М а з м у н у
I. 2017/2018- окуу жылында М.Мамбетов атындагы жалпы орто
билим берүү мектебинин ишмердүүлүгүнө жүргүзгөн талдоо
боюнча отчет.
II.Көйгөйлөр.
III. М.Мамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин
узак убакыттуу максаты.
IV. Милдеттер матрицасы
V. Пландын аткарылышынын мониторинги жана баалоосу.
VI.Тиркемелер.
VII. Мектептин отчеттук картасы.
VIII. Кошумча материалдар.
М.Мамбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин
педагогикалык № 58кеңешмеси.
“28“ август 2017 жыл. Тоң айылы.
Баары - 24
Себептүүсү – 1
Себепсизи –
Күн тартибинде каралуучу маселе.
1. 2018-2019 окуу жылынын милдеттери жана мектепти өнүктүрүү планын бекитүү.
Мектептин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Т. Кабаеванын сөзү:
Мектептин 2017-2018 окуу жылында М. Мамбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин ишмердүүлүгүнө жүргүзгөн талдоо боюнча отчетто
1. Окуу планынын аткарлышы.
2.Окуучулардын жетишкендиктери (билим сапатын, олимпиада, ачык сабактар)
предметтик кружоктор жана башкалар жөнүндө токтолуп,
3. Окутуу жана тарбиялоо жана сабак берүү Т.Кабаева
калыптандыруучу баалоо боюнча мугалимдердин ачык сабактарында, окуучуларды көптөгөн компетентүүлүктөргө көндүм алганын белгилеп кетти.
4.Мектептеги климат же ички эрежелер.
5.Ресурстар.
6.Башкаруу жана МӨП турмушка ашыруу боюнча толугу менен токтолуп кетти.
Мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Н. Алышерованын сөзү:
Мектепте өткөрүлгөн ачык тарбиялык сааттарда окуучулардын Ата мекенди сүйүүгө,
эмгектенүүгө тарбиялоого көңүл бурулганын жана класстан тышкаркы иштер жөнүндо токтолуп кетти.
Мектептин директору Ж. Атантаевдин сөзү:
А. Салиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин миссиясын, мектептинотчеттук картасын, көйгөйлөрдү талдап, узак мөөнөттүү максат башкача айтканда 2017-2022 окуу жылына милдеттерди кабыл алууну сунуштады. Ал милдеттердеги ишчаралардын аткарлышында окуучулар жана мектептин ишмердүлүгү кандай жетишкендиктерин көрсөткүчү болорун белгилеп кетти.
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап педагогикалык кеңешме чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын билим берүү министирлигинин инструкциясынын 2017 жылынын № 58 буйругунун негизинде 2017-2022 окуу жылында М. Мамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин мектепти өнүктүрүү планы (МӨП) бекитилсин.
2. Белгиленген милдеттердин аткарлышы ар бир мугалимдин негизги милдети болуп эсептелсин жана пландын аткарлышын көзөмөлдөө мектеп администрациясынамилдеттендирилсин.
Пед советтин төрайымы:_______________Т. Мамбетова.
Пед советтин катчысы: _____________ А.Сулайманова
Макулдашылды: Тоң райондук Макулдашылды: Бекитилди:
Билим берүү бөлүмүнүн Тоң айыл өкмөтүнүн Кам көрүү, биргелешкен
башчысы Н.Төлөнгүтова башчысы Б.Мамбетов педогогикалык кенештин
____________________________________ отурумунда
«__»________20___ж «__»________20___ж«__»________20___ж
Мектептин өнүгүүсүнүн планы.
А. Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеп.
Мектептин миссиясы:
Мукамбет Мамбетов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби баштапкы,негизги жана орто билим берүүнү камсыз кылган жалпы орто билим берүүчү мектеп болуп саналат.
Мектеп толеранттуу, ар тараптан өнүккөн жана алган билимдерин турмушта колдоно билген ийгиликтүү инсандын калыптанышы үчүн шарт түзөт.
А. Салиев атындагы орто мектеп жалпы орто билим берүү мекеме болуу менен бирге, башталгыч, негизги жана жалпы билим берүүгө багытталат. Ата-энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, жашоодо өз ордун таба билген, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо.
2017-2018 окуу жылында М. Мамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоо боюнча отчет.
1.Окуу планын аткаруу.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Кыргыз билим берүү академиясы менен бирдикте иштеп чыккан Базистик окуу планы менен 2016-2017 окуу жылында А.Салиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби базистик план боюнча окуу жылын жүргүздү. Предметтер боюнча окуу планы райондук билим берүү бөлүмүнөн бекитилип, окуу программаларына ылайык өткөрүлдү. Мектепте дене тарбия жана кол эмгек кружокторунун пландары мугалимдер аркылуу иштелип чыгып, бекитилген.
2. Кабылданган көндүмдөр (окуучулардын жетишкендиктерин баалоо).
Окуу планынын аткарылышы.
2017/2018-окуу жылында бардык баскычтар (1-11-класстар) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын Базистик окуу планынын негизинде иш алып барды.
Окутуу эки сменада жүргүзүлдү. Окутуу өлчөмү көрсөтүлгөн нормадан ашкан жок. Мугалимдердин иштөө убактысы максаттуу уюштурулду.Окуу планынын негизинде ар бир мугалим календарлык планды түзүшүп,ар бир сабактын конспектисин окуучунун позициясынан максаттарды коюу менен түзүп чыгышты.
Мукамбет Мамбетов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектепте 363/167 кыз (196 эркек) окуучулар ОШ-1 отчету боюнча жана 35 мугалим эмгектенди. Жалпы мугалимдер мектеп боюнча 4 методикалык бирикмеге бөлүштүрүлүп, бирикмелер окуу жылынын башында бекитилген план боюнча иштешип,жыл ичинде ар бир бирикме чыгармачыл декадаларды өтүштү:
1.Гуманитардык бирикме – декабрь айы
2.Башталгыч класстар бирикмеси – март айы
3.Табият таануу бирикмеси – ноябрь айы
4. Так илимдер бирикмеси – февраль айы
Декадаларда дубал газеталардын конкурсу, “Ачык сабактар парады”, “Ачык эшиктер күнү”, педагогикалык устакана сыяктуу иш чаралар уюштурулду.
Усулдук бирикмелер чейрек сайын окуучулардын билим сапаты боюнча мониторинг жүргүзүп турушту. Жыйынтыгында бирикмелер боюнча билим сапаты төмөндөгүдөй болду:
Гуманитардык усулдук бирикмеси – 44%
Табият таануу усулдук бирикмеси – 42%
Башталгыч класстардын усулдук бирикмеси – 59%
Так илимдер усулдук бирикмеси – 37%
Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тилчилер 3 айлык өткөрүшүп, бул мөөнөт ичинде тил күнүнө арналган адабий кечелерди, КВН, Манас таануу сабактарын өтүштү.Тил майрамына карата салтанаттуу линейка уюштурулду.Тил майрамына карата тилчилер тарабынан атайын “Улут болсом, тилим менен улутмун, улук болсом, тилим менен улукмун” деген темада стенд уюштурулду.
Мектептин жаш мугалимдери Солтобаева Назгүл, Уметова Алтынай, Чыныбаева Дилбара, Джунушова Динарга методикалык жактан жардам берүү максатында насаатчылар бекитилип,”Жаш мугалимдин“бурчу уюштурулду.
Ар бир чейректин аягында негизги предметтер боюнча класстардан административдик тест алынып,окуучулардынбилим сапатына анализ жүргүзүлүп турду.Административдик тесттин жыйынтыгы менен чейректин жыйынтыгы салыштырылып,чоң айырмачылыктар чыккан класстар директор алдындагы кеңешмелерде каралып, талкууланды.
Апрель айында мектеп ичинде 5-11-класстар арасында салтка айланган “Мыкты окуучу-2018” сынагы уюштурулуп, сынактын жеңүүчүсү болуп 11-класстын окуучусу Койгелди уулу Балбай табылды. Жеңүүчү мектеп тарабынан Ардак Грамота менен сыйланып, мектептин фойесине атайын стенд уюштурулуп сүрөтү илинди. Мындан тышкары мектептин демөөрчүсү Абдыкадырова Гүлзаттын жыл сайын берилүүчү 1 миң сом стипендиясына көрсөтүлдү.
Ноябрь айында мектеп ичинде негизги предметтер боюнча олимпиаданын 1-туру өткөрүлүп, анын жеңүүчүлөрү олимпиаданын райондук этабына тандалып алынды. Январь айында өткөрүлгөн райондук олимпиадага жалпысынан 24 окуучу катышып, 7 окуучу байгелүү орунга ээ болду. Олимпиаданын областтык туруна 3 окуучу катышып, 11-класстын окуучусу Кабатаев Каримшер активдүү катышкандыгы үчүн Грамота менен сыйланды. 11-класстын окуучусу Орозбаев Балбай райондук, областтык көркөм окуу сынагында 1- орунду, республикалык сынакта 3-орунду камсыз кылды.
2016-2017 окуу жылынын 1-сентябрында мектепте 249 окуучу билим алган, алардын 122 эркек балдар,127 кыздар. Окуу жылдын аягында 256 окуучу бүтүргөн, окуу программасынийгиликтүү өздөштүрүшүпжана кийинки класска көчүрүлдү . Мектеп боюнча билим сапаты – 45,2%ти түздү, 29 окуучу отличник, 89 окуучу ударникболгон. Баскычтар боюнча билим сапат төмөндөгүдөй.
I – 1-4 класс – 59,1% билим сапатын
II – 5-9 класс – 46,3% билим сапатын түзгөн.
III – 10-11 класс – 51,4 % билим сапатын түзгөн.
Мониторинг жүргүзгөндө төмөндөгүдөй акыркы беш жылда билим сапат өзгөргөн.
Окуу жылдары | Билим сапаты |
2012-2013 окуу жылы | 45,3 % |
2013-2014 окуу жылы | 45,2 % |
2014-2015 окуу жылы | 46,8 % |
2015-2016 окуу жылы | 45,3% |
2016-2017 окуу жылы | 45,2% |
| |
9 класстарга 13 окуучу кабыл алынып, толугу менен бүттү. Алардын ичинен 1/1 окуучу отличник , 4/4 окуучу ударник , 2016-2017 окуу жылын 13 окуучу аяктап, күбөлүккө ээболушкан .
10 класска арыз менен 12 окуучу окуйбуздеп кайрылышкан, ал эми калганы билим алуунунбашка формасын тандап алышты, 2 окуучу колледжге 9 окуучу кесиптик лицейге окуп кетишкен. 1 окуучу үй бүлөөлүк шартына байланыштуу иштеп кеткен.
11 классты 11 окуучу бүтүп, орто билим жөнүндө аттестат алышты, артыкчылык аттестат алган окуучу болгон жок.
Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 9 окуучу Жалпы Республикалык АКСЕЛС тесттине катышкан. ОРТ жана ЖОЖго 9окуучу өткөн. Бюджетке 2 окуучу, 6окуучу контракка окууга, атайынорто окуу жайына 2 окуучу өткөн. Мекенин коргоо үчүн жана эр азаматтык милдетин аткаруу максатында 1бүтүрүүчү аскердик кызмат өтөөгө кеткен.
№ | Бүтүрүүчүнүн саны | Окуу жылы | Орточо балл | Жогорку окуу жайга АКСЕЛС тарабынан өткөндөр. | Жогорку окуу жайына контрактык негизде өткөндөр. |
Саны | % | Саны | % |
1 | 16 | 2014-2015 | 112 | 11 | 55,1 | 5 | 33 |
2 | 14 | 2015-2016 | 118,3 | 9 | 22.2 | 5 | 55.6 |
3 | 11 | 2016-2017 | 124 | 8 | 100% | 6 | 75% |
Мектеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан негизги предметтер боюнчазээндүү жана жөндөмдүү балдар арасында райондук олимпиада уюштурулган. Райондук олимпиадага 20 окуучу катышкан, алардын ичинен
I орунга – 1 окуучу
II орунга – 2 окуучу
III орунга – окуучу ээ болушкан.
Райондук олимпиаданын жыйынтыгы | Областык олимпиаданын жыйынтыгы |
2014-2015 окуу жылы |
Iорун - 2 II орун - 1 III орун – 1 | I орун - II орун - III орун - |
2015-2016 окуу жылы |
I –орун-2 II- орун-1 III- орун-1 | I орун II орун III орун |
2016-2017 окуу жылы |
Iорун- 1 окуучу IIорун- 2 окуучу IIIорун | Iорун IIорун III орун-1 окуучу |
Ал эми областтык олимпиадада 1 окуучу , биология предмети боюнча барып 10- класстын окуучусу Болотбек кызы Жыпара катышып,III орунга ээ болуп келген.
Мурунку окуу жылга салыштырмалуу райондоокуучулар азыраак орун алышууда, мындан окуучулардын даярдыгы начар жана предметтик мугалимдердин системалууиштебегендигинен жакшы жыйынтык чыкпагандыгы көрүнүп турат.
Ошондой элеокуучулардын спортттук мелдештерде райондук “Манасиадага” катышып
төмөнкүдөй ийгиликтүү орундарга ээ болушту.
Спорттун түрү | Катышуучулар | Райондук Манасиада | Областык Манасиада |
Баскетбол | (команда) эркектер балдар | I орун | |
Стол тениси | Кенжебекова, Сүйүндүк к К. | I орун II орун | |
Грек Рим күрөшү | Майрамкул у Э. 4-класс Майрамкул у Т. 8-класс | I орун II орун III орун | |
Балбандар боюнча | Майрамкул у Э. 4-класс Асылбеков Э. 8-класс Майрамкул у Т. 8-класс | I орун I орун I орун | |
Шахмат Тогуз коргоол Ордо | Мектеп командасы | | |
I баскычтан II баскычка өткөндө башкача айтканда 5- класстардан кыргызтилинен,орус тилинен, математика пред-меттери боюнча жат жазуу, текшерүү ишалынып, билимге болгон кызыгуусу текшерилет жана жыйынтыгы чыгарылат.
№ | Предметтер | Тесттин жыйынтыгы | 4-класстагы жылдык баа |
1 | Кыргыз тили | 44% | 45% |
2 | Орус тил | 41,5% | 42% |
3 | Математика | 42,2% | 45% |
Билимге болгон кызуугуусун текшерүүдө окуу жүктөмү көбөйүп ар түрдүү методдорду мугалимдер берип окуучу жүдөй түшкөнү байкалат.
Ортоңку баскычта
№ | Класстар | Билим сапат% |
1 | 5 | 63,9% |
2 | 6-а,б | 51,1% |
3 | 7 | 30 % |
4 | 8-а,б | 48,3% |
5 | 9 | 38,4% |
6 | 5-9 | 46,3 % |
№ | Класстар | Административдик тесттин жыйынтыгы % | Жылдык жыйынтык % |
1 | 5 | Математика 38% Кыргыз тили 42% Орус тили 39% Чет тили 36% Тарых 40% | 39,2% 44% 40% 40% 45% |
2 | 6 | Математика 37% Кыргыз тили 35% Орус тили 40% Чет тили 36% Тарых 41,2% | 40% 38% 42% 38% 44,5% |
3 | 7 | Математика 35% Кыргыз тили 50% Орус тили 40% Чет тили 39% Тарых 40% | 35% 52% 45% 40,7% 43,2% |
4 | 8 | Математика 42% Кыргыз тили 45% Орус тили 35% Чет тили 36% Тарых40% Биология 45% | 49% 50% 40% 39% 42% 50% |
5 | 9 | Математика 43% Кыргыз тили 45% Орус тили 38% Чет тили 37% Тарых 39,5% Биология 40% | 44% 47% 42% 39,8% 42% 42,5 |
5-9-класстарда билим сапаты төмөн болуп жаткандыгы байкалат,анын бир топ себептери бар:Окуучунун кулк-мүнөзү өзгөрүп көп нерсеге алаксыйт, ар кандай терс жактарга азгырылып,сабактан көп калган учурлары болот. Бул учурда окуучуларга туура мамиле кылып,ата-энелер менен тыгыз байланышып, окуучунун жан дүйнөсүндө эмне болуп жаткан-ын байкоодо соцпедагогдун жана класс жетекчилердин жеткиликтүү иш алып барбагандыгында.Ал эми предметтик мугалимдер да системалуу көзөмөлдөп окуучуларды өз предметтерине кызыктыруу, билимдерди жакшы жеткирүү үстүндө иштөөсү жана консультацияларды өтүү жеткилик-түү эместиги көрүнүп турат.
3.Окутуу, тарбиялоо жана сабак берүү.
А. Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 2016-2017- окуу жылында22 мугалим эмгектенди. Ар бир мугалим өзүнүн предмети боюнча өндүрүштүкпланын түзүп,ал планда педаго-гикалык миссиясын кабыл алып жана мезгилдин талабына ылайык окуучуларга билим берүүдөгү керектүү компетентүүккө ээ болушу керек экендигин көрсөтүп маалымат берүүчү, билим берүүчүлүк, социалдык,коммуникативдик, өзүн өзү уюштуруу жана башка жана окуучуларды ушул билимдерге ээ кылууга аракеткылып иштеп келишет, жана ар бир мугалим өзүнүн предметин гана үйрөт-пөстөн,окуучуну коомдо ордун тапканга, эмгектенип иштеп кеткенге, толлерантуулукка ошол билимдерди өз турмушунда пайдалана билүүгө көндүм алдырат, жоопкерчиликтүүинсанды тарбиялоодо билим берүү стандарттына ылайык үч компетент-түүлүктү камтыган.
1. Маалымат берүүчүлүк компетенттүүлүк
2. Социалдык –коммуникативдик компетентүүлүк
3. Өзүн- өзү уюштуруучулук компетентүүлүккө.
Ар бир мугалимдин өзүнүн портфолиосун түзгөн жана сабактардын план конспектилеринтоптомун түзгөн, калыптан-дыруучу баалоо боюнча эң жакшы, жогорку деңгээлдерде ачыксабактарды өтүшкөн. Ошондой эле башталгыч класстын мугалимдери “Бирге окуйбуз “ долбоору үстүндө иштеп билим берүүнүн мамлекеттик стандарттына ылайык методикалык жана ата-энелер менен иштөөдөгү семинарларды үзгүлтүксүз өтүп келишкен. Башталгыч класстын мугалимдери тарабынан “Бирге окуйбуз” долбоорунун райондук мектептер арасында өткөрүлгөн семинарды мектепте жогорку деңгээлде өткөрүп сертификатка ээ болушту. Бул семинарда башталгыч класстын мугалимдери, ата-эне, коомчулук менен кандай иш алып баруу керектигин жана алардын окууга болгон чоң таасиринен окуучулардын китепке болгон кызыгуусу күчөп жакшы ийгиликтерге жетерин чагылдырылды.
Мектепте 4 методикалык бирикме иштейт.
1.Математика так илимдер методикалык бирикме .
2. Социалдыкденсоолук,маданияты,технология
методбирикмеси.
3.Тил чеберчилиги методикалык бирикмеси
4.Башталгыч класстардын методикалык бирикмеси.
Ар бир усулдук бирикме кеңешме өтүп, бир окуу жылына план түзүп, иш чараларды бекитет.
Ошол пландын негизинде ачык сабактар , докладдар окулуп, декадалар уюштурулган.Декадаларды кечелер, мастер класс ,таймаш сабагы, сынактар эң жогорку деңгээлде өтүлдү. Ар бир методикалык бирикме иш планын толук аткарды, декадалар толук өтүлдү.Негизги предметтер боюнча билим сапатын көтөрүү максатта интерактивдүү сынчыл ой жүгүртүүнү сабакта пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн сабактарга катышып администрациялык тесттерди алуу менен педагогикалык кеңешмеде талкууланып турду.
Бул окуу жылында 2 жаш мугалимдер иштеп, башталгыч класстын мугалимдери Дюшебаева Альбинага жана Съезбекова Айжанга насаатчы мугалимдербекитилип, насаатчы мугалим өзүнүн планын түзүү менен методикалык жардамдарды көрсөтүп турду.
Ар бир методикалык бирикме мастер-класстарды уюштуруп эң жогорку деңгээлдеачык сабактарды уюштуруп, ага мультимедиалык каражаттарды пайдаланып, слайдтүзүшкөн.
*Социалдык ден соолук, технологиялык методикалыкбирикмесинде тарых мугалими МадинаЭралиева мугалимдер арасында “Конфликтерди чечүү” темада мастер-класс өтүп мамлекеттер арасындагы келишпестиктер жөнүндө чагылдыр-ып ар адамдыкоомчулукка болгон ойлоосун өзгөртүү макстын-да эң жакшы деңгээлде сабак өткөн.
*Математика жана так илимдер методикалык бирикмесинде.Мастер классты биология мугалими
И.Кудайбердиева “Витаминдер ден соолуктун башаты” деген темада таймаш сабагын өткөн. Окуучуларар бир витаминди медициналык аттары менен слайд аркылуу презентация жасащкан.Дени сак жашоого үндөгөн, медицина менен байланышкан эң жакшы сабак өтүлгөн.
*Тил жана чеберчилик методикалык бирикмесинде орус тил мугалими Лаура Исмаилова орус адабияттан 8- класска “Смерть ради жизни”деген темада интернет булактарынан кошумча маалымат чогултуу менен Буниндин эмгектерин слайд аркылуу эң сонун маалыматтарды окуучуларга берди. Качан Нобель сыйлыгынын уюшулгандыгы жана сыйлыктын мазмуну, кандай илимпоз адамдар, кимдер ээ болгонун окуучуларга кенири түшүнүк берүү менен ар бир билим тармагына токтолду. Орустун унутта калган илгерки сөздөрүн слайд аркылуу маанисин ачып түшүндүрүү менен көрсөтмөлүү жана кызыктуу сабак өткөн. Ошондой эле чет тил мугалими Дамира Жамангулова 6-11 класс-тар арасында “Акыл ордо” уюштуруп, АКШ, Кыргызстан жана өзайылы Тоң үчүн чет тилинин зарылчылыгын белгилеп кетти.Ал эми “Акыл ордо” сынагында 11 класстын окуучусу Адилет Элчибеков жеңишке жетти.
*Башталгыч класстардын методикалык бирикмесинде USAID –“Бирге окуйбуз”- долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте 1-4 класстардын окуучуларын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу максатында башталгыч класстын мугалимдеринин кесиптик чеберчили-гин жогорлатуу жана окууну жайылтуу боюнча коомчулук менен иш алып барууга багытталган. Бул долбоордун максаты - жаш муундар үчүн үй-бүлөөлүк китеп окуунун туруктуу практикасын өнүктүрүү жана күчөтүү, кыргыз- орус тилиндеги окутуунун сапатын жакшыртуу болуп саналат. “Бирге окуйбуз” долбоорунун негизинде окуп жана түшүнүү боюнча ачык сабактарды эң жакшы деңгээлде уюштуруп өтүп турушту.Башталгыч класстын мугалими З.Тыналиева ”Сөз байлыгын өстүрүүдөгү калыптан-дыруучу баалоонун пайдалуулугу”- деген темада жеткиликтүү деңгээлде уюштурган.Ментор Г.Мамбеткулова кызыктуу жана театрлаш-тырып өтсө, “Балалыкты сагындык” аттуу марафонду китеп-каначы М.Кудайбердиева жана тарбия иштери боюнча уюштуруучу Айнура Тентимишова коомчулук , ата-эне, окуучулар арасында чыгармадагы каармандарды салыштырып, жарыша айтып берген катышуучуну диплом менен сыйлаган. Окуучунун китепке болгон кызыгуусун өстүрүү максатында “ Шар окуйбуз” лагери түзүлүп 1-4-класстын окуучулар кошумча башталгыч класстын мугалими А.Иманалиева окутуп, окуучу-лардын окуу техникасына көңүл бурулду.
