Макулдашылды Макулдашылды Бекитилди
Ноокат районунун билим Ноокат шаар мэриясынын башчысы: А. Абдуллаев атындагы орто мектебинин директору:
берүү бөлүмүнүн башчысы: ______________ ____________ Т. Калмурзаева
_____________
“___”_____ 202 - жыл “____”____ 202 -жыл Педагогикалык кеңештин №___чечими
“____”____ 202 - жыл
Ноокат районунун Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебинин
СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫ
НООКАТ ШААРЫ 202—ЖЫЛ
Стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу жумушчу тобу
| № | ФАА | Иштеген жери, кызматы |
| | | |
| | | |
| | | |
| | | |
| | | |
| | | |
| | | |
Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебинин өнүктүрүү программасынын мазмуну
1. Киришүү бөлүмү
2. Мектептин миссиясы, максаты, милдеттери
3. 2023-2026-жылдарга өнүктүрүүнүн планы
1. Киришүү
Мектептин аты, тарыхы: Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектеби.
Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектеби, мурдагы Кыргызстандын -60 жылдыгы, андан кийин Бобур орто мектеби 1983-жылы ишке киргизилген.
1998-жылы бүтпөгөн бала бакча проектисинде курулган имаратты мектепке ыңгайлаштырып 240 орундуу мектеп болуп ачылган. Мектепке 2004-2005-окуу жылында Ноокаттын чыгаан атуулу Абдусаттар Абдуллаевдин ысмы берилген. 2011-жылдан баштап мектеп толугу менен кыргыз тилинде билим берүүдө.Азыркы күндө 1163 окуучуга 55 мугалим билим-тарбия берет. 2018-жылы Республикалык бюджеттен бардык шарттары менен спорт зал курулган. Окуучуларыбыздын ден соолугу чыңдалып, окуудан жана спорттон ийгиликтер багындырулууда.
Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Барын айылы, Бадалов көчөсү
Директор: Калмурзаева Тазагул Жаныбаевна
Устав: “Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектеби” мамлекеттик жалпы билим берүү мекемеси, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району. Ош облусунун Юстиция башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 25-февралында каттоодон өткөн.
Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебинде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мектепке жакынкы аймактардан (Зулпуев, Мирмахахмудов аймагы) келип окушат.
Мектептин имараты- типтүү эмес.
Жылытуу системасы- көмүр менен жылытылат.
Проект боюнча отуруу оруну - 240 орундуу.
Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектеби КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген программасы боюнча мамлекеттик стандарттын негизинде билим берүү үч баскычты камтуу менен жүргүзүлөт.
жалпы башталгыч билим берүү -1-4-класс;
жалпы негизги билим берүү - 5-9-класс;
жалпы орто билим берүү - 10-11-класс;
Билим берүү милдеттүү жана акысыз жүргүзүлөт.
Жалпы башталгыч 1-4-класстар баланын инсандыгын калыптандыруу, интелектуалдык шыгын өөрчүтүү, эсеп-кысап, окуу жана жазуу ыктарына ээ, мамлекеттик, расмий тилдерде сүйлөшө билүү өнөрүнө үйрөтүү жана чет тилдердин биринде алгачкы билим берүү иштери аткарылат.
Негизги 5-9-класстарда жалпы билим берүүдө жалпы билим берүү программасын аткаруу аркылуу личностту калыптандыруу, билимдердин негиздерине ээ болуу милдети аткарылат.
Жалпы 10-11-класстарда орто билим берүүнү аяктоо этабы болуу менен толук орто билимге ээ болуп, окуу программасын толук өздөштүрүү, өз алдынча өнүгүү адатына тарбияланган жашоого, кесип тандоого даяр инсан калыптандырылат.
1-класска даярдоо иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле окуучулардын жеке кызыкчылыктарын, жөндөмүн эске алуу менен кошумча сабактар, ийримдер жүргүзүлөт.
Мектептин миссиясы
Ноокат районундагы Ноокат шаарына караштуу Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектеби жалпы билим берүүчү мекеме болуу менен бирге негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүгө багытталат . Билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн үзгүлтүксүз жогорулатуу максатында- Мектептин техникалык базасын чыңдоо жана окуучуларга сапатуу билим берүү аркылуу, өз алдынча эркин ой жүгүртүүсүн калыптандыруу. Окуучулардын жан дүйнөсүн жана балалыгын коргоо менен учурдун керегине жараган атуулдарды тарбиялоо.
Мектепти өнүктүрүүдөгү 3 жылдык стратегиялык планы
1.Өнүктүрүүнүн максаты: Билим берүү –тарбиялоо.
Кыргыз Республикасынын жалпы мамлекеттик билим берүү жана предметтик
стандарттын негизинде сапаттуу билим, компетентүүлүктү жана тарбияны
камсыздоо. Бул үчүн бардык педагогикалык процесс окуучулардын предметтик
билим жана атайын сабактар боюнча алган билимдерине сабактан тышкаркы
учурдагы ишмердүүлүктөрүн айкалыштырууга багытталат.
2.Стратегиялык максаты:
Мектептин –окуу усулдук, окуу материалдык –техникалык базасын чыңдоо.
Окуучуларга негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү менен таланттуу,
жөндөмдүү муундардарга колдоо көрсөтүү аркылуу кесипке багыт берүү.
Милдеттери :
Мугалимдердин кесиптик чеберчилигинин уникалдуулугун жана МКТ боюнча сабаттуулугун үзгүлтүксүз өркүндөтүү.
Башкаруунун эффектүүлүгүн жогорулатуу.
Ата-энелер жана коомчулук менен тыгыз байланышта болуу.
Окуучулардын өзүн-өзү башкаруу структурасынын иш -тажырыйбасын жайылтуу.
Кыргыз Республикасында 2021-2030-жылдарга карата мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясынын негизинде тарбиянын багыттары боюнча иш- аракеттерди жүргүзүү
Мектептин миссиясы:
Мектептин техникалык базасын чыңдоо жана окуучуларга сапаттуу билим берүү аркылуу өз алдынча эркин ой жүгүртүүсүн калыптандыруу. Окуучулардын жан дүйнөсүн жана балалыгын коргоо менен учурдун керегине жараган жаштарды тарбиялоо.
Мектептин алдына койгон максаты:
Окуу тарбия процессинде заманбап технологияларды пайдалануу аркылуу окутуунун баскычтарына, талаптарына жооп берүүчү сапаттуу билим жана тарбия берүү менен компетенттүү инсанды окутуп-тарбиялап чыгаруу.
Мектеп жамааты алдыга койгон максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттердин үстүндө иштешет:
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн алдыңкы заманбап технологияларды, усулдук жан маалыматтарды колдонууну ишке ашыруу
СТРАТЕГИЯЛАР/ ИШ-ЧАРАЛАР ЖАНА ДОЛБООРЛОР/ НАТЫЙЖАЛУУЛУКТУН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
| № | Аткарылчуу иш мазмуну, натыйжалары /продукт | Жооптуулар | Мөөнөтү (аралык көрсөткүч /индикатор) | Каржы булагы/ ресурстар | Көзөмөл тартиби. /Мониторинг, баалоо | Мониторинг/Б. жыштыгы (канча жолу, мөөнөтү) |
| базалык | 2025 ж | 2026 ж | 2027 ж |
| 1. Окуу тарбия процесси |
| | Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебинин территориясындагы балдарды орто жалпы билим менен толук камтууну ишке ашыруу. | райБББ айыл өкмөттөрү, мектеп жетекчилери | 7-17 жаштагы калктын пайызы менен мектепке баруу көрсөткүчү толук аткарылат | | | | - | Ар дайым | 2 жолу жылына |
| 2. | "Базистик окуу планынын концепциясынын" негизинде Базистик окуу планын аткарылышын камсыз кылуу | | "Базистик окуу планынын концепциясынын" негизинде Базистик окуу планын жалпы билим берүүчү мектептерде аткарылышын көзөмөлгө ал | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| 2. Окуу усулдук иштер. Педагогикалык кадрлар өнүгүү иш чаралары |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| 3. Окуучу, тарбиялануучулардын өз алдынча иш алып баруусу. |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| 4. Балдардын окууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо. Инклюзивдик билим берүү. |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| 5. Материалдык техникалык базаны чыӊдоо. Инфратруктураны өнүктүрүү. |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
| | | | | | | | | | |
Ички көзөмөл. Биргелешкен мониторинг жана баалоо.
| № | Эмне иликтенет | мөөнөтү | жооптуулар | индикатор |
| | | | | |
| | | | | |
2023-2026-жылдарга өнүктүрүүнүн планы
1.Мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү
| № | Кадамдар. Иш-чаралар | Мөөнөтү | Аткаруучу | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжа | Жетишүүнүн көрсөткүчтөрү |
| Бар | Табыш керек |
| 1 | Диагностикалык анализдөө | Жыл сайын | Мектеп администра циясы | | | Мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу жана окуучулардын муктаждыгына жараша сабактарды өтүү | Сурамжылоо жыйынтыктары Педагогикалык жана психологиялык, кесиптик тесттердин натыйжалары. Өзүн –өзү баалоо баракчалары. |
| 2 | Мектеп ичинде тематикалык тренингдерди өткөрүү. (Мисалы: 1.Сабакка максат коюу 2.Сабакка анализ берүү 3.Баланы таануу. 4.Актуалдуу суроолорду бере билүү. 5.Окуучунун муктаждыгын аныктоо. 6.Окуучунун эмгегин баалоо 7.Ар бир сабакта окуучуну өзгөчө жактарын сезе билүү 8. Piza-2025ке кантип даярдануу керек? | Жыл сайын | Мектеп администрациясы Тренерлер | 10 000 | 20 000 | Мугалимдердин деңгээли жогорулайт. Үзгүлтүксүз кесиптик чеберчилиги өсөт | Ачык сабактар Сабак иштелмелери, Окуучулардын чейректик жыйынтыктары. ЖРТ жыйынтыктары. |
| 3 | Мектеп ичинде чыгармачыл мугалимдер тобун түзүү. Ош БИ мугалимдерди чыгармачыл мугалимдерди жөнөтүү. кесиптик стандартка ылайык педагогикалык кадрлардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу: (Өз билимин өркүндөтүү, семинарлар, тренингдерге катышуу) | 2023-жыл 1кв. Жыл сайын | Мектеп администра ция.УБЖ Мектеп администра ция.УБЖ | 4000 | 10 000 | Башка мугалимдерди Кызыктыруу. Мугалимдердин Үзгүлтүксүз кесиптик чеберчилиги ашат. Усул алмашат. Үйрөнгөн усулдарын башка мугалимдерге жеткирет. | Мектеп ичинде тажырыйба жайылтуу Ачык сабактар. Семинар, тренинг жыйынтыктары, курстан кийинки иш-чаралар |
| 4 | Мугалимдердин компьютердик сабаттуулугун өстүрүү Мектеп ичинде мугалимдерди окууту үчүн 3-айлык курс уюштуруу интерактивдүү доска менен иштөө, интернет булактар мн иштөөнү жандандыруу. ж.б | Жыл ичинде | Мектеп администрациясы Атайын адис | 5000 | 50000 | Мугалимдер компьютер, нотбуктар менен эркин иштейт. Интернет булактарынан пайдала на алат. | Сабактар, ОРТ натыйжалары. Чейректик жыйынтыктар. Тестик көрсөткүчтөр. Компьютердик окууларга катышуу дептери. |
| 5 | Мониторинг Баалоо | Жыл ичинде | Мектеп администра. | 6000 | | Үзгүлтүксүз кесиптик Чеберчилиги өркүндөйт,тренер мугалимдин саны көбөйт.Чыгармачыл мугалимдин чөйрөсү кеңейет. | Сурамжылоо жыйынтыктары.Аттестация жыйынтыгы. Салыштырмалуу педагогикалык жана психологиялык, кесиптик тестердин жыйынтык |
2. Мектептин окуу материалдык жана материалдык техникалык базасын чыңдоо.
| № | Кадамдар, иш-чаралар | Мөөнөтү | Аткаруучу | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжалар | Жетишүүнүн көрсөткүчтөрү |
| Бар | Табыш керек |
| 1. | Диагностикалык анализдөө (Көйгөйлөрдү аныктоо) | Жыл ичинде | Мектеп администрациясы. УБЖ .Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары. | | | Мектептин окуу материалдык жана материалдык, техникалык базасы чыңалат. | Сурамжылоо жыйынтыктары |
| 2 | Мектептин окуу материалдык жана материалдык, техникалык базасын чыңдоо үчүн булактар (демөөрчүлөр, инвесторлор, фонддор, НПО, жергиликтүү жана жогорку бийлик органдары) | Жыл ичинде | Мектеп администрациясы жана педжамаат. | | 30000 | Мектептин окуу материалдык жана материалдык, техникалык базасы чыңалат. | Сметалар |
| 3 | Окуу кааналарга интерактивдүү доскаларды жана телевизорлорду, компьютерлерди алуу, Интернетке Туташтыруу. | Жыл ичинде | Мектеп администрациясы, ата-энелер, демөөрчүлөр, фонддор,айыл өк. | | 600000 | Мектептин окуу материалдык жана материалдык, техникалык базасы чыңалат. Мугалимдерде өз алдынча иштөө калыптанат, электрондук китептерден пайдаланат. | ОРТнатыйжалары чейректик жый ынтыктар,өзүн өзү баалоо баракчалар. |
| 4 | Мектеп китепканасына илимий жана көркөм ,усулдук адабияттар,колдонмолор алуу | Жыл сайын | Мектеп администрациясы, библиотекар | | 100000 | Окуучулар көркөм адабияттар менен камсыз болот. Окуучулардын көрөңгөсү кеңейт | Тегерек столдор, диспут, дебаттар, конференция лар. |
| 5 | окуу каналарды окуу эмеректери менен Жабдуу (Парта,стул,доска,шкаф) | 2023-жыл | Мектеп администрациясы. УБЖ .Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары. | - | 130000 | Окуучуларга жана мугалимдерге иштөөгө жана билим алууга шарт түзүлөт. Мугалимдердин потенциалы өсөт. | Билим сапатынын көрсөткүчтөрү көтөрүлөт. Чейректик натыйжалар. |
| 6 | Мектеп ашканасыны ашкана эмеректери менен камсыздоо. | 2023-жыл | Мектеп администрациясы. УБЖ .Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары. | | 60 000 | Окуучуларга жана мугалимдерге иштөөгө жана билим алууга шарт түзүлөт ыссык тамак ичүү үчүн бир канча шарттар түзүлөт. | Билим сапатынын көрсөткүчтөрү көтөрүлөт. Чейректик натыйжалар. Окуучулардын ден соолугу Чыңалат. |
| 7 | Геграфия, биология аянтчаларын уюштуруу | 2023-2024-2025-ж | Мектеп администрациясы, завхоз, география, биология мугалимдери | | 60 000 | Окуучулардын практикалык билим алуусуна шарт түзүлөт. Алган билимин- дерин тажрый- ба аркылуу үй рөнүп турмушта колдоно алат. | Практикалык иштер жыйынтыгы. Тестик натыйжалар. Олимпиад Натыйжалары. |
| 8 | Мониторинг | 2023-2024-2025-2026-ж. | Мектеп администрациясы. УБЖ .Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары. | | | Мектептин окуу материалдык жана материалдык, техникалык базасы чыңдалганы аныкталат. | Кылынган иштин сметалары, актылары. |
3. Коомчулук жана ата-энелер менен иш алып баруу(түрдүү багыттагы өнөктөштөр).
