Датасы:______________ 1-2-3-группа
Датасы: ______________ 4-5-группа
Датасы: ______________ 6-7-группа
Сабактын темасы: Папка мой компьютер (менин компьютерим папкасы)
Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү сабагы; билимдерди бышыктоо,
билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк- компьютер папкасы жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.
Өнүктүрүүчүлүк- диск, флэшкалардын программаларын ачууга көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;
Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыкка, компьютердин программаларын иштетүүгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.
Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, «Краткий самоучитель работы на
компьютере» Москва 2009 г. доска, маркер,
Жабдылыштар: компьютер, доска, маркер
Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,
Сабактын формасы: лекция сабагы
Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили,
Сабактын планы:
Уюштуруучулук.
Мотивация.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө
Бүгүнкү сабакта биз
Өткөн теманы кайталоо;
Жаны теманы түшүндүрүү;
Жаны темага байланыштуу суроолорго жооп берүү;
Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;
Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)
| Компетенциялар/ Деңгээлдер | Маалыматтык | Социалдык-коммуникативдик | Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү |
| Репродуктивдүү | Окуучу менин компьютерим папкасын билишет | Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт | Окуучулар компьютер папкасында иштөөнү үйрөнүшөт |
| Продуктивдүү | Окуучулар аталган тема боюнча көнүгүүлөрдү, аткарышат | Окуучулар бири-биринен теманы үйрөнүшөт жана айырмачылыктарын талкуулайт | ОС түрлөрүн билишет |
| Креативдүү | Окуучулар локалдык диск С,Д ны айырмалай алышат | Окуучулар диск, флэшканы ачууну билишет | Окуучулар компьютер папкасынын мүмкүнчүлүктөрүн жеке жашоодо колдоно алат |
Билимин актуалдаштыруу:
Операциондук система деген эмне?
Кандай операциондук системаларды билесинер?
Windows ОСсын кайсы фирма, канчанчы жылы иштеп чыккан?
Windows ОСсынын мүмкүнчүлүктөрү кандай?
Windows ОСсынын кандай версиялары бар?
Windows ОСсынын негизги элементтери кайсылар?
Жаңы материалды берүү.
Windows ОСсы экранда ачылганда жумушчу стол пайда болот.
Ар бириңердин үйүңѳрдѳ жумушчу стол бар. Анда үй тапшырмасын аткарасыңар, сүрѳт тартасыңар, кагаз чаптайсыңар.Жумушчу столдо силер иштеш үчүн керектүү болгон окуу ки-тептер, дептерлер, калем саптар, калемдер, сызгыч, кайчы ж. б.жайгаштырасыңар.
Компьютердин иштѳѳсүнѳ даяр болгон монитордун экранындагы сүрѳттѳлүш дагы Жумушчу стол(Рабочий стол) деп аталат. Жумушчу стол бир тондо болушу, сүрѳт же фото камтышы
мүмкүн.Жумушчу столдо анча чоң эмес сүрѳттѳр – белгилер жана ярлыктар (ярлык – тѳмѳн сол бурчунда кичинекей жебеси бар сүрѳт) жайгашат. Алар объекттерге – компьютердин ар кандай түзүмдѳрүнѳ жана программаларына, ошондой эле компьютердик программалардын жардамы менен түзүлгѳн тексттерге, сүрѳттѳргѳ ж. б. документтерге ыкчам кирүүнү камсыз кылат.
Жумушчу столдо Windows ОСсынын негизги элементтери жайгашкан. Алар:
Компьютер
Сетевое окружение
Интернет
Корзина
Пуск
Windows ОСсынын бардык программаларында сөзсүз төмөнкү компоненттер болот.
Терезе - экранда белгилүү бир дубанга, анык касиетке ээ болуп, өзүнө түрдүү маалыматтарды камтыган объект. Терезе экранда бир же бир нече болушу мүмкүн. Алардын өлчөмүн кичирейтип, чоңойтуп өзгөртүүгө, жылдырууга болот. Терезелер экранда 2 түрдүү ыкма менен жайгашышат: каскад жана мозаика. Терезени активдештирүү, тандоо үчүн, анын көрүнгөн жерине курсорду алып барып, чычкандын жумушчу клавишасын басуу же ALT+TAB, ALT+SHIFT+TAB клавишалары аркылуу жүргүзүлөт.
