СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен адаммын бирок андай?

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мен адаммын бирок андай?»

Бекитемин”

Уюштуруучу______________Эсенбекова.Г.

Числосу”______________”



Мен адаммын,бирок кандай?



Сабактын максаты:


Ар бир адамдын үч мүнөзү болот: Бир мүнөздү ага башкалар жазат; бир мүнөздү өзүнө-өзү жазат;

жана бир мүнөз өзүндө чындыгында болгон мүнөз.

Виктор Гюго

  • Өспүрүмдөр менен байланыш түзүү жана сабакка оң мотивация берүү;

  • Окуучулардын өзүн-өзү анализдөөсүнө жардам берүү;

  • Инсандын өсүшү үчүн «Мен – концепциясы» түшүнүгүнүн маанисин түшүндүрүү.


Сабактын милдеттери:

  • Өзү жөнүндө билим берүү;

  • Өзүн таануу машыгуусун калыптандыруу;

  • Сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү.


Керектелүүчү ресурстар: ватмандар, маркерлер.


Сабактын планы:

Көнүгүү

Убакыт

1.

Уюштуруу. Көнүгүү «Мактангым келбейт, бирок мен…»

5 мүн.

2.

Негизги бөлүк

  • Лекция

  • Текст,Таблицалар менен иштөө

25 мүн.

3.

Жыйынтыктоо бөлүгү «Мен бүгүн сабакта билдим….»

10 мүн.

4.

Коштошуу адеби: «Кошунаңа жылуулук жана жылмаюу тартуула»

5 мүн.



45 мүн.


Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу. «Мактангым келбейт, бирок мен ...» көнүгүүсү (5 мүн.)

Максаты: окуучулардын көңүлүн сабакка буруу, сабакта иштөө эрежелери менен тааныштыруу; өзү жөнүндө айтуу аркылуу жаш өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү анализдөө жөндөмүн өнүктүрүү.

Мугалим: Окуучулар менен саламдашып, сабактын максаты, темасы жана иштөө эрежелери менен тааныштырат (активдүү болуу, кол көтөрүү, ишенүү). Активтештирүү көнүгүүнү өткөрүүнү сунуштайт: көнүгүү

«Мактангым келбейт, бирок мен…»

Окуучулар тегерек болуп турушун жана кезек менен сүйлөмдү бүтүрүүнү сунуштайт:

«Мактангым келбейт, бирок мен…»


Болжолдуу жооптор:

    • «Мактангым келбейт, бирок мен эртең менен чоң-энеме чалып окуумда болгон ийгиликтерим жөнүндө айтып, аны кубанттым»

    • «Мактангым келбейт, бирок мен гитарада ойной алам».

Мугалим: Бул көнүгүүнү аткаруу силер үчүн жеңил болдубу? Эгер жеңил болсо эмне

үчүн, жеңил эмес болсо анда эмне үчүн?


Жыйынтыктоо:

Биз бири-бирибиз жөнүндө көп маалыматты билип алдык. Бул биз үчүн өтө маанилүү. Биз канчалык бири-бирибиз жөнүндө көп билсек, ошончолук жакыныраак болобуз жана бири- бирибизди жакшыраак түшүнөбүз.

Азыр ар бириңер мүнөзүңөр жана өзүңөр жөнүндө айтып бердиңер. Кайсы бир деңгээлде “мен киммин?”-деген суроого дагы жооп айттыңар.

  1. Жаңы тема: (25 мүн.)

  2. Слайд кетет,текст менен иштөө.

Максаты: «Инсан», «инсанды үч түзүүчүсү: реалдуу, идеалдуу, күзгүдөй»,

«аң-сезим» түшүнүктөрү менен тааныштыруу.

Мугалим: «Мен» деген ким? (Мугалим доскада алдын ала «Мен деген ким?» деп жазылган ватманды ачат).


Болжолдуу жооптор:

    • «Мен – бул менин мүнөзүм, ойлорум, сезимдерим, тынчсызданганым, дене

түзүлүшүм, арзууларым, жүрүм-турумум, каалоолорум, жан дүйнөм».

    • «Мен – бул менин инсандык сапаттарым».


Мугалим: Инсан деген ким?-деген суроого психологдор ар түрдүү жооп беришет, инсан феномени түшүнүгүнө болгон психологдордун ар түрдүү жооптору, ар түрдүү ойлору аны түшүнүүнү кыйындатат. Бирок көпчүлүк аныктамаларда чындыктын негизи бар.

Инсан бул калыптанган, башкалардан айырмаланган психо-физиологиялык системанын топтому – инсандын мүнөздөрү, бул топтом адамдын ой жүгүртүүсүнүн жана жүрүм-турумунун өзгөчөлүгүн аныктайт.

Психологдор инсанды үч типке бөлүшөт:

Реалдуу мен – адамдын сырткы келбети, жүрүм-туруму, жөндөмү, сапаты, ойлору, сезимдери, баалуулуктары ж.б. жөнүндө түшүнүп билгендиги.

