Лекция №22.
Мектепти башкаруу жана ага жетекчилик кылуу. (2ат )
Негизги суроолор.
Мектепте административдик башкаруу системасы
Педагогдун чыгырмачылык эмгегине жетекчилик кылуунун негизги проблемалары.
Мектептин иш планын багыттары
Мектептеги методикалык иштер
Мектептеги коомдук уюмдардын иши
Мектепке жетекчилик кылууда билим берүү органдырынын ишмердүүлүгү.
1. Мектепте административдик башкаруу системасы
Мектеп - окуучулардын, аларды окутуп тарбиялоочу мугалимдердин, мектеп администрациясынын - директор, анын окуу-тарбия иштерин, класстан жана мектептен тышкары иштерди уюштуруучу жардамчыларынын, окууга көмөкчү жана аны тейлөөчү персоналдардын, мектептин алдына коюлган жалпы милдеттерди аткаруу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуучу материалдык базанын - татаал комплекстүү системасы болуп эсептелет. Мектеп өз аймагындагы элдер менен, коомчулук менен, окуучулардын ата-энелери менен тыгыз байланышта иштейт. Мектептин бири-бирине баш ийген иерархиялык байланыштарынын татаал системасын камтыган кызматчылары, коллективи башкаруунун обьектиси болуп эсептелинет. Бул иерархиялык көз карандылыктар негизги эки документтерде: Билим берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана жалпы орто билим берүүчү мектептин Уставында чагылдырылган.
Мектептин бүт кызматкерлеринин ишин директор жөнгө салат. Мектеп директорун облусттук билим берүү бөлүмү дайындайт. Директор мектептин алдына коом, мезгил койгон талапты ийгиликтүү аткаруу үчүн аракеттенет, мектептин бүт чарбачылык ишине да жооп берет, мектепке бөлүнгөн каражатты бөлүштүрүп жумшоого укуктуу. Жакшы иштеген мугалимдерди сыйлоо үчүн жогорку органдарга сунуш даярдоого, өз буйругун менен мыкты иштегендерди сыйлоо, начар иштегендерди жазалоо, кызматтан которуу, кызматка алуу, бошотуу маселелерин чечүүгө да укуктуу. Алибетте, директор мындай иштерин педагогикалык жамаат, профсоюзуюму менен макулдашып жүргүзөт.
Мектептин бардык иши үчүн директор жергиликтүү бийлик алдында, райондук билим берүү бөлүмүнүн алдында жооп берет.
Мектептин ички тартибин чыңдоо үчүн анын окуу, тарбия иштерин туура жолго коюп, ар бир кызматчынын иши жемиштүүлүгүнө жетишүү үчүн алардын иш белгилүүлүгү, квалификациясы аткарган кызматына төп келгидей бөлүштүрүлүшүнүн түрдүү формаларын пайдалууга тийиш. Ошону менен бирге, директордун көзөмөлү мугалимдердин методикалык жактан өркүндөөсүнө, билиминин тереңдешине, окуу-тарбия иштеринин жемиштүүлүгүнүн артышына өбөлгө түзүүсү зарыл.
Директор мектептин окуу-тарбия иштеринин сапатын жакшыртып, мектеп жашындагы балдарлын толук окууга тартылуусун камсыз кылуусу ылазим. Анын ишинин маанилүү тармагы болуп окуучулардын өзүн-өзү башкаруу органдарынын — окуучулар жамаатынын, окуучулар комитетинин ишине жетекчилик эсептелет.
Орто мектептин Уставынын талабына ылайык, жогоруда айтылгандардан сырткары мектеп директору окуучулардын ден соолугунун чың болушуна, дене жагынан дени сак жетилүүсүнө эл алдында, мамлекет алдында жоопкер.
Бардык жалпы билим берүүчү мектептер бир типтүү экендигине карабастан, ар бир мектепте кайталангыс өзгөчөлүктөр бар. Ошону менен бирге башкаруу системаларынын башка обьектилеринен мектептер ошол эле учурда башкаруунун субьектилеринин да ролун аткаргандыгы менен өтө эле өзгөчөлөнүп турат. Мектеп коллективинин жашоо тиричилигин уюштуруучу жана жөнгө салып жетектөөчү башкаруунун субөектиси болуп мектеп директору эсептелет. Анын ишмердүүлүгү өтө эле көп кырдуу: ал окуучулар коллективинин, педагогикалык жамааттын, окутуунун тейлөөчү жана ага көмөк көрсөтүүчү кызматкерлердин иштерин мектепке коюлган милдеттерди ийгиликтүү чечүүгө багыттайт; кадрларды талдап, жайгаштырып, алардын милдеттерин аныктап, бири-бири менен мамилелерин жөнгө салат; алардын ар биринин чыгармачылык өсүүсүнө өбөлгө түзөт; мектептеги ички эмгек тартибинин кыйшаюусуз сакталышын камсыз кылат; мектептеги окуу-тарбия жараянынын ыңгайлуу ишке ашуусу үчүн материалдык-техникалык шартты түзөт; мектеп администрациясынын, коомдук уюмдарынын жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын иштерин айкалыштырып жөнгө салат жана туура жакка багыттайт; билим берүү органдарынын, мектсптен тышкаркы мекемелердин, өндүрүш коллективдеринин иштерин мектептин иштери менен ыңгайлуу айкалыштырат ж.б. Мектеп директорунун башкаруучулук ишиндеги эң маанилүүлөрү окуу-тарбия жараянын уюштуруу; аны өркүндөтүүнүн жолдорун изилдөө; мектеп коллективинин агартуучулук жана тарбиялоочулук деңгээлин жогорулатуу; мектептин социалдык милдеттерин чечүүгө ата-энелерди жана коомчулукту тартуу; ар бир мугалимдин, ар бир окуучунун өсүп өнүгүүсү жана өзүн-өзү өнүктүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуу ж.б. иштер.
2. Педагогдун чыгармачылык эмгегине жетекчилик кылуунун негизги проблемалары
В.А.Сухомлинскийдин мектепке жетекчилик кылуу иш тажрыйбаларын үйрөнүүгө келген директор, завучтардын мектебиндеги жандуу педагогикалык кубулуштарды байкап, алардын үстүнөн талдоо жүргүзүп, ангемелешүүлөрүнүн натыйжасында мектеп директору күнүгө уч – кыйырсыз туш келип тура турган педагогикалык кубулуштардын үзгүлтүксүз агымы бири-бири менен тыгыз байланыштагы практикалык мааниси зор проблемаларды тынымсыз пайда кылып турат. Алардын эң негизгилери төмөндөгүлөр деген тыянакка келишкен:
1. Административдик-чарбалык иштерин педагогикалык, методикалык, окуу-тарбия иштери менен туура айкалыштырып, директор өзүнүн педагогикалык билимин күндөн күнгө байытып, окутуучулук жана тарбиячылык чеберчилигин өркүндөтүүгө канткенде жетише алат?
2. Сабактын сапаты көптөгөн факторлорго көз каранды: мугалимдин билимине, кругозоруна, эрудициясына, үй-бүлөлөрдүн жана мектеп коллективинин интеллектуалдык жашоо деңгээлине, класстан тышкаркы иштердин мүнөзүнө, бөтөнчө класстан тышкаркы окуучулардын китеп алуусуна, мугалимдин методикалык даярдыгына.
3.Окутуу жараянында окуучулардын акыл жөндөмдүүлүктөрүн шайкеш өстүрүүгө жетишүү, тарбия ишинин практикасындагы эң маанилүү, эң зарыл иштердин бири. Эгерде мугалим өз милдетин окуучуларга белгилүү өлчөмдөгү билим берүү деп эсептеп, окуучулардын акыл жөндөмүн өстүрүү боюнча атайын иш жүргүзбөсө, эгерде педагогикалык иштин бул майданы өзүнө директордун көңүлүн атайын бурдурбаса, окуучулардын сабактарынан жетишпей артта калуусу көз көрүнөө иш.
4. Окуучулардын ийгиликтүү окуусунун эң негизги шарты мектеп коллективи менен үй-бүлөлөрдүн интеллектуалдык жашоосу. В.А.Сухомлинскийдин мектебине келген директор, завучтар сабактарды, андагы окуучулардын жоопторун талдап, окуучулардын окуудагы жетишкендиктери менен артта калууларынын себептерин, оңтойлорун иликтеп келип, окуучулардын акылынын кызыгуулары мектеп программаларынын чегинен чыкпай туруп, алардын ийгиликтүү окуусун камсыз кылуу мүмкүн эмес деген тыянакка келишти.
5. Окуучулардагы окууга ынта койгон каалоону, билимге болгон кызыгууну, руханий байлыкты өздөштүрүүгө болгон умтулууну жана толук баалуу интеллектуалдык жашоону тарбиялоо проблемасы окуу-тарбия жараянынын түрлүү кырлары менен миңдеген майда тамырчалар аркылуу байланышкан.
6. Билим берүү менен тарбиянын, билимдүүлүк менен тарбиялангандыктын шайкеш биримдиги, өздөштүргөн билимдин жеке ишенимге айлануусу, окутуу менен адептүүлүккө тарбиялоонун биримдиги камсыз болууга тийиш. Мугалимдер менен директордун эң негизги камы болуп элдик асыл баа идеялар окуучулардын жан дүйнөсүнүн кенчине айлануусу болууга тийиш.
7. Окуучулардын адеп-ахлактык жетилүү булактары көп кырдуу жана бай болуусу ылазим. Адептик ишенимдери менен адептик жүрүш турушунун биримдигине канткенде жетише алат? Тандап алган ар кандай метод тарбиянын ийгилигин камсыз кыла албасы аштан бышык. Көптөгөн ыңгайлардын,. шарттардын, методдордун биримдиги гана толук баалуу адептүүлүктүн түптөлүүсүнө өбөлгө түзө алат.
8. Мугалимдер менен ата-энелердин ишенимдеринин биримдиги болуусу зарыл. Өлкөнүн көптөгөн мектептериндеги узак жылдык тарбия процесстерин «Павлыш» мектебине келген директор, завучтардын талкуулоосу ата-энелердин педагогикалык көз караштары жана ишенимдери — мектептин педагогикалык коллективи менен ата-энелер активдеринин көп жылдык иштеринин натыйжасы деген тыянакка алып келген.
т. Мектеп турмушун ыраттуу жөнгө салууда мугалим менен окуучулардын класстан жана мектептен сырткаркы иштерин пландаштыруунун да ролу чоң. Мектеп дирекциясы кесипчилик уюму менен бирдикте ар бир аптанын кайсы күндөрүндө педагогикалык жана методикалык кеңештин иштерин окуучулардын жүгүн көбөйтүп, окуу иштерине бөгөт болбой турган кылып окуулук ийримдердин, спорттук секциялардын, түрдүү кече, жолугушуу жана башка иш-чаралардын өтүлүү күндөрүн, сааттарын белгилешет.
3. Мектептин иш планын багыттары
1. Пландын киришүү бөлүмүндө мурдагы окуу жылындагы мектептин окуу-тарбия иштеринин абалын изилдеп талдоонун натыйжасында жаңы окуу жылында аткарылууга тийиш болгон иштердин багыты белгиленет.
2. Окуучуларды жалпы мектепке тартуу.
3. Мектептин окуу-тарбия иштери.
4. Класстан жана мектептен сырткары иштер.
5. Класс жетекчилеринин иштери.
6. Методикалык иштер.
7. Педагогикалык кеңештин иштери.
8. Окуучулар уюмдарынын жана жамаатынын иштери.
9. Санитардык-гигиеналык, спорттук, физкулөтуралык иштер.
10. Ата-энелер менен иштөө. Эл арасындагы педагогикалык үгүт-насаат.
11. Мугалимдердин ишинин натыйжасын, окуучулардын билимди өздөштүрүү сапатын көзөмөлгө алуу.
12. Чарбалык-уюштуруучулук иштер.
Окуучуларга адистик билим берүү жана адистик жөнүндө информация берүү балдардын шык жөндөмдөрүн аныктап, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүү иш планда агайын өзүнчө багыт болот.
Мектептин ички иштерин көзөмөлдөө мектепти башкарып ага жетекчилик кылуунун негизги элементтеринин бири болуп эсептелинет.
Мектептин иштерин көзөмөлдөп текшерүүнүн бир нече түрлөрү бар: фронталдык (кандайдыр бир маселе боюнча бүт мектептин ишин текшерүү), тематикалык (катар класстарды белгилүү бир тема боюнча) текшерүү. Алдын ала (кандайдыр бир маселеге көңүлдү буруу максатында) текшерүү. Жыйынтыктоочу (мурда текшерилген иштин жыйынтыгын аныктоо максатында) текшерүү. Мектептин ички ишин көзөмөлдөп текшерүүнү директор жана анын жардамчылары жетектейт.
Мугалимдин усулдук чеберчилигин өркүндөтүү максатында директор менен завуч күнүгө алардын сабактарына катышат. Ал сабактарды мугалимдер менен бирдикте талдашат. ВА.Сухомлинский директор катары күнүнө кеминде эки мугалимдин сабагына катышууну эрежеге айландырып алган экен. 2-3 күнгө же бир аптага бир жакка жол тартуу зарыл болгон учурда, ал 2-3 күн же бир апта мурда күнүнө төрттөн сабакка кирип, карызынан толук кутулуп алып, анан эки жакка чыкчу экен. Анын сабактарга катышып, ар бир сабакка жазган талдоо пикири өзүнчө эле педагогика илиминин теориясындагы же практикасындагы жаңылык десек аша чапкан болбос элек. Ал ар бир сабакты талдоого чыгармачылык менен мамиле жасаган. Мугалимдердин ишине жана сабагына эч качан бирдей чен өлчөмдү койгон эмес.
Директор менен анын жардамчыларынын мугалимдердин сабактарына катышуусу мектептин ички иштерин көзөмөлгө алуу гана эмес, алардын усулдук чеберчиликтерин өркүндөтүүнүн да негизги формасы болуп эсептелет.
Андан тышкары билим берүү органдары мектепти сырттан инспектор аркылуу текшерүү формасы да бар. Мектептин иш планы тарбияга болгон комплекстүү мамилени чыгалдырат. Мектептин иш планынын мазмунун жалпы билим берүүчү орто мектептин Уставы, педагогикалык кеңешме жөнүндөгү, мектептин ата-энелер комитети жөнүндөгү типтүү жобо, окуучуларды тарбиялоо программасынын болжолдуу мазмуну ж.б. документтер аныктайт. Мектептин иштерин баалоонун чен өлчөмү кожо көрсүнгө өткөрүлүүчү иш-чаралар жана жетишүү пайыздары менен аныкталбайт. Окуучулардын жана мектепти бүтүргөндөрдүн билим деңгээлин жана тарбиялангандыгын көрсөткөн инсандык касиеттерин аныктоо - көзөмөлдөө жана текшерүүнүн негизги максаты болуп эсептеленет.
Педагогикалык кеңеш — директордун жетекчилиги менен өтүүчү кеңешме, ага директордун орун басарлары, бүт мугалимдер, балдар уюмунун башчысы, мектеп дарыгери, китепканачы жана ата-энелер комитети катышат. Анда окуу-тарбия иштеринин абалы, окуучуларды класстан класска көчүрүү, бүтүрүүчү сынактары, бүтүргөндөргө документ берүү өңдүү маселелер талкууланат. Кеңешменин чечими директор бекиткенден кийин бүт кызматкерлери үчүн милдеттүү түрдө ишке ашырылат. Эгерде айрым маселени чечүүдө директор менен кеңештин көпчүлүк мүчөлөрүнүн пикири келишпей калса, ал маселени райондук билим берүү бөлүмү чечүүгө тийиш. Кеңешменин ар бир мүчөсүнүн пикирин угуп ага сый-урмат менен мамиле кылбай, аны кекетип-мокоткон педагогикалык кеңеш чыгармачылык ишке жөндөмсүз. Анын чечимдери ишке ашпай, кагазда кала берген жерде эч ким пикир айтууга умтулбайт.
