СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен мугалим,мен менеджер.мен кызматчы,мен суйуктуу энемин жана да суйуктуу жармын.

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мугалим

  1. Кызматтык милдеттери:

    • педагогикалык учурда жана окуткан сабагынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен жогорку илимий жана усулдук деӊгээлде окуучуларга сабак өтөт;

    • Окуучуларды окутуунун ар кандай окутуу калыптарын, усулдарын жана каражаттарын колдонот;

    • Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана жалпы билим берүү программаларынын негизинде автордук жалпы билим берүү программаларын жана окутуу-усулдук китептерин иштеп чыгат жана окутуунун жаӊы технологияларын киргизет;

    • окуткан сабагы боюнча окутуу материалдарын пландаштырат, жалпы билим берүү программаларын аткарууну жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынын базистик деӊгээлиндеги талаптарын бардык окуучулар тарабынан өздөштүрүүнү камсыз кылат, алардын жөндөмдөрүн жана көнүгүүлөрүн калыптандырып, алган билимдерин тажырыйбалык колдонууга даярдайт;

    • Окуучуларды сабактар боюнча олимпиадаларга жана конкурстарга катышууга даярдайт;

    • Окуучулардын класстан класска которуу сыноолорун өткөрөт, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышат;

    • Мектепке тийиштүү документацияны туура жана өз учурунда толтурат;

    • Педагогикалык кеӊешинин чогулуштарына, усулдук бирикмелерине ж.б активдүүкатышат;

    • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларын окутууну, “Манас” эпосунда, ошондой эле кыргыз жана республикада жашаган башка улуттардын жакшы каада-салттарында аныкталган негизги жалпы адамзаттык принциптеринин негизинде окутуу-тарбиялоо ишин алып барат;

    • Окуу планынын мектептик компонентин аткарып, сабак боюнча жана башка кружокторун жетектейт;

    • Окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен туруктуу байланышта иш алып барат;

    • Класстагы окутуу чөйрөнүн абалын байкоо жүргүзүп, класс жетекчисине билдирет;

    • Окучуулардын жеке-психологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдеп, алардын жетишкендиктерин анализдейт, ошондой эле окутуу тартибин тутуусун жана сабактарга катышууларын камсыз кылат;

    • Өзүнүн кесиптик жана дасыктык даярдыгын системдүү жогорулатат;

    • Балалыкты коргоонун, жашы жетпегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоонун, техникалык коопсуздуктун жана өрткө каршы сактануунун тартиптерин, санитардык-гигиеналык түзүлүшүн, окуучулардын эмгегин коргоону жана жалпы билим берүүчү уюмунун окутуу-материалдык-техникалык базасын сакталышын тутуп, аткарат;

    • окуу китептери менен камсыздалышын жана аларды сактоону көзөмөлдөйт;

    • Тийиштүү сабак боюнча окуу кабинетин заманбап каражаттар жана окутуу-дидактикалык материалдар менен камсыздалышын пландаштырат;

    • Сабакта жана класстан тышкары иш-чараларды өткөрүү учурунда бекитилген окуучуларынын контингентинин өмүрлөрүн жана ден соолуктарын сактоого персоналдык жоопкерчилик тартат.

2. Билиш керек:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларын;

  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”Мыйзамдарын жана окуучуларга билим берүү жана тарбиялоо боюнча башка ченемдик укуктук документтерин;

  • педагогикалык жана илимий- усулдук маселелерин чечүүчү жалпы теоретикалык сабактарынын негиздерин;

  • Педагогиканы жана педагогикалык психологияны; балдардын социологиясынын,физиологиясынын жана гигиенасынын негиздерин;

  • дүйнөлүк жана ата-мекендик педагогикалык илимдин жана тажрыйбанын жетишкендиктерин;

  • мамлекеттик институттарынын,коомдук уюмдарынын окуучуларга билим берүү жана тарбиялоо боюнча милдеттерин жана укуктарын;

  • балдардын укуктары жөнүндө Конвенсияны жана педагогикалык жүрүм-турумдун ченемдерин;

  • техникалык коопсуздуктун, өрткө каршы сактануунун эрежелерин.

3. Дасыктык талаптары:

  • Жогорку категориядагы мугалимдин орто педагогикалык жана жогорку педагогикалык билими I-категориядагы мугалимдин кызмат ордунда иштеген стажысы болушу керек.