| № | Кадамдар Иш-чаралар | Мөөнөтү | Аткаруучу | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжалар | Жетишүүнүн көрсөткүчтөрү |
| Бар | Табыш керек |
| 1 | Анализ жүргүзүү (микроучасткалар боюнча ата-энелерди аныктоо) | Жыл сайын | Мектеп администрациясы Соцпедагог,кл.жет. | | | Ар бир окуучунун ата-энеси жөнүндө толук маалымат алуу(ата-эне миграциядабы , жашоо шарты кандай, толук жана толук эмес үй-бүлөлөр эгерде ата-эне жок болсо кимдин карамагында) КРӨ №388 токтому ишке ашырылат. | Сурамжылоо жыйынтыктары. Алынган маалымат баракчалары. |
| 2 | Ата-энелерди мектепке тартууну жандандыруу. | Жыл сайын | Мектеп администр, организатор, Класс жетекчилер | | | Окуучулардын билим сапаты жана сабакка катышуусу жакшырат, мугалимдерге жоопкерчилик жүктөлөт. | Ата-энелер жыйналыштарынын токтомдору. Сурамжылоо натыйжалары. |
| 3 | Ата-энелерге тематикалык чогулуштарды өткөрүү.(Мисалы: 1.Сиз балаңызды тааныйсызбы? 2.Сапаттуу билим алууда ата-эненин ролу. 3.Адепти бала каерден алат? Ж.б.) | Жыл сайын | Мектеп администр, организатор, Класс жетекчилер | | | Окуучулардын билим сапаты жана сабакка катышуусу жакшырат. Мугалимдерге жоопкерчилик ашат.Мугалимдер менен ата-энелер тыгыз байланышта болот. | Сурамжылоо натыйжалары.тематикалык чогулуш материалдары. Сабакка катышуу дептерлери. Чейректик Натыйжалар. |
| 4 | “Окуучуларда патриоттук тарбияны күчөтүүдө коомчулуктун ролу”Тегерек стол өткөрүү (Жергиликтүү соц.адистер, согуш катышуучулары, афганец, чернобл, улуу ата.м.с катышуучулары, военкомат,орган кызмат и, врачтар. Спортсмендер Ж.б.) | Жыл сайын | Мектеп администр, организатор, Класс жетекчилер | | | Окуучулардын мекенге карата сүйүү ойгонот. Коомчулуктун мектеп мн байланышы күчөйт. | Тегерек стол Өткрүүдөгү материалдар. Сурамжылоо. |
| 5 | Китеп тайм фестивалын өткөрүү | Жыл сайын | Мектеп администр, организатор, Класс жетекчиле Ата-энелер, | 3000 | 8000 | Коомчулук мектеп мн тыгыз байланышат. Мугалимдердин жоопкерчилиги күчөйт,окуучулар мн ата-энелер китеп окуганга кызыгышат. | Фестивалдын изи. |
4. Жогорку бийлик менен чогуу иштөө.
