СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Методика жана технологиялар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Методика жана технологиялар»

МЕТОДДОР ТЕХНОЛОГИЯЛАР

Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасы тиешелүү фактыларды, ошондой эле эне тилинин илимий маалыматтарын (фонетика, лексикология, морфология, синтаксис, стилистика, орфография, пунктуация ж.б. боюнча) кыргыз тил илиминен алат да, башталгыч класстарда эне тилине байланыштуу окутула турган жогорудагы көрсөткөн конкреттүү бөлүктөрдү кандай жол менен үйрөтүүнүн ыкмаларын иштеп чыгат. Алардын ордун тактап, алардын натыйжалуу, ыңгайлуу жолдорун аныктайт. Орто мектептин башталгыч класстарында кыргыз тилинен сабак берген окутуучу педагогикалык чеберчилигин традициялык педагогиканын жана азыркы учурда колдонулуп жаткан окутуунун жаңы технологияларын терең өздөштүрүп, айкалыштыруу менен жогорулата алат. 

Метод - педагогикалык категория катары өтүлө турган материалды кандай ыкма менен натыйжалуу берүүнүн жолдорун көрсөтөт. 20-кылымдын 60-жылдары окутуу методдорун бир системага келтирип классификациялаган окумуштуу Е.Я. Галант болгон, кийинчирээк дидактар М.Н.Скаткин, И.Я.Лернер, М.А.Даниловдор бул маселеге кайрылышкан. Ал эми академик Ю.К.Бабанский түзгөн окутуунун методдорунун классификациясындагы:

  1. Айтып берүү методдору (аңгеме, түшүндүрүү, лекция, аңгемелешүү, окуу китеби менен иштөө ж.б.);

  2. Көрсөтмөлүүлүк (таблица, схема, сүрөттөрдү иллюстрациялоо, диафильм, кино демонстрациялоо, музейге, өндүрүшкө, жаратылышка экскурсия ж.б.);

  3. Практикалык (көнүгүү, көнүктүрүү, үй жана аудиторияда өз алдынча иштөөнү уюштуруу, эксперимент, эмгек жана коомдук иштерге тартуу ж.б.) [29 , 81-б ]. 


Салыштыруу максатында түрк жана орус педагогикаларындагы классификацияларга да токтолсок. 

Түрк педагогу Т. Мехмед жана А.Алимбеков окутуунун методдорун төмөнкүдөй сыпатташат:

«Түздөн-түз түшүндүрүү, же айтып берүү - педагогикалык тажрыйбада эң көп колдонулган салттуу методдордун бири. Окутуучу борборунда турган метод катары программалык билимди пассивдүү абалда отурган окуучуларга жеткирүүдө көп колдонулат. Түздөн-түз түшүндүрүү методдорунун бири - семинар ыкмасы докладчынын бир теманы эң кеми жарым саат түшүндүрүшү жана андан соң суроо-жооп аркылуу ишке ашырылган ыкма. Конференция ыкмасы болсо негизинен, адистин кандайдыр бир тема боюнча белгилүү бир угуучулар тобуна баяндама жасашы аркылуу ишке ашырылат. 
Талкуу методу окуучулар өз ойлорун эркин ортого сала билүү, башкалардын көз карашын сыйлай билүү, өз ара карым-катышта болуу сыяктуу жөндөмдөрүн өстүрүүгө багытталат. Бул методдун негизги ыкмаларынын бири - чоң тайпаларда талкуу жүргүзүү. Ал эми чакан топтордогу талкуу чоң топту чакан топторго бөлүү аркылуу ишке ашырылат. Мында 22- топ, 44-топ,66- топ сыяктуу иш чараларды аткарууга болот. Баарлашуу ыкмасы, негизинен алдын-ала аныкталган бир тема боюнча 5-9 кишилик бир чакан топто өткөрүлгөн талкуу аркылуу ишке ашырылат. Мындай талкуