«МЕНИН ДОСУМ – КОМПЬЮТЕР» БИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА БИРИНЧИ САБАК, 1-4-КЛАСС
Сабактын аягында окуучулар билүүгө тийиш (сабактын күтүлгөн натыйсы):
Адамдын жашоосунда компьютерди колдонуунун ролу, ыкмалары жана жөнүндө өз оюн билдире алат.
Компьютер менен иштөөнүн «пайдалуу» жана «терс» жактарына аргумент келтире алат.
Топто иштөө жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алат.
Колдонулуучу методдор жана ыкмалар: эвристикалык аңгемелешүү.
Каражаттар: класстык такта, проектор, компьютер, таркатма материал.
Сабактын жүрүшү
Сабактын этаптары
Мугалимдин ишмердүүлүгү
Окуучулардын ишмердүүлүгү
Убактысы
Сабакты психологиялык- педагогикалык уюштуруу
Саламатсыңарбы, балдар. Силерди жаңы окуу жылынын башталышы
менен куттуктайм.
Мугалимин жана классташтарын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташат.
1 мүнөт
Келгиле, бүгүнкү салтанаттуу күндү Кыргыз Республикасынын гимни
менен баштайбыз.
1-класстын окуучуларына мугалим гимндин эмне экендигин жана гимн
ырдалып жатканда өзүн кандай алып туруу керектигин түшүндүрөт.
Бардыгы орундарынан туруп, оң колун жүрөгүнө коюп, аткаруучуга кошулуп ырдашат.
5 мүнөт
Сабактын темасы менен тааныштыруу
Балдар, бүгүнкү сабактын темасын аныктоо үчүн силер табышмактын
жандырмагын табышыңар керек:
Сүрөт тартат, эсептейт,
Заводдорду чиймелейт,
Жада калса космостон
Аба ырайын изилдейт.
Миллиондогон эсепти
Бир мүнөттө чыгарат.
Айткылачы, балдар ай
Бул генийди ким табат?
Бул, албетте, … (Компьютер.)
Ушул биздин үйдөгү,
Мейли күнбү, түндөбү.
Кичинекей компьютер,
Таанытат бүтүн дүйнөнү.
Кааласаң кат да жазасың,
Кааласаң илим казасың.
Отуруп алып үйдө эле,
Аалам сырын ачасың.
Тургандай кудум жаныңда,
Деңиздин ары жагында.
Жашаган досуң сүйлөшөт,
Көрөсүң үйүн анында.
Көз алдыңда бүт тарап,
Бүт дүйнө ага суктанат.
Тапшырма жообун таппасаң,
Жардамга келип куткарат.
Автору; Бермет Алымбаева.
Мугалим тактадагы компьютердин сүрөтүн ачып коёт.
Табышмактын жообун («компьютер») чогуу айтышат
3 мүнөт
Мугалимдин айтып берүүсү
Биз силер менен компьютердин кылган кызматы тууралуу уктук. Ал
эми азыр анын өзгөрүү жолун карап көрөбүз.
«Компьютер» деген сөз латын сөзүнөн алынган. Ал «эсептөө, чыгаруу» деген маанини билдирет. Адегенде ал чындап эле эсеп чыгарганды гана билген. Ошондуктан
аны ЭЭМ – электрондук-эсептөө машинасы деп аташкан.
1940-жылдары пайда болгон биринчи компьютерлердин көлөмү абдан чоң болгон: эң биринчи ЭЭМ 42 металл шкафты ээлеген, салмагы 27 тоннаны түзгөн. Аны «ENIAC»
деп аташкан. Бирок анын эстутуму абдан кичине болгон. Ал болгону
секундуна 5000 гана иш-аракетти аткара алган. Бүгүнкү мыкты
компьютерлер аткарган кызматтар андан миллион эсеге көп.
Акырындап адамдар компьютерди эсептөөгө гана эмес, сүрөт
тартканга, сүрөттү оңдогонго, видео жасаганга, ыр жана музыка
жаратканга, шахмат ойноого жана башкаларга үйрөттү.
Компьютердин сырткы көрүнүшү да өзгөрдү, алардын көлөмү
кичирейди. 1974-жылы жеке компьютер пайда болду. Азыр дээрлик ар бирибиз компьютерди чөнтөгүбүзгө салып алып жүрөбүз, анткени телефон дагы компьютерге кирет. (Презентация учурунда 1960-жылдардагы ЭЭМдин, жеке компьютердин, уюлдук телефондун
сүрөттөрүн көрсөтүү маанилүү.)
Окуучулар мугалимдин айтканын угуп, ЭЭМдин, жеке компьютердин жана телефондун сүрөттөрүн көрүшөт.
3 мүнөт
Топтордо иштөө
Азыр көңүл коюп ырды уккула:
Компьютердин пайдасы,
Көп нерсеге үйрөтөт.
Керек болсо компьютер,
Көп тилдерди сүйлөтөт.
Илим билим аласың,
Издегенин табасың.
Үйдө эле олтуруп,
Үй-бүлөнү багасың.
Кел, колуңду келе деп,
Келечекке жетелеп.
Компьютердин заманы,
Мына ушундай керемет.
Автору; Х.О. Мырзаева
Азыр топтордо иштейбиз.
Биринчи топ компьютер – бул дос экендигине бир нече мисал
(3-4 )келтиришет.
Экинчи топ компьютер – жардамчы дегенге.
Үчүнчү топ компьютер – душман экендигин ырасташы керек.
Топтор өздөрүнүн иштелмелерин презентациялашат.
Андан кийин мугалим талкуулоо жүргүзөт.