СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 07.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Менин досум компьютер

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Менин досум компьютер»





2019-2020 – ОКУУ ЖЫЛЫНЫН БИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА БИРИНЧИ САБАК:

МЕНИН ДОСУМ-КОМПЬЮТЕР “

(1-4-класстар)

МЕНИН ДОСУМ-КОМПЬЮТЕР “ БИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА БИРИНЧИ САБАК

Сабактын темасы: Менин досум-Компьютер.

Сабактын аягында окуучулар билүүгө тийиш (сабактын күтүлгөн натыйсы):

  1. Адамдын жашоосунда компьютерди колдонуунун ролу, ыкмалары жана жөнүндө өз оюн билдире алат.

  2. Компьютер менен иштөөнүн «пайдалуу» жана «терс» жактарына аргумент келтире алат.

  3. Топто иштөө жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алат.

Колдонулуучу методдор жана ыкмалар: эвристикалык аңгемелешүү.

Каражаттар: класстык такта, проектор, компьютер, таркатма материал.

 

Сабактын жүрүшү

Сабактын этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын ишмердүүлүгү

убакыт

Сабакты психологиялык- педагогикалык уюштуруу

Саламатсыңарбы, балдар. Силерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм.

Мугалимди жана классташтарын жаңы окуу жылы менен куттукташат.

1 минут


Келгиле, бүгүнкү салтанаттуу күндү Кыргыз Республикасынын гимни менен баштайбыз.

1-класстын окуучуларына мугалим гимндин эмне экендигин жана гимн ырдалып жатканда өзүн кандай алып туруу керектигин түшүндүрөт.

Бардыгы орундарынан туруп, оң колун жүрөгүно коюп, аткаруучуга кошулуп ырдашат

5 минут

Сабактын темасы менен тааныштыруу

Балдар, бүгүнкү сабактын темасын аныктоо үчүн силер табышмактын жандырмагын табышыңар керек:

Сүрөт тартат, эсептейт,

Заводдорду чиймелейт,

Жада калса космостон

Аба ырайын изилдейт.

Миллиондогон эсепти

Бир мүнөттө чыгарат.

Айткылачы, балдар ай

Бул генийди ким табат?

Бул, албетте, … (Компьютер.)


 

Ушул биздин үйдөгү,

Мейли күнбү, түндөбү.

Кичинекей компьютер,

Таанытат бүтүн дүйнөнү.

Кааласаң кат да жазасың,

Кааласаң илим казасың.

Отуруп алып үйдө эле,

Аалам сырын ачасың.

Тургандай кудум жаныңда,

Деңиздин ары жагында.

Жашаган досуң сүйлөшөт,

Көрөсүң үйүн анында.

Көз алдыңда бүт тарап,

Бүт дүйнө ага суктанат.

Тапшырма жообун таппасаң,

Жардамга келип куткарат.

Автору; Бермет Алымбаева.

 

Мугалим тактадагы компьютердин сүрөтүн ачып коёт.

Табышмактын жообун айтышат


3 минут

Мугалимдин айтып берүүсү

















Биз силер менен компьютердин кылган кызматы тууралуу уктук. Ал эми азыр анын өзгөрүү жолун карап көрөбүз.

«Компьютер» деген сөз латын сөзүнөн алынган. Ал «эсептөө, чыгаруу» деген маанини билдирет. Адегенде ал чындап эле эсеп чыгарганды гана билген. Ошондуктан аны ЭЭМ – электрондук-эсептөө машинасы деп аташкан. 1940-жылдары пайда болгон биринчи компьютерлердин көлөмү абдан чоң болгон: эң биринчи ЭЭМ 42 металл шкафты ээлеген, салмагы 27 тоннаны түзгөн. Аны «ENIAC» деп аташкан. Бирок анын эстутуму абдан кичине болгон. Ал болгону секундуна 5000 гана иш-аракетти аткара алган. Бүгүнкү мыкты компьютерлер аткарган кызматтар андан миллион эсеге көп.

Акырындап адамдар компьютерди эсептөөгө гана эмес, сүрөт тартканга, сүрөттү оңдогонго, видео жасаганга, ыр жана музыка жаратканга, шахмат ойноого жана башкаларга үйрөттү.

Компьютердин сырткы көрүнүшү да өзгөрдү, алардын көлөмү кичирейди. 1974-жылы жеке компьютер пайда болду. Азыр дээрлик ар бирибиз компьютерди чөнтөгүбүзгө салып алып жүрөбүз, анткени телефон дагы компьютерге кирет. (Презентация учурунда 1960-жылдардагы ЭЭМдин, жеке компьютердин, уюлдук телефондун сүрөттөрүн көрсөтүү маанилүү.)












Окуучулар мугалимдин айтканын угуп, ЭЭмдин, жеке компьютердин жана телефондун сүрөтүн көрүшөт




3 мүнөт


Топтордо иштөө

Азыр көңүл коюп ырды уккула:

Компьютердин пайдасы,

Көп нерсеге үйрөтөт.

Керек болсо компьютер,

Көп тилдерди сүйлөтөт.

Илим билим аласың,

Издегенин табасың.

Үйдө эле олтуруп,

Үй-бүлөнү багасың.

Кел, колуңду келе деп,

Келечекке жетелеп.

Компьютердин заманы,

Мына ушундай керемет.

Автору; Х.О. Мырзаева

 

Азыр топтордо иштейбиз.

 

Биринчи топ компьютер – бул дос экендигине бир нече мисал (3-4 )келтиришет.

 

Экинчи топ компьютер – жардамчы дегенге.

 

Үчүнчү топ компьютер – душман экендигин ырасташы керек.

 

Топтор өздөрүнүн иштелмелерин презентациялашат.

Андан кийин мугалим талкуулоо жүргүзөт.

Болжолдуу жооптор:

Биринчи топ:

Компьютердик оюндарды жаке жана чогуу ойноого болот.

Экинчи топ:

Мени кызыктырган темаларга байланыштуу маалыматтарды табууга жардам берет.

Үчүнчү топ:

Компьютерде көп убакыт иштегенде башыбыз ооруйт. Китеп окуудан алаксытат.



15 мүнөт

Дене тарбиялык мүнөт

 

Балдар, силер компьютерде узак убакыт отуруу зыян экенин билдиңер. Сөзсүз тыныгуу жасап, бир нече жөнөкөй көнүгүүлөрдү аткаруу керек. Азыр биз алардын айрымдарын жасайбыз. Буларды компьютерде иштеп отурган кезде ар бир жарым саат сайын кайталап тургула.

Көздөр үчүн гимнастика:

Компьютерде иштегенде көз өзгөчө чарчайт. Ошондуктан монитордон көзүбүздү алып, тез-тез ачып жумуу керек (10 сек.). Көзүбүздү жумабыз. Дагы бир жолу көзүбүздү ачып-жумуп, андан соң терезени карайбыз. Башыбызды кыймылдатпастан көзүбүздү айландырабыз: солго-оңго, өйдө-ылдый. Көңүлүбүздү алысыраакта жайгашкан кандайдыр бир нерсеге бурабыз (30 сек.), андан соң – жакыныраак нерсеге (30 сек.)

Бул көнүгүү көрсөтмөлүү болушу үчүн маалымат графикасын колдонсо болот. (https://aif.ru/health/life/44479)

Баш, кол жана кыр арка үчүн көнүгүүлөр:

Колдун манжаларын кысабыз жана коё беребиз.

Колду муштумга түйөбүз жана муштумубузду айландырабыз.

Эки колдун манжаларын салаалап, алакандарды тийиштирип алып ичти карай жана сыртты карай айландырабыз.

Башты 3 жолу оңго жана 3 жолу солго карай айландырабыз.

Ийинди көтөрөбүз жана акырындан алдыга жана артка карай кыймылдатабыз (3 жолу)

Бул көнүгүүлөр эскерткич түрүндө жасалгаланып, кабинетте илинип турса жакшы болот.

Окуучулар көнүгүүлөрдү аткарышат

5 мүнөт


Балдар, биз силер менен компьютерде иштөөнүн пайдалуу жана терс жактары менен тааныштык.

