бир убак күзгүгө каранып коюуну унутпа.
2. Мүчө кемчиликтерине көңүл бурба. Ал ар кимде бар! Эсиңде болсун, айланадагы адамдар
көп учурда ал кемчиликтерди байкашпайт, же көңүл деле бурушпайт.
3. Адамдар ар убакта көңүл коюп уккан адамды жакшы көрүшөт. Ошон үчүн акылдуусунган
ойлорду айтып, аларды өзүңө жакындатууга аракет кылба. Көңүл коюп уксаң болду, алар
сөзсүз ыраазы болушат.
4. Өз чөйрөңдөн сени менен ой бөлүшүп, кеңеше турган бирөөнү тап, ошондо тоскоолдуктарды
жеңүү жеңилирээк болот. Ким менен достошкуң келсе, өзүң биринчи кайрыл, мындан экөөңөр
тең утасыңар.
5. Тартынчаактык кээ бир адамдарды агрессивдүү болууга түртөөрү эсиңде болсун. Эгер
кимдир-бирөө сени менен чорт-кыял сүйлөшсө, өзүңдү күнөөлүү сезбе. Мүмкүн мындай
кыялы тигил адамдын уялчаактыгын жашырууга жасаган аракетидир. Бирок өзүң эч качан
мындай кыялды көрсөтпө.
6. Сени таарынтып, сага зарыл болуп турганда жардам бербеген адамдарды түшүнүп, кечиримдүү
болууга аракет кыл. Кетирген каталарыңды, күнөөлөрүңдү, жетишпегендиктериңди, олку-
солку болгон убактарыңда өзүңдү кечир.
7. Өзүңдү жаман сезе турган кырдаалдан жана сүйлөшкүң келбеген адамдан кач. Болуп жаткан
ишти же ага карата өзүңдүн мамилеңди өзгөртө албасаң, өзүңдү кемсинтүүдөн сакташ үчүн
ал адамдардан алыстоого аракет жаса.
Жыйынтыктар: Адам өзүн түрдүү мүнөзгө өзгөртө алат, ал жеңишке жетүүнү да, же жеңилип
калууну да өзүнө-өзү таңуулайт. Оптимист адам өзүнө пайдалуу, керектүү, турмушта каалаган
жеңишине жеткире турган нерсеге гана умтулат.
«Комплимент» көнүгүүсү
Эки орундукту чок ортого бирине-бирин каратып койгула. Каалаган катышуучу орундуктун
бирин ээлейт, калгандары бош орундукка кезеги менен отуруп, биринчи орундукка отургандын оң
касиеттерин гана айтышат. Биринчи орундуктагы бала кээ бирде суроо берип, айтылгандарды тактап
турса болот, бирок актанып, жокко чыгарууга укугу жок. Ар бир катышуучу угуучунун ордуна отуруп
көрүшү зарыл.
«Мен өзгөчөмүн» көнүгүүсү
Окуучулар айлана боюнча гүлдү беришип, өзүнүн атын айтышат, өздөрүнө тиешелүү касиеттерин
өз атынын баш тамгасы келген тамгадан баштап айтышат.
«Өзгөчөлүктү баалоону үйрөнөбүз» көнүгүүсү
Өткөрүү убактысы: 60 мүнөт.
Максаты: Башкалардын өзгөчөлүгүн баалоону үйрөнүү.
Эгер биз өзүбүздүн өзгөчөлүктөрүбүздү баалоону билсек, жаныбыздагы адамдардын да
өзгөчөлүктөрүн кабыл алмакпыз.
Топтун мүчөлөрү тегерек тарта отурушат, ар биринин кагаз, карандаштары даяр.
Оюндун башында төмөндөгүнү айткыла: «Биз ар качан башкалар кандай болсо, так ошондой
болгубуз келет, көп учурда өзгөчөлүгүбүздү сезгенде ыңгайсызданабыз. Бирок көп эле окшош
жактарыбыз болгону менен бири-бирибизден айырмалап турган өзгөчөлүктөрүбүз болгону жакшы
жана аны баалаш керек».
41
Ар бир оюнчуга топтун башка мүчөлөрүнөн айырмалап турган өзүнүн үч белгисин жазууну
сунуштагыла. Өзүнүн жакшы жактарын, таланттарын жана оң сапаттарын жазуу керек. Кандай болсо
да билдирүү оң мүнөздү көрсөтүүсү зарыл.
Өз турмушуңуздан үч үлгүнү мисалга келтириңиз, ошондо катышуучулар туура түшүнүк алышат.
Оюн кызыктуу болуш үчүн фантазияңызды жана тамашаны кошуңуз.
Катышуучулар өздөрүнүн аттарын жазып, көнүгүүнү аткарууга киришет (3 мүнөт). Жазылгандарды
жыйнап алып, окуп берээриңизди эскертиңиз, тигил же бул аныктаманын автору ким экенин табыш
үчүн.
Баракчаларды жыйнап, адамдардын бири-биринен айырмаланып турганы жакшы экенин
айтыңыз: ошондуктан биз бири-бирибизге кызыкпыз, көйгөйлөрүбүздү кеңешип чече алабыз, бири-
бирибизге өзгөрүүгө жана үйрөнүүгө шарт түзөбүз ж.б. Андан кийин ар бир текстти окугула, оюнчулар
ким жазганын аныкташсын. Эгер ким жазганын таба албай калышса, жазган бала өзү айтыш керек.
«Соодалашуу» оюну
Силерди атуул катары, инсан катары көрсөтө турган 10 касиетти жазгыла. Бул оң же терс
касиеттер болушу мүмкүн. Алар сөзсүз эле сырткы келбетти, социалдык абалды, жетишкендиктерди
көрсөтүшү кажет эмес. Тизмени окуп туруп: «Ооба, бул мен, мен ушундаймын» деп айта тургандай
чын дилден жазылышы керек.
10 касиеттин ар бирин өзүнчө баракчага жазып, кийимиңерге төөнөп койгула. Классташтарыңардын
касиеттерине карагыла. Силер өтө каалаган,бирок силерде жок кайсы касиеттери бар экен?
Касиеттерди бирине-бирин гана айырбаштаса болот - касиеттер жазылган баракчаларды классташың
менен бири-бириңерге берип, алмаштыргыла. Силерге кандай касиет керектигин ойлонгула, ал
касиеттерди башкалардан издегиле, өзүңөрдүкүн бергиле.
Айырбаштап бүтүп, кандай адам болуп калганыңарды баалагыла!? Ушундай касиеттерге
ээ болууну кааладыңар беле? Мүмкүн силер өзүңөрдө болгондордун баарын ойлонбой таратып
жибергендирсиңер? Башкалар эмне сураса, баарын бердиңер. Мүмкүн өз касиеттериңердин кээ
бирин кайрып алгыңар келээр? Чынында кандай болгуңар келсе, касиеттериңерди ошондой кылып
жасагыла! Мүмкүн эмне каалаганыңарды өзүңөр аягына чейин түшүнбөйт чыгаарсыңар? Анда
алмаштырууга шашпагыла - дагы бир жолу ойлонуп көрүп, алмашууну уланткыла.
Алмашууга мүмкүн болбогон касиетиңерди тапкыла. Бул касиетти жолдошторуң эмне үчүн
алгысы келген жок? Демек, бул терс касиеттен кантип кутулууну ойлонушуң керек.
Талкуулоо
Оюндун катышуучуларына төмөнкү суроолорду бергиле:
• чогуу кандай иштедиңер;
• иш учурунда кандай кыйынчылыктар болду;
• эсиңерде көбүнчө эмнелер калды?
Оюнду жыйынтыктагыла.
«Алкыш айтуунун тизмеси» көнүгүүсү
Эртең келе турган таңды элестеткиле. Ойгонуп, көзүңөрдү ачтыңар - силерди жараткан ааламга
«рахмат» айтасыңар.
Кимге, эмне үчүн алкыш айтаарыңардын тизмесин түзгүлө.
42
«Афоризм» көнүгүүсү
Ар бир окуучу афоризм жазылган бир баракчаны алып, үн чыгарып окуйт, топтогулардын
кимисине мүнөздүү экенин аныктап айтат. Эмне үчүн андай ойлонгонун түшүндүрүүсү керек. Афоризм
катышуучулардын кимисинин мүнөзүнө окшош деп табылса, ошого беришет.
Сунуш кылынган афоризмдер:
• «Бозоруп зарыгуу, коркуу жана жинденүү - өмүрдүн кыскалыгынын кесепеттери ушулар»
(Р. Бах);
• «Чардак канчалык бийик учса, ошончолук алысты көрөт» (Р. Бах);
• «Биздин жүрүм-турумдар түймөгө окшош, ар ким кандай кылып түйүүнү өзү билет»
(Ф. Ларошфуко);
• «Адамдын өмүрү кутудагы ширенкедей, чындап бааласаң - күлкүлүү, баалабай койсоң -
коркунучтуу» (А. Рюноске);
• «Балдар баканы таш менен ойноп ургулушат, а бака чындап өлүп калат» (Плутарх);
• «Адамдар өзүнө жакшылык кылган адамга караганда, өзү жакшылык кылган адамга көбүрөөк
жакындашат» (Н. Макиавелли);
• «Ар бир бала кайсы бир деңгээлде гений болгон сыяктуу эле, ар бир гений кандайдыр бир
деңгээлде бала бойдон калат» (Н. Шопенгауэр);
• «Сенин кандай экендигиңди ар ким көрүп турат, бирок чындыгында ким экениңди көптөрү
сезбейт» (Н. Макиавелли);
• «Тагдыр сага сыртын салып тургандагыга караганда, сага ымаласы түз болуп турса, үлгүлүү
болуу кыйын» (Ф. Ларошфуко);
• «Эч кимди жактырбаган адам, эч кимге жакпаган адамга караганда бактысыз»
(Ф. Ларошфуко);
• «Адамдар терезенин айнектериндей: алар күн тийгенде жаркырап, жалтырашат, бирок
күңүрттүктө, алардын чыныгы сулуулугу жан дүйнөсүнөн чыккан жарыкка байланыштуу
болот» (Э. Кюблер-Росс);
• «Өзүбүздү-өзүбүз кээде максатка жетүүгө күчүм жетпейт деп алдайбыз, а чынында күч эмес,
эрк жетпейт» (Ф. Ларошфуко).
43
3-кошумча
УКУК БУЗУУНУН АЛДЫН АЛУУГА
БАГЫТТАЛГАН КӨНҮГҮҮЛӨР ЖАНА ОЮНДАР
«Чоң жана кичине «жок»» оюну
Оюндун башында ар бир баладан «жок!» деп айтууну өтүнгүлө.
Кээ бир балдар аларга бир нерсе жакпаганда «Жок» деп айтса да, акырын, тартынып айтышат,
ошондуктан көп учурда элес алынбай калат. Балдарды «Жок» дегенди ачык, даана, так айтууга
үйрөтүү керек. Бул үчүн кошумча ««жок» - деп айтканды үйрөнөбүз» деген көнүгүү өтүү керек.
Мугалим окуучуларга кайрылат: «Мен азыр силерге «жок» деген сөздү ар түрдүү кылып айтам.
Силер угуп туруп, кайсы убакта «жок» деген сөз жакшы угулганын айтасыңар. Кандай айтылган «жок»
деген сөздөн өзүңөргө керектүү натыйжаны алдыңар».
1. Мугалим тетири карап, бир аз эңкейип «жок» деп акырын, шыбырап айтат.
2. Мугалим башын жогору көтөрүп, түздөнүп «жок» деп ачык, даана айтат.
Балдар варианттарды салыштырышып, экинчи жолу айтылган «жок» деген сөз туура экенин
айтышат. Топтогулар экиден бөлүнүп, ар бир катышуучу акырын жана катуу «жок» деп айтышат.
Максаты: баланы ачык, даана «жок» деп айтууга үйрөтүү.
Ролдордо: өспүрүм, кичине бала, чоң кишилер.
Оюндун куралдары: аттары жазылган баракчалар, жасалгалар жана оюнчуктар.
Кырдаалды ойногула: Кичинекей «жок» отургучта шоколад жеп отурат. Ал чынында эле
кипкичинекей, тырнактай, анан жопжоош эле.
Бул жерге чоң семиз аял келип: «Сенин жаныңа отурсам болобу?» деп сурайт. Кичинекей «жок»
акырын күбүрөйт: «Жок. Мен жалгыз отурайын дедим эле». Семиз чоң аял анын жообун уккан да жок,
отургучка отуруп алды.
Анан алардын жанына бала келди: «Мен сенин шоколадыңды жесем болобу?» деди. Кичинекей
«жок» акырын шыбырады: «Жок. Мен өзүм жегим келген». Бирок бала анын жообун укпай, кичинекей
«жоктун» шоколадын тартып алып, жеп койду.
Андан кийин, бул бакчада кичинекей «жокту» мурда да көрүп жүргөн киши жакын келип:
«Салам, кичинекей! Сен кандай сүйкүмдүүсүң! Мен сени өөп коёюнчу?» деди. Кичинекей «жок» дагы
шыбырады: «Жок. Мени өбүшүңдү каалабайм». Бирок ал киши уккан да жок, жакын келип, кичинекей
«жокту» өпкүсү келди.
Ушул учурда, акыры «жоктун» чыдамы жетпей кетти. Өйдө туруп, башын жогору көтөрдү да,
үнүнүн болушунча «ЖО-О-ОК!» дагы бир жолу: «ЖОК! ЖОК! ЖОК! Мен өзүмдүн отургучумда жалгыз
отургум келет, өзүмдүн шоколадымды өзүм жегим келет, мени өпкөндү да каалабайм. Мени жайыма
койгула!» - деп кыйкырды.
Семиз чоң аял да, бала да, киши да көздөрүн алайтып: «Эмне үчүн жана эле ошентип айткан
жоксуң?» дешти да, өз жолдоруна түшүштү.
44
Азыр отургучта ким отурат? Жок, бул кичинекей «жок» эмес, азыр бул чоң «ЖОК». Ал азыр күчтүү,
катуу, так айта алаарын ойлонуп отурат. «Демек ушундай экен да. Эгер дайыма акырын, тартынып,
шыбырап «жок» десең, угушпайт экен. «ЖОК» деп ачык, даана айтыш керек».
Ошентип кичинекей «жок» чоң «ЖОКко» айланды.
«Доочулук» оюну
Максаты: балага мындай кырдаалда өзүнүн коопсуздугун коргоо ыкмасын үйрөтүү: каршылык
көрсөтпөстөн доолаган буюмун берип салуу керек. Мындай кылуу баланын коркоктугунан эмес, эң
башкысы өмүр жана саламаттык, демек мындай учурдан аман-эсен, дени соо кутулууга аракет кылуу
керек экендигин түшүндүрүү.
