Просмотр содержимого документа
«Менин -сүйүктүү окуучум»
Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясы
«Мыкты үй-бүлө» конкурсунун катышуучусу Нуралиева Назгүль Юнусовна
Ата-эне тереңдердин тереңи,
Бала үчүн баарын арнап келишет.
Шарт түзөт дайым ата -эне,
Айгүлдүн баардык ишине.
Колуна комуз алганда,
Баардыгын чертет чимирим,
Бий ийримине катышат,
Аккуудай болуп ийилип.
Тарбия, окуу талабым,
Таасирдүү билим сабагым,
Үйрөнсөм баардык жагынан,
Ачылат дайым кабагым.
Акылдуу болгун, кызым деп
Күнүгө көңүл бурушат.
Ийримдерге катыш деп,
Акчасын төлөп турушат.
Ата-эне тереңдердин тереңи,
Бала үчүн баарын арнап келишет.
Жети осуят тереңдиктин тереңи,
Манас атам бизге айткан белеги.
Билим алып бир кесипке ээ болсом,
Ата-энеме, эл журтума тийсе экен керегим.
Контролдоп ата энеси,
Сабагына катышат.
Билимдүү бол, кызым деп,
Дайым акыл айтышат.
Класс жетекчинин пикири.
Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуучусу Аскарова Айгүл 5 «А» класстын окуучуларынын арасында эң үлгүлүү, адептүү, сабактарынан дайыма «эң жакшы» деген бааларга татыктуу окуучуларыбыздын бири. Коомдук иштерге ар дайым активдүү катышып, классты алга сүрөп, президенттик кызмат аткарып келет. Ата-энеси мектеп менен тыгыз байланышып, келечектеги эң мыкты инсан болуп калыптанышына шарт түзөт.
Класс жетекчиси: Чыналиева Э.К.
Токтогул атындагы №1 мектеп-
гимназиясындагы Аскарова Айгулгө сабак берген
мугалимдердин пикири.
Айгүл ар сабакты кунт коюп угуу менен катар, берилген тапшырманы туура так аткарып келет. Аябай зеендүү, аракетчил жана классташтарынын баары сыйлаган үлгүлүү окуучу.
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!