Эми, келгиле, компьютер канткенде дос бойдон кала тургандыгы жөнүндө кеңештерди түзүүгө аракет кылалы.

 

Ар бир топ 1-2 ден кеңеш беришет.

Болжолдуу жооптор:

Компьютерди керектүү маалымат табуу үчүн колдонуу.

Компьютердик оюндарга, өзгөчө “атышуу, жарышуу” оюндарына кызыкпоо.

Интернетту колдонуунун коопсуздук эрежелерин сактоо.

Саламаттыкты сактоо эрежелерин бузбоо.


7-8 мүнөт

Рефлексия

Кайтарым байланыш.

Компьютер менен таанышкын,

Пайдалуу жагын алышкын.

Зыяндуу жагын карабай,

Пайдалуу жакка жарышкын.

Көп нерсе камтып ичине,

Көлөмү бирок кичине.

Компьютер деген досум бар,

Көмөгү тиет ишиме.

Баткансып аалам ичине,

Бир бассаң жарап ишиңе.

Бүт жерде иштеп бир озу,

Бул досум керек кишиге.

Жабылат жапсан бир замат,

Издесең баарын бат табат.

Генийлер тапкан бул нерсе,

Жат билет баарын азамат.

 

Автордун оюна кошуласыңарбы?

Силерге кайсы маалымат абдан кызыктуу болду?

Силерге кайсы маалымат абдан пайдалуу болду?

 


3-5 мүнөт.



Сабактын темасы: Жолдо жүрүү эрежелери

Сабактын максаты:

  • Жолдо жүрүү эрежелери боюнча билимдерин бекемдөө;

  • Жоопкерчиликке, сезимтал болууга, өздөрүнө кам көрө билүүгө тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, плакаттар,

Сабактын жүрүшү:

Мугалимдин сөзү:

Коомдун өнүгүшү менен автомобилдер да кө чыгууда. Ошону менен бирге автомобиль кырсыктардын да себепкери болушу мүмкүн.

Механикалык транспорттогу болгон биринчи кырсык франсуз окумуштуусу Кюньо жасап чыгарган буу менен жүрүүчү арабада болгон. Буу менен жүрүүчү арабаны Париждин көчөлөрүндө айдап чыгышкан. Айдоочу оор жана эби сыны жок машинаны башкара албай калып, ал таш дубалга барып тийген. Анын казаны бүт Парижди дүңгүрөтүп жарылган. Айдоочу ооруканага түшкөн.

Кыймылдаткычы бензин менен иштеген тез жүрүүчү автомобилдер чыгарыла баштагандан тартып жол транспорт кырсыктары да көбөйө баштады. Айдоочулар жол кырсыктарынын катышуучуларынын бири болот. Алар атаы айдоочулук окуусун бүтүп, жол кыймылдарынын эрежелери жана транспорт каражаттарын айдоого машыккандары боюнча экзамен беришет. Машина айдоочуларга караганда жөө жүрүүчүлөрдүн саны көп, алар да жол кыймылдарына катышышат. Алардын ичине жолдо жүрүү эрежелерин билбегендер көп. Айдоочуларга караганда жөө жүрүүчүлөрдүн тартип бузгандарын ушуну менен түшүндүрүүгө болот. Муну менен алар бир жеринен майып болуп же өлүмгө дуушар болушат жана мамлекетке материалдык жактан чоң зыянга келтирет: транспот каражаттары, жол, жолду жарык кылып турган түзүлүштөр, жашылдандыруучу өсүмдүктөр, көчөлөр жана башка жолдун жабдуулары бүлүндүрүлөт. Жолдо жүрүүнүн эрежелерин билүү үчүн, аларды окуп үйрөнүү керек жана аларды жакшы гана билбестен сактай да билүү керек. Бкөчөлөрдө тартип сактабаган окуучулар да бар. Бул тартипсиздик көчөлөрдө жана жолдордо баш аламандыктарды түзүшүп, кээде кырсыктардын себепкери да болушат.