Оюндун кырдаалына сөзсүз кошумчалай кетчү нерсе: Доочулукту өздөрүнүн теңтуштары
жасаган кырдаалды көрсөтүү (алына жараша каршылык көрсөтүү керек).
Ролдордо: чоң кишилер, балдар (теңтуштар).
Оюндун куралдары: аттары жазылган баракчалар, жасалгалар, уюлдук телефон, акча.
Оюндун кырдаалы:
1-вариант. Бала досу менен келе жатат. Жолдон аларга жогорку класстын үч баласы тийишип,
акча доолай башташат.
2-вариант. Көчөдөн тааныбаган адам баалуу буюмдарды ( кыздардын жасалгаларын, акчаларын,
уюлдук телефонун ж.б.) доолап жатат.
Доочулук тоноого жакын, ошондуктан мындайга барган адамдардын эмне кылып жиберээри
белгисиз. Кандай болсо да, мындай нерсе зордук-зомбулукка алып келет, өзгөчө курмандык каршылык
көрсөткөн кезде.
Ошондуктан балага бул эрежени үйрөтүү зарыл: ден-соолугунун амандыгы - эң негизги
баалуулук, калган нерсени жыйнап алса болот. Балдарга кырдаалды өздөрү баалап, коопсуз
болууну өз алдынча тандап алууга үйрөтүү керек. Ойноо учурунда оюнчулар орун алмашып,
курмандыктын да, доочунун да ролун ойношу керектүү шарт. Доочунун ролун чоңдор да, теңтушу да
аткарган учурду сөзсүз ойноо зарыл.
Оюн бүткөндөн кийин катышуучуларга төмөнкү суроолор берилет:
• бул ролду (доочуну, күрмандыкты) ойногондо эмнени сездиң;
• оюнда эмнени ойлондуң жана эмне кылгың келди;
• эмне үчүн так ушундай кылдың;
• кандай кылганда коопсузураак болмок деп ойлойсуң;
• эмне үчүн антип ойлойсуң;
• доочу чоң киши болсо, доолап жаткан нерсесин унчукпай берип салган, коркоктукпу?
Оюндун жүрүшүндө мындай кылуу коркоктук эмес экенин, өзүнүн коопсуздугун сактоо керек
экенин балдардын түшүнүүсүнө алып келүү зарыл. Доочулук кылып жаткан бала жашы тең курбалдаш
болсо, анда буюмун бербөөгө аракет кылса болот, бирок өзүнөн чоң, күчтүү доочуларга каршылык
көрсөтүү коркунучтуу, акылга сыйбаган иш.
45
КЛАССТЫК СААТ ӨТҮҮ ҮЧҮН КӨРСӨТМӨЛӨР
Баалуулуктар багыты бир бүтүндүктү элестеткен, түзүлүшү татаал, инсандык өсүштүн бардык
психологиялык курамынын аныкталган мыйзамченемдүү карым-катнашын мүнөздөйт. Ар бир
психологиялык курам баалуулуктар багытын түзүүдө өзүнчө мааниге ээ. Бойго жетүүнүн акыркы
чеги - өткөөл мезгилде, өспүрүм жаштан өтүп, эрезеге жеткен кезде өз алдынча туруктуу түзүлүштөгү
психологиялык билим катары баалуулуктар багыты түзүлөт.
Баалуулук багытынын өсүшү окуучунун инсандык калыптануусунун белгилүү бир чегин көрсөтөт,
мындай психологиялык түзүлүштөрдүн пайда болуусу, анын көз карашынын кеңейишине зор салым
кошот. Инсандык баалуулуктардын белгилүү системасы бар экендиги, окуучунун инсандык жана
кесиптик өнүгүүсүнүн, турмуштук тажрыйба топтоосунун керектүү психологиялык шарты болуп
эсептелет.
«Силер өзүңөрдү билесиңерби?» сабагы
Тапшырмалар: Өспүрүмдүн кызыкчылыктарын аныктоо максатында, өзүн-өзү анализдөө,
ички дүйнөсүнүн эркиндигин өстүрүү аркылуу табитинин калыптанышын арттырууга багытталган
иш-аракетти уюштуруу.
«Өзүн тааныштыруу» көнүгүүсү
Окуучулар өздөрүнүн турмушта жакшы көргөн, жаман көргөн иштерин катары менен айтышат.
Окуучулар көбүнчө күнүмдүк жумуштарды жана үйгө берилген тапшырмаларды жактырбагандарын,
жакшы көргөндөрүнө достору менен сейилдөөнү, компьютердик оюндарды киргизишти.
«Кызыкчылыктардын туруктуулугу» көнүгүүсү
Үч мүнөт ичинде жакшы көргөн иши жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк сөз жазышат. Көп
сандагы сөздөр ал ишти өздөрү аңдап-билип тандаганын белгилейт.
«Сабактарда жүрүм-турум эрежелерин кабыл алып, талкуулоо»
көнүгүүсү
Бир канча адам чогулуп, кайсы бир ишти аткарууда, ошол иштин акыбети кайтыш үчүн кеңешип,
негизги эрежелерди сактап иш кылышат. Сабактар натыйжалуу өтүш үчүн, эрежелер жөнүндө
сүйлөшүп алыш керек, ошондуктан алгач сабактарда колдонулчу эрежелер менен таанышып алгыла.
Окуучуларга талкууга коюп, керектүү түзөтүүлөрдү киргизгиле. Эреженин ар бири өзүнчө добушка
коюлат.
Мугалим сабактарда өздөрүн алып жүрүүнүн төмөнкү эрежелерин талкууга койсо болот:
1) туура жана туура эмес деген жооптор болбойт. Өзүңдүн оюңду ачык билдирген жооп туура
деп эсептелет;
2) калп айтып, же өзүң ойлогондон башканы айтуудан көрө, унчукпай койгон туура;
3) эгер өзү сурабаса, башка катышуучунун айткандарына баа бербе;
4) сабактан чыккандан кийин, сабакта бири-бирибиз жөнүндө билгендерибизди, ким өзүн кандай
алып жүргөнүн талкуулоо жарабайт. Сабакта болгон нерсенин баары жалпы сырыбыз катары
сакталыш керек;
5) сүйлөп жатканды кунт коюп угуп, сөзүн бөлбөө керек;
6) ар кимдин өз ою болгонго укугу бар;
7) топтун ишине катышууга тоскоол болгон кыйынчылыктар жөнүндө ачык айтуу керек.
46
«Менин жашоомдун багыты» көнүгүүсү
Кагазга каалаган багыттагы сызыкты чийгиле. Сызыктын башы анын башаты болуп саналат.
Ушул кезде өзүңөр кайсы жерде турганыңарды элестетип, сызыктын ошол жерине белги койгула.
Жашыңарды жазгыла. Кайсы жерде болууну кааласаңар, ошол жерди тегеректегиле. Бул тегерек
белги - каалаган жашыңардын белгиси («алтын жаш»). Эмне үчүн экендигин түшүндүрүп жазгыла.
Туулгандан тарта азыркы убакка чейинки өзүңөрдүн эсте калаарлык окуяларыңарды, кылык-
жоруктарыңарды, мүмкүн, жашооңордун бир үзүмүн айтып бергиле. Келечек жашооңорду уюштурууну
болжолдогула. Өмүрүңөрдө кайсы нерселер ишке ашышын каалайсыңар? Жанагы кагазга чийилген
«жашоо сызыгына» белгилеп койгула.
«Менин планетам» көнүгүүсү
Баракка чоң айлана тарткыла - бул силердин планетаңар. Силердин негизги иш-аракеттериңерди
материктер дейли, бул: окуу, баарлашуу, кыялдар, оюн-зоок, кызыкчылыктарыңар ж. б. Материктерди
тартып, аларга иш-аракеттериңердин түрлөрүн жазып койгула.
Материктер мухиттер менен деңиздердин суусуна жуулуп турат. Биздин турмушта бул биздин
сезимдерибиз жана эңсөөлөрүбүз. Бизге маанай түзгөн нерселер. Маанайыңар түшүп турган
убакытты эстегиле. Жакшы маанайда болгондочу? Өзүңөрдүн планетадагы мухит жана деңиздерди
маанайыңардын кайсы убактагысындай кылып атайсыңар?
Силердин жетишкендиктериңер, жөндөмүңөр ошол планетадагы аралдар болот. Аралдарга
өзүңөрдүн эң күчтүү сезимиңерди, жөндөмүңөрдү, талантыңарды ат коюп жазгыла.
Эми планетаны жандандырабыз. Ыңгайлуу отуруп, көзүңөрдү жумгула. Эки-үч жолу катуу дем
тартып, дем чыгаргыла. Өзүңөрдү өсүмдүк катары элестеткиле. Кайсы өсүмдүктү тандоого көңүл
койгула: гүлбү же бакпы? Кандай болгуңар келгенин эстеп калгыла. Айланаңарда кандай өсүмдүктөр
бар? Кайсынысы көлөкө түшүрүп, кайсынысы жылуулук, жарык берип турат? Жалбырактарыңарды
күнгө каратып, жамгырдын жылуу тамчыларына тоскула. Керилип, шашпай көзүңөрдү ачкыла. Эми
«планетаны» отурукташтыруу керек. Өзүңөр элестеткен өсүмдүктү, ал үчүн ыңгайлуу, жайлуу, жарык
тийген, өзүңөргө сүймөнчүктүү жерге сүрөтүн тарткыла.
Силердин турмушуңарда силерге кам көргөн, силер үчүн кубанып-кайгырган, силерге жаккан
адамдар бар. Бул силердин жашоодогу «колдоочуларыңар». Алардын аттарын өзүңөр тарткан
«планетанын» тегерегиндеги «спутниктерге» жазгыла.
Силердин «планетаңар» жашап жатат! Ал дем алып, кубанып-кайгырат, дайыма кыймыл-
аракетте болуп, жаңы жетишкендиктерге умтулуп баратат. Бирок силердин эң жакшы касиеттериңер
менен жарык болмоюн, планетадагы жашоо анча ийгиликтүү болбойт. Жылдыздарды тартып, ар бир
жылдызга өзүңөрдүн жакшы касиеттериңерди жазып, жарык кылгыла.
Окуучуларга төмөнкү суроолорду бергиле:
• өзүңөр жөнүндө жаңы эмнени билдиңер;
• эмне көбүрөөк жакты, эмнеси азыраак ;
• жакындарыңарга, турмушка көз карашыңар өзгөрдүбү?
47
БААЛУУЛУКТАР ЖӨНДӨМҮН ӨСТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН
КӨНҮГҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ОЮНДАРДЫ ӨТКӨРҮҮ
«Каалоолор» оюну
Оюнду өткөрүүнүн алдында мугалим доскага адамзаттын баалуулуктарын жазып, балдар
талкуунун жүрүшүндө кошумчалашы керек. Балдарга бул оюн, кимдин, кандай каалоосу болсо да, ар
ким өз жашоосунда ар кандай пайдалана турган адамзаттын баалуулуктары баардыгын бириктирип
тураарын түшүндүрөт. Адамзаттын баалуулуктары: жер, ата-журт, аңдап-билүү, үй-бүлө, ден- соолук,
эмгек, чындык, билим, социалдык теңдик, маданият, ар-намыс, тынчтык, эркиндик жана тандоо укугу,
адам, жаратылыш жана туулуп өскөн жердин маданияты.
Мугалим: «Гүлдүн жети гүнчасы» аттуу жомокто болуп калдык деп элестетели да сыйкырдуу
сөздөрдү айталы: Сен уч, уча бер гүлдүн гүнчасы, Батыштан Чыгышка, Түндүктөн Түштүккө уч,
айланып кайра мага кел! Жерге тиериң менен, меникиндей болсун деп буйрук бер!...»- деп жомоктон
үзүндү айтат.
Топ ичинде иштөө: Окуучулар ишке ашышын каалаган үч каалоону тандап алышат:
• өзү үчүн;
• үй-бүлө үчүн;
• досу үчүн;
• класс үчүн;
• шаар үчүн;
• дүйнө жүзү үчүн;
• мектеп үчүн.
Окуучулар каалоолорун үн чыгара окушат.
Андан ары мугалим биздин керектөөлөрүбүз менен баалуулуктарыбыз жүрүм-турумубузга
кандай таасир берээрин, же эмнени кааласак, ошого жетиш үчүн жүрүм-турумубуз кандай болуу
керектигин ойлонуп көрүүнү сунуштайт. Адамдардын баалуулуктар жөнүндөгү түшүнүктөрү бири-
бирине келишпесе, алар көпчүлүк учурда бирин-бири түшүнбөстүгүн талкуу учурунда белгилеп кетүү
керек.
Бирок чындыгында, биз бири-бирибизден анча деле айырмабыз жок.
Корутунду тапшырмалар
1. Баалуулуктардын түзүлүшүнө таасир берчү факторлордун айланасын чийип, алардын
горизонтторун аныктагыла.
2. Балдардын каалоолор жана баалуулуктар жөнүндөгү түшүнүгүн кеңейтүү.
3. Баалуулуктарды биргелешип чечүү мүмкүндүгүнүн шарттарын түшүндүрүү.
4. Балдарга максаттары менен кылган иштеринин байланышуу себептерин аныктоого жардам
берүү.
САБАК БАШТАЛААРДА ӨТҮЛЧҮ ОЮН КӨНҮГҮҮЛӨР
«Мен жакшы көрөм» оюну
Ким төмөнкү аныктамага макул болсо, бир кадам алдыга чыгат:
• мен эртең менен уктаганды жакшы көрөм;
• мен эртең менен ата-энеме «Кутмандуу таңыңар менен!» деп саламдашам;
• мен мектепке чын көңүлүмдөн кубанып барам;
• мен мектепке автобуска түшүп барам;
• мен классташтарым менен жолукканда кубанам;
• мен мугалимдердин эч кимисинен коркпойм;
48
• мен өзүмдүн жашоомо ыраазымын;
• мен «5» алганды жакшы көрөм;
• мага бааларым кандай болсо да баары бир;
• мен атак-даңктуу, бай болууну эңсейм;
• мен досторумдун жеңиштерине кубанам;
• мен улууларды сыйлайм;
• мен майрамдарды жакшы көрөм;
• мага түшүнүп мамиле кылууларын каалайт элем;
• мен класстык саат «мыкты» өтүшүн каалайм.