Предметтик сабактарды өтүүдө класстардын стандарттык талапка жооп бербегендиги окуучу менен мугалимдин ортосундагы иш-аракеттердин жогорку деңгээлде болуусуна тоскоолдук жаратат.
Мектепте быйылкы окуу жылында 7 предметтик кружок иштеди алар Математика,Чет тил, Тарых, Физика, Химия,Орус тил, Кыргыз тили жана адабияты. Бир окуу жылынаплан түзүлүп иш алып барылды, кружокко катышкан окуучулар менен кошумча сабактарөтүлүп , диспут, кечелер,таймаш ,диспут, инциннировкалар уюштурулду. Ар бир кружоктун дубал газеталары ар ай сайын чыгарылып турду.
Математика кружогунда А.Абдыкеримова жетектеп план түзүүдө кызыктуу темаларга, афоризмдерге, баш катырмаларга токтолуп кеткен. Кружок мүчөлөрү менен “Сандардын сессиясы” деген темада КВН өтүп окуучуларды математика илимине болгон кызыгуусун арттыруу жана математикалык тилде туура , так сүйлөөгө көнүктүрүү, туура чечим чыгара билүүгө көндүм алдыруу максатында жүргүзүлөт.
Тарых кружогун М.Эралиеважетектеп план түзүүдө Кыргызстандын тарыхы менен Дүйнөнүн тарыхын айкалыш-тырып түзгөн. М: “Кут алуучу билим “, “Тайлак баатырдын эрдиги”, “Ылайдагы салгылашуу” ж.б темаларды өтүүдө кружок мүчөлөрү менен талкуу түрүндө өтүп келди.
Физика кружогун К.Стамова жетектеп план түзүүдө кызыктуу турмуш менен байланыштыруу максатта физикалык макал-лакаптарды катыштырып түзгөн. М: “Алтын акпайт, күмүш күйбөйт” (катуу), “Аракетти көп, берекети жок”(механика), Косманавтика күнүнө карата “Космос ааламы” аттуу кече уюштуруп планеталардын кыймылы, түзүлүшү жана космонавттар Салижан Шарипов , Ю.Гагарин, Н.Терешковалардын эмгеги , спутниктер, космоско болгон ылдамдыктар жөнүндө окуучулар кеңири токтолуп кетти..
Орус тил кружогунун жетекчиси Исмаилова Лаура кружоктун мүчөлөрү менен жаратылышка басым жасоо менен план түзгөн. “Мы любим нашу Родину” деген адабий кечесин 8- класстаөтүп , окуучулар Мекенди сүйүүгө коргого жана табиятына аяр мамиле жасоого үндөшкөн.
Чет тил кружогун Д.Жамангулова жетектеп дүйнөлук тил англис тилге токтолуп кеткен. “Мен англис тилин жакшыраак билгим келет” деген темада “Акыл ордо “ уюштурган.
Кыргыз тил кружогун С.Мукашова жетектеп ”Манас” темасына жана заманчыл акындарга көңүл буруу менен план түзгөн.
Ошондой эле салтка айланган сабактарды өзгөртүүнүн калыптандыруучу баалоонун суроолор ар-кылуу ой жүгүртүүнү өнүктүрүү ийгиликке, максатка жетүүнүн кадамдары, Эки жылдыз, бир каалоо, топтор менен иштөө техникаларынын элементтерин колдонуп сабактарды өтүүдө.Бирок ошентсе да салтка айланган сабактардын элементтери көбүнчө колдонуп келе жатышат.Кээ бир мугалимдер ачык сабак учурунда гана ТСО (копьютер) колдонушса, ал эми күнүмдүк сабакта колдонушпайт. Себеби кабинеттик системада өтүүгө мектепте шарт жоктугу окуучулардын окууга болгон кызыгуусун арттырбагандыгы көрүнүп турат жана билим сапатын көтөрүүгө терс таасирин тийгизет.
Предметтер боюнча билим сапатын жана интерактивдүү сынчыл ой жүгүртүүнү сабакта пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн сабактарга катышып, администрациялык тесттерди алуу менен ар бир педагогикалык кеңешмеде талкуу жургүзүлүп турду.
Мектепте билим сапатын жогорулатуу үчүн жетишкендиктери төмөн болгон окуучулар менен иштөөдө ар бир предмет мугалими пландарды түзүп, иш алып баруу менен кошумча тапшырмаларды берип жана окуучулардын коллиграфиясын оңдоо үчүн өзүнчө окуучуларга жат жазуу, тексти көчүрүп жазуу тапшырмасынын үстүндө иштешти.
Окуучулардын билим сапатынын өсүшүнө көңүл бөлүнүп чейректе диогностикалык мониторинг жүргүзүлүп турат жана ар бир класста чейрек сайын ата-энелер чогулушу болуп , ата-энеге баласынын жетишкендиги, сабакка катышуусу боюнча тууралуу маалымат берилип турду. Ошондой болсо да 9-10-11 класстын эркек балдары сабакка кечигип кирүүсү жана кээ бир сабактардан качып кетүүсү байкалып келди. Мындай окуучулардын ата-энеси менен класс жетекчилер, соцпедагог байланышып, сабактарга катышуу графигин түзүп ата-энелер сабактарга катышып турду.Окуучулардын сабактан көп калуусу жана кечигүүсү , ата-энелер тарабынан көзөмөлгө аз алынышы себепкер болууда.
Мектепте тарбия берүү иштери Кыргыз Республикасында 2020-жылга чейин мектепокуучуларын жана жаштарды тарбия-лоо Концепиясынын негизинде жылдык, айлык,жумалык пландар түзүлүп иш алып барылды.
* Анда адеп-ахлактык тарбиялоо багыты,
*Жарандык тарбия багыты,
*Мекенчилдиккетарбиялоо багыты,
*Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо багыты,
*Көп маданияттуулуккатарбиялоо.
*Эстетикалык тарбиялоо,
*Эмгекке тарбиялоо багыты
*Сергек жашоого тарбиялоо,
*Үй бүлөөлүк тарбиялоо
боюнча ар бир класс, ар бир класс жетекчи ушул багыттар боюнча класстык жана ачык тарбиялык сааттарды, класстан тышкаркы иштерди өз убагында өткөрүп келишти.
Өткөөл курактагы 5-9- класстарда өзгөчө “Акыл ордо” таймаш кечелери, ” Манас таануу” сынактары өткөрүлдү. “Спорт- бул ден соолук”, “Сергек жашоо- ар бирибиз үчүн”, “Биз Мекендин патриотубуз” спорттук таймаштары жанабашкалар интеллектуалдык таймаш-сынактары өткөрүлүп, окуучулардын билим деңгээлдеринин жогорулашына, дене тарбиясынын калыптануусуна жана ар кандай опурталдуу (рекетчилик) иштерден алыс болуусуна өбөлгө болду.
Мектепте “Келечек” балдар өспүрүмдөр уюму түзүлүп, уставы иштелип чыккан. Балдарөспүрүмдөр уюму өз алдынча чыгармачылык менен иш жүргүзүштү.
Бул уюмда 7 клуб иштейт.
1. Улуттук каада-салт клубу.
2. Таланттуулар клубу.