Жолдо жүрүү эрежелери- көчө жана жол закону



Жолдо жүрүү эрежелеринин тарыхынан. Жолдо жүрүү эрежелерин автомобилдер чыга электе эле жолэрежелерин киргизүү аракеттери болгон. 1683- ж. Россияда падышаларИонна жана Петр Алексеевичтедин «Ар кандай даражадагы адамдарга узун тизгин жана камчыны колго алып гана айдаганды жакшы көргөндөр көбөйүп, анын натыйжасында кишилерди койдургандар болууда» деп жазылган указы жарыяланган. О.э.тартип бузгандар кайталанса жоопкерчиликке тартуу эскертилген.

Бардык жолдор үч элементтен: машиналар өтүүчү бөлүктөн, жээктен жана арыктан турат.

машиналар өтүүчү бөлүк- булл жолдун негизги бөлүгү, транспорткаражаттарынын кыймылдарын арналган.

Жолдун эки четинен жээк калтырылат, жээкте автомобиль токтойт жана жөө адамдар басат.

Жолдун эки жээгинин ары жагы арыктан турат.андан суулар агып кетүү үчүн жасалган.



Жол белгилери. Көчөлөрдүн жана жолдордун машина өтүүчү бөлүгүндөгү ак, кээде сары сызыктарды, жаа түрүнөгү сызыктарды жазуулар жана тамгалар жол белги сызыктары багыт берет.

1909-жылы жол белгилери боюнча Эл аралык конференция болгон. Анда Эл аралык төрт белгибелгиленген, тегерек формада болгон.

1926-жылы СССРде болгон Эл аралык жол транспорту конвенция кабыл алынып кошумча белгилер кошулган.

Эскертүүчү белгилер. Айдоочуларга жана жөө жүрүүчүлөргө жолдун коркунучтуу жерлерин эскертет. Жээктери кызыл, фону акбардык жагы бирден үч бурчтук формасында болот.

Тыюу салуучу белгилер. Жээктери кызыл түстө, тегерек формасында болот.

Транспорт каражаттары же жөө адамдардын кыймылын чектейт же тыюу салат.

Бүткөнү жээги кара фону ак кара сызыктар чийилген тегерек формада болот.

  • Велосипедисттинвелосипедтенкулаптүшкөнучурунтуура



Милдеттендирүүчү белгилер. Фону көгүлтүр ортосунда ак боёк менен тийиштүү белги тартылган тегерек формада болот. Жебелердин, айрым транспорт каражаттарынын түрлөрүнүн, басып бараткан адамдардын сүрөттөрү тартышат.

















Сабактын темасы: Эне тил тагдыры-эл тагдыры

Сабактын максаты:

Окуучулар кыргыз тилинин улуулугун, корком создорго бай экендигин тушунушот. Ар бир улуттун тарыхы, маданияты, улуулугу эне тилинен байкала тургандыгын баалай билууго багыт алышат. «Онор алды кызыл тил» деген создун айланасында талкуу уюштурулат. Балдар созду барктай билууго, таза маданияттуу суйлоого тарбияланышат. Мамлекеттик тилдин учурундагы кунгой-тескейи жонундо пикир алышат.

Сабактын жабдылышы: Кыргыз тили жонундо жазылган лозунгдар, кыргыз тилиндеги китептер, кыргыз тилинин гиминин тексти

Сабактын журушу:

Онор алды кызыл тил

Кеп корку - тил, ойдун корку – соз болот,

Кишиде – жуз, жуздун корку – коз болот.

(Жусуп Баласагын)

Кыргыз эли тилге, суйлоо маданиятын артыкча маани берген эл болгондуктан, «онор алды кызыл тил» дешкен. Абалкы учурларда бир создон баш алынып, таап айтылган жуйолуу бир соз менен адамдын башы азатка чыккан. Ошон учун чечендик онор адамзаттын соз онорунун, тил маданиятынын торунон орун алган.

Чечендик онор, ири алды, адамдын туубаса таланттуулугуна туздон-туз байланыштуу, келип, эчен, ар кыл чойродо, ар кандайжагдайда кабылып, озунун логикасын, кучун, тапкычтыгын, акыл таразасын, психологиясын сынаган тынымсыз конугуусунун, изденуусунун, аркасында журо-журо калыптанган.