Финишке биринчи чыккандар калгандарына кайрылып, ар бир катышуучу менен түрдүү ыкмада
учурашып чыгышат. Балдардын көңүлүн инсандар арасында баарлашуунун баалуулуктарына, ишке
ынтызар жагдай түзүүгө буруу керек.
«Баарлашуу» оюну
Баалуулуктардын белгилүү бир системасынын бар экендиги - окуучулардын калыптанган
турмуштук ченемдерин түзүүдө, инсандык жана кесиптик чечимдерин кабыл алууда керектүү
психологиялык шарт болот.
Мугалим: Бүгүн биз адамдын каалоолору жана баалуулуктары жөнүндө сүйлөшөбүз. Аңгемебиз
кызыктуу жана пайдалуу болот деп үмүттөнөм. Силерге эмне баалуу, эмне кымбат экенин түшүнүп
сезишиңерди каалайт элем, өзүңөрдүн көздөгөн максатыңарга жетиш үчүн силер кандай жүрүм-
турумду тандап, кандай иш кылышыңар керек экенин.
Силерге төрт сап ыр окуп берейин:
Качандыр бир мындай макал бар эле,
Жашоого балдар даярданып жүргөнчө,
Балалыкты чындап жашап албасаң,
Тете болот өмүр текке өткөнгө.
(С.Маршак)
Азыр силердин инсандык баалуулуктарыңар калыптанып келе жатат, бул силердин
керектөөлөрүңөрдөн көрүнөт. Адамдарда тигил же бул керектөөлөрдүн пайда болуусун көптөгөн
окумуштуулар изилдеп келишкен. Азыр ошол системанын бирөөсү менен таанышалы»- дейт.
Маслоу боюнча керектөөлөрдүн пирамидасы
Биринчи деңгээл. Материалдык керектөөлөр (тамак-аш, кийим-кечек). Физиологиялык
муктаждыктар бардык керектөөлөрдөн күчтүү болот. Булар жашоодогу муктаждыктар: ачкалык, чаңкоо,
уйку, секс, ж.б. Бул нерселер канааттандырылбаганда, биз кыжырданууну, ооруну, ыңгайсыздыкты
ж.б. сезебиз. Бул сезимдерди биз мүмкүн болушунча тез канааттандырганга аракеттенебиз. Адам
тамак жегиси келгенде, бардык башка муктаждыктар артка кетет. Качан гана биз бул муктаждыкты
канааттандырганда, бөлөк нерселер жөнүндө ойлонууга мүмкүндүк түзүлөт.
Экинчи деңгээл. Коргоого болгон муктаждык (туугандар, үй-бүлө, ден-соолук). Жашоого,
коопсуздукка, туруктуулукка, коргоого, коркунучтан алыс болууга, тынчсызданбоого болгон
муктаждыктар башаламан дүйнөдө туруктуулук менен ырааттуулукка жетүүгө болгон муктаждыктар
менен байланышкан. Бул психологиялык керектөөлөр. Көпчүлүк адамдар коомдо мыйзамдуулук жана
тартип керек экенин айтышат, анткени үйүнүн жанында сейилдеп жүргөндө да, өздөрүн белгилүү
өлчөмдө коопсуз сезе алышпайт. Азыркы убакта өнүккөн өлкөлөрдө коопсуздукка муктаждыктар
тынымсыз кирешеде, акчасын сактоодо жана камсыздандырууда да көрүнөт.
Үчүнчү деңгээл. Баарлашууга муктаждык (достор, кесиптештер). Качан коопсуздук
канааттандырылганда, сүйүүгө, мээримге болгон муктаждык, өзгөлөргө өтүмдүү болууга, кадыр-барк
күтүүгө, жогорку макамга, зоболого ээ болууга муктаждык пайда болот. Адамдар ар түрдүү топторго
кошулгулары келет: класска, клубдарга, топторго, үй-бүлөгө ж.б. Өзүбүздү сүймөнчүктүү сезгибиз
49
келет (сексуалдык мааниде эмес), бизди түшүнүүнү каалайбыз. Биз бирөөлөргө керек болгонго
муктажбыз.
Төртүнчү деңгээл. Таанымал болууга муктаждык (шык, иш, даңк, жетишкендиктер).
Таанымал болууга керектөөлөр (чыгармачылык, кызмат, атак-даңк, ийгилик). Өзгөлөрдүн сыйлоосуна,
макамга ээ болууга, белгилүү болууга, жайлуулукка, көңүл бурууга муктаждык. Бул даражалуу
болууга муктаждык акыры бийликке муктаждык менен байланышат. Керектөөнүн жогорку чеги
компетенттүүлүктүн натыйжасы болот, бул ар-намыстуу болууга, эрктүү болууга, чеберчиликке,өз
күчүнө ишенүүгө, көз карандысыздыкка жана эркиндикке муктаждык. Бул керектөөлөрдү жок кылуу
кем акыл болууга, алсыздыкка, мазасыздыкка алып келет.
Бешинчи деңгээл. Өз оюн ишке ашырууга жана ырахат алууга муктаждык. Өз билимин
өстүрүүгө, өз пикирин эркин билдирүүгө, өзгөлөргө түшүнүктүү болууга, өзгөлөргө барктуу болууга
муктаждык. Бул деңгээл өзүнүн шыгын толук ишке ашырууга умтулгандык менен байланышат. Бардык
мүмкүнчүлүктөрү бар адамдар өздөрүнүн шыгын көбөйткүлөрү келет. Алар билим алууга, эстетикалык
тажрыйба жыйноого, өз оюн ишке ашырууга, кудайга ишенүүгө жана башкага умтулушат.
өз оюн
ишке ашыруу
ый-урмат: макам,
клубга мүчөлүк, ке-
4 ректүүлүк, пайдалуулук
топко тиешелүү болуу;
кандайдыр бир ишке
тиешелүү болуу:
сүйүүгө, достукка, коомго
коопсуздук: ко псуздукту сезүү,
туруктуулук, тааныш айлана-чөйрө
Физиологиялык керектөөлөр: ачкалыкты,
чаңкоону, жыныстык каалоону кандыруу
Окуучуларга өздөрүнүн баалуулуктарын жана керектөөлөрүн аныктап алыш үчүн керектөөлөр
жөнүндө маалымат берилет. Бул эң жогорку баалуулук адамдын өмүрү экенин сезип-билүүгө жардам
берет.
Адам өзүнүн өсүш жолунда жогору карай гана умтулуу керек экендигин билгендиги жөнөкөй
муктаждыктарды камсыздандыруудан эң жогорку керектөөлөргө жетип, тоскоолдуктарды жеңип өтүп,
гармония деңгээлине чыгып, ички дүйнөнүн өсүшүн, өзүнүн уникалдуулугун сезүүсү менен инсан
катары калыптанат.
Окуучулардын көңүлүн баалуулуктардын төмөнкү деңгээлине бөлүү керек: жалпы адамзаттык,
адеп-ахлактык жана акыл-ой.
Жалпы адамзаттык баалуулуктар: махабат, боорукердик, баамчылдык, жоопкерчилик,
кайрымдуулук, кечиримдүүлүк, өзүн сыйлоо, өзгөлөрдү урматтоо, адептүүлүк, кызматташтык.
Адеп-ахлактык - бул адамдык нарк-насил, чынчылдык, ак ниеттүүлүк, адилеттүүлүк,
тартиптүүлүк, сылыктык, өзгөлөр менен бөлүшүү, өзгөлөргө кам көрүү, чыдамкайлык.
50
Акыл-ой баалуулуктарына: ойлонууга, сүйлөөгө, кыймыл-аракетке, момундук, канааттануу,
эмоционалдык туруктуулук, өзүн көзөмөлдөө, жан дүйнөнүн тынчтыгы, өзүн курмандык кылуу,
өзгөлөрдүн бейпилдигине кызмат кылуу кирет.
Бул баалуулуктардын көпчүлүгү өз ара байланышып турат. Мисалы, махабат, сөзсүз
чыдамкайлыкты, баамчылдыкты, кечиримдүүлүктү, өзгөлөрдүн жакшы жагын көрө билүүнү талап
кылат. Ал түгүл, мындай сапаттын бардыгы, көрө албастык, жек көрүү, сараңдык, душмандык,
жинденүү, бой көтөрүүчүлүк, өч алуучулук, эгоисттик сыяктуу тетири мүнөздөрдөн арылууга жардам
берет.
«Мээримдүү каалоолордун конверттери» оюну
Оюндун куралдары: ар бир катышуучуга конверттер, карандаштар же фломастерлер берилет.
Андан бөлөк ар бир катышуучуга, мугалимди кошкондо, бирден барак кагаз.
Окуучуларга конверттин сыртына аты-жөнүн жазууну сунуштагыла. Андан кийин алар топтун ар
бир мүчөсүнө бирден каалоолорун, бирден алкыштарын жазышсын. Баракчаларды бүктөп, конвертке
салгыла.
Оюн бүткөндө ар бир катышуучу калгандарына өз каалоолорун окуп беришет.
РЭКЕТТИН АЛДЫН АЛУУГА БАГЫТТАЛГАН
КӨНҮГҮҮЛӨР ЖАНА САБАКТАР
Балдар өз турмуштарында саламаттыгына же өмүрүнө коркунуч келтирчү кырдаалдар болуп
калаарын билүүлөрү керек. Мындай кырдаалдар жана алардын кесепеттери жөнүндө окуучуларга
маалымат берүү керек. Балдарга тигил же бул кырдаалдан үйрөнгөн ыкмаларды колдонуп,турмушта
жолуга турган азгырыктарга туруштук берүүнү түшүндүрүү керек.
Класстык сааттардын жүрүшүндө балдарды өз турмушун ойлонууга алып келүү керек. Мүмкүн,
кимдир-бирөөлөрү кыйын кырдаалга туш болушкандыр, мүмкүн ушул тапта ошондой кырдаалга, же
бир адамга көз каранды болуп жүрүшпөсүн.
Балдарга ар кандай кырдаалдан чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок, тилекке каршы,
жалгыздап күрөшүү мүмкүн эместигин, сөзсүз, өздөрү ишенген улуулардын жардамы керек экендигин
белгилөө керек.
Бул сабактарды, мүмкүн болушунча, силердин класска, мектепке, районго мүнөздүү кырдаалга
жакындатуу керек.
Сабактардын максаты: Турмуштун оор кырдаалына туштукканда пайдалануу үчүн топтун
мүчөлөрүнө же коомго мүнөздүү ар кандай кыймыл-аракеттердин ыкмасын үйрөтүү.
1-сабак. «Жардам бергиле, мен коркунучтамын!»
Сабактын максаты: балдарга турмушта аларды кандай коркунучтар күтүп турганын, кандай
кыймыл-аракетти жасаганда ушундай жагдайга туш болоорун түшүндүрүү керек.
Сабактын куралдары: суусу бар стакан, суу кийим, коркунучтуу музыка ойногон магнитофон,
көздү байлоого чүпүрөк, чака, аркан, шише, бычак, тукаба аюу, клейи бар пакет, футболдун тобу ж.б.
окуучулар оюнга колдонуучу буюмдар.
Көнүгүү: Тоскоолдуктары бар тосмону алдын ала даярдап койгула. Мерчемдүү жерлерге
төмөнкүдөй тоскоолдуктарды койгула:
• суусу бар стаканды кармап турган адам, эстафетанын катышуучусу жанынан өтүп баратканда
стаканды башына кое салышы керек;
51
• жолду тосуп турган отургуч;
• керилген арканда жайылган суу кийим;
• жолдо жаткан үйлөтүлгөн көп шариктер.
Тоскоолдуктары бар жолдон өтүп баратканда, магнитофондо коркунучтуу музыка ойноп турушу
керек.
Эстафетанын катышуучусу көзү байланган боюнча баардык тоскоолдуктардан өтүп, стакандагы
сууну жолдун аягында турган чакага куюш керек.
Алгач балдар өздөрү жардамсыз аткарып көрүшөт. Андан кийин алар бир жерин кокустатып
албас үчүн, жетелеп жүрүүгө жардамчыны сунушташ керек.
Өткөөлдөрдөн жалгыз өткөнү менен коштоочунун жардамы аркылуу өткөндөгүнүн айырмасын
балдар менен талкуулагыла.
1-пантомима
Сыртта суук, караңгы экенин элестеткиле. Караңгыда бир өспүрүм жалгыз, капалуу, коркуп турат.
Көчөнүн ар кай тарабынан ага топтошкон адамдар келишет, аны өздөрү менен жүрүүгө чакырып
жатышат. Бир тобу спирт ичимдигин ичип жүрүшөт, бир тобу баңгизаттарды колдонушат, бир жагынан
наркоман кыз, башка жагынан чоң киши менен өз ара сүйлөшкөн балдар (мафиоздук топтун мүчөлөрү)
келишти.
Өспүрүм аларга кошулууга шашкан жок, бирок акыры, туруштук бере албай, криминалдык топко
кошулуп кетти. Алар менен чогуу бир баланы тоноду, баланын курткасын чечип алышты. Кийинчерээк
акылына келип, кетип калгысы келди, бирок анте албады. Анткени, ал бутунан жип менен тигилерге
бекем байланган болчу (криминалдык топ, зыяндуу көнүмүш).
Талкуулоо. Төмөнкү суроолор аркылуу пантомимадан көргөн окуяга кандай карай тургандарын
балдардан сурагыла:
• Башкы каарман өзүн кандай сезди? Ойлонуп, жооп бергиле, силер да ушундай сезимге
кабылдыңар беле? Кандай кырдаалда өзүңөрдү жаман сездиңер эле?
• Эмне үчүн башкы каарман, башынан эле бир топко кошулуп, алар сунуш кылган нерсени
жасагысы келген жок?
• Акыры эмне үчүн туруштук бере алган жок?.
• Балдардан сурагыла, кимдир-бирөөнүн тобокелчиликке баруусунун себебин түшүнүшөбү, же
жөн эле күнөөлөшөбү?
• Эгер башкы каарман кошулбай койгондо, эмне болот эле, ал эми кылмыштуу топко кошулуп
кеткендеги зыяндуу көнүмүшүнүн кесепеттери кандай болоорун элестеткенге аракет
кылгыла.
• Аны ушул топ менен байлап салган арканды (зыяндуу көнүмүш адатты) балдар
түшүнүштүбү?
• Ушул кырдаалдан чыгууга жол барбы, болсо кандай?
Окуучуларга каармандын кабыл алган чечиминин оң жана терс жактарын ойлонууга түрткү
бергиле.
