Чыгармачыл чөйрөдөгү жан дүйнөм,
Балдар менен жуурулушса сүйүнөм.
Мен кубанам ,кесибимдеги адистигиме дал келбесе дагы,талантым ,өнөрүм,шыгымдын артынан шакирттеримди даярдап жатканыма.Бул талантым чыгармачылыгымдагы эң урунттуу ,маанилүү кубаныч тартуулаган учурлардын себеби болуп келет.Айтайын дегеним, элдик маданият,элдик көөнөлүк,көркөм сөз,мааниси терең макал-лакаптар ,куюлушкан уйкаштыктар жан дүйнөмдүн чыгармачылыгын козгоп келет.
Бул чөйрөдө алектенүү максатында , Чоң-Алай райондук БЧБда 3 жыл бою таланттуу окуучулардын тобу менен чыгармачылыктын кемесинде бирге сүздүк.
Райондук ,облустук деңгээлде өткөрүлгөн маанилүү делген иш чаралардын ар бирине катышууга аракеттенип келебиз.Чыгармачыл топтун таланттуу окуучулары жана поэзия дүйнөсүнө кызыккан окуучуларым менен биргеликте “Жаш калемгер” тобун түзүп жаңы кайрыктардын уйкаш саптарын жаратып келебиз.
Чыгармачылыктын артынан маданий иш чаралардын бир нечесине катыштым. 2017-жыл аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ош облусунда өткөрүлгөн облустар аралык Сармерден кароо-сынагында бир нече райондор менен таймашып,кыргыз элинин макал-лакап,акыйнек айтышуу сынактарынан мыкты өтө алдым .Ошол эле жылы 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунунда чечендик онор “Жөө айтыш” сынагы боюнча баш байгени багынттым ,Жараткан ийгиликтеримдин артынан облустук ,республикалык денгээлдеги сыйлыктардын ээси боло алдым.
Учурда мектепте “ Манас жаштары” уюмун жетектеп озун- өзү башкаруу уюмун ар тараптан милдетке жараша жөндөмдөрун,өнөрлөрүн район ичинде бөлүшүп келебиз. “Кырк чоро” кароо сынагында “Көк Жал”тобун түзүп барып,байгелүү орунга татыктуу болуп келдик.
Маанилүү иштердин негизи катары , окуучуларымдын жаратмандыгын,ийгиликтерин баса белгилеп айта алам.5-класстарынан бери карай жетектеп келе жаткан окуучуларым учурда 10-класста окуп мектептин эң алдыңкы окуучуларынын катарын толуктап ,ар кандай сынактарда,таймаштарда байгелүү орундарды бербей келишет.
Өзүм сүйүп тандаган биология адистиги боюнча,окуучуларымдын жараткан ийгиликтерин көрүп кубанып келем.Биология сабагы боюнча “Биоэкология” ийрими ар тараптуу жаратман окуучулар менен биргеликте иш алып барабыз.Жаныбалардынөсүмдүктөрдүн натуралдык коллекцияларын жана гербарийлерин даярдоо менен талаа экскурсияларын уюштуруп келебиз.
Биздин илим ,практиканын илими болгондуктан ар бир сабагымды практикага байланыштырып өтүүнү адатка айландыргам.Окутуума санариптештирүү жылынын таасири ,акылдуу досканын келиши эн чоң жетишкендиктерди алып келди.Олимпиядалык сынактарга катышкан окуучуларым райондук ,облустук денгээлде активдүү катышып келишет.
Менин ийгилигим , мектебимдин ийгилиги.
Маданият маңызына маани берген,
Маданият таланттары сиздер менен .
Илим-билим сересине маани берген,
Билим берүү мыктылары сиздер менен,
Сапар алып “Көчмөндөрдүн оюнуна”,
Насип буйруп жүз көрүштүк Кырчын менен.
Көчмөндөрдүн оюнуна барган жайым,
“Жөө айтыштын” сынагына катышканмын.
Тил безеген чечендердин катарында,
Төкмөлөрдүн бири болду атаандашым.
Кыргызымдын көөнө сөзүн жаңырта алдык,
Дүнүйолүк көчмөн элим назар салдын.
Үч уктасам бир түшүмө кирген эмес,
Жан дүнуйом жеңээр жайын билген эмес.
Баш байгени жеңип алган ошол күнүм,
Жүрогүмдө калды өчпөгөн суйкум элес.
Улутумдун уңгу сөзү,макалдары ,
Мени таптап жан дүйнөмө берди кеңеш.
Мен мугалим агартуучу бир жанмын,
Жүрөгүндө жашасам дейм балдардын.
Бүтүн өмүр мага берген Жараткан,
Өмүрүму балдар үчун арнадым.
Поэзия! Көркөм сөздүн өзөгү !
Мен сыяктуу мугалимди арбадың.
Толуктадым жамаатымдын катарын,
Басып келем агартуунун сапарын.
Аракеттен ийгилик таап райондо,
“2013 Жыл мыктысы” аталдым.
Аздыр-көптүр жасаган эмгегиме,
Элим сыйлап,эли-журттан бата алдым.
Чыгармачыл чөйрө менен жуурулушуп,
Шакирттерим өсүп келет катарлаш.
Балдардын чыгармачыл борборунан,
Топту түздүм келечекке сапарлаш.
Элдик талант наамын алдым ушул жылы,
Кубанчымды тең бөлүшөм кел санаалаш.