Идеалдуу мен – кандайдыр бир сырткы келбетке, жөндөмгө, сапатка ээ болгусу келгендиги жөнүндө каалоосу.

Күзгүдөй мен – башка адамдардын сен жөнүндө, сенин сапаттарың, журум- турумуң жөнүндө элестетүүсү.

Окуучулардын таблица менен иштөөсү (таблица доскага илинет).



Реалдуу мен

Мен чындыгында киммин?”, - деп элестетүү

Идеалдуу мен

Мен ким болушту каалайт элем?”, -деп элестетүү

Мен - күзгүдө

Башка адамдар мени кандай элестетет жана кабыл алат?”, - деп элестетүү

Мугалим: Таблица боюнча өзүңөр жөнүндө элестетип көргүлө. Ушул үч «мен» дегендин ичинен силер үчүн кайсынысы маанилүү жана эмне үчүн?

Мугалим: окуучуларды төмөндөгүдөй жыйынтыкка алып келет: реалдуу жана идеалдуу бири-бирине карама - каршы келет.

Мен дегендин идеалдуу жана реалдуусунун карама-каршы болушу инсандын өнүгүүсүнүн негизги шарты болуп саналат.

Инсандын өнүгүүсү келечекти кароосуна таандык, бул менин бир нерсеге умтулуум дегенди түшүндүрөт. Биз аны «Мен-концепциясы» деп атайбыз



Мен-концепциясы – бул менин бир нерсеге умтулуум.

Ар бир адамдын өзүнүн умтуулусу, арзуулары болот жана булар биз кандайдыр бир аракеттерди жасаганда гана аткарылат.

Биз өзүбүздүн ким экенибизди, кандай болгонду каалайбыз жана башкалар

биз жөнүндө кандай элестетиши мүмкүн экендигине анализ жүргүзө алышыбыз керек жана «Мен» ким жана кандай болгум келет?- деген максатты алдыга коюшубуз керек: Мындан ары максатка жетүү үчүн аракет жасоо керек.

Жыйынтыктоо:

Мугалим:

- Кандай деп ойлойсуздар «Мен- концепциясы» түшүнүгү бизге эмне үчүн керек?

Болжолдуу жооптор:

    • «Мен – концепциясы» адамдын өзүн түшүнүү, жеке өнүгүү үчүн аткарыш планын түзүүгө жардам берет».

  1. «Адам өсүш керек, бул үчүн жашоосунда максат коюш керек, кантип алдыга жылуу керектигин түшүнүүсү зарыл. Эгерде мындай анализ жок болсо, алдыга умтулууга, өнүгүүгө каалоо жок болсо, анда адам бир эле ордунда тура берет, ал өспөйт, айланасындагыларга жана өзүнө-өзү кызыксыз болот».

  2. Жыйынтыктоо бөлүгү. (10 мүн.)

Максаты: кайра байланыш, рефлексия (өткөндөрдү кайталоо).

Мугалим: Ар бирибиз катарынан тегерек болуп төмөнкү сүйлөмдү толуктайбыз: «Бүгүн мен сабакта билдим…»

Айтылган сүйлөмдөр позитивдүү болуусу зарыл; сүйлөмдү улантуу окуучуларга кандайдыр бир кыйынчылык жаратпашы керек, өтө терең ойлонууну талап кылбоосу зарыл.


  1. Коштошуу адеби. Көнүгүү «Кошунаңа жылмаюу жана жылуулук тартуула» (5 мүн.)

  2. Максаты: сабакты позитивдүү жыйынтыктоо.

Мугалим: Бүгүн ар бирибиз өзүбүздү таанууга кадам таштадык. Мен биздин сабагыбызды коштошуу үрп-адаты менен бүтүрүүнү сунуштайм. Азыр туруп, кол кармашабыз, жылуулукту сезебиз, бири- бирибизге кайрымдуулук менен кубаныч импулсун жөнөтөбүз жана жылмаюу тартуулайбыз. Мен оң жакта турган кошунама жылуулук берем, ал болсо өзүнүн кошунасына жылмаюу жана жылуулук импулсун берет, ошентип андан ары улантабыз.


Уюштуруруу

Алтын эреже

Адамдын адам билет сымбатын,

Акмактар кайдан билсин,адамдын арзан менен кымбатын.

Аз сүйлөсөңда так сүйлө.

Адам көркү адеп.

Өткөн теманы кайталоо.(балдар текстерин окушат.)

2-топко бөлүү.

Кыздар жана балдар.

Жаңы тема кетет.

Сабактын максатын окуучулар менен коюу. Стикерлер таратылат. Ватманга чапталат.

Слайд анан проблемалык тексттер таратылат.

Текстти талкуулоо. Доскага презентациялоо.

Бышыктоо үчүн «Мен концепциясы »

Рефлексия






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!