4. Мектептеги методикалык иштер
Билими жана ишнаамасы канчалык болбосун, мугалим өз билимин жана усулдук чеберчилигин өркүндөтүү боюнча тынымсыз, катуу иштөөгө тийиш. Мектептеги методикалык иштердин түпкү максаты мугалимдердин жалпы жана педагогикалык жамааттын өсүүсү үчүн өбөлгө түзүү. Усулдук иштер мектепте, облустук аймактарда жүргүзүлөт. Методикалык иштер — мугалим кадрлары менен жүргүзүлүүчү көп кырдуу иштердин бири болуп эсептелет. Мектепке жаңы ишке келген мугалим өзүн кандай сезип жатканын эске алуу абзел. Жаш мугалимдерди жакшы тосуп алып, тажрыйбалуу ардагер мугалимдер мектептин шарты менен, салт-санаасы менен тааныштырат. Андан кийин аны педагогикалык чеберчиликтин ыкмалары менен куралдандыруу боюнча тынымсыз, түйшүктүү иш башталууга тийиш.
Директор жана анын орун басарлары жаш мугалимдерди усулдук жактан үйрөтүү боюнча максатка ылайык, системалуу иш жүргүзүүгө милдеттүү. Директор анын орун басарлары, тажрыйбалуу мугалимдер жаш адистерди ээрчитип сабактарга кирип, аларды талдап, кемчилигин кантип жоюуга кеп-кеңеш айтып, сабактагы жетишкендиктерди баса белгилеп көрсөтөт. Өз сабактарына ээрчитип киришет, бара-бара алардын сабактарына кирип, сабакка, сабактардын системасына кантип даярдануу жолдорун үйрөтөт.
Чын-чынына келгенде директор жана анын жардамчылары администратор эмес мугалимдин мугалими, мугалимдердин педагогикалык иштериндеги ар кандай усулдук мүчүлүштөр үчүн алар жоопкер. Мектепте жакшы уюшулган методикалык иш - бул тажрыйба алмашуунун ырааттуу системасы. Тажрыйба алмашуунун бир көрүнүшү болуп мектептерде өтүлүүчү ачык сабак эсептелет. Анткени, ачык сабакты өтүү мезгили алдын ала белгиленет. Ага мугалим апталап, кээде айлап даярданат. Кээде ага окуучулар да кошо даярданышат. Натыйжада ал сабак эмес эле спектаклө өңдөнүп калат. Мугалим, окуучулар ролө аткарган артистерге окшоп бүт жасай турган иштерин алдын ала бөлүштүрүп, аны так аткарууга даярданып алышат. Мугалим менен окуучулар ачык сабакта спектаклдегидей эле өз ролдорун аткарып коюшат. Өзүңдү жакшы, иш билги, адис катары көргөзгүң келип, сырттагылардын көзүн боегуң келсе, аны менден үйрөнүшүң керек деп, окуучуларына мугалимдин көрсөткөн эң куник үлгүсү — анын ушундай жол менен өтүлгөн ачык сабагы.
Сабак мугалимдин чыгармачылыгы. Мугалим ар кандай эле сабакка жакшы даярданууга милдеттүү. Анын ар бир эле кезектеги сабагы — ачык сабак болот. Атайын, эскертилип, даярдык менен өтүлгөн сабакты ачык сабак дештин өзү педагогикадагы адепсиздик болуп эсептелет.
Мугалимдин педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүүдө алдынкы тажрыйбанын кабинети, алдынкы тажрыйбанын мектеби чоң роль ойнойт. Предметтик комиссиялар — бир предмет боюнча мектептеги мугалимдердин бирикмеси, ал эми майдараак мектептерде тектеш предметтердин мугалимдери деле бириге беришет. Андай кеңешмелерде мугалимдер программаларды, аларга методикалык көрсөтмөлөрдү, окуу материалдарын бөлүштүрүүнү, татаал темаларды рационалдуу өтүү жолдорун, илимдеги, усулдагы жаңылыктарды карашат.
