СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Менин кичи мекеним

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Менин кичи мекеним»

Менин кичи мекеним

Улам алыстаган сайын кичинекей нерсе чоңоюп көрүнөрүн, ал эми, тескерисинче, улам жакындаган сайын чоң нерсе кичирейип сезилерин Кушубак ушул жолу чындап баамдады. Анткени ал жакында күрөш боюнча эл аралык мелдешке катышуу үчүн чет өлкөдө биринчи ирет болду. Өзү туулуп өскөн, тоонун арасындагы кичинекей Сары-Камыш кыштагы көздөн учуп, алыста калды. Алар адегенде районго, андан соң борбор шаарыбыз Бишкекте болуп, ал жерден самолёт менен сабалап учуп жөнөштү.

Улам жаңы барган, улам жаңы көргөн жери көзүнө кооз көрүнүп, көңүлү көтөрүлүп отурду. Акыры Алматы шаарына келип түшкөндө, ал жердин көркү, ажайып кооздугу таң калтырды...

Мелдеш эки күнгө созулду, көп балдар менен таанышып достошту.Ал өзүн “Мен Кыргызстанданмын, Бишкектен келдим” деп, тааныштырып жүрдү. Ошенткен сайын өзү келген кыргыз жери бу ажайп кооз дүйнөдөн да сүйкүмдүү көрүнүп, өзүнүн кичинекей чаң жолун сагынды.

Үчүнчү күнү алөз достору менен Кыргызстанына жөнөдү. Өзү келген Бишкекке рте эле жетсем экен деп ашыкты.Анан Бишкекке келгенде да,анын баягы сагынычы таркабады. Эми ал өзү келген районунун борборуна тез эле жетсе экен деп шашты.

Буга чейин канатын куштай кагып, шашып келген райондун борборунан тез элекетип, өзүнүн алакандай Сары- Камышына жетсем деп тиледи.

Ошентип Сары-Камышына Кушубак эртеси бешимде келип түштү. Эми гана көңүлү жай алды. Кичинекей кой жол менен өз үйүн көздөй жай келатты. Айылынын тааныш адамдары, тоолору, суулары, чаңдуу жолдору, жаылып жүргө кой-эчкилери –баары көзүнө ысык көрүндү.

Бардык жакшы жерлерден да көзгө жакшы, жүрөккө жакын жер өзүнүн туулуп-өскөн айылы, өз үйү болору туурасында бардык досторуна жарыя айткысы келди. Бул кичи мекенинин мынчалык кымбат жана ыйык экени буга чейин сезилбегенин карасаң...