Терезенин башкаруу элементтери - колдонуучунун прикладдык программа менен байланыш түзүүсүнө кызмат кылуучу обүекттер (барактоо сызгычтары, жандыруу, күйгүзүү кнопкалары, кнопка-желекчелер, редакциялоо талаасы ж.б.). терезенин эң үстүндө анын бөркү (прикладдык программанын аты) жана учурда ачылып турган файл аты жайгашкан. Бөрктүн сол тарабында иконка жайгашкан. Аны басуу менен терезенин башкаруу менюсу ачылат. Ошол эле саптын оң тарабында 2 же 3 кнопка жайгашкан: жыйноо
, терезени чоңойтуу
, жабуу
.
Меню системасы - терезенин негизги элементтеринин бири, ал бөрктөн кийин жайланышып, көпчүлүк прикладдык программаларда дээрлик бирдей мааниге ээ болгон кызматчы сөздөр менен жасалган.
Мисалы: Файл, Правка (редакциялоо), Вид (көрүү, карап чыгуу), Сервис, Окно (терезе), Справка (жардам) ж.б.
Бул менючалар кичине терезелерден туруп, аларда буйруктар, шарттар жайгашат. Андан ары жумушчу талаасы жайгашат, оң тарабында өйдө барактоо
, бегунок (чуркап жүрүүчү кнопка)
, төмөн барактоо
. Төмөн жакта да ошондой эле кнопкалар бар.
Эң төмөнкү сап абалдын сабы деп аталат.
Менюларды тандоо үчүн «чычкан» же Enter клавишасы басылат. Активдүү терезени жабуу үчүн ALT+F4, эгерде терезеде докментти редакциялоо жүрүп жатса CTRL+F4 клавишасы колдонулат. Эгерде аракеттен баш тартуу керек болсо - ALT+F10, ESC. Менюдагы бозоргон саптар активсиз.
Белгилер, пиктограммалар, иконкалар - кичинекей, графикалык символдор, алар менен программалар файлдары, программалык топтор, элементтер белгиленет.
Компьютер папкасы-бардык маалымат мына ушул папкада жайгашкан. Анын курамы компьютерге туташтырылган түзүлүштөрдүн программалардын иконкаларынан турат.
Компьютер папкасынын ичинде негизинен С жана Д локалдык дисктер, CD, DVD дисководдордун программалары, USB флэшканын программасы дайыма компьютер папкасынан ачылат.
1.1-сүрөт компьютер папкасынын ички көрүнүшү
Компьютер папкасын мыштын негизги баскычын эки жолу бат-баттан чыкылдатуу менен ачып, бул сүрөттөгү көрүнүштү көрө алабыз. Мында ….(1.1 сүрөт боюнча түшүндүрөм)
Локальный диск С папкасында компьютерге орнотулган программалардын тизмеси жайгашкан. Ал эми локальный диск Д папкасында компьютерде сакталган документтер, сүрөттөр, видеолор жана башка керектүү файлдар сакталган.
Флэш картаны компьютерге улаган учурда флэш картанын программасы компьютер папкасына пайда болот. Ар бир кошумча түзүлүштү компьютерге улаган учурда, компьютер папкасына 1.2 сүрөттө көрсөтүлгөндөй программалары автоматтык көрүнөп калат.
Демек, компьютер папкасы компьютерге орнотулган бардык программаларды көрүү үчүн, диск, флэшкаларды окуу үчүн колдонулат.
1.2-сүрөт компьютер папкасындагы
түзүлүштөрдүн программалары
Драйвер- компьютердин ар бир түзүлүшүнө жазылган атайын программа. Мындай программасы жок компьютерге уланган түзүлүштөр иштебейт. Качан гана драйверин компьютерге орноткондо иштей баштайт. Компьютер папкасынан ар бир түзүлүштүн драйверин ачууга же иштетүүгѳ болот.
Жаны теманы бышыктоо: «өтүлгөн тема боюнча мага суроо барбы?»
Компьютерге отуруп, мой компьютер папкасы менен өз алдынча таанышат. Флэшканы иштетүүнү үйрөнүшөт. Windows ОСсынын бардык программаларынын терезелери менен таанышат
Үйгө тапшырма: Мой компьютер папкасы, Проводник программасы
Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура жооп берип, оригиналдуу суроолорду берүүсүнө, компьютерде өз алдынча иштөөсүнө жараша суммативдик бааланат.