| № | Сабактын этаптары (убактысы) | Мугалимдин ишмердиги | Окуучунун ишмердиги | Баалоо (калып, баалоо, техн.) Эскертүү |
| 1 | Уюштуруу: 1.1.Саламдашуу (1 мүнѳт) | Окуучулардын сабакка даярдыгын текшерет. | Окуу куралдарын алып чыгып, классты даярдашат. | |
| | 1.2. Шыктандыруу (2 мүнѳт) | Сабакка шыктандыруу үчүн жагымдуу маанай тартуулайт. Биз ажырагыс достордонбуз. Эки окуучудан карама- карышы турушуп, бири бирине төмөнкү сөздөрдү айтышып, иш-аракеттерди жасашат. Мен окуучумун, сен окуучусуң, менин мурдум бар, сенин мурдуң бар (мурдун көрсөт), сен жакшы окуйсуң, мен жакшы окуйм, менин деним сак, сенин дениң сак, экөөбүз дос болобуз, биз түбөлүктүү достордонбуз. (кучакташат). Баалоо критерийлери айтылат. (Баалоо баракчасы бири- бирин баалашат). 1-тиркемеде | Окуучулар мимика менен кѳрсѳтүшѳт. | Эмоцианалдык баалоо |
| 2 | Үй тапшырманы суроо (9 мүнѳт) | 1. Жолдо жүрүү эрежелерин айтып бер? 2. Кандай коомдук унааларды билесиң? 3Кандай кесилиштин түрлөрү бар? 4. Төмөндөгү белгилер эмнелерди белдирет? 1. Адашкан тамгалар: НИМНЕ ЕНД ОСОУГУМЛ | Суроого жооп беришет. Салыштырышат. Менин ден соолугум | Мактоо |
| 3 | Жаңы теманы түшүндүрүү (7 мүнѳт) | Сабактын максаты айтылат. Ден соолук дегенде эмнени түшүнөсүңөр? а) жекече ойлорун айтышат. б) жупта ойлорун айтышат. Демек, ден соолук бул- ар бир адамдын биринчи байлыгы. Ден соолук болбосо, окуй да, ойной да, иштей да албайсың. Ден соолукка оң таасир этүүчү жана терс таасир этүүчү жагдайлар бар. 1чи оң таасир этүүчү жагдайды карайлы Туура тамактануу – жер-жемиштерди, куурубаган тамак-аштарды, күнүнө 1 литрден газдалбаган суу ичип туруу керек. Спорт- дайыма кыймылда болуп ар кандай спорттун түрү менен машык. Таза абада дем алуу- бош убактыңда сейилдеп, таза абада ойно. Күнүмдүк режимди сактоо- ар бир жумушту өз убагында аткар. Эмоциаларды башкаруу- ачууга алдырба, шайыр жүргөнгө аракеттен. Тамеки, ичимдик, наркотикалык заттарды колдонбо!- ден соолукка өтө зыян. 2чи Ден соолукка терс таасир этүүчү жагдайлар: Туура эмес тамактануу-бул ден соолукка өтө зыян,буга куурулган, өтө майлуу тамактар кирет. Тез татымдар шаурма, гамбургер, газдалган суусундуктарды ичүү. Көптөгөн ооруларды алып келет. Аз кыймылдоо: Компьютерде ойноо, сыналгыны жакындан көп көрүү. Булганган экология: Завод-фабрикалардан , авто унаадан таштандылардан аба булганат. Ошол аба менен биз дем алабыз. Зыяндуу адат көндүмдөр: Тамеки тартуу, арак ичүү, баңги зат колдонуулар кирет. Алар айыкпас ооруга алып келет. Видео көрсөтүлөт | өз алдынча ойлонуп кыскача жоопторун айтышат. түгөйлөрү менен маалыматтарды салыштырып, талкуулашат. | Бири- бирин баалоо |
| 4 | Практикалык иш мүнѳт) | Дептер менен иштөө: таблицаны толтур. Берилген күн тартибин иретке келтир. 1. ойгонуу физикалык көнүгүү жууну эртең мененки тамактануу үй жумуштарын жасоо мектепке кетүү сабактар мектептен келүү эс алуу үй тапшырмаларын аткаруу кечки тамак жууну, уктоого даярдануу уктоо 2-Ден соолугуң чын болушун кааласаң кандай эрежелерди билишиң керек? Кереги жок эрежени алып сал. Тишти дайыма эртең менен жана кечинде жууп туруу, гигенаны сактоо, куурулган тамактарды жеп туруу, көнүгүүлөрдү жасап туруу, таттууларды көп жеп туруу, сууну көп ич, тамакты шашпай ич, сагыз көпкө чайноо, кийимди таза кий, тамактанаарда колду жуу, бөлмөнү желдетип туруу, жемиштерди көп же 3-Сагыздын зыяны (Чогу окушат.) Сагыз ооздо калган тамактын калдыктарын тазалап, тамакты сиңирүүгө жардам берет. Бирок, сагызды 5 мүнөттөн ашык чайноо зыяндуу. Сагызды көп чайноо - ашказан ооруларына алып келет. Айрыкча, сабак окуп, ыр жаттаган кездерде сагыз чайнабоо керек, ал сабакты кабыл алууга чоң тоскоолдук кылат. | | Мактоо |
| 5 | Эс алдыруу мүнөтү (2 мүнѳт) | Физикалык көнүгүүлөрдү жасашат Окуучулар музыканын коштоосунда ар кандай кыймыл жасашат. |
| 6 | Бышыктоо (10мүнѳт) | Кызыктуу маалыматтар: Ооба жок оюну: Сагыз тамактан калган калдыктарды тазалоого жардам берет. Ооба Сагызды 10 мүнөттөн ашык чайноо керек. Жок Сагызды көп чайноо ооруларды алып келет. Ооба Сабак окуп жатканда сагыз чайноо- пайдалуу жок | Каалоочулар жооп беришет. Калгандары кошумчалайт, толуктайт, талкуулайт, | Бирин-бири баалашат |
| 7 | Жыйынтыктоо (3 мүнѳт) | Синонимин табабыз Оору- дарт, Керектүү-зарыл Ашык-көп Жалкоо - бекерпоз Чоң- зор Айрыкча-өзгөчө | Окуучулар сѳздѳрдүн синонимин табышат | Баалоо белгилери менен бааланат. |
| 8 | Баалоо1(мүнѳт) | Окуучуларды баалоо бири-бирин баалоо баракча менен | Баалоо баракчасы менен бири-бирин баалашат. | |
| 9 | Үйгѳ тапшырма берүү (1 мүнѳт) | Дептердин 39-бети Крассворддун жоопторун таап жазгыла. | Күндөлүктөрүнө жазып алышат. | |