| № | Кадамдар. Иш-чаралар | Мөөнөтү | Аткаруучу | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжа | Жетишүүнүн көрсөткүчү. |
| Бар | Табыш керек |
| 1 | Анализ жүргүзүү. | Жыл сайын | Мектеп администрациясы. УБЖ .Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары. | | | Мектеп көйгөйлөрү такталат. | Сурамжылоо Жыйынтыктары. |
| 2 | Мектептке кошумча жаңы окуу корпусун куруу( 2кабаттуу 225 орундуу) | 2024-жыл | Мектеп администрациясы. Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары, мэрия | | | Мектептин инфраструктурасы жакшырат. Окуучуларга шарт түзүлөт. Билим сапаты көтөрүлөт,окуучулардын ден соолугу чыңалат. | Смета, долбоор билим сапатын көрсөткүчтөрү, натыйжалары. |
| 3 | Мектептин участкасндагы трансформаторун РЭСтин балансына өткөрүү | 2023-жыл | Мектеп администрациясы. Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары. | | | Окуучулардын коопсуздугу сакталат. | Электр коопсуздугу сакталат |
| 4 | Мектептке кошумча жаңы окуу корпусун куруу( 2кабаттуу 225 орундуу) подвалы менен, коопуздук жер төлөсү менен | 2023-2025 | Мектеп администрациясы. Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары, мэрия | | | Мектептин инфраструктурасы жакшырат. Окуучуларга шарт түзүлөт. Билим сапаты көтөрүлөт,окуучулардын ден соолугу чыңалат. | Смета, долбоор билим сапатын көрсөткүчтөрү, натыйжалары |
| 5 | Жылытуу системасындагы откананы капиталдык ремонттон өкөрүү | 2023 | Мектеп администрациясы. Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары. | | 700 000 | Мугалимдерге, окуучуларга Жакшы шарт түзүлөт. Откананын меши жаңыланат. Мектептин жылуулугу жогорулайт. | Смета. Ишчилерге шарт жакшырат. Иштин жугумдуулугу артат. |
| 6 | Мектептин сырткы дубалын ремонтоо | 2024-жыл | Мектеп администрациясы. Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары, мэрия | | 1 млн | Мектептин инфраструктурасы жакшырат. Окуучуларга шарт түзүлөт. | Мектептин имараты сакталат. Санитардык гигиеналык талаптарга жооп берет. |
| 7 | Футбол аянтчасын оңдоп түзөө | 2023-жыл | Мектеп администрациясы. Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары, мэрия | | 5 млн | Окуучуларга шарт түзүлөт. | Окуучуларда ишеним артат. Ар кандай спорттук мелдеш жана таймаштардын натыйжасы. |
| 8 | Мониторинг жүргүзүү | Жыл ичинде | Мектеп администрациясы. Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары. | 1000 | | Мектептин инфраструктурасы жакшырат.Окуучуларга шарт түзүлөт. Маданияты өсөт. | Аткарылган иштер,смета. Долбоор. |
| | | | | | | | |
5. Башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу.
| № | Кадамдар. Иш-чаралар | Мөөнөтү | Аткаруучу | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжа | Жетишүүнун көрсөткучү. |
| Бар | Табыш керек |
| 1 | Диагностикалык анализдөө. | Жыл ичинде | Мектеп администрациясы Жумушчу топ. | | | Мектепти башкарууга татыктуу инсандар такталат | Сурамжылоо Пед.кеңеш, УБ |
| 2 | “Акылдуу мектеп” Электрондук күндөлүк, электрондук журналга өтүү. | Жыл ичинде | Мектеп админ бийлик органы. | | 200миң | Окуучулардын билим сапаты көтөрүлөт,ата-энелер мн байланыш күчөйт.Балдары жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат алат.Мугалимдердин жоопкерчилиги к учөйт. | ОРТ.Олимпиада Натыйжалары. |
| 3 | Мониторинг, анализ. | Жыл ичинде | Мектеп администрациясы. УБЖ .Чарбалык иштер боюнча директордун орун басары. Ата-энелер. | 10000 | | Окуучулардын ата-энелердин Мектепке болгон кызыгуусу Өнүгөт, Мугалимдердин жана Окуучулардын компетенттүүлүгү жогорулайт Мектептин өзүндө педагогикалык устакана толукталат, новатор тренер мугалимдер чыгат, мугалимге стимул болот (Мамлекеттик сыйлыктарга мотивация берилет) | |
| 4 | | | | | | | |
МӨПкө зарыл болгон шарттарда кошумчалар жана өзгөртүүлөр киргизүү мүмкүнчүлүгү бар.