СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Менин педагогикалык ой толгоом

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мугалимдик ой толгоо... билим берүү системасына көз араштар... алдыга койгон ой максаттар...

Просмотр содержимого документа
«Менин педагогикалык ой толгоом»

Менин педагогикалык философиям.

Мугалим жан дүйнөнун түзүүчүсү,

Баланы жакын көрүп сүйүүчүсү,

Мындай күч касиети болбой калса,

Милдетин аткарууга келбейт күчү- дегендей «мугалим» ардактуу кесип. Анткени мугалимдер жашоодогу эң кымбат, баа жеткис кесип ээлери. Менин балалыгым Кара-Cуу районунуна караштуу абасы таза, суусу тунук Бек-Жар айылында өттү, кымыз ичип боорсок жеп, ат үстүндө тоого чыгып наристе сезимимде айылдагы баёлук, баарукерлик, меймандостук калыптанды. Мени эрезеге жеткизген ата-энемдин китеп окууга болгон кызыгуусу, апамдын кесибин чын дили сүйгөндүгу жана окуткан мугалимдердин бизге жасаган мамилеси, билим берүү үчүн жасаган аракеттери мен үчүн мугалимдик ыйык кесипти тандап алууга түрткү берди.

Мына, тагдыр буйруп мен бүгүн мугалиммин. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык жаш муундардын билимдүү, тарбиялуу, мекенчил болуп өсүп өнүгүшу үчүн бар күч аракетимди жумшоодомун.

Ар бир чыгармачыл мугалимде асыл ой, бийик идея, максаттуулук жашайт. Аны биз педагогикалык философия деп айтып журөбуз. Чындыгында асыл ой, улуу идея адам жашоосунун азыгы гана эмес, ал мудөө-максаттарды ишке ашырууда кубаттуу энергия боло алат. Педагогикалык философиядагы асыл ойлор мугалимди дайым шыктандырат, адал иш, ак эмгек аркылуу алдыга сурөйт.