3. Китеп сүйүүчүлөр клубу.
4. Жаратылышты сүйүүчүлөр клубу.
5. Жетиш-катыш, тартип-тазалык.
6. Боорукерлер клубу.
7. Милициянын жаш достору.
Клубдардын жана балдар өспүрүмдөр уюмунун төрага-төрайымдары шайланылган..
БӨУнун төрагасы болуп 10-класстын окуучусу Кенжебекова Элиза жалпы шайлоо эрежесинин негизинде шайланды. Уюмдун мүчөлөрү “Өзүн-өзү башкаруу” айлыгына активдүү катышышты жана жыл бою мектеп ичиндеги жалпы тартип-тазалык, маданий иш чаралардыөткөрүүгө активдүү катышышты.
Мектепте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынганынын 26 жылдыгына карата кыргыз тилинин улуулугу, байлыгы, баасы даңазалоо үчүн үч айлык өт-көрүлдү. Анда ар бир класста ачык тарбиялык сааттар, дилбаяндар сынагы, элдик оозеки чыгарма-чылык боюнча таймаштар, спорттук мелдештер өтүп, бурч уюштурул-ду.Айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, жигердүү катышкан окуучулар, класстар кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
“Жылдын мыкты окуучусу” сынагы өткөрүлүп, сынакка
5-11-класстардынударник,отличник окуу-чулары катышты. Сынак мурунку жылдагылардан өзгөчөлөнүп, I- туру тест түрүндө, II- туру “Акыл ордо” сынагы тибинде өткөрүлдү. Бул болсо жалпы окуучулардын кызыгуусун арттырып, интеллек-туалдык билим деңгээлдерин өркүндөтүүгө багыт берди. Натыйжада 11-класстын окуучусу Марс кызы Фатима билим деңгээли, сынактын суроолоруна жооп бериши,үлгүлүү жүрүш-турушу, критерийлерге туура келип “Жылдын мыкты окуучусу ” наамын жеңип алды.
Жаштарды тарбиялоо Консепциясынын негизинде түзүлгөн багыттар боюнча класстан тышкаркы
иштер жүргүзүлүп турду. М. “Гүл жана түшүм” майрамында
I-орунду 2 класс жетекчиси З.Тыналиева, II - орунду 3”а” класс жетекчиси Г.Мамбеткулова, III- орунду 5 класс жетекчиси А.Тентимишова ээ болушуп грамматалар менен сыйланышты. ” Жаңы жылдык кече” Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү режисору Э. Абдыжапаров тарбынан уюштурулуп окуучулар активдүү катышышты.” Күзгү бал” ,
8-Март апалардын майрамына карата эненин ыйыктыгын баалай билүүгө жаш муундарды тар-биялоо максатында “Апаларга гүл десте” аттуу кече өкөрүлдү.
21- февраль “Эне тил” күнүнө каратакыргыз тил жана адабият мугалими С.Мукашованын жетек-чилигинде “Улуттун улуулугу анын тилинде” аттуу 7-10 класстар арасында ар улуттун тилин , каада- салттын, маданиятын , тамак ашын чагылдырган сынак өткөрүлдү.
23 – февраль-Мекенди коргоо күнүнө карата “Мен мекенимдин ыймандуу уул-кызымын” деген темада ачык тарбиялык саатта окуучуларды өз мекенин сүйүүгө жана коргоого багыт берди.
7-апрель “Баатырларды эскеребиз” аттуу эскерүү күнү айылдык маданият үйүндө курман болгон баатырларды эскерип, аларга арналган ырларын, сахналаштырылган оор окуяларды чагылдырып айыл элдерине чоң концерт көрсөтүштү.
6-11 класстар арасында кыргыз тил жана адабият мугалими А.Тентимишованын жетекчилигинде “Сарменден” конкурсу өткөрүлүп окуучулардын кыргыз тилинин сөзгө бай жана чукугандай таамай айтылган сөздөрүнө маани берүү менен уюштурулган.
9-Май- Улуу жеңиштин 72 жылдыгына карата мектеп окуучулары айылдык жеңиш паркындагы
эстеликтерге гүл чамбарларды коюп, согушта курман болгон баатырларды эскеришти. 3”б” класстын классжетекчиси Элиза Эшимбаеванын даярдоосу менен согушта курман болгон аталарга арнап ырларды , сахналаштырылган согуш учурларын чагылдырып ачык тарбиялык саат өттү.
Мектепте класстан тышкаркы жана маданий массалык иш чараларды өткөрүүдө актылык залдын эскилиги жана тардыгы иш чаралардын жогорку деңгээлде өткөрүлүшүнө көптөгөн кыйынчылыктарды жаратууда.
Райондук мектептер аралык өткөрүлгөн сүрөт, скульптура жана декаративдик прикладдык чыгармачылык боюнча сынакта кол эмгек кружогунун жетекчиси Н.Сыдыкова уюштуруусунда 6-10 класстын окуучулары катышып, 6-класстын окуучуcу Зарина Тыныбекова, 8-класстын окуучусу Алина Жаныбекова-лар областтык сынакка жолдомо алышкан.
1-11-класстар арасында айылдык социалдык кызматкери Н.Базаркулов, айылдык ФАПтын кызматкери Д.Мамбетова, айылдык ден соолук комитетинин өкүлү Э.Токтосунова “Кургак учук айыгат” деген темада окуучуларга жана мугалим-дерге пайдалуу кеңештерди берип, сергек жашоого үндөп, спорттук мелдештерди уюштуруп кызыктуу сыйлыктар-ды белекке беришти. Ар бир класска ден соолук бурчтары уюштурулуп, класс кабинеттергекол жуугучтар, самын, сулгүлөр (бир жолку колдонуучу) коюлуп, окуучулар, мугалим-дер колдонуп ,жуунуп турушту.
“Келечек” БӨУнун “Жаратылышты сүйүүчүлөр” клубу жашылдандыруу-көрктөндүрүүиштерин активдүү уюштуру-шуп, мектеп айланасына, газондорго мөмө-жемиш бактарын, балатыларды, роза көчөттөрүн отургузушту. Өз убагында суукуюп, түбүн жумшартышты.
“Боорукерлер” клубу айылдагы жалгыз бой энелерге, кары-картаңдаргажардам берилип, алардын ыраазычылыктарын алып турушту.
Окуучулардын сырткы келбетине көп көнүл бөлүндү, бардык класстын окуучуларыокуучулук форма менен сабакка келишет. Парламентте жетиш-катыш комиссиясы иштөө менен бирге окуучунун сабакка катышуусун, өздүк тазалыгын, сабак-ка кечигүүсүн, окуу куралдарынынтазалыгын көзөмөлдөп, жыйынтыгын “ Сыймык” дубал газетасына жазып аныкташат.
4.Мектептеги климат же ички эрежелер.
Мектепте социалдык педагогу мектептин шартына жараша иш планы тузүлгөн.
Көйгөйлөрдү конструктивдүү чечүү үчүн Балдар өспурүмдөр уюмунун “Милициянынжаш достору” клубу менен бирдикте мектептин ички тартибин көзөмөлдөө уюштурулган.
1-11-класстын окуучуларынын үй-бүлөлүк социалдык паспортунун негизинде класстын,мектептин социалдык паспорту түзүлгөн.
№ | Иликтөөнүн негизинде | Саны | Эскертүү |
1 | Томолой жетим окуучулар | 3 | |
2 | Жарым жартылай окуучулар | 11 | |
3 | Социалдык жетим окуучулар | 17 | |
4 | Көп балалуу үй-бүлөлөр окуучулар | 8 | |
5 | Турмуш шарты оор окуучулар | 5 | |
6 | Бейжай үй-бүлө окуучулар | 1 | |
7 | Ден соолугу боюнча жеке үйдөн окуган окуучулар | 2 | |
8 | ДМЧ окуучулар | 9 | |
9 | ИДН катталган окуучулар | - | |
Бул үй-бүлөлөргө айыл өкмөтүнунсоциалдык кызматкерилери тарабынан жардам берилип турду. Шарттуу окуучулардан 1 окуучу президенттик ,1 окуучу областтык, 3 окуучу райондук “Жаңы жылдык” кечеге катышып келишти.