Балдарга ар кандай кырдаалдан чыгууга жол табылаарын, кээде оор болоор, бирок сөзсүз чыгууга
боло турганын эскерткиле. Бирок муну жалгыздап чечүүгө мүмкүн эместигин айтып (эстафетанын
катышуучусуна жардамчы керек болгон кырдаалды балдарга эстеткиле).
Балдар өз турмушун ойлонууга түрткү бергиле. Мүмкүн, алардын ичинен кимдир-бирөө ушундай
кырдаалга көз каранды болуп турбасын, балким, кимдир-бирөө коркунучтун кырында тургандыр.
52
2-пантомима
Балдарды анча чоң эмес топторго бөлгүлө. Кайсы бир кырдаалды эстөөгө тапшырма
бергиле. Андан кийин алар кандайдыр бир коркунучтуу кырдаалды ойлоп таап, пантомима кылып
көрсөтүшсүн.
Окуучулар менен мындай кырдаалга туш болгондун себептерин талкуулагыла.
Сабактын негизги учурларын балдар менен чогуу кайталагыла. Бир жыл ичинде алар үйрөнгөн
ыкмаларынын негизинде, зыяндуу көнүмүштөрдөн арылууга, коркунучтуу кырдаалдарга кабылбоого
ушул алган билимдеринин жардамы менен үйрөнө тургандарын айткыла.
2-сабак. «Бизге кошулгула»
Сабактын максаты: Балдарга алардын турмушунда теңтуштары тарабынан кысым көрсөтүлүп,
кандайдыр бир жаман нерсени жасоого түртө турган жагдайлар болуп калаарын көрсөтүү. Кимдир-
бирөөнүн кысымы астында баңгизатка, спирт ичимдигин ичүүгө, талап-тоноочулукка барып
жаткандарын балдардын түшүнүүсүнө түрткү берүү. Ушундай кысымга каршы турууга эрки жете
турган чыдамкай мүнөздү тарбиялоого жардам берүү керек.
Сабактын көрсөтмөлөрү: момпосуйлар, тапшырма жазылган баракчалар, маркерлер, кагаз,
шейшеп жана анча чоң эмес топтор.
Көнүгүү. Балдар бөлмөнү аралап басып жүрүшөт. Алып баруучу бир санды үнүн катуу чыгарып
айтканда, баары айтылган санга туура келе турган топторго бөлүнүп, кол кармашып туруп калышат.
Алып баруучу оюн көңүлдүү уланыш үчүн сандарды тез-тез кайталап айтышы керек.
Балдар айтылган сандагы топко так бөлүнө албай, оюнчулар ашып кала тургандай сандарды
атоо керек. Оюнду «2» деген сан менен бүтүрүп, балдарды кийинки оюнга өткүчө жуптары менен
туруп туруусун өтүнүү керек.
Талкуулоо. Окуучуларга теңтуштарынын кайсы бир тобуна кошулуу кандай болоорун сүйлөшө
турганыңарды эскерткиле. Ошондой эле окуучулардын кимдир-бирөө кандай топтун мүчөсү экенин
айтып берсин.
Балдардан тигил же бул топко кошулгулары келеби, келбесе эмне үчүн экендигин сурагыла.
Кайсы бир топтун мүчөсү болуунун кандай артыкчылыктары бар? Кандай тескери учурлары болот?
Тапшырма. Балдарды анча чоң эмес эки командага бөлгүлө. Алгач ар бир катышуучуга бирден
баракча бергиле. «А» командасындагылардын ар бир катышуучусуна төмөндөгүдөй мазмундагы
баракчаларды бергиле: «Силердин топтогу башка балдардын баарын момпосуйларын жеп салууга
үгүттөгүлө, бирок өзүңөр момпосуюңарды жебей тургула».
«Б» командасындагылардын ар бирине төмөнкү мазмундагы баракчаларды бергиле: «Өзүңөрдүн
момпосуюңарды жебегиле. Топтун башка балдарын да момпосуйларын жебөөгө үгүттөгүлө».
Окуучулар баракчада жазылгандарды окугандан кийин, момпосуйларды таратып бергиле. Эки мүнөт
аралыгында окуучулар тапшырманы кандай аткарганын байкап тургула.
Талкуулоо. Оюн учурунда катышуучулар эмнени сезишти? Балдардан сурагыла, айтылгандарды
командада ошо замат аткаргандар болдубу? Жанындагылар айтканды аткарып жатканын көргөндө
балдар эмнени сезишти? Айтканды аткарбай койгон балдарды көргөндө эмнени сезишти? Айткан
нерсени тетири жасоого үгүттөгөн балдар болдубу? Ошондой жасоого мажбурлаган учурда балдар
өздөрүн кандай сезишкенин сурагыла. Башка балдардын айткандарын угуштубу, эмне үчүн алар
айткан нерсени жасабай коюшту? Катышуучулардын кимиси баракта жазылган буйрукту бузду жана
эмне үчүн бузду?
53
Баарлашуу. Адамдын сөлөкөтүн чоң кылып тарткыла. Балдардын көңүлүн төмөнкү кырдаалга
бургула: жолдошторуңарга жолугуп калдыңар. Алардын ичинен бирөөсү кичине балдардын уюлдук
телефондорун тартып алалы деп сунуш киргизди. Сенин досуң алар менен чогуу бараарын айтып,
сени да азгырды.
Башка бирөөлөрдүн сунуштарын аткаруу же аткарбоону балдар менен чогуу ойлонгула. Ошондой
учурлардын тизмесин жазып, эки бөлүккө бөлгүлө, мындай учурлар сырттан (башка адамдардын
кысымы аркылуу же шартка жараша) жана ичтен (өзүлөрү чечип) болоорун бөлүп көрсөткүлө.
Адамдын тартылган сөлөкөтүнүн ичине жазгыла. Адам көпчүлүктүн оюна кошулуп кетүүсүнө
кандай сезимдер түрткү болот, мисалы:
• жалгыздык сезими;
• бир топтун мүчөсү болууну каалоо;
• өзүнүн каршылыгына көпчүлүктүн реакциясынан коркуу;
• өзүнүн чоңоюп калганын башкаларга көрсөтүү;
• психоактивдүү заттарга жакындыгы.
Сөлөкөттүн сыртына тартылган сызыктар аркылуу, адамга сырттан таасир берүүчү факторлорду
жазгыла. Мисалы:
• досторунун таасири;
• жарнамалардын таасири;
• телекөрсөтүүлөрдүн таасири;
• үй-бүлөнүн таасири;
• акчанын таасири.
Чыныгы турмуштагы кырдаалды талкуулоо. Балдардан кимдир-бирөө өзү каалабаган
нерсени жасоого түрткөн кырдаал болгонун, же мүмкүн өзү каалабаса да достору жасаган нерсени
жасаган учуру болгонун сурагыла. Балдардан ошондой учурлардан мисал келтирүүсүн сурап, эмне
үчүн экенин түшүндүрүп берүүсүн өтүнүңүз. Ошондой ишти жасаардан мурда, же жасап койгондон
кийин кандай абалда болгондорун балдар айтып беришсин.
Идеяларды табуу. Талкуунун жүрүшүндө теңтуштарынын кысымына каршы турууга жардам
берчү ыкмаларды балдар менен чогуу тапкыла. Топко кошулган теңтуштарынын таасирине ар
бир катышуучунун кандай мамиле кылганын кыскача сүйлөшкүлө. Кимиси туура кыймыл-аракет
жасады?
Теңтуштарынын кысымы кандай күчтүү болсо да каршы турууга ар биринин күчү да, ыкмасы да
жетээрине балдарды ишендиргиле. Теңтуштарынын кысымына каршы турууга балдар бири-бирине
кеңеш берүүсүн тапшыргыла. Бул үчүн алгач «жок» дегенди ишенимдүү жана так айтууну үйрөнүү
керек.
Сабактын жүрүшүндө балдарды досторду туура тандоо керек деген чечимге алып келгиле.
Анткени чыныгы дос эч качан тетири иш жасоого мажбурлабайт. Чогуу жүргөн топтогу балдардын
кызыкчылыгынан өзүңөрдүн кызыкчылыгыңар кем эмес.
3-сабак. «Мен эрдик кыла алам»
Сабактын максаты: «Эрдик» деген сөздүн маанисин түшүнүү үчүн балдар өздөрүнүн
жашоолоруна карап, алар эрдик кылганбы, же жокпу, байкаштырууга мүмкүндүк берүү. Балдар эрктүү
болуштун ыкмаларын үйрөнүүлөрү керек.
Сабактын куралдары: картошка, тамгалар жазылган баракчалар, ар бир тамга биригип «эрдик»
деген сөздү түзүш керек, (эки түр) кагаз, ар бир балага бирден кызыл жана жашыл карандаштар.
Көнүгүү. Эстафета - ар кайсы тамгалардан ким биринчи «эрдик» деген сөздү түзө алат.
Балдарды эки командага бөлгүлө. Биринчи катышуучулар картошканы тизелеринин ортосуна
кысып алып басышат же секиришет, ошентип бөлмөнүн экинчи учуна жетишет, ал жерде «эрдик»
54
деп жазылган баракчалар жатат. Бир тамгасын алып, кайра басып же секирип келиши керек. Ал
жерден картошканы башка катышуучуга берип, ал кайра баарын ошондой кылып кайталайт. Команда
баардык тамгаларды чогултмайын ойной бериш керек. Кайрадан тамгалардан «эрдик» деген сөздү
жазып, бардыгы чогуу катуу окуш керек.
«Эрки эң күчтүү адамды тандоо» деген кыскача спектакль
Окуучуларга бүгүн эрки эң күчтүү адамды тандаарыңарды айткыла. Үч талапкер алдыга чыгып,
эрки эң күчтүү экендигине ынандырып, өзү үчүн добуш берүүгө чакырат.
Биринчи талапкер: «Мен өзгөчө эрктүү адаммын, анткени азыр эки миң сом акчам бар. Өзүмдөн
бою бийик жана жашы улуу балдарды «сындыруу» кыйынга турду, бирок мен өз курбуларымдын
баштоочусу болдум. Биз өтө тобокелге бардык, анткени бизди милиция кармап, жашы жете элек
кылмышкерлерди окуткан атайын мектептерге жиберип ийиши, же бизден күчтүү балдар сабап
коюшу мүмкүн болчу. Бирок биз куралданып алганбыз жана тигилердин акчаларын өтө катаалдык
менен талап кылдык. Менден башка эч ким мындай кыла албайт болчу. Мен үчүн «добуш» бергиле,
мен аябай эрктүү адаммын».
Экинчи талапкер: «Мен аябай эрктүү адаммын, анткени бир жолу буркан-шаркан сууга түшүп
кеткен баланы көрдүм. Толкундар абдан чоң эле, мен коркуп аттым. Бирок өзүмдү токтотуп, сууга
секирип түштүм да, чөгүп бараткан баланы сактап калдым. Өзүмдү дүйнөдөгү эң эрктүү адам деп
эсептейм, анткени мен өз өмүрүмдү тобокелге салбадымбы».
Үчүнчү талапкер: «Менин эрким башкалардыкынан күчтүүрөөк деп ойлойм. Менин эмне
кылганымды уксаңар. Биздин топ өтө чоң эле, менин досторум көп болчу. Бир жолу топтогу балдар
бир өспүрүмдү шылдыңдап, кордоп атышканын көрүп калдым. Мен бул туура эмес деп ойлоп,
тезинен токтотууну сурандым. Анда алар мени да шылдыңдап, эгер аларды жактабасам, алар менен
чогуу жүрбөй турганымды айтышты. Мен досторумду жоготуп коёрума карабай, өз оюмда турдум.
Алардын кылган иштери ыплас болчу. Азыр менин ал досторум жок, бирок мен сыймыктанам, мен
туура иш кылдым, эрки күчтүүлүк ушундай кадамдарды жасоого керек болот деп ойлойм. Мага добуш
бергиле».
Балдарга өздөрү каалаган талапкерди тандоосуна мүмкүндүк бериш керек. Эмне үчүн тигил же
бул талапкерди тандаганын балдардан сурагыла. Бири-биринин тандоолору жөнүндө мүмкүнчүлүгүнө
жараша өз ойлорун бөлүшсүн.
Талкууда «эрдик» деген сөздүн чыныгы маанисин түшүнүүгө балдар менен кошо аракет кылгыла.
Эгер адам башка бирөөнүн укугун тебелеп, жаман иш жасап жатса, муну «эрдик» деп атоого болбойт.
Көп убакта айланасындагылардын каршылыгына туруштук берип, өз ишенимин сактап калуу, (эгер
бул башка адамдарга зыян алып келбесе), чыныгы эрки күчтүүлүктү билдирет. Себеби өз оюн,
ишенимдерин сактап калуу анык эрдикти талап кылат.
Эрки күчтүүлүккө тест
«Өзүңдүн эркиңдин күчтүүлүгүн текшерип көр»
Мугалим улам бир сүйлөмдү окуйт, балдар өздөрүнүн баракчаларына эгер бул сүйлөм аларга
тиешелүү болсо, жашыл карандаш менен, эгер сүйлөмдүн аларга тиешеси жок болсо, кызыл
карандаш менен белги коюшат. Тесттин сүйлөмдөрү алдын ала таратылып берилет:
• досторумдун мен жөнүндө эмне ойлоп жатканы, мен үчүн өтө маанилүү;
• досторум эмнени айтса, дайыма ошону жасайм;
• достору жок калгандан абдан корком;
• адашып калуудан дайыма корком;
• эмнеси туура, же туура эмес экенин ойлонбойм, башкалар кандай кылса, ошондой жасай
берем;
55
• акыйкатсыздыкка кабылганда эчтеке кылбайм, себеби мен эч нерсени өзгөртө албасымды
билем;
• топтун ичинде бир нерсени талкуулап жатканда, көбүнчө унчукпайм;
• менин оюм анча деле мааниге ээ эмес;
• менин оюм өзүм үчүн маанилүү, бирок айткандан корком.
Андан кийин балдардан сүйлөмдөргө койгон түстүү белгилерин санап чыгууну өтүнгүлө. Кызыл
чекиттер канчалык көп болсо, алар өздөрүнө ошончо ишенип, ошончо эрки күчтүү болот.
Айтылгандарды кыска жыйынтыктагыла. Талаш-тартыш убагында, ар бир эрки күчтүү адамдын
өзүнүн баалуулуктары бар экенине жана аларды сактоо керектигине балдардын көңүлүн буруш керек.
Мындай адам өзү үчүн оор абалда да акыйкаттык, чындык үчүн күрөшөт. Башкалар аны менен макул
болбосо да, өз оюн айтуудан коркпойт, ийгиликке жетишпей калуу коркунучу мындай адамды токтото
албайт. Ал үчүн бирөөнүн артынан ээрчигенден көрө, өз ишенимин сактап калуу артык.