«Аалым болуш оңой, адам болуш кыйын»,- бул кылымдарды карыткан элдик накыл. Билим беруу жөнүндөгу Концепцияда адилеттуу айтылат: базар экономикасы эгоист, өзумчул, эпчил, шылуун, акча табууну 1- орунга койгон инсандарды калыптандырды. Ошондуктан, коомдогу экономикалык кризистин себеби руханий негиздердин кыйрашында. Экономикалык кризистен да, руханий кризис коркунучтуу. Башын компютердик техника, эс тутумун интернет, кулагында телефон ээлеген баланын журөгунө от тутантып, жан дуйносун тазартуу зарыл. Мен алардын бироосунө, учурда мектеп тарбиясында модага айланган «соткебаш балдардын» тарбиясындагы өксуктөр тууралуу, ансыз да түйшүктөн арылбаган мугалимди чарчаткан көйгөй жөнүндө кеп козгогум келип турат. Менин педагогикалык тажрыйбамда акыркы жылдары глобалдуу болуп бараткан окуучулардын жана алардын ата-энелеринин уюлдук телефонду “иштетүү маданияты”, ушул уюлдук телефонго байланышкан көйгөй менен бөлушөйун. Өзүмдүн бүтүрүүчү класстагы уулумдун телефонун текшерип, көзөмөлдөп турам. Уулум окуган классты эки жылдан бери мен жетектейм. Ал дагы мен текшергендиктен “акылдуулук” кылып группасын тез тез тазалап ашыкча эч нерсе деле койбойт. Телефонго да убак сааты менен эле керектүү маалымат үчүн отурат. Бир куну кокустан алып класстын группасына келген сөздөрдү окуп калдым. Таң калдым кызы да, уулу да керексиз эле, бири бирин шылдыңдоо, ат кою, баланын деңгээлине туура келбеген сүрөттөр, сөздөр. Жазылган тексттерден улам менин окуучуларым тунку саат 2ге чейин бири-биринен уй тапшырма сураган жок, сабакка тиешелүү эч нерсе айтылган жок. Кайым айтышуу гана болду? Мен бир кыйла үн демсиз отурдум. Эртеси кунку балдардын партага эңкейип алып уйкусурап отурганы, китеп дептер толук эмес, үй тапшырмасы жок, көздөрү кызарып отурганын элестетип көңулүм ооруду. Мен алардын бир кундук эле сүйлөшкөнүм окудум. А күндө кандай көрүнүш? Эми кунөө кимде? Балдарынан телефонду алып койбогон, уктоосун көзөмөлгө албаган кандай ата-энер алар? Алардын келечеги аларды кызыктырабы? Мына ушул туйшөлгөн көйгөйдү чечуунун жолун издеп , класска чукул “ Менин кичинекей досум” деген темада ата-энелер жыйналышын өткөрүп,түшундүрүу иштерин карадык, анкета алдык андагы ата-энелердин жооптору: 1-ата: Кызымдын туулган кунуно алып бергемин.Сабакка даярданат, кээ бир маалыматтарды интернеттен издейт. Уюлдук телефонун текшербейм, ватсапта бар экенмин билем. 2- апа: досторунун баарынын телефону бар экен, ыйлап жүруп алдырды, 3-ата чоң уулумдун эски телефонун алган, карабайм деле, кечке музыка угат окшойт, 4—апа байланышып туруу максатында интернет которгон телефонду алып бергенмин, бир чети досторунун баарында ошондой телефон.Текшерип турам, бирок пайдаланууга график тузгон эмесбиз. 5- апа Ооба телефону бар эле экраны сынып калган, жакшы эле болду деп отурам эми алып бербейм. Ал эми кээ бир ата-эне замандын талабы балам жаңы технологиялар менен иштегенди үйрөнуш керек, аны да убак сааты менен туура колдоно билсе, бугунку кундө телефон аркылуу көп жаңы маалыматтарды алса болот, өз ойлорун ортого салышты. Мына тарбиянын өксугөн жери, бардык ата-эненин ойлорунун анын пайда зыяны, колдонуу убактысы жөнундө толук маалыматтарынын жоктугу. Кээ бир ата-эне акырын башын жерге салды себеби баласына сөзү өтпөйт, телефонду бала өзү иштеп сатып алган. Ата-энеси материалдык жактан балага керектүү окуу куралдарын, кийим кечесин камсыз кыла албайт, кээ бирлери чоң-ата, чоң эненин , таята таененин колунда. Алар “ата-энеси менен сүйлөшөт, эсен аман тапшырсам”- болду дейт. Баланын эки канаты бири мектеп экинчиси ата-эне. Бала бир канаты менен уча албайт. “Телефонсуз жашоо”, “Менин досумдун мүмкунчулуктөрү” аттуу иш чараларды уюштуруп алар менен биргеликте колдонуу убактысы, көзөмөл кылуу тартиптери иштелип чыгылды. Ошондуктан быйылкы жыл «Мектеп, ата-эне, коомчулук менен кызматташуу аркылуу окуучуларды ар тараптуу өнуктуруу» жылы деп бекеринен айтылбаса керек.

Пейил онолбосо, кыргыз онолбойт. Таза пейилдин экологиясын улап адамга, андан уй-булөгө, айылга, айылдан ааламга жайылталы. «Жакшы сөз жан эргитсе, жаман сөз жан кейитет» дегендей кейиген адамдан кейитчу сөз чыгат, андан коомдун журогу кысылып, буулат. Илимий коз караш калыптанган, билимдуу, улукман, мекенчил адам- улут учун баа жеткис капитал.

Педагогикалык ишмердик аркылуу акылман Сократ айткандай « Бардык кесиптер адамдын өзунөн берилет, Алла таалам төмөнку кесиптерге мээримдүүлуктү, адилетүүлүктү, анан чыдамкайлыкты тартуулаган, алар: МУГАЛИМ, СОТ, ВРАЧ», бул акылмандын сөзу менин педагогикалык философиямдын журөгунун тупкурундө сакталат, анткени мугалимдин туйшуктуу турмушун көруп эс тарткан, «мен мугалим болбоймун» деген беш бир туугандар баарыбыз ардактуу, сыймыктуу болгон МУГАЛИМДИК кесипти аркалап келе жатабыз. Себеби, ПЕДАГОГИКА деген соз «Баланы жетелеп журөм, тарбиялайм» деп которулат эмеспи. Мусулмандын негизги парзы өз уммөттөрун коомго пайда алып келген, өз ырыскысын адал нерселерден таабууну уйрөтсө, мугалимдик кесип да өз окуучуларын билим алуунун сырларын ачып, жашоого даяр болушуна, адамдык асыл сапаттарга ээ болушуна, оз жеринин патриоту болушуна, ар тараптуу өнугушунө, алардын ички дуйносундө себилген үрөндөрдү өстуруп чыгаруу, келечекте мыкты инсан болуусуна өбөлгө тузуп берет.