Демек, кыргыз элинин созу багытталган жакка карата таамай, учкул суйлой билген, суроого так, далилдуу жооп таба алган созмоор адамдары, кептин бурун тандап турмок-турмок ыр ношоруно айланта алган ийри ырчылары, алп манасчылары коп, акылдуулугу, кыйындыгы тилинен чыккан чон чойросу болгондугу анык.

Кыргыз элинде уникалдуу токмолук онордун диапазону абдан маштабдуу. Алсак, импровизациялык онордун кылда чокусу- токмолукко жеткен эл шайырлары омурундо коргон, билген, уккан, туйган, ар нерселерди козунчо эле шыдыр ырга салып ар санат кылып же чон дастанга айлантып салган. Ошентип, коломдуу эпосту бир жолу угуп, экинчи жолкусунда озунчо вариациялап айтып кетуу; Арстанбекче бутундой бир доордун турун (болгондо да ага ошол доордун тарыхын, экономикасын, идиологиясын, урп-адат, салт-санаасын сыйгыза) ушунчалык элестуу, топ, ары таамай кылып ыр менен суротун тартып беру; бар билгенин Токтогул, Барпыча терен философиялык социалдык – турмуштук маанайдагы терме, санат кылып нускалап ырдоо; Женижокчо «Аккан сууну» апталап тогуп тугото албоочу касиет- дал ушул токмолуктун натыйжасы.

Элдик чечендердин асыл сапаты турмуштук ар кыл туйундуу маселелерди туура чечмелей билген акылмандыгы, хандан-бектен кайра тартпаган откурлугу, баарына тен караган калыстыгы ондуу уч сапатынан айрыкча корунгон. Бирок, бардык тарабынан топ келген чечендер эл ичинен сейрек чыккан. Манастын учурундагы Байжигит, Ажыбай, Жаныбек, хандын доорунда (14-15-кк) Жээренче, Алдаркосоо, Акыл Карачач, кийинки кездердеги Тилекмат, Мойут, Сарт, Садыр, Кыдыр акелер, Калыгул, Кокотой, Куйручуктар-ошондой чечендерден.

Мына алар тарабынын айтылган берметтей накыл создор, учкул ойлор, туура жооптор:

«Акыл – башта», «Кубат – соокто», «Уят – коздо», «Дуйнодо турмуш – кызык», «Кыял, сана кулук», «Жан – ширин», «Илим – кучтуу», «Уйку – таттуу».

Чечендерге: «Кордук эмне?» - десен, алар: «Орто жашка барганда багы качса, орто жолго барганда аты олсо, карып калган чагында кемпири олсо – ошол кордук» - деп, токтолбой жооп беришкен. Ошентип, чечендер кепти кандай суйлоону жондоп, тилдик каражаттарды так, туура пайдаланууну уйротуп, келегей создорду ондоп айтып, тектеш элдердин создорунон кыргыз тилине кошуп, озулору да жаны создорду жасап, тилдин мол запасын топтоп, биринчи кезекте, тилди байытышты.

Бышыктоо:

Мамлекеттик тил гимни

Созу Сейит Алтымышовдуку

Музыкасы Бакыт Алишеровдуку


Тил жаралып Коко-Тенир танынан,

Адамзаттын доолотуно буюрган.

Адам деген туп созунон элимдин,

Кыргыз тили ай- ааламга жанырган


Кайырма:

Кыргыз тили - журогум,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили - Мекеним,

Менин олком – Кыргызстан.


Мекен тили – Ата Журттун кареги,

Биримдиги, куч – кубаты, тиреги.

Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,

Кокурокто согуп турган журогу.


Кайырма:

Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,

Мекен тили - бак талайдын кутманы.

Мекен тили – канн – жаныбыз, туубуз,

Ата Журттун келечеги, ак таны.


Кайырма:

Уйго тапшырма

Мамлекеттик тил гимнин жатка жаттап келуу.





















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!