Мектепте 8 окуучу опуртал топко катталган. Бул окуучуларга жыл бою көзөмөлжүргүзүлүп турду.Жыл аягында жогорку класстын окуучуларынынарасында майда акча талап кылуу,коркунучтуу фактылары катталып мектептин парламен-тисоц.педагогдун көзөмөлүнө коюулуп жоюуга чаралар көрүлүп турду. Мектепте өткөрүлгөн предметтик жана спорттук кружокторго тартылды. 7-11- класстарарасында коомчулук жана ата-энелер менен бирдикте ”Жамандыктын залалдары кайдан келет?”- аттуу диспут өткөрүлдү.
6-7- класстарда соц. педагог “Тамеки өмүр душманы”, аттуу темада түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Окуучулар арасында “Сенукугуңду билесиңби?” деген темада класс жетекчилер менен бирдикте класстык сааттар өткөрүлдү. Ата-энелер чогулушунда ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатууга багытталган жанамектепке ата-энелерди тартуу максатында, ата-энелер чогулушунда “ БАЛА ТИРҮҮЛҮКТӨГҮ БАКЫТ”жана “МҮНӨЗҮ ООР БАЛДАРЫНА АТА- ЭНЕ КАНДАЙ МАМИЛЕ КЫЛУУ КЕРЕК?- - деген темада доклад жасоо менен талкуу уюштурулду. Талкуу жүргүзүүдө ата-энелер турмушта байкалбаган, элес алынбаган терс тарбиялоонун түрлөрүнө ынанышты.
Февраль айында Тоң айыл өкмөтү менен бирдикте шарттуу окуучуларга карата“Кайрымдуулук акциясы” өткөрүлүп
4 окуучуга окуу куралдары берилген.8-класстын ата-энелери менен сурамжылоо менен анкета алынды. 5-11- класстарда“Өспүрүмдөр арасындагы суициддик көрүнүш”- деген темада доклад окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Тоң айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлери тарабынан “Балдарга- зордук зомбулукка жол бербейбиз” аттуутемада доклад окулуп, ишеним почтасы уюштурулду. Ошондой болсо да балдар арасында ар майда пикир келишпестик болууда.
АДК нын мүчөлөрү менен бирдикте “СПИД- айыкпас илдет” аттуу тегерек стол уюштурулду.
Кыздар кеңеши ар ай сайын план боюнча кеңешмелерди, семинарларды, диспуттарды өтүп, кыздар арасындагыкөйгөйлөрдү чечүүгө жардам кылышты. 8- класстын кыздары класс жетекчиси Н.Исакунованын жардамы менен “Эжени көрүп сиңди өсөт” деген темада жогорку деңгээлде семинар өтүштү. Талкуу жүргүзүлгөн учурда кыздар тарабынан жакшы сунуштар киргизилип турду. 7-класстын кыздары “Кыргыз кыз мырзалары” деген темада ,актриса Сабира Күмүшалиева,
Бүбүсара Бейшеналиева, Уркуя Салиева жана башка кыргыз элинин көрүнүктүү кыздары жөнүндө кеңири маалымат беришти.8- март апалардын эл аралык майрамына карата “Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам”- деген темада мугалим эжейлер-ге чакан концертте жагымдуу маанай тартуулашты.
Бул жылы мектептин спорт аянтчаларын оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлдү жанажаңы салынган спорт залда дене тарбия сабагы,баскетбол,ордо,тенис,шахмат,волейбол, футбол ийримдери иштеди. Мектептин окуучулары райондук мелдеште күрөш,футбол боюнча алдыңкы орунду алып областка барып катышып келишкен.
Мектеп жалпы китеп менен камсыз болуусу 98%ти түзгөн.Мектептинкитепканасы бардык окуучуларды батыра албайт себеби, окуу залынын тардыгы жана балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша көркөм окуу адабий китептер-дин аз санда болгондугу, эскилиги ошондой эле заманбап китептердин жоктугу окуучунун таанып билүү кызыгуусун төмөндөтүп жатат.
5.Ресурстар.
Мектеп 1967- жылы жатакана тибинде салынып, 240 орунга эсептелген. Мектепте249окуучу окуп билим алды. Жалпысынан кабинеттер керектүү инфраструктура менен жабдылган. Бирок кадимки класстык бөлмөлөр жетишпегендиктен 2 сменада окушат.Ошондуктан окуучулардын окууга болгон мотивациясын камсыздоо үчүн шарт түзүү кыйын.
Мектепте окуу класс кабинеттер санитардык-гигеналык талапка жооп бербейт, класс кабинеттери тар болуп айрым класстарда бир партада үчтөн окуучулар отургандыктан ТСО менен жабдуугамүмкүнчүлүк жок. Класстан тышкаркы жана маданий массалык иштерди өткөрүүгө актовый залдын тарлыгы жана эскилиги терс таасирин тийгизет.Окуумастерскойундагы инвентарлар пайдаланууга жараксыз болгондуктан технология сабагы теория жүзүндө өтүлөт.
*Финансылык:
Мектептин ашканасында сүт жана булочка ар бир окуучуга 7(жети)сомдон мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталгыч класстын 121 окуучусуна берилди. Мектептин ашканасын БУУ ДАТПнын “Кыргыз Республикасынын мектептериндеги тамактандырууну оптимизациялоо” программасынын негизинде Тоң айыл өкмөтү тарабынан 2017-2018-окуу жылына 100 000 (жүз миң) сом өлчөмү каралып, мектептин ашканасы капиталдык ремонттон өкөрүүгө каралды.
Мектептин огородун быйылкы окуу жылы менен арендага берилген, келишимдеги көрсөтүлгөнмектеп фондусуна 10000(он миң) сом төгүлөт. Айылдык кеңештин депутаты Азат Рысбаевдин демилгеси ,айыл өкмөтүнүн жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен мектептин айланасына фудбол аянтчасы курулуп жатат.
*Эмгектик:
Мектептин жаш мугалимдери дене тарбия мугалими Маматов Рысбек, китепканачы Кудайбердиева Мира, башталгыч класстын мугалимдери Мамбеткулова Гүлкайыр, Эшимбаева Элиза, Съезбекова Айжан, Дюшебаева Албина , Иманалиева Асылкан, Мукашова Самара тарабынан
2-корпустун залын шыбагын кырып, кайрадан шыбап, толук ремонт кылынды. Ар бир мугалим класстарына 1-2ден заманбап жасалгалоо менен стенд жасатышты.
*Маалыматтык:
2016-2017-окуу жылынды USAID “Бирге окуйбуз” долбоорунун негизинде башталгыч класстардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча маалыматтын үстүндө иш жүргүзүлдү. 2016-2017-окуу жылында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-июль 2014-жылы №403 токтомунун негизинде жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттын негизинде компетенттүүлүктөр боюнча окуу-тарбия иши ишке ашырылды.
*Коммуникациялык
Ата-энелер тарабынан уюшулган мектеп фондусунун 37350(отуз жети миң үч жүз элүү) сом өлчөмүндө мектептин колидорунун жасалгалоосуна жумшалды. Андан тышкары орус тили бөлмөсүн ата-энелер тарабынан 20000 (жыйырма миң) сомдук капиталдык ремонттон жана. Физика бөлмөсүн ата-энелер тарабынан 15000 (он беш миң) сомдук капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Мектепте Темирбеков Жамангул атындагы математика кабинетин үй-бүлосү тарабынан 50000( элүү миң) сомго ремонттотулуп, ичи толугу менен жасалгаланды.