Окуучулардан сурагыла, эрки күчтүү болуу жеңилби? Эмне үчүн жеңил эмес? Өзүңөрдүн эрки
күчтүүлүгүңөрдү көрсөткөн кырдаалдарды эстегиле. Балдардан өз турмушундагы ошондой окуяларды
айтып берүүсүн сурагыла. Эрктүүлүк төрөлгөндөн башталабы, эрктүү болуу үчүн адамга эмне кылуу
керек экендигин балдар менен талкуулагыла.
Талкуу убагында зоот кийимчен жоокердин сүрөтүн тарткыла: шлем, калкан, кылыч, өтүк.
Жоокер жебеден коргонуу үчүн шлем киет. Эрки күчтүү адам турмушта кандай максаттарды
көздөгөнүн өзү билет жана ага жетүү үчүн баардыгын жасайт.
Жоокер өзүн жаанын огунан коргош үчүн калкан алат. Туура эмес баалуулуктар жаанын огу
болуп эсептелет. Өзүнүн ким экенин жана эмнеге ишенээрин душманына көрсөтүү үчүн калканга
өзүнүн баалуулуктарын жазып коюу керек.
Ар ким өзү үчүн турмушунда эмне баалуу жана маанилүү экенин чечип алышы керек. Мисалы,
чынчыл болуу маанилүүбү, же жокпу? Балким башкалар сага таяныш үчүн ишенимдүү болуу
керекпи? Өз убадаларын так аткаруу маанилүүбү? Башкалар жөнүндө кам көрүүнү үйрөнүү керектир?
Ошондой эле турмушуңарда мүмкүн болушунча эртерээк чечип алчу маселелер бар, мисалы: тамеки
тартасыңарбы, өз жарыңарга ишенимдүү болосуңарбы, арак ичесиңерби, криминалга киресиңерби,
акча доолайсыңарбы, же пара бересиңерби? Ишенимдериңер канчалык туура болсо, ошончолук
күчтүү болосуңар.
Балдар менен чогуу башка ишенимдер, баалуулуктар жөнүндө ой бөлүшүп, аларды жоокердин
калканына жазып койгула.
Жоокерге өтүк тарткыла, ал өзүнүн (ишенимдерин жана баалуулуктарын) иш жүзүндө
аткаруусунда жүрүм-турумунан көргөзүш үчүн керек.
Силерге эмне маанилүү экендигин аныктагандан кийин, өзүңөрдүн ишенимдериңерге жараша
жашоого аракет кылгыла, мисалы: эч качан калп айтпоо керек, өзгөлөргө көмөк көрсөтүү керек,
буларды айтып гана тим болбостон, иш жүзүндө аткаруу керек.
Жоокерге ошондой эле курч кылыч керек, акыйкатсыздыкка, калпычылыкка, зулумдукка каршы
күрөшүү үчүн, бирок зомбулук көрсөтпөй, сөздүн күчү менен ишендирүү керек.
Досторуңду жоготуп алуудан коркпой, «жок» деп айтканды, өз оюңду так, даана «мен» деп
айтуудан баштаганды үйрөн.
«Кырдаалды туура баалоону кантип үйрөнүү керек»
Балдардын көңүлүнө кыска кырдаалды түзүп көрсөтүп, ошол кырдаалга карата балдардын оюн
билүү үчүн тапшырма бергиле: эгер түзүлгөн кырдаал эрки күчтүүлүктү көрсөтсө, балдар «У-у-у!» деп
кыйкырышы керек, эгер эрдик экен деп чечишсе, «Эрдик!» деп кыйкырып кол чабуулары керек.
56
Кырдаалдар
• Топтошкон кыздар көчөдөн бир кыздын акчасын тартып алууга аракеттенип жатышканын
өспүрүм бала көрүп калат. Ал кыздарга жакын келип, акчасын тарттырып жаткан кызды
өзү менен кетүүгө чакырат.
• Өспүрүмдөр тобу чогулуп алып, акча уурдайбыз деп сүйлөшүп жатканын угуп калдыңар,
ошондо алар туура эмес иш кылып жатканын айттыңар.
• Силер тамеки чегүү зыян экенин билесиңер, ошондуктан тамеки чегүүдөн баш
тарттыңар.
• Силер спирт ичимдиктерин ичпейли деп чечтиңер. Бардыгыңар спирт ичимдигин ичкен
топко келип калдыңар, ошондо силер бир гана жолу кичине сыра ичип койсоңор, коркунучтуу
эч нерсе деле болбойт деп чечтиңер.
• Силердин топтогу балдар топтун арасынан бирөөнү дайыма келекелеп, шылдыңдай
беришет, силер кошулган жоксуңар, аны менен досторчо мамилени уланта бердиңер.
• Топтогу балдар жыныстык жашоону али биле элек балдарды шылдыңдай беришет, силер
ошондой балдардын катарына киресиңер, бирок жооп берген жоксуңар.
• Футбол ойноп жатып, кокусунан терезени сындырып алдыңар, өзүңөргө кыйын болоорун
билип турсаңар да, баары бир чындыкты айтууну чечтиңер.
• Улуу адам жыныстык мамилелешүүгө өзүнө жаш кыз издеп, силерден кайсы бир классташ
кызыңарды ээрчитип келүүнү суранат. Ал үчүн акча төлөйм дейт. Силер макул болосуңар,
себеби, эгер кыз силерди ээрчисе, ал анын өз иши, буга биздин эч тиешебиз жок деп
ойлойсуңар.
Жыйынтыктар. Бул сабактан жакшы эмнени үйрөнгөнүн, өз турмушунда эмнени өзгөрткүлөрү
келээрин балдардан сурагыла. Азыр эле белгилүү болгон туура эмес кадамдарды ашкерелеп
жатышса да, өздөрү так ушундай кылаарына кепилдик жок экенине балдардын көңүлүн бургула.
Бирок ушуга окшогон кырдаалдардын үстүнөн ой жүгүртүү балдардын жүрүм-турумун өзгөртүүгө
мүмкүндүк түзөт.
57
4-кошумча
АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ИШТӨӨ ҮЧҮН КӨРСӨТМӨЛӨР
Ата-энелер өспүрүмдөргө кичине баладай мамиле кылганда, өздөрүнө болгон мамилени
өзгөртүш үчүн, балдар ар түрдүү каршылык көрсөтүшөт. Ошентип улуулар акыры өспүрүмдүн көп
талап кылууларынан кийин жаңыча мамиле кылууга өтүшөт. Бул процесс дайыма эле оңой боло
бербейт, себеби баланын чоңдорго көз карандылыгынын көп жактары бар: бул баланын коомдогу орду,
материалдык толук көз карандылык, баланы дайыма көзөмөлдөө, багыттап турууга умтулуу,өспүрүм
балалык мүнөздөрүнөн арыла элек.
Өспүрүмдүн өткөөл мезгилдеги психологиялык өзгөчөлүктөрүнө, маанайынын тез өзгөрүп
турушуна байланыштуу аны менен тил табышуу кыйынга турат. Чукул мезгилдин ичинде баланын
кыялы тескерисинче өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ой-кыялынын өйдө-төмөн өзгөрүп туруусу өспүрүмдүн
жүрүм-турумун туура эмес баалоого түрткү болот.
Авторитардык ыкманын түйшүктөрү - бул ата-эне менен баланын ортосундагы эле мамиленин
көйгөйү эмес. Мунун артында өспүрүмдүн башка адамдарга кылган мамилесинин калыптанып келе
жаткан ыкмасы көрүнүп турат. Ал өзүн жазаланбастай сезет. Авторитардык үй-бүлөдө чоңойгон
бала курбуларына катаал мамиле кылат, улууларды сыйлабайт, өзүнүн эркиндигин даңазалап,
коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелерин бузат. Өзгө адамдар менен мындай өспүрүм алсыз,
тартынчаак болуп (жер карап, акырын сүйлөйт), же өтө эле чалчактап, оюна келгенди кылат. Ошол
эле убакта үй-бүлөдөгү сый-урмат мамиледе чоңойгон өспүрүм адамдарга мамиле кылганды билип,
ачык-айрым болот.
Балаңыздын же кызыңыздын көзүнчө өзүңүздүн кыял-жоруктарыңызды көрсөтпөңүз. Мамиле
кылганды балдар алгач өз үйлөрүнөн үйрөнүшөт: үйүндө зордук-зомбулук өкүм сүргөн бала,
көйгөйлөрдү башкача жол менен чечүүгө болоорун, атүгүл, билбейт. Үйүндө кысымга алынган бала,
башка бирөөгө да ошондой мамиле кылууну көздөй баштайт.
Өспүрүм өзүнө көңүл бурулбаганын, камкордук көрүлбөгөнүн, жасалма мамилелерди сезгичтик
менен кабыл алат. Өзүн ашыкбаш сезип, жүк болуп жатканын байкайт. Натыйжада өспүрүм өзүнчө
болуп, көбүнчө өзүнүн жашыруун дүйнөсүндө жашай баштайт.
Ата-энелердин өзгөчө бапестеп, көзөмөлдөөсү дагы өзүнүн тетири кесепеттерин алып келет:
өспүрүм өз алдынча боло албай, эркин жүргөндү үйрөнө албайт. Бул учурда анын эркиндикти
каалоосу күчөп кетет. Улуулар болсо баласын теңтуштарына кошпой, катуу көзөмөлгө алышат. Мунун
негизинде ата-эне менен баланын ортосундагы каршылык күчөйт.
Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, ата-энесинин бапестөөсүнөн кутулуу өспүрүм
курактагылардын психологиялык максаттарынын негизгиси. Өткөөл мезгилдин учурунда ата-
эненин бапестөөсү бара-бара башка социалдык мамилелерге көз карандылыкты жаратат (ошону
менен бирге ата-энеси, үй-бүлөсү менен эмоционалдуу байланыш үзүлбөйт). Бул өтмөк учур жаш
өспүрүмгө да, улууларга да кыйынчылык туудурат.
Улуулардын балдарга тең укуктуу мамиле кылуусуна тоскоол болгон себептер:
• өспүрүмдүн коомдогу ордунун өзгөрбөгөндүгү - анткени ал азырынча окуучу;
• ата-энеге материалдык көз карандылык;
• чоңдордун көнүмүш тарбиялоо ыкмасы - баланы көзөмөлдөп, башкарып туруу;
• өспүрүмдө балалык мүнөздүн сакталып калышы.
Ошондуктан чоң кишилер биринчи кезекте өспүрүмгө кичине бала катары карабоосу тарбиянын
жеңиши болуп саналат. Натыйжада жаңы социалдык кырдаалы өнүгөт, моралдык ченемдер
калыптанат, анын негизинде социалдык карым-катнаштар түзүлөт.
58
Өспүрүмдөгү өзүн-өзү баалоонун мүнөзү бул же тигил инсандык үлгүлөрдүн түзүлүшүн аныктайт.
Мисалы, өспүрүмдүн туура жүрүм-турум деңгээли анын өзүнө-өзү ишенүүсүн, өзүн-өзү сындоосун,
туруктуулукту, ал эми туура эмес жүрүм-турум өзүн жогору баалоосун, өзүн сындай албастыгын
калыптандырат.
Балдарда, 8 жаш чамаларынан баштап өздөрүнүн ар кандай ийгилик, жетишкендиктерин баалай
билүү жөндөмү өнүгөт. Алардын ичинен эң көрүнүктүүлөрү: мектептеги жетишкендиктери, сырткы
келбети, жөндөмү, жүрүм-туруму жана социалдык кабыл алуусу. Бирок өспүрүм куракта мектептеги
баалары менен жүрүм-туруму ата-энелерине гана керек болуп, калган үч белги теңтуштары үчүн
баалуу болот.
Өзүн-өзү туура баалаган өспүрүмдөрдүн кызыкчылыктары көп, иш-аракеттери ар тармактуу
болот, инсандар арасында ынанымдуу, максаттуу мамиле түзүп, өзүн жана башкаларды аңдап-
билүүсү өнүгөт.
Өзүн-өзү баалоосу төмөн өспүрүмдөр депрессияга көп туш болушат.
Адам дайыма ар кандай социалдык карым-катнашта болот, ошондуктан айлана-
чөйрөсүндөгүлөрдүн баалоосуна сөзсүз көз карандылык болушу керек.
Социалдык колдоонун төрт булагынын ичинен (ата-эне, мугалимдер, классташтар, жакын
достору) ата-энеси менен классташтарынын мамилеси өспүрүмдүн өзүн-өзү баалоосуна терең
таасир берет.
Өспүрүм куракты изилдөөнүн көптөгөн натыйжалары, ата-мекендик жана чет элдик адабияттарда
көрсөтүлгөндөй, азыркы учурда ата-эненин таасири азайып, топтошуп чогуу жүргөн теңтуштарынын
таасири жогорулаганын белгилейт. Бирок өспүрүм ошону менен ата-энесинен алыстап кетти деп
айтуу туура эмес. Кайсы жерде коопсуз болот деген суроого көбүнчө «үйдө» деп жооп берүү,
«жолдошторум менен бирге» дегендей эле көп болот.
Өзүн-өзү жакшы жагынан баалоо инсандын туура
өнүгүүсүнүн шарты
Ата-энеси баласынын кызыкчылыктары менен жөндөмүн баалабоосу тескери натыйжага алып
келиши мүмкүн. Башталгыч класстарда бала жашын жутуп унчукпай тура бергени менен, сегизинчи
класска келип калган убакта чогулган ич күптүсү сыртка чыгып, ата-энесин, үй-бүлөсүн жек көрүп
калышы ыктымал. Мындай убакта баланын көңүлүн кайра үй-бүлөгө буруш өтө кыйын болуп калат, ал
эми ата-энесинин түшүнбөстүгүн, баалабоосун унутпаганынын белгилери түбөлүккө сакталып калат.
Эгер ата-эне баласын баалаган болсо, анын баркын көтөрүшүп, жакшы жактарын айтып,
кичинекей ийгилиги үчүн да кубаттап, турмуштук кыйынчылыктарда жардамдашышы керек. Баланы
түшүнүү, демек бул баланын өзүн-өзү баалоосун жогорулатып, өзүнө ишенимин арттырат.
Балдар менен сүйлөшүүдө төмөнкү сүйлөмдөрдү колдонбоо зарыл:
• «Мен сага миң жолу айттым...»;
• «Канча жолу кайталаш керек...»;
• «Эмнени ойлоносуң өзүң...»;
• «Ушуну эстеп калыш сен үчүн оорбу...»;
• «Эмне болуп баратасың...»;
• «Сен так эле ...»;
• «Ары турчу, менин убактым жок...»;
• «Нурай (Данияр, Баястан ж. б.) тигиндей, а сен болсо...»