  • Кыргыз Руспубликасынын Ардактуу наамдарын алган педагогикалык кызматкерлерине билимине жана иш стажына коюлган талаптарсыз эле жогорку дасыктык категория ыйгарылышы мүмкүн.

  • Жогорку категорияны ыйгарууда билиминен жана I- категориясындагы педагогикалык ишинин стажысынан тышкары төмөнкү талаптар комплекстүү эске алынат:

  • -жогору дасыктагы мугалим катары өзүн профессионалдык чыгандыгын көрсөтүп, коллегалары менен тажрыйбасын жана машыгуусун бөлүшөт;

  • -ар кандай деӊгээлдеги усулдук бирикмелерге катышат жана (же) башкарат;

  • -жалпы билим берүүчү уюмунун ишкердүүлүгүнүн профилдүү жана максаттуу комплекстик программаларын болжолдоого жана иштеп чыгууга катышат;

  • -ишеним менен иштейт:мектептеги,райондогу,областтагы коллегаларынын катышуусунда өткөн сабактары дайым ачык;

  • -“Жылдын эӊ мыкты мугалими ”деген аймактык жана (же) республикалык конкурсунун жеӊүүчү мугалими наамына ээ болот;

  • -аймактык,республикалык жана эл аралык олимпиадалар жана кароолордун жеӊүүчү окуучуларына ээ болот;

  • -автордук программаларын, окутуу материалдарын жана усулдук сунуштарын иштеп чыгып,чыгарат же жаӊы жалпы билим берүүчү программалары менен окуу китептери боюнча эксперименттик ишке катышат;

  • -башка мугалимдерди окутууда чыгаандыгын көрсөтүп, насыятчынын беделинин ээлик болушу;

  • -окуучулардын билимин баалоонун жаӊы усулдарын жана тариздерин жекече иштеп чыгат;

  • -дискуссия,семинарларды уютуруу аркылуу мугалимдерге жаӊы усулдарды жана технологияларды, анын ичинде өзүнүкүн дагы өздөштүрүүгө жардам берет;

  • -коллегаларына баалоонун ар кандай усулдарын тандоого жана колдонууга жардам көрсөтүп, алар менен дайыма окуучулардын көнүгүүлөрүн талдап, жыйынтыктарына анализ жүргүзөт;

  • -мугалимдин профессионалдык ишкердүүлүк сапатынын стандартына ылайык коллегаларына өзүлөрүн баалоону жүргүзүүгө жардам көрсөтөт;

  • -окутуунун усулдары боюнча мектептик, райондук жана республикалык профессионалдык фондуна салым кошот;

  • -окуучулардын билимин тереӊдетүү үчүн илимий жана педагогикалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын колдонот;

  • -милдеттүү түрдө дасыктыгын жогорулатуу курстарын өтөт;

  • -мектептин каада-салтын жана мектеп маданиятын түзүүнү колдоп, көмөк көрсөтөт;

  • -окуучуларга багытталган окутуу- тарбиялоо чөйрөсүн түзүүгө салым кошот, түзүлгөн чөйрөнү анализдөөнү жана баалоону демилгелеп, аны жогорулатуу жолдорун сунуштайт;

  • -окуучулардын өз алдынча маселелерди чечүү жана окууну билүү компетенцияларын түшүнүүнү демонстрациялайт;

  • -окуучулардын машыгууларын жана компетенцияларын өнүктүрүү боюнча окутуу жана окуудан тышкары ишкердүүлүктөрүн уюштурат

Просмотр содержимого документа
«Мен мугалим,мен менеджер.мен кызматчы,мен суйуктуу энемин жана да суйуктуу жармын.»

Ачык сабак өтүүгө

Билдирме

Катышуучунун аты жөнү: Нурланбекова Мимоза Нурланбекоовна

Балдар менен ачык сабак өтүлүүчү класс (тайпа)8г


Сабактын темасы (календардык-тематикалык пландын негизинде):


Ачык сабак өтүүгө керектелүүчү техникалык каражаттар: интерактивдик доска,компьютер


Ачык сабак өтүү күн:


Катышуучунун колу: ______































Сабактын темасы: Интернеттин пайда болушу

Өтүлүүчү күн : 6- декабрь 6 саат

Ачык сабакты өтүү максаты : Декада

Сабактын максаты : Интернет жөнүндө түшүнүк берүү






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!