*Материалдык:
480 сааттык “Наристе” программасынан 1 класс комплекти- 12 парта, 24 стол, 3 шкаф, 1 флипчат доскасы, доска алынып, толугу менен жабдылды жана методикалык окуу китептери, көрсөтмө куралдар, дидактикалык материалдар менен камсыз болунду.
Китепкана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан предметтик окуу китептери менен толукталды. Демөөрчүлөр тарабынан 1 проектор,1 доска,2 принтер,2 ноутбук алынып келинди.Тон айыл өкмөтү тарабынан 98 000(токсон сегиз миң) сомго мектепти жылытуу системасынын темир мештерин жана темир морлорун алмаштырды. Тоң айыл өкмөтү тарабынан метепти жылытуу үчүн ар жылы 40 (кырк) тонна көмүр алынып берилет жана электр энергиясын, интернет, байланыш булактары үчүн ай сайын каражат төлөнүп турат. Окуучулардын командировкалык чыгымдарына жана мектептин чарбалык чыгымдарына каражат бөлүп берет.
Ошондой болсо да эл аралык долбоорлор менен иш жүргүзүүнү эффективдүү пайдаланбаганыбыз байкалууда. Информатика кабинетинде компьютерлердин эски моделде болушу жана окуу кабинеттеринде мультимедиялык каражаттардын жетишсиздиги. Спорт инвентарлардын жоктугу. Географиялык аянтчанын жоктугу. Маданий иш-чараларды өтүүгө имараттын абдан эскилиги. Окуу-тарбия ишинин жакшырышына терс таасирин тийгизүүдө.
6.Башкаруу жана МӨП турмушка ашыруу.
Мектеп командасы уюштуруучулук менен башкарууну ишке ашыруу үчүн жылдын башында 9адамдан турган мектептинкомандасы түзүлдү. МК:1 мектеп директору, 2 директордун орун басары, 4 ММБнин жетекчилери, 1 кам көрүү кенешинин төрайымы ,1 мектеп окуучусу мектептин командасы директордун буйругу менен бекитилген. Жылдын башындамектеп командасы ата-энелер чогулушун, директор алдындагы кеңешменин натыйжасында 28-августа педагогикалык кеңешмеде МОП кабыл алынган.2017-2018- окуу жылынын максаттары жанамилдеттери бекиди. Жылдын аягында метод бирикмелердин жетекчилеринин өздүк талдооотчету, ар бир предмет мугалимдеринин өзүн-өзү баалоо отчетунун, директордун орун басарларынын, китепканачынын отчетун окуучулардын жетишкендиктерин талдап негизгиокуу формалары: ОШ-1, РИК, мектептин отчеттук картасы талданды. Мектеп администрациасы тарабынан “Билим берүүдогү негизги компетенттүүлүктор” деген темада мугалимдер жамаатына семинар өткөрүлүп, негизги компетенттүүлүктордү өндүрүштүк планда жана күндөлүк планда колдонуу жагы көрсөтүлдү. Ата-энелер чогулуштары жылына ар бир класста 4 жолу өз убагында өткөрүлүп турду. Жалпы ата-энелер чогулушу 2 жолу өткөрүлөт. Үч тараптуу ата-энелер келишими түзүлгөн. Бул окуу жылында ата-энелердин мектеп менен байланышты жакшыртып, чогулушта катыш пайзы 80-90% ти түзүп турду жана ар бир ата-энелер чогулушунда баланы тарбиялоо үчүн маанилүү докладдар жана кандай ыкмадагы тегерек столдор өткөрүлүп турду. Класс жетекчилер тарабынан ата-энелерге чогулушту кыскача жүрүшү баяндалган чакыруу баракчалары жиберилет жана ата-энелердин катышуусу толук камсыздалат. Мектепте кабыл алынган уставынын негизинде ички эрежелер жана адеп кодекси менен мектеп кызматкерлери тааныштырылып иш алып барылат, аткаруу үстүндө иш алып барылат.
Күчтүү жана алсыз жактарды аныктоо.
Баалоо сфералары | Күчтүү жактары | Алсыз жактары | Маалымат булактары |
Окуу планы. | Предметтик мугалимдердин жетиштүүлүгү жана кесипкөй мугалимдердин болушу. | Окуу жылынын ичинде бюллетенге акы төлөнбөгөн өргүүгө мугалимдердин кетиши. | Райондук профсоюз уюму менен бирдикте мугалимдердин ден- соолугуна кам көрүү. |
Кабылданган көндүмдөр. | Предметтик тест, административ-дик тест жана электрондук тесттер. | Ички баалоо менен тышкы баалоонун дал келбеши. | Окуучулар-дын окууга болгон кызыгуусун арттыруу.. |
Окутуу, тарбиялоо жана сабак берүү. | Мамлекеттик стандарттына ылайык компетенттүүлүктордү камтыган предметтик пландарды түзүүсү. | Мультимедиа-лык каражаттар-дын жетишсиздигинен салттуу сабактардын көп өтүлбөшү. | Долбоорлор-ду жазуу менен жаны мультимедиалык каражаттар менен камсыздоо. |
Мектепте-ги климат же ички эрежелер (чөйрө). | Ата-эне, мугалим, окуучу менен байланыштын системалуулугу. | Окуучулардын жетишкендик-терин материалдык жактан баалай албагандыгы-быз. | Демөөрчүлөрдүн жардамы менен мектепке каражат-тарды тартуу жана материалдык базаны чыңдоо. |
Ресурстар. | Мектепте эмгектик, коммуникациялык, маалыматтык ресурстардын жогорку деңгээлде болушу. | Мектепте финансылык жана материалдык ресурстардын толук кандуу жетишсиздиги. | Фандрайзинг жолу менен демөөрчүлөр-дү табуу жана долбоорлор-дун үстүндө иштөө. |
Башкаруу жана МӨП турмушка ашыруу. | Ата-эне жана коомчулук менен иштөө. | Ата-эне жана коомчулук менен иштөөдө ыңгайлуу шарттын жоктугу(актылык зал, жыйын зал) | Жаңы мектеп салуу үчүн жогорку жактарга кайрылуу. |
Көйгөйлөр.
► Мектеп ичиндеги билим сапаты менен тышкы баалоо системасынын дал келбеши.
► Окутуунун ортоңку жана жогорку баскычтарындагы окуучулардынокууга болгон кызыгуусунун төмөндөшү.
► Окуучулар менен мугалимдердин окуу керектөөлөрүн материалдыкбазасынын толук эмес камсыздалышы.
Узак мөөнөттүү максат:
Инсанга багытталган окутууну жогорулатуу, инновациялык ыкмаларды пайдалануу менен окуучуларды өз алдынча билим, билгичтик көндүмдөрүнө ээ кылуу аркылуу чыгармачылыгын өркүндөтүү үчүн коомчулук, ата-эне менен бирдикте материалдык-техникалык базаны чыңдоо аркылуу, негизги жана предметтик компетенттүүлүккө карата билим берүү стандартына жооп бере ала турган, улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү дүйнөдөжеке жана коомдук бакубаттуулукту камсыз кылган жарандык, кесиптик ишке даяр болгон бүтүрүүчүнүн моделин даярдап чыгаруу.