Коллективдик методикалык иштер педагогикалык кеңешмелерде да талкуулана берет. Анда окуучулардын билим, ык, машыгууларын текшерүү жана баалоо усулдары, директордун жана анын жардамчыларынын, айрым мугалимдердин ишинин системасын үйрөнүүлөрүнүн жыйынтыгы, тың мугалимдердин докладдары, иш тажрыйбалары талкууланышы мүмкүн. Мектептин жетекчилери ар бир мугалимдин усулдук чеберчиликтерин өркүндөтүү боюнча ишти системалуу уюштуруп, мектептин методикалык кабинетин илимий методикалык китеп, журналдардагы жаңылыктар менен толуктап туруусу зарыл.
Райондук усулдук кабинети, облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттары мугалимдер үчүн семинарлар, практикалык иштер, атайын курстар, педагогикалык окуулар уюштуруп турушат.
Педагогикалык окуулар жылына уюштурулат. Ага алдынкы, изденип чыгармачылык менен иштеген мугалимдер катышып, тажрыйба алмашышат. Билим өркүндөтүү институттары туруктуу курстарды тынымсыз уюштуруп, мугалимдерди методикалык жаңылыктардын педагогикалык психологиялык негиздери менен, жаңычыл мугалимдердин педагогикалык табылгалары менен тынымсыз тааныштырып турат.
5. Мектептеги коомдук уюмдардын иши
Азыркы учурда дирекция мектептин ишине жетекчилик кылууда кесипчилик уюмуна таянат. Ал уюм мектеп коллективин бүт өз кучагына алат. Профсоюз уюму мектептин ар бир кызматкеринин окуу, тарбия иштеринин жемиштүүлүгүн арттыруудагы жоопкерчиликтерин күчөтөт. Өндүрүштүк кеңешмеде ар бир мугалимдин окуу-тарбия иштеринин айрым тармактарын оожалдыруудагы милдеттерин айгинелеп, алдынкы иш тажрыйбаны жайылтуу маселесин талкуулайт. Кеңешменин чечими жамааттын бир мүчөсүн да кайдыгер калтырууга тийиш эмес.
Мектептин профсоюз уюму мугалимдер арасындагы түрдүү мелдештерди уюштуруп, кабинеттерди жабдуу, мугалимдердин өз алдынча билимин өркүндөтүү, алдынкы иш тажрыйбалар менен таанышуу, өз чеберчилигин өркүндөтүүгө алардагы идеяларды пайдалана билүү маселелерин уюштуруп, мугалимлерди ишке кабыл алып жайгаштыруу, иштен бошотуу, башка жакка которуу өңдүү иштерге тике кийлигишет.
Мектептин окуу-тарбия иштерин жогорку деңгээлде уюштуруу ишине тике көмөк көрсөтүүдө ата-энелер комитенин ролу өтө чоң. Ата-энелер комитети мектептеги ата-энелердин жалпы чогулушунда жылда кайра шайланып турат. Анын милдети балдарды тарбиялоодо мектеп менен үй-бүлөнүн педагогикалык таасиринин биримдигин камсыз кылуу, ата-энелер коомчулугун мектеп турмушуна активдүү катыштыруу, класстан тышкаркы иштерди уюштурууга ата-энелерди катыштыруу, эл арасындагы педагогикалык агартуу ишин жөнгө салууга көмөктөш болуу. Мектептин чарбалык, окуу-материалдык базасын чыңдоого катуу киришип, ата-энелер комитети окуучулардын ысык тамагын уюштурат, айрым үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтөт. Окуучуларга адистик багыт берүүдө да ал чечүүчү ролө ойношу ыктымал.
Мектептин ишинин айрым тармактарын (окуучуларды мектепке тартуу, эмгек тарбиясы жана адистик багыт берүү, окуучулардын ден соолугун чыңдоого ж.б.) уюштуруу үчүн комитет убактылуу комиссияларды түзө алат. Директор ата-энелер комитети аркылуу айрым үй-бүлөлөр менен жекече жана коомчулук менен бирдикте түрдүү формадагы иштерди алып бара алат.
