СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Методическая разработка плана урока по естествознанию 5 класс (для школ с кыргызским языком обучения)

Нажмите, чтобы узнать подробности

План практического занятия по естествознинию (5 класс) для школ с кыргызским языком обучения на тему "Свойство воды" (Суунун касиеттери).

Просмотр содержимого документа
«Методическая разработка плана урока по естествознанию 5 класс (для школ с кыргызским языком обучения)»

ТАБИЯТ ТААНУУ

Сабак № _____ 5-класс Өтүлгөн күнү ____________

Сабактын темасы: «Суунун касиеттери»

Сабактын максаты: суунун касиеттери менен таанышат; анализ кылуу, салыштыруу, жалпылоо, жыйынтык чыгаруу, маалымат арттыруучу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүшөт; бир бирине жылуу мамиле кылууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: сабак-изилдөө.

Сабактын усулу: талкуу, байкоо

Жабдылышы: стакан, суу, колба, кашык, түстүү кагаздардын узун кесиндилери (ач көк, сары, ак, жашыл түстүү), туз, кум шекер, бор, топурак, өсүмдүктөр майы, спирт, керосин.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ

  1. Сабакты уюштуруу: Окуучулардын сабакка даярдыгын, катышуусун текшерүү.

  2. Өз алдынча иштөө:

Класс топторго бөлүнөт, ар бир топ тапшырмасын алып өз алдынча талкуулашат, аткарышат жана жыйынтык чыгарышат. Аткарган соң ар бир топ өзүнүн ташырмасын аткаруу жолдорун айтып берип, кандай жыйынтыкка келгенин айтышат. Бардык жыйынтыктарды байкоо күндөлүктөрүнө түшүрүшөт (байкоонун жыйынтыгын таблицага + “ооба” жана - “жок” белгилер менен белгиленет).

  1. тажрыйба: Стакандагы сууну ичип көргүлө. Анын даамын аныктагыла. Таблицаны толтургула.

Даамы

Суу

Ширин


Ачуу


Туздуу


Кычкыл


Жыйынтык:

Суу__________________________________________________________________________

2-тажрыйба: Стакандагы суунун жытын жыттагыла. Анын жытын аныктагыла. Таблицаны толтуургула.

Жыты

Суу

Нандын


Кыямдын


Атыр жыттуу


Гүлдөрдүн


Жыйынтык:

Суу__________________________________________________________________________

3-тажрыйба: Стаканга сууну куюуп, ага кашыкты салгыла. Кашыкты көрүп жатасыңарбы?_________

Жыйынтык:

Суу__________________________________________________________________________

4-тажрыйба: Стакандагы сууну бош стаканга куюштургула. Куюуп жатканда суунун касиетине көңүл бургула, байкагыла. Таблицаны толтургула.

Суунун абалы

Суу

Ордунда калды


Төгүлдү


Жыйынтык:

Суу__________________________________________________________________________

5-тажрыйба: Эки ар түрдүү колбага сууну куйгула. Суунун формасы боюнча эмне айталасыңар?

Суунун формасы

Суу

Өзүнүн формасы бар


Формасы жок


Жыйынтык:

Суу __________________________________________________________________________

6- тажрыйба: Стаканды сууга толтургула, суунун түсүн түстүү кагаздардын кесиндилери менен салыштыргыла. Таблицаны толтургула.

Кагаздын кесиндиси

Суу

Ач көк


Сары


Ак


Жашыл


Жыйынтык:

Суу _________________________________________________________________________

7-тажрыйба: Бир колбага суу куйгула жана туз салып, аралаштыргыла, экинчисине майдаланган борду салып, аралаштыргыла. Суудагы заттар менен жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү байкагыла. Таблицаны толтургула.


Заттар

Суудагы заттар

эриди

тунук

эрибеди

тунук

Туз





Кум шекер





Бор





Топурак





Өсүмдүктөр майы





Спирт





Керосин






Жыйынтык:

Суу__________________________________________________________________________


  1. Жыйынтыктоо: Суу – түсү, даамы, жыты жок зат. Сууда катуу нерселер, суюктуктар жана газ абалда эришет.

  2. Бышыктоо үчүн суроолор:

  • Сууда канча сандагы затты эритүүгө болот?

  • Каныккан эритме деген эмне?

  • Сууда газ эрийби?

  • Нерсенин температурасы жогорулаганда же төмөндөгөндө эрүү процесси кандай болуп өзгөрөт?

  1. Үй тапшырмасы: §12 окуп келүү, 40-беттеги тапшырмаын аткаруу.

  2. Баалоо.