№1-Милдет.Окуучулардын предметтерди үйрөнүүдөгү
мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
№ | Иш чаралар | Мөөнөтү | Жооптуулар | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжалар | Кайда каралат | Ийгиликтин көрсөткүчтөрү |
1. | Мектепте жөндөмдүү, таланттуу окуучулар менен иштөө жана олимпиадага даярдык | Жыл боюу | Мектеп администра-ция Предметтик мугалимдер. | План,тесттер | Жөндөмдүү балдар Аныкталат. | Директор алдындагыкеңешмеде Усулдук кеңешмеде. | Окуучулардын предметке болгонкызы-гуусу өрчүйт. Келечектеги кесибине багыт алат. |
2. | Окуучуларды өз алдынчаойлонуусун калыптандырууда бардык предметтердин берилишин көзөмөлдөө | Жыл бою | Завуч предметтик мугалимдер | Тиркеме 1,4 Тест,ачык сабак,диспут | Системалуу иштөөгө кондүм алышат | Пед кеңешме | Административ-диктест. Жыйынтыгы чыгарылат. |
3. | ЖРТга даярдык | Окуу жыл ичинде | Мектеп администра-ция Предметтик мугалимдер, | Тест жыйнактары | Өз алдынча жана логика-лык ойлоосун өстүрүүгө көндүм алат | Мектеп ичинде,усулдук кеңешмеде | Жогорку окуу жайга өтүүгө көмөк |
4. | 5-11 класстарда предметтик сабактарды начар өздөштүргөнокуучулар менен иштөө. | Окуу жыл ичинде | Завуч предметтик мугалимдер | План | Жекече окутуугаокуучулар тандалат .иш планы түзөт. | Директор алдында кеңешмеЖалпы ички көзөмөлдөө | План боюнча иш алып барат окуучуларды жетиштирүү болот. |
5. | Мугалимдердин билимин жогорулатуу . | Окуу жыл ичинде | Предметтик мугалимдер | График | Жаны педагогикалык көз карашта болот. | ОИУУ | Окутуунун инноватциялык технологияларга ээ болот |
6. | Акы төлөнүүчү кошумча окууларды уюштуруу | Окуу жыл ичинде | Предметтик мугалимдер | Расписание | Окуучулардын билимге бол-гон кызыгуусу артат | Мектеп ичинде | Мектепте билим сапаты жогорулайт |
7. | Мугалимдерге жаңы педагогикалык семинар, тренинг | Окуу жыл ичинде | Мектеп администра-ция | План | Мугалимдер-дин ишмер-дүүлүгү артат | Мектеп ичинде | Сапаттуу сабактар өтүлөт |
8. | Окуучуларды долбоорлор менен иштөөгө көндүм алдыруу | Окуу жыл ичинде | Предметтик мугалим, окуучу | План, долбоор | Окуучу түзүүго көндүм алат | Мектеп ичинде | Келечекте турмушуна пайдалана алат |
9. | Мугалимдерди шыктандыруу жана аларга дем берүү механизимдери менен иштөө | Окуу жыл ичинде | Мектеп администра-ция | Грамота, баалуу сыйлыктар | Мугалимде стимул пайда болот | Мектеп ичинде | Мугалимдин педагогикалык ишмердүүлүгү артат |
10 | Окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү үчүн тест иштеп чыгуу | Окуу жыл ичинде | Предметтик мугалим | Тесттер жыйнагы | Окуучулардын билим дең-гээли текешерилет | Мектеп ичинде | Өз алдынча тест менен иштөө көндүм-дөрү калыптанат |
11 | Мектепте коопсуз билим берүү мейкиндигин түзүү | Окуу жыл ичинде | Мектеп администра-ция, Предметтик мугалим | Түшүндүрмө-лөр жыйнагы | Окуучулардын коопсуздук эрежесин сактоого үйрөнөт | Мектеп ичинде | Бөөдө кырсык-тардан өзүн туура алып жүрүүгө жана сактана алат. |
12 | Окуучулардын билим сапатын 2% көтөрүү. | Жыл ичинде | Мектеп администра-ция, Предметтик мугалим | Кошумча усулдук колдонмо-лор | Окуучулардын билим сапаты көтөрүлөт | Мектеп ичинде | Мектептин билим деңгээли жогорулайт |
13 | Мектептин билим берүү ишине мониторинг жүргүзүү | Окуу жыл ичинде | Мектеп администра-ция, Предметтик мугалим | Диаграмма, гистаграмма | Окуучулардын билим дең-гээли,мугалим-дердин билим берүү иши салыштырылат | Мектеп ичинде | Мониторингдин негизинде билимге баа берилет |
№ 2. Милдет: Материалдык базаны чыңдоо.
№ | Иш чаралар | Мөөнөтү | Жооптуу | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжа | Кайда каралат | Ийгиликтин көрсөткүчтөрү |
1. | Мектепте кам көрүү кеңешин уюштуруу, уставын бекитүү. | Сентябрь | Мектеп администра-ция | График,токтом. Тиркеме 2 | Каржы чогултулат | Жалпы ата-энелер чогулушу. | Акча чогулат, залдар жасалгаланат |
2. | Жергиликтүү башкаруу органы менен байланыш. | Жыл башында | Мектеп администра-ция | Кайрылуу | Бюджет каралат | Айылдык кеңеште | Мектепке керектүү чарбалык шаймандар алынат |
3. | 10 -20жылдык бүтүрүүчүлөр менен байланыш | Апрель | Мектеп директору, класс жетекчилер | Кат | Техникалык каражаттар жаңырат | Акыркы коңгуроо | Мультимедиалык каражаттар менен камсыз болот |
4. | Мектептин өрүк багын арендага берүү | 5 жылга | Мектеп администра-ция | Келишим | Бакчаны кеңейтүү, түшүмүн жакшыртуу | Мектеп бакчасы | Акчы каражаты түшөт |
5. | Демөөрчүлөрдү табуу. | Жыл ичинде | Мектеп администра-ция, мугалимдер | Кат, келишим | Ыңгайлуу шарттар түзүлот | Жалпы ички көзөмөл | Мектептин муктаждыктары ишке ашат |
6. | Долбоор жазуу. | Жыл ичинде | Мектеп администра-ция, мугалимдер | Долбоор | Мульти медиалык каржаттарды толуктоо жана жаңыртуу | Мектеп ичинде | Сабак өтүүдөмультимедиалык каражаттарды көп колдонулат |
7. | РайБББ менен байланышып мектептин китепканасын китеп менен камсыздоо | Жыл ичинде | Китепкана-чы | Кайрылуу | Жаңы китептер менен камсыз болот | Мектеп ичинде | Окуучулардын китепке болгон кызыгуусу артат |
8. | Мугалимдердин демилгеси менен ремонт иштерин жүргүзүү | Жыл ичинде | Мугалимдер жамааты | Курулуш материал-дары | Ремонт иштери жүргүзүлөт | Мектеп ичинде | Мектептин көрүнүшү жаңырат |
9. | Ата-энелердин жардамы менен класс кабинеттерин ремонттоо жана жабдуу | Жыл ичинде | Ата-энелер жана класс жетекчилер | Стенд, курулуш материал-дары | Класстардын көрүнүшү жаңырат | Мектеп ичинде | Окуучулардын билим алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлөт |
10. | Жаңы мектептин курулушуна аракет кылуу. | Жыл ичинде | Мектеп администра-ция | Кат, кайрылуу | Талкууланып, макулдашылат | Айыл- дык кеңеш, район- дук кеңеш-те | Жаңы мектептин салынышына чечим чыгарылат жана уруксаат алынат |
11. | Футболдук аянтчанын курулушу | Жыл ичинде | Айылдык депутаттар-дын кеңешинде | Кайрылуу, жер тилкеси. | Спорт аянтчасын курууга уруксаат алынат | Мектеп аянтчасы | Окуучулардын спортко болгон кызыгуусу артат |
12 | Мектептин географиялык аянтчасын жана АЧД, спорт аянтчаларын куруу | Жыл бою | Предметтик мугалимдер | Инвентар-лар | Аянтчалардын абалы жаңырат, инвентарлар менен жабдылат. | Жалпы ички көзөмөл-дөө. | География,спорт аянчалары жабдылат. |
13 | Коомчулуктун көзөмөлдөөсү менен бюджеттик угууларды өткөрүү | Окуу жыл ичинде | Мектеп администра-ция | План | Маалыматка ээ болушат | Мектеп ичинде | Каражаттардын туура сарпталышына көзөмөлдөнөт |