6. Мектепке жетекчилик кылуу боюнча билим берүү органдарынын ишмердүүлүктөрү
Район, шаарлардагы мектептердин иштерин район (гор)ОНОлор уюштурат. Мектептер, балдар бакчаларын ачат, аларды мугалимдер, тарбиячылар менен комплектейт, мектепке чейинки, мектептен сырткары мекемелерди курдурат, билим берүү тармагында иштегендердин маалыматын жогорулатуу жөнүндө кам көрөт. Мектеп жапа башка мекемелердин ишин көзөмөлгө алат. Рай (гор)ОНО мектептерге түрдүүчө жетекчилик кылышат. Биринчиден, директор, завучтардын чарбалык-уюштуруучулук жана педагогикалык чеберчилигин өстүрүү, кадрлар маселесин карайт. Мектеп жетекчилерин ОблУНО, министрликтен келген буйрук, көрсөтмөлөр менен тааныштырып, алар менен түрдүү маселелерди талкуулоо үчүн кеңешмелер өткөзүп турат. Ап кеңешмелер директор, завучтардын квалификациясын жогорулатуунун мектеби болуп эсептелет. Мектеп турмушуна жетекчиликти күчөтүүнүн үстүндө ой чабыттарын өркүндөтүп педагогикалык чыгармачылыкты оожалдыра турган каражаттарды мектеп жетекчилирене ошол кеңешмелер берет. Рай (гор)ОНОлор мектептердин ишин дайыма көзөмөлгө алып, текшерип турушат. Текшерүүнүн максаты — мектептин кемчилдигин чукуп, коркутуп, үркүтүп буйрук берүү эмес, мектептин ишиндеги кемчиликтерди жоюу үчүн ага көмөк көрсөтүү болууга тийиш. Ал үчүн рай (гор)ОНОлордун инспекторлору билими күчтүү, педагогикалык чеберчилиги өркүндөгөн, тажрыйбалуу — директор, завуч жана мугалимдердин мугалими боло ала турган профессионализм деңгээлиндеги адис педагог болууга тийиш. Ошондо гана рай (гор)ОНОлор мектептердин алдынкы тажрыйбаларын терең изилдеп үйрөнүп, аларды жалпылап, бүт райондун мектептерине таркатып, өз аймагындагы мектептердин окуу-тарбия иштерин туура жолго сала алат. Тилекке каршы көп рай(гор)ОНОлордо инспекторлор — чиновниктер, алар мектептин ишин көзөмөлгө алам деп ага жолтоо болгондон башка эч нерсеге жарабайт.
Рай(гор)ОНОлордун мектепке жетекчилик кылуу боюнча иштерин ОблУНОлор көзөмөлгө алып турушат. Рай (гор)ОНОлор райондук, ОблУНО облустук тийиштүү бийлик органдарына баш ийүү менен республиканын Билим берүү министрилигине тике баш ийишет. Мектептин ишин башкаруунун мамлекеттик органы болуп билим берүү жана илим
ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР
1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002
2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарика 2002
3.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е. Н. Шиянов Педагогика. М., Академия 2006
4.Ситаров В. А. Дидактика. Академия М., 2002
5..В.С.Безруков. Педагогика: учебное пособие.Рн/Д : Феникс, 2018.
6. Н.В.Бордовская. Педагогика: учебное пособие. Реан. СПБ,6 Питер 2018.
7. И.П.Подласый. Педагогика учебное пособие.Москва, Юрайт 2015.
8.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е, Н, Шиянов. Педагогика. М., Академия 200615.
9..Л.С.Подымова и.др. Педагогика учебник и практикум.- Москва: Проспект 2016.
10..Л.П.Крившенко Учебник для бакалавров.- Москва: Проспект 2016.
11.А.Исаев Педагогика –Ош 2017
12. Г.Мадаминов « Ата-энелер сиздер үчүн”, “ Инсан таануу”, “ Ой өрүшү-кругозор