Байыркы кытай философу КОНФУЦИЙдин бутундой философиялык системасынын борбордук проблемасын- этика жана тарбия маселеси тузот. Анын ою боюнча гуманизм – бул адамга болгон суйуу. Мугалимдер ашкере гумандуу болушат , эч кимге жамандык каалашпай, жакшылык учун аракеттенишет. Бул кесиптеги адамдар, асылзаада, айкол, кеменгер, бийик жана улуу болушат.

Мугалим биринчи кезекте озунун окуткан предметин жакшы билиш керек У. Черчил айткандай « Эгерде мугалимдин башы туман болсо, анда окуучунун башы карангы тун» . Экинчиден , ал журум- турумдун эн жогорку улгусуно ээ болууга тийиш. Бирок, азыркы мезгилде эң орчундуу маселе бул функционалдык сабатсыздык, б.а колунда адистиги боюнча дипломго ээ болуп туруп, тажрыйба жузундо талапка ылайык билимге ээ болбогондугу ошондой эле мугалимдик кесиптин кадыр-беделин тушургон, бул тармакка адашып келип калгандардын кездешип жаткандыгы окунучтуу….

Мыкты мугалимди бардыгы сыйлайт, окуткан ар бир окуучусунун журөгундө жашайт. Мугалим билимдуу гана болбостон адеп-ахлактык да бийиктикке ээ болууга тийиш. Мугалим учун журум-турумунда башкаларга улгу боло турган эн жогорку сапаттар адамгерчилик, урмат-сыйчылдык, чечкиндуулук, кечиримдуулук, айколдук, сабырдуулук, ишеним болушу зарыл. Эгерде адамгерчилик болбосо, ал эч кимге жакшылык кыла албайт. Окуучусун, анын ата-энесин, жамаатын урматтап сыйласа, озу да урмат сыйга ээ болот. Мугалим чечкиндуу болбосо анын аракетине окуучулар ишенебей калат. Сабырдуулук ар кандай кырдаалды женет, ийгиликтин жемиши сабырдуулукта. Кечиримдуулук –бул анын ишмердуулугундогу башкы касиет, эгерде мугалим озуно-озу ишене албаса ага эч ким ишенбейт. Окуучулардын ишенимине ээ болгон мугалим гана максатына жете алат. Ар бир аракетине берилгендик менен мамиле кылуу менен ал мыкты инсанды коомго тарбиялап берет. «Окуткан балдарын баласындай көрүп, өз ишине берилип иштеген мугалим – баарынан МЫКТЫ МУГАЛИМ»- дейт Л.Н. Толстой

Эң алды менен мугалим педжамаатка да, окуучуларга да сый мамиледе, сабырдуу болуусу парз. Азыркы замандын мугалими бийик кесипкөй эле эмес, чыныгы адам болууга тийиш. Ошондо гана гумандуу педагогика камсыз кылынып, келечек муунга жеткиликтуу билим, татыктуу тарбия берилет. Кесиптердин башаты болгон МУГАЛИМДИК КЕСИП да, МУГАЛИМ да кадыр –барктуу болот деп ишенем . Демек , менин мугалимдик бакытым- бул балдардын журөгундөгу бизге болгон ишеничтин чексиздигинде жана алардын бизден көп жакшы нерселерди, келечекти куткөн умуттүү балбылдаган көздөрүндө. Менин ар бир сөзум, ар бир кадамым балдардын жыргалчылыгы учун. Мекенибиз Кыргызстандын келечеги учун болсо экен деп кудайдан тилейм.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!