СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен таасирленген чыгарма

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мен таасирленген чыгарма»

Мен таасирленген чыгарма “Делбирим”повести.

“Делбирим” повести төрт бөлүмдөн турат: “пролог ордуна”,”шофердун баяны”,”жолчунун баяны”,”эпилог ордуна”.Повесть мындайча башталат:”Кесибим журналист болгон соң,үйго байыр албай Кыргыз жергесин кыдырып жүргөнүм жүргөн.Ошондой бир жолу Нарында жүргөн элем,Фрунзеге редакциядан чукул чакырып калышты.Автостанцияга жетип келсем,автобус менин алдымда эле жүрүп кетиптир.Кийинкиси беш сааттан сон жөнөйт экен. Жолулаш бир машинага түшүп кетиштен башка ылаажы калбады. Жүгүрүп жолдун этегиндеги кара жолго чыктым”.

“Делбирим” повестинин маани-мазмуну да ушул суроого тыгыз байланыштуу.А ырасында,повесттин баш каарманы Ильястын таалайы –бакыты,мындайча айтканда ,”өзү келди”,ал мындайча башталды:

“...Көз кыйыгым менен өтүктөн өйдө, тизе ылдый кыска,булайган көйнөктүн этегин көрдүм.Айылга жеткирип кой дечү кемпирлердин бири го дедим кыязымда.

  • Кете бер, чон эне!- дедим мен. – Менин жумушум көп али ,чыдап күто албайсын.

  • Мен чон эне эмесмин, - деди анда тиги. Үнүндө кысынгандык бар, бирок кермек какшыгы да сезилди.

  • Анда кимсин? – дедим.

  • Кызмын.

  • Кызмын? – деп өтүгүн дагы бир карап алдым да,оюнга чаптырдым.

  • Сулуу кызсынбы?”

Чынында эле, Ильястын алдында тал чыбыктай буралган кыз турган. Аты – Асел эле. Булар бири – бирин издешпей табышты. Ал турмак,Асел менен Ильяс,кудум Жамийла менен Даниярдай бири – бири үчүн жаралгандай эле. Бирок, тилекке каршы, булардын бакыт – таалайы узакка созулган жок. Ал сүйүү кандай тез, чукулунан башталса, дал ошондой эле тез, чукулунан кыйрады. Кыйраганда да кайрадан орду толбос болуп биротоло,орду – түбү менен кыйрады.

Ч.Айтматов өзүнүн чыгармачылыгынын башталышынан эле озүнүн негизги көнүлүн адамдын жеке тагдырына бөлгөн. Ал озүнүн ушундай көркөмдүк – эстетикалык принцибин “Делбирим”повестинде да бекем кармайт.Башкы каарманы Ильяс өзү жалгыз прцеп чиркелген жүктүү машина менен Долон ашуусунан ашып отүүнү максат кылат.Тилекке каршы, ашып өтө албайт, “аварияга” учурайт.Кетирилген каталыгын мойнуна алуунун ордуна,ал тескерисинче,кежирленет,баруудан качат. Аселдин өтүнүп суранганына карабастан.

Ильяс кылган ишин,чындыкты жашырат, демек, калп,жалган жолго түшөт.Асел, тескерисинче,чындыкты жашырбайт, демек, түз туура жолдо. Ушундан улам маселе ачыкка чыгат, Долондогу прицептин кулашы, бул анчейин “техникалык авария” эмес болчу. Бул Ильястын моралдык, адеп – ахлактык, “адамдык” жактан кыйрашы. Ильяс Долондун бийиктигин жене албаган сынары, Аселдин адамдык, адеп – ахлактык бийиктигине көтөрүлө албады


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!