Балдарга мүмкүн болушунча көбүрөөк айтылчу сөздөр:
59
• «Сен менин эң акылдуумсуң (сулуумсуң ж. б.)»;
• «Сенин барың кандай жакшы...»;
• «Сен менин кыйынымсың...»;
• «Мен сени аябай жакшы көрөм»;
• «Кандай сонун жасагансың, мени да үйрөтчү»;
• «Сага рахмат, мен сага аябай ыраазымын»;
• «Сен болбосоң, мен эч качан бүтүрө алмак эмесмин».
Ата-энелер чогулушу
Ата-энелер чогулушка үзбөй, дайыма катышыш үчүн, аларга көңүлдүү конкурстарды уюштуруу
керек.
Максаты: Мугалимдер менен ата-энелердин ортосундагы психологиялык ажырымды кыскартуу;
ата-энелерге өз баласынын курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жардам берүү.
Командаларды тааныштыруу. Командалар өз орундарын ээлешет. Мугалимдин тандоосу менен
бир команда ата-энелер, экинчи команда балдар болушу керек, же аралаш команда болушу мүмкүн.
Бирок ата-энеси менен баласы ар башка командада болушу зарыл.
1-тур: «Көнүгүүлөр - күлдүргүч табышмактар»
Командалар үчүн табышмактар:
1. Карасаң союл, ачсаң - канат. (Кол чатыр)
2. Короодо ийилип иш кылат, үйгө алып кирсең, суналып жатып калат. (Балта)
3. Учат, бирок куш эмес, улуйт, бирок жырткыч эмес. (Шамал)
4. Мен булутмун, туманмын, булакмын, океанмын, учам, чуркайм, айнектей тоңуп калам. (Суу)
5. Ичи - көңдөй, үнү - корулдак, өзү унчукпайт, урса - даңгырайт. (Барабан)
6. Эжеси инисине конокко барат, иниси эжесинен жашынып калат. (Күн менен ай)
7. Жайында уктап, кышында жейт, денеси жылуу, кан-сөөлү жок дейт. (Меш)
8. Ким келет, ким кетет, баары колунан кармап өтөт. ( Каалга)
9. Тоголок, бирок ай эмес, жапжашыл, бирок терек эмес,куйругу бар, чычкан эмес. (Арбуз)
10. Бир алдыга, бир артка, жылып жүрөт пароход, токтотсоң - күйөт, баарын тешип өтөт. (Үтүк)
11. Учпайт да, ызылдабайт, көчөдө коңуз чуркайт, коңуздун көздөрүнөн жалтырап учкун чыгат.
(Автоунаа)
12. Алиппенин бетинде отуз алты баатыр бар, сен аларды окуп, чечип ал. (Алфавит)
13. Колу жок, сүрөт тартат, тиши жок, тиштейт, от эмес, бирок каарыйт. (Суук)
14. Мүйүз, бирок сүзбөйт. (Ай)
2-тур. «Челектеги айланкөчөктөр»
Командалар үчүн суроолор:
1. «Эртең» деген сөз ким үчүн ойлонуп табылган?
2. Колуңар менен абага сүрөт тартып, каршылаш командага көрсөткүлө. Эмненин сүрөтү экенин
табышсын.
3. Мимика, кыймыл-аракетиңер менен оюнга кандай маанайда келгениңерди билдиргиле.
4. Тарбиячынын балага ачууланган кебетесин көрсөткүлө.
5. Кичинекей кыялкеч бала менен учуп жүрчү семиз адамдын атын айткыла, аларга ишендирүү,
таң калтыруу мүнөздүү.
60
3-тур. «Ата-энелер менен балдардын биргелешип тарткан
сүрөтү1»
Көпчүлүк ата-эне балдары коргонуу эрежесин билиши кажет эмес деп ойлошот, ошон үчүн ата-
эненин макулдугу жок балдар менен иш алып баруу мүмкүн эмес. Ата-эне менен биринчи жолугушууда
балдары үчүн коргонуунун төмөнкүдөй ыкмаларын сунуштоо керек:
1. Балага «жок» дегенди ачык, даана, ишенимдүү айтууга үйрөтүү.
2. Ата-энелерге балдары менен чогуу пароль ойлоп табууну сунуштагыла, кооптуу учурда ошол
белгини колдонуу үчүн. Бул бир сөз, же сүйлөм болушу мүмкүн, бирок мааниси бир: «Мен
коркунучтамын! Мага жардам керек!» дегенди түшүндүрө турган.
3. Балдар үчүн коргонуу эрежелери жазылган маалымат баракчаны ата-энелерге таратып
берүү керек, аларды балдарга үйрөтүү зарыл.
4. Ата-энесинин коштоосу жок жүргөн балдарга алдын-ала дайыма бир гана жол менен басуу
керектигин көрсөтүп, үйрөтүш керек, ошондо да алгач баланы жетелеп, ошол жолго көндүрүү
керек. Эгер улуулар (ата-энеси, эжеси же агасы) баланы мектептен (бассейнден, секциялык
машыгуулардан, ийримдерден ж. б.) тосуп ала албаса, анда ал үйгө жолдошторунун, же
теңтуштарынын тобу менен бирге кайтуусу зарыл.
5. Үйгө жалгыз кайта турган балага ачкычты сактоону, ачкыч жоголуп кеткен учурда эмне
кылууну үйрөтүү керек. Ар бир жолу үйдөн чыкканда жанында ачкыч барын текшерип турууну
адатка айландыруу керек.
6. Эгер бала көп убактысын көчөдө, короодо өткөрө турган болсо, кайсы жерге чейин барууга
мүмкүн болгон чектерди даана белгилеп айтуу керек.
7. Дайыма кылган иштери тууралуу айтып туруу эрежеси ата-энеге баласынын кайда жүрүп,
кандай иш кылаары тууралуу билип туруусуна жардам берет. Үй-бүлөлүк мындай салт -
баланы коргоонун дагы бир шарты.
8. Ата-энелер балдары менен «балким, эгер...» деген оюнду ойносо болот, оюндун маалында
алган маалыматтарын балдар кийин кайсы бир жагдайда колдонушу мүмкүн.
Мисалы:
• «Сен короодо ойноп жатканда, сага бир чоочун киши келип, жардам берип, аялдамага чейин
узатып коюшуңду сурады, сен эмне кыласың?»
• «Балким, мисалы, эгер сен көчөдө кетип баратсаң, машинеде отурган бирөө, сени машинеде
ойноп келели деп чакырды, сен эмне кыласың?»
• «Балким, мисалы, эгер биз экөөбүз чоң дүкөндө жүрүп, бири-бирибизден адашып кеттик
дейли, сен кандай кыласың?»
• «Балким, мисалы, эгер улуу адам сага, сен аябай жакшы көргөн таттуу нерселерди, же акча,
же дагы бир сенин оюңдагыдай нерсе сунуш кылсачы...» ж. б.
Балдарга коопсуз жашоонун жолдорун үйрөтүүдө ата-энелер балдардын оюн кунт коюп угуулары
керек: мисалы, бала бакчада, (мектепте) эмне менен алектенгендерин, жаңы эмнени билип,
эмнеге үйрөнгөндөрүнө кызыгуу.
Бул сунуштарды аткаруу баланын коопсуз аймагын түзүүдө ата-энелерге жардам берет.
Кантип көйгөйдүн алдын алууга болот?
Баланын рэкеттин «кысымында» калганын бат эле билсе болот.
Сак болгула, эгер:
• Бала түнт тартып, унчукпай калса;
• Мектепке барбастын амалын издей баштайт: ичи ооруйт, башы ооруйт, же кускусу келет;
• Бала кырдаалдан «чыгуунун» жолун табат. Башкача айтканда, мектепке кеткендей түр
көрсөтөт, бирок класска кирбейт. Үйгө кадимкисиндей келет, атүгүл мектептеги окуялардан
бир нерселерди айткансыйт, сабагын даярдамыш болот. Эгер ата-энеси көңүл бурбай,
мугалимдер кайдыгер болсо, мындай көрүнүш узакка созулушу мүмкүн;
1 Сүрөттөрдүн темасын мугалим тандайт.
61
• Кызы же баласы чөнтөк акчаны көбүрөөк сурай баштайт, кээде доочулардан кутулуу үчүн
акчаны уурдап да алышат;
• Кээ бир балдар өзү менен өзү болуп, эски достору менен жолукпай да калышат. Кээ бирөө,
тескерисинче, өзүнөн кичүүлөргө тийишип, агрессивдүү боло баштайт, себеби агрессия
агрессияны чакырат;
• Сиздин мектептеги балаңыз сабагын такыр окубай, көңүлсүз болуп, кичине эскертүүнү да
көтөрө албай, боздоп ыйлайт;
• Эң акырында, баланын денесиндеги көгөргөн тактарды көрөсүз. Тактардын кайдан пайда
болгонун балаңыз түзүктөп түшүндүрүп бере албайт.
Балаңыз менен тыгыз байланышта болуңуз, анын иштери, көңүлү жөнүндө көп сүйлөшүңүз,
кандай иш, кандай кыйынчылык болсо да жардам бере алаарыңызды айтып туруңуз, ошондо
кызыңыз же балаңыз сизге ачылып, жүрөк өйүгөн нерселерин айтып беришет. Теңтуштары менен
тил табышууга жардам бериңиз. Өзгөлөргө көп сүйлөй албаган жоош, момун балдар көп учурларда
байкалбай калышат.
Балаңыздын кайсы классташы менен мамилеси түз болсо, ошону колдоңуз. Ушуну менен кооптуу
учурдун алдын алса болот. Анткени, «куугунтукка алынып» жалгыз калып жапа чеккен, зомбулукка
чыдоонун чегине жеткен бала өз жанын кыюуга барат.Мындай кырдаалдарды башкаларга караганда
көбүрөөк билген психологдор эскертүү коңгуроосун кагышат: ата-энелердин кээде балдары менен
жөн эле сүйлөшүп коюуга убактылары жок, балдар барган сайын өздөрү менен өздөрү болуп
бара жатат. Андан башка да адистер өспүрүмдөр арасында суициддик (өзүн-өзү өлтүрүү) маанай
көбүрөөк байкала баштаганына кабатырланышат. Баарыдан мурда, мындай өзүн-өзү өлтүрүү ойлору
курбулары менен мамилесинде көйгөйлөрү бар балдарда көбүрөөк болот. Айла жок, кээде балдар
ойлонуп гана жүрө бербестен, ойлоонун акыркы чегине жетишет.
Окуучуларга Мыйзам бар экенин дайыма эскертип туруу керек. Тилекке каршы, көп балдар
мыйзамдын окуу жайларга тиешеси жок деп ойлошот. Чындыгында, баары мыйзамга баш ийет,
мыйзам баарын коргойт. Ким мыйзамды бузса, али бала болсо да, ал сөзсүз өз жазасын алаарын
балдарга дайыма түшүндүрүп айтуу керек.
Жүрүм-турумдун ар түрдүү ыкмаларын балдарга үйрөтүү зарыл. Талап-тоноочуларга кабылганда,
кырдаалды өзү баалаш керек экендигин түшүндүргүлө: кайсы убакта өз менчигин коргоп сактап
калышы керек, кайсы убакта өз өмүрүн тобокелге салбаш керектигин айткыла. Өзү теңдүү талап-
тоноочуларга, өзү канчалык жоош-момун болсо да, өз буюмун жөн эле тарттырып жибербеши керек.
Өз буюмун тарттырбоону классташтары менен чогуу сүйлөшүп чечүүсү туура, бирок өзүнөн улуу,
жогорку класстын балдарына, анын үстүнө алардын куралдары бар болсо, жалгыз чыкканы туура
эмес. Өзүнүн коопсуздугу баарынан жогору турушу керек. Тоноочунун сырткы келбетин, белгилерин
эстеп калып, мугалимге же ата-энесине айтса, ошол жетиштүү.
Сиздин балаңыз доочулуктун же кысым көрсөтүүнүн кайсы түрүнө болбосун жолуккан кезде, ошол
замат бул жөнүндө, кызмат абалы боюнча ушул ишке тиешеси барларга: окуу жайдын жетекчилерине,
класс жетекчисине, мектептин мүдүрүнүн окуу-тарбия иштери боюнча орун басарына, же өспүрүмдөр
менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлерине билдирүү керек.
Болгон окуянын себептерин табууга аракеттенгиле. Мугалимдер менен, ата-энелер менен, жана
башка балдар менен сүйлөшүп көргүлө. Күнөөлүү баланын өз оюн түшүндүрүүсүн уккула. Эгерде
өспүрүмдүн укук бузган, агрессивдүү кыймыл-аракетин убагында токтотпосо, кайра кайталанып,
катаал түргө өтүп кетээрин унутпагыла.
Балаңыз рэкетчи болсо, эмне кылуу керек?
• Бала менен анын кылык-жоруктары жөнүндө сүйлөшүп көрүңүз. Терс жүрүм-турумга түрткөн
кыял-жоруктарын сезүүгө жардам бериңиз. Өзүнүн туура эмес жүрүм-турумун түшүнүш үчүн
сиздин ишенимиңиз, жардамыңыз керек болот.
• Балаңызга чектөөлөрдү коюңуз. Эмнени жасап, эмнени жасабоону бала билиши керек.
• Өзгө адамдардын сезимдери тууралуу сүйлөшкүлө.
62
• Өзү капаланткан бала менен сүйлөшүп, кечирим суроосуна, ошол эле учурда өз беделин
түшүрүп албоосуна жардам бергиле. Бала өз кылгандары үчүн жооп берүүгө, келтирген
чыгымдарды төлөөгө үйрөнүшү керек.
• Баланын мектептеги жүрүм-турумун көзөмөлдөө керек. Башталгыч класстын окуучусу үчүн
«экиге окуган хулиган» дегенден өткөн жаман нерсе жок. Анын кесепеттерин өзүңүз да,
балаңыз да өмүр бою тартасыңар.
• Классташтары менен мамилеси түз болушуна салым кошуңуз.
• Туура эмес иштеринин кесепеттерине баланын көңүлүн буруңуз.
• Балага жакшы үлгү көрсөтүңүз: эмне жөнүндө кыялданып, ага жетүүгө кандай күч
жумшаганыңызды айтып бериңиз.
• Баланын кичинекей жетишкендигин да мактаңыз - бул анын өзүн-өзү баалоосун жогорулатат.
• Балага көп убакыт бөлүңүз, эркелетип, сүйлөшүп, жакшы көрөөрүңүздү белгилеп туруңуз.
• Керек болгондо, атайын адистерге жардамга кайрылыңыз.
Мүнөзү оор балдарына ата-энелер кандай мамиле
кылуулары керек?
• Ашкере тыюуларды, жазаларды колдонбогула. Мындай кыял-жоругунун себептерин издегиле.
Сиздин балаңызга өзгөчө мамиле керек экенин унутпаңыз.
• Аңдап-билүүгө кызыгуусун өөрчүткүлө. Кызыңызды же балаңызды ар түрдүү иштерге
кызыктырып, бирок дайыма көзөмөлдөп туруңуз.
• Аңгемелешкиле, түшүндүргүлө, бирок эч кандай шарт коюу болбосун, азыр эле оңолуп
кетүүсүн талап кылбагыла. Баланын күндүк режимине, чөйрөсүнө, бош убактысына өзгөртүүнү
бир убакта киргизгиле.
• Жүрүм-турумундагы кичинекей өзгөрүүнү да байкоого алгыла, анткени терс жүрүм-турум
адегенде чанда гана, убак-убагы менен көрүнө калат.
• Кийинчерээк чектен чыгуу көбөйүп, оң касиеттери азайып, бирок сакталып турат. Анан акыры,
терс кыялдары көнүмүш адатка айланат.
• Өспүрүмдүн күчтүү жактарын, тагыраак айтканда, оң касиеттерин таап, аларды колдонуп,
колунан келе турган тапшырмаларды берип өнүктүрүү керек. Эң негизгиси балага ишеним
керек!
• Мүнөзү оор балага - бактылуу болуу, жеңишке жетүү зор мааниге ээ. Бул анын өнүгүп-
өсүүсүнө өтө чоң өбөлгө түзөт. Бала менен катаал сөздөрдү колдонбой, жай сүйлөшүүгө
аракет кылгыла.
63
5-кошумча
ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨР МЕНЕН ИШТӨӨ БӨЛҮМҮНҮН
КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КӨРСӨТМӨЛӨР
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу кесиптештер!
Бүгүн биздин коомдун алдында турган эң актуалдуу, социалдык мааниси терең маселелердин
бири - өспүрүмдөр арасындагы кылмышты азайтуу жана алардын алдын алууну жогорку деңгээлге
чыгаруу болуп эсептелет. Өлкөдө татаал криминалдык абал сакталып турганынан улам, баарынан
мурда, өспүрүмдөрдүн коркунучтуу кылмыштарга баруусу бүгүнкү кундө азайбагандыгынан, алардын
арасында доочулук, же мындайча айтканда, «мектептеги рэкет» курч көйгөй болуп турганынан улам,
бул маселени тезинен чечүү зарыл. Бул сыяктуу кылмыштардын өтө тездикте жасалганынан жана
жашыруун калганынан улам укук коргоо органдарына алардын кичине гана бөлүгү белгилүү болот.
Өз кезегинде белгилей кетчү нерсе, жашы жете элек учур - инсандын татаал өсүү мезгили. Өтө тез
өткөнүнө карабастан, бул учур - ар бир адамдын андан аркы тагдырын чечет, себеби так ушул өспүрүм
куракта мүнөздүн эң негизги өзгөрүүлөрү жүрүп, социалдык чөйрөсүнүн, айланасындагылардын,
жакындарынын, коомдун таасири астында инсан катары калыптанат.
Акыркы он жылда коомдогу экономикалык кырдаалдын туруксуздугу жашы жете электердин
кылмышка баруусунун дагы бир чоң себеби болууда. Бардык мезгилдерде коомдун эң алсыз бөлүгү
болгондуктан, өспүрүмдөр мындан өзгөчө катуу жабыр тартышат. «Алсыздык» - бул чоң кишилер
туруштук берчү жагдайларга, ой-туюму токтоло элек, аңдап-билүүсү калыптана элек балдардын тез
таасирленип кетчү өзгөчөлүгү. Мыйзам жолу менен өздөрүнүн талаптарын аткара албаган учурда,
көпчүлүк өспүрүмдөр «акча жасай» башташат, керектүү буюмдарын, тамак-ашын, өздөрүнүн алына,
мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, көбүнчө кылмыш кылуу аркылуу табууга аракеттенишет.
Ушул жагдайды эске алып, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жаш өспүрүмдөр
менен иштөө бөлүмдөрүнүн бардык кызматкерлерине жашы жете электердин укук бузуусунун алдын
алууну, жашы жете электердин өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана кызыкчылыктарын түздөн-
түз коргоону, жашы жете электерди кылмыштуу жана укук бузуучулук иштерден сактоону эң негизги
маселе катары баалап, түшүнүүсү зарыл деп эсептейм.
Жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүлер, Сиздерге кайрылып, муну белгилегим келет:
Биз жашы жете элек өспүрүмдөргө көрсөтүлгөн зомбулуктун бардык түрлөрүнө келишпестик абалды
түзүшүбүз керек. Балдарга эле эмес, ата-энелерге да жардам көрсөтүүбүз зарыл. Анда-санда болгон
окуяларды иликтөөдөн, биз бул көйгөй боюнча ченемдүү, системалуу иштөөгө өтүшүбүз керек, бул
процесске коом жана кызыкчылыгы бар бардык тараптар тартылышы абзел.
Бул көйгөйдү чогулуп чечүү менен гана жашы жете электердин арасындагы доочулукту
жоюуга жана өспүрүмдөр чөйрөсүндөгү криминалдык процесстерге сабаттуу каршы туруп, мындай
кылмыштарды жасоонун себептерин, шарттарын жоюуга жетишүүгө болот.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын
жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы,
милициянын подполковниги М. К. Мундузбаев
64
КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИНЕН
ҮЗҮНДҮЛӨР
8-берене. Кылмыштын түшүнүгү
1) Кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомдук коркунучтуу, күнөөлүү жана жазалануучу жосун
(аракет же аракетсиздик) кылмыш катары табылат.
(1) Кылмыш жасаганга чейин он алты жашка толгон адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине
тартылат.
18-берене. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагы
2) Кылмыш жасаганга чейин он төрт жашка толгон балдар киши өлтүрүү (97-берене), саламаттыкка
атайылап оор залал келтирүү (104-берене), саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү
(105-берене), адамды уурдоо (123-берене), адамдарды сатуу(124-берене), зордуктоо (129-берене),
сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (130-берене), уурдоо (164-берене), мал уурдоо (165-
берене), тоноо (167-берене), каракчылык (168-берене), башка бирөөнүн мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө
уурдоо (169-берене), опузалап талап кылуу (170-берене), автомобилди же башка автомототранспорт
каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу (172-берене), өрттөө аркылуу, башка жалпыга коркунучтуу
ыкма менен же оор кесепеттерге алып келүү менен мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга
учуратуу (174-берененин экинчи бөлүгү), терроризм (226-берене), барымтага кармоо (227-берене),
оордотуучу жагдайлардагы ээнбаштык (234-берененин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү), вандализм
(235-берене), ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап
кылуу (245-берене), башкага берүү максатында баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды
мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же өткөрүү (247-берене), баңгилик каражаттарды
же психотроптук заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу (248-берене), унаа каражаттарын же жол
катнашын жараксыз абалга келтирүү (283-берене)
77-берене. Жашы жетпегендердин кылмыш-жаза жоопкерчилиги
(1) Кылмыш жасалган учурда он сегизге толбогон адамдар жашы жетпегендер деп табылат.
(2) Кылмыш жасаган жашы жетпегендерге жаза берилет же болбосо тарбиялык таасир берүүнүн
мажбурлоочу чаралары колдонулушу мүмкүн.
78-берене. Жашы жетпегендерге колдонулуучу жазанын
түрлөрү
(1) Кылмыш жасаган жашы жетпегендерге жазанын төмөнкүдөй түрлөрү гана колдонулушу
мүмкүн:
1) коомдук жумуштарга тартуу;
2) айып;
3) зыяндын ордун толтуруу менен эл алдында кечирим суроо;
4) түзөтүү жумуштары;
5) эркиндигин чектөө;
6) эркиндигинен ажыратуу.
(2) Эгерде жашы жетпеген соттолгонго шарттуу соттоо дайындалса, сыноо мөөнөтүнүн ичинде
анча оор эмес жаңы кылмыш жасаса, сот иштин жагдайын жана айыптуунун инсандыгын эске алуу
менен жаңы сыноо мөөнөтүн белгилеп жана ушул Кодекстин 63-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө
каралган белгилүү милдеттерди аткарууну шарттуу соттолгондун мойнуна жүктөп, шарттуу соттоо
жөнүндө кайрадан чечим кабыл ала алат.
65
79-берене. Жашы жетпегенге жаза белгилөө
(1) Жашы жетпегенге жаза белгилөөдө ушул Кодекстин 53-беренесинде каралган жагдайлардан
тышкары, анын турмушу менен тарбия шарттары, психикалык өнүгүшүнүн деңгээли, инсандык башка
өзгөчөлүктөрү, ошондой эле ага жашы улуулардын таасири эске алынат.
(2) Жеңилдетүүчү жагдай катары жашы жете элек курак жеңилдетүүчү жана оордотуучу башка
жагдайлар менен бирге чогуу эске алынат.
Ушул Кодекстин 79-беренесине түшүндүрмөнү караңыз.
80-берене. Жашы жетпегенди коомдук жумуштарга тартуу
Жашы жетпегенди коомдук жумуштарга тартуу кырк сааттан эки жүз кырк саатка чейинки
мөөнөткө дайындалат, жашы жетпегендин колунан келе турган жумуштарды аткарууну билдирет
жана ал аны окуудан же негизги ишинен бош убакта аткарат. Жазанын мындай түрүн он алты жашка
чейинки курактагы адамдардын аткаруусунун узактыгы бир күндө эки сааттан, ал эми он алтыдан он
сегиз жашка чейинки адамдарга бир күндө төрт сааттан ашпайт.
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы №91-Мыйзамынын редакциясына ылайык)
80-1-берене. Жашы жетпегенге дайындалуучу айып
(1) Айып он алты жашка чыккан жашы жетпегенге карата колдонулат.
(2) Айып жашы жетпеген соттолгон адамдын өз алдынча эмгек акысы же өндүрүп алуу жүргүзүлө
турган мүлкү болгон учурда, ошондой эле алар жок болгон учурда да дайындалат. Жашы жетпеген
соттолгон адамга карата дайындалган айып соттун чечими боюнча анын ата-энесинен же башка
мыйзамдуу өкүлдөрүнүн алардын макулдугу менен өндүрүп алынышы мүмкүн. Айып жыйырмадан
миңге чейинки эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүндө дайындалат.
(Кыргыз Республикасынын 25-июнундагы № 91-Мыйзамынын редакциясына ылайык)
170-берене. Опуза талап
(1) Опуза талап, башкача айтканда, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же башка бирөөнүн мүлкүн
талкалайм же сындырам деп коркутуу, ага тете эле жабырлануучуну же анын жакын туугандарын
маскаралаган маалыматтарды, же болбосо жабырлануучунун же анын жакын туугандарынын
укуктарына же мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон башка
маалыматтарды таратам деп коркутуу менен башка бирөөнүн мүлкүн же мүлккө карата укугун талап
кылуу же мүлктүк мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо, -үч эселенген айып салууга же үч жылга
чейинки түзөтүү жумуштарына тартууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосун:
1) зомбулук көрсөтүү менен;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда, -үч жылдан беш жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосун:
1) жабырлануучунун ден-соолугуна оор залал келтирүү менен;
2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
3) ири же өзгөчө ири өлчөмдөрдөгү мүлктү алуу максатында жасалганда, мүлкүн конфискациялоо
менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы №91-Мыйзамынын редакциясына ылайык)
66
234-берене. Хулиганчылык
(1) Хулиганчылык, башкача айтканда, зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, ошого
тете мүлктү жок кылам же зыянга учуратам деп коркутуу менен коштолгон, коомдук тартипти же
жалпыга бирдей жүрүш-туруш ченемдерин одоно бузган аракеттер атайылап жасалганда, эсептик
көрсөткүчтөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен
саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартылат, же алты айга чейинки мөөнөткө камакка
алынат, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Хулиганчылык:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан
жасалганда;
3) жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо менен
коштолгондо;
4) башка бирөөнүн мүлкүнө атайын олуттуу зыян келтирүү, аны жок кылуу же зыянга учуратуу
менен коштолгондо, - беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Хулиганчылык:
1) бир нече жолу жасалганда;
2) курал колдонуу же курал-жарак, болбосо курал катары пайдалануучу нерселерди колдоном
деп коркутуу менен коштолгондо;
3) коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө, болбосо башка
адамга, же коомдук тартиптин бузулушуна бөгөт койгон адамга каршылык көрсөтүүгө
байланыштуу жасалганда, - төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат.
164-берене. Уурдоо
(1) Уурдоо, башкача айтканда бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдап кетүү, жүз сексенден эки жүз
кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн
өлчөмүндөгү айыпка же үч эселенген айып салууга же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат.
(2) Уурдоо:
1) адамдардын тобу тарабынан жасалганда;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда;
3) кыйла чоң өлчөмдү;
4) кийимдеринен же жабыр тарткандын жанындагы кол жүгүнөн уурдалганда (чөнтөк уурулугу);
5) турак жайга же башка сактоочу жайга мыйзамсыз кирүү менен жасалганда, үч эселенген айып
салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же үч жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Уурдоо:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда;
2) ири же өзгөчө ири өлчөмдөрдө жасалганда, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү:
1. Башка бирөөнүн мүлкүн укукка жат түрдө айыпкердин же башка адамдардын пайдасына
акысыз алып коюу, ал жеке пайда көрүү максатында жасалганда, менчик ээсине же бул мүлктүн
башка ээсине зыян келтиргенде, мунун өзү уурдоо катары түшүндүрүлөт.
2. Ушул главанын беренелеринде каралган жосундар, эгерде уурдалган мүлктүн наркы уурдоо
жасалган учурдагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн
жыйырма эсеге ашса, олуттуу өлчөмдө жасалган деп табылат.
67
3. Ушул главанын беренелеринде каралган жосундар, эгерде уурдалган мүлктүн наркы кылмыш
жасалган учурдагы каралган жосундар,эгерде уурдалган мүлктүн наркы кылмыш жасалган учурдагы
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эсеге көп болсо,
ал эми өзгөчө - ири өлчөмдө жыйырма беш миң эседен ашып кетсе - өзгөчө ири өлчөмдө жасалган
деп таанылат.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы №91-Мыйзамынын редакциясына ылайык)
166-берене. Алдамчылык
(1) Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу
менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлк укугуна ээ болуу, жүз сексенден эки жүз кырк саатка
чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же үч эселенген айып салууга же эки жылга чейинки
мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо бир жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Алдамчылык:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) кыйла чоң өлчөмдө жасалганда, элүүдөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн
өлчөмүндөгү айыпка же үч эселенген айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө
түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга
жазаланат.
(3) Алдамчылык:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
2) ири же өзгөчө ири өлчөмдө;
3) кызмат абалын пайдалануу менен жасалганда, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он
жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы №91-Мыйзамынын редакциясына ылайык)
167-берене. Тоноо
(1) Тоноо, башкача айтканда бирөөнүн мүлкүн ачык эле ээлеп алуу, элүүдөн жүзгө чейинки
эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына
же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Тоноо:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) олуттуу зыян келтирүү менен;
4) өмүргө же ден соолукка коркунучтуу болбогон зомбулук менен же болбосо мындай зомбулук
көрсөтөм деп коркутуу менен коштолуп жасалганда, үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Тоноо:
1) турак жайга, имарат жайга же башка сактоочу жайга кирүү менен;
2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
3) ири же өзгөчө ири өлчөмдөрдө жасалганда, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы №91-Мыйзамынын редакциясына ылайык)
168-берене. Каракчылык
(1) Каракчылык, башкача айтканда өмүргө же ден-соолукка коркунучтуу болгон зомбулук көрсөтүү
менен, же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен жасалган башка бирөөнүн
68
мүлкүн ээлеп алуу максатындагы кол салуу, эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат.
(2) Каракчылык:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) турак жайга, имарат жайга же болбосо башка сактоочу жайга кирүү менен;
4) курал-жарак же курал-жарак катары пайдаланылуучу нерселерди колдонуу менен жасалса,
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен
ажыратууга жазаланат.
(3) Каракчылык:
1) жабырлануучунун ден-соолугуна оор залал келтирүү менен;
2) ири же өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында;
3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан
он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы №91-Мыйзамынын редакциясына ылайык)
ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕКТЕРДИН ИНСПЕКЦИЯСЫНЫН
КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН БАЛДАР МЕНЕН ӨТКӨН САБАКТАРЫ
«Укук бузуу. Кылмыш жана кылмыштуулук»
Сабак убактысы: 90 мүнөт
Сабактын максаты:
• Укук бузуу жөнүндө түшүнүк берүү;
• Кылмыштуулуктун коомго жат мүнөзүн, моралдык жана материалдык залалын түшүндүрүп
берүү;
• Кылмыш жана кылмыштуулук жөнүндө түшүнүк берүү;
• Кылмыштуулуктун табиятын ачып берүү.
Сабакты өткөрүүгө колдонулган куралдар: флипттер, маркерлер, укук бузуулардын тизмеси
түшүрүлгөн көрнөктөр.
«Жаңы ойлор себети» - 5 мүнөт
Сабактын катышуучуларына сүрөт тартуу үчүн кагаз жана маркерлерди (фломастер, карандаштар)
таратыңыз. «Укук бузуучулук» деген сөз менен байланышкан өз түшүнүктөрүн сүрөт кылып тартууну
сунуштаңыз. Андан соң сабактын ар бир катышуучусу өзүнүн тарткан сүрөтү жөнүндө айтып берет.
Талкуулоо бүткөндөн кийин, укук бузуучулук жөнүндө түшүнүк берүү керек. Укук бузуучулук -
укукка карама-каршы келген коомго зыяндуу, юридикалык жоопкерчилиги бар айыптуу иш.
Кыскача лекция - 5 мүнөт.
Кыскача лекцияда катышуучуларга укуктук ченемдердин бузулуусунун бир нече түрүн айтып
бериңиз: административдик, тартип бузуучулук, жарандык-укуктук жана кылмыш.
Административдик жаңылыштык - мамлекеттик башкарууда укукка каршы тартип бузуу:
(майда хулигандык - жарандарды шакабалап, тийишүү, коомдук жайларда сөгүнүү).
69
Тартиптик жаңылыштык - укукка каршы эмгек тартибин, кызмат тартибин, аскердик же окуу
тартибин бузуу; коомдук жайларда сөгүнүү, өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу ж.б.
Жарандык укуктук жаңылыштык - жарандарга, юридикалык жактарга жана мамлекетке
каржылык зыян алып келген мүнөздөгү укук бузуу (жарандарга зыян келтирүү же мүлкүнө зыян
келтирүү), ошондой эле мекемелерге келтирилген зыян.
Кылмыш - коом үчүн коркунуч туудурган иш-аракет же болбосо мыйзамдуу түрдө чара көрүлө
турган кайдыгерлик.
«Укук бузууну аныкта» оюну
Катышуучуларга төмөнкү кырдаалдар сунуш кылынат:
• Тимур милицияга телефон чалып, мектепке бомба коюлган деп жалган айтты;
• жумушчу кызматка эч себепсиз келбей койду;
• Асан коруктагы даракты сындырды;
• Петр менен Леонид өтүп бараткан жолоочуга таш ыргытышты;
• көп кабаттуу үйдө жайгашкан кафе эртең мененки саат 5 ке чейин иштейт;
• 7-класстын окуучулары кинотеатрда кино көрүү учурунда спирт ичимдигин ичип олтурушту;
• жүргүнчү коомдук унаада жол жүрүү акысын төлөгөн жок;
• террорист учакты айдап кетүүгө аракет кылды;
• Батыр бирөөнүн автоунаасына кирип, магнитофонун уурдап алды;
• маршруттук таксинин айдоочусу мас абалында көчөдөгү жолбун итти тебелеп кетти;
• жогорку класстын окуучусу 1-курстун студентине баңгизатты сатууга аракет жасады;
• атасы баласын мектепте начар окугандыгы үчүн катуу уруп-сабап, жазалады.
Тапшырма: Көрсөтүлгөн кырдаалдар укук бузуунун кайсы түрүнө кирээрин кол көтөрүү менен
аныктагыла: (административдик, тартиптик, жарандык укук бузуу жана кылмыш).Ар бир туура жоопко
- 5 упай.Көп упай жыйнаган жеңүүчү болуп эсептелет.
Акыл-ой чабыты - 5 мүнөт. Катышуучулардан «Укук бузуунун канчалык деңгээлде зыяны бар?»
деген суроого жооп берүүсүн өтүнүңүз.Окуучулардын жоопторун эсепке алып, тыянак чыгарыңыз.
Ролдорду ойноо - 25 мүнөт
Укук бузуу боюнча баракчаларды даярдагыла: кылмыш, административдик, тартиптик, жарандык
укук бузуучулук. Катышуучуларды баракчалар жете тургандай топторго бөлүү керек. Топтордон укук
бузуу боюнча түзүлгөн баракчалардын бирин тандап алуусун өтүнүңүз. Алган баракчадагы укук
бузуу кырдаалын ойноп берүү көнүгүүсүн тапшырыңыз. Ар бир топ укук бузуу боюнча өзүнчө оюн
даярдашат. Ал эми калган катышуучулар укук бузуунун кайсы түрү экендигин табышат. Көнүгүүлөрдүн
жыйынтыгын чыгарып, кылмыш өзгөчө кооптуу экендигин, мыйзам алдында сөзсүз жоопко тартыла
тургандыгын айтыңыз.
Акыл-ой чабыты - 5 мүнөт. Катышуучуларга: «Кылмыш эмне үчүн коркунучтуу?» деген суроо
бериңиз. Жоопторду кагазга (флипчартка) жазыңыз.
Катышуучулардын көңүлүн кылмыш коомдун өнүгүүсүнө каршы жасалган, өтө зыяндуу иш-аракет
экендигине буруп, өзгөчө басым жасаңыз.
Кичине топтордо иштөө - 25 мүнөт.
Таратып берүү үчүн окуялар жазылган баракчаларды топтордун санына жараша даярдаңыз.
Катышуучуларды 4-5 кишиден турган майда топторго бөлүп, окуя жазылган баракчаларды таратып
бериңиз. «Өзүңөр алган баракчадагы окуяны окуп, бул кылмыш эмне себептен болгонун аныктагыла?»
деген тапшырма бериңиз. Талкуулагандан кийин ар бир топ өздөрүнүн чечимдерин түшүндүрүп
70
айтышат. Жыйынтык чыгарып, кылмышка баруунун көпчүлүк себептерине катышуучулардын көңүлүн
буруңуз:
• адамдын өзүнүн кылган ишине жоопкерсиздиги;
• жоопкерсиздик, жалкоолук, ички дүйнөнүн жардылыгы, моралдык сапаттардын жоктугу;
оройлук, мыкаачылык, эрдемсинүү ж.б.;
• үй-бүлөнүн же көчөнүн терс таасири;
• мыйзамды сыйлабоо же билбөө;
• жазасыздык, жасаган күнөөсү үчүн жоопко тартылаарын, сөзсүз жаза алаарын моюндабоо;
• мыйзамдардын чалалыгы;
• өлкөдөгү экономикалык жана саясий туруксуздук.
Көнүгүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарып, катышуучуларга: «Биздин өлкөдө кылмыштуулукка каршы
кандай күрөшүү керек?» деген суроо бериңиз. Жоопторду флипчартка (кагазга) жазып, талкууга
коюңуз.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН ТЕЛЕФОНДОР
Коркунучтуу кырдаалга кабылсаңыз, төмөнкү телефондорго чалып, жардам сурасаңыз болот:
«Балдардын укугун Коргоочулардын Лигасы» коомдук фонду 0312 66-25-87
Окуучулардын укугун коргоо Борбору 0312 61-00-92
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук
коопсуздук башкы башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө 0312 62-33-58
инспекциясынын бөлүмү
Милициянын акысыз телефону 102
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы 0312 68-37-13
71
КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАРДЫН ТИЗМЕСИ
1. Абульханова-Славская К. А. Социалдык өзгөрүү шарттарындагы инсандын психологиясы - М.:
Наука, 1993. - 26-б.
2. Алмазов Б. Н. Жашы жете электердин психикасынын чөйрөгө карата бузулуусу. - Свердловск,
1986. - 45-70-б.
3. Артюхова Ю. В. Баалуулуктар жана тарбия. Педагогика, 1999, № 4. - 117-121-б.
4. Байярд Роберт Т., Джин Байярд. Сиздин тынчы жок балаңыз. Айласы кеткен ата-энелер үчүн
практикалык колдонмо. - OZON.ru, 2004.
5. Беличева С. А. Превентивдүү психологиянын негиздери. - М.: Россиянын социалдык
саламаттыгы, 1993. - 117-б.
6. Россиялык Чоң энциклопедия. - М.: 2000.
7. Вострокнутов Н. В. Жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн делинквенттик жүрүм-
турумунун окшоштугу: социалдык чөйрө, инсандык- эмоционалдуулук жана тобокел
тобунун психопатологиялык факторлору. Балдардын психиатрлары менен психологдорунун
көзкарандысыз ассоциациясы. - М,: 1996.
8. Выготский Л. С. Өнүгүүсүнүн диагностикасы жана пегогикалык клиникасы оор балалык. Танд.
жыйн., 6-т. - М.:1983.
9. Выготский Л. С. Өспүрүмдүн педологиясы. Курактык көйгөйлөр. Танд.жыйн. 6-т. - М,: 1984.
10. Галузинский В. М. Окуучуларды тарбиялоодо жеке мамиле. - Киев, 1989.
11. Гилинский Я. И. Девианттуу жүрүм-турумдун социологиясы атайын социологиялык термин
катары. Социс, 1999, № 4 - 23-24-б.
12. Өспүрүмдөрдүн социологиялык бузулуусун диагностикалоо жана түзөтүү. Психологдорго,
мугалимдерге, социалдык жана психосоциалдык кызматкерлерге колдонмо. С. А. Беличеванын
редакциялоосунда. - М,: 2000. - 176-231-б.
13. Жашы жете электердин девианттык жүрүм-туруму - педагогиканын көйгөйү. Педагогика, 1999.
№ 7.
14. Драгунова Т. В. Өспүрүм курактын карама-каршылык көйгөйлөрү. Психологиянын суроолору.-
1972, № 2. - 59-б.
15. Дюркгейм Э. О. Өзүн-өзү өлтүрүү - социологиялык этюд. Фр.тилинен кот. Ильинский А. Н. -
СПб.: Союз, 1998.
16. Касаткина Н. А. Башталгыч мектептерде ата-энелер менен мугалимдердин мамилелеринин
формалары. - Волгоград. 2005. - 6-21-б.
17. Клейберг Ю. А. Девианттуу жүрүм-турумдун психологиясы. - М.: Перемена, 2003.
18. Кон И. С. Бой тарткан курактын психологиясы. Мугалимдерге окуу китеби. - М.: Просвещение,
1989.
19. Кон И.С. «Мен» дегендин ачылышы. - М.: Политиздат, 1978.
20. Кочетков А. Н., Верцинская Н.Н. Мүнөзү оор балдар менен иштөө. - М.: Просвещение, 1986.
21. Краевский В. В. Педагогиканын ыкмалары - өткөн чак жана учур чак. Педагогика, 2002, № 2.
22. Краевский В. В., Полонский В.М. Мугалим үчүн ыкмалар - теория жана практика. - М.:
Перемена, 2001.
23. Девианттуу жүрум-турумдагы жашы жете электерди психосоциалдык түзөтүү жана
реабилитациялоо. М.: 1999.
24. Раттер М. Мүнөзү оор балдарга жардам. - М.: Прогресс, 1987.
25. Решимид Х. Өспүрүм жана бой жеткен курак. Инсандык калыптануунун көйгөйлөрү. - М.:1994.
26. Социалдык энциклопедия. А. П. Горнинанын редакциялоосунда - М.: 1994.
27. Фельдштейн Д. И. Өспүрүм курактагы баланын инсандык калыптануусу. - Душанбе, 1973.
28. Фридман Л. М., Волков К.Н. Психологиялык илим - мугалимге. - М.: Просвещение, 1985.
29. Хоф М. Турмуш. Бишкек, 2006. Сайттан тапса болот: hofmaria@yahoo.co.uk
30. Шнейдер Л. Б. Жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн девианттык жүрүм-туруму. - М.: 2007.
31. Шуркова Н. Е. Качан сабак тарбиялаганда ( адеп-ахлактык негизден караганда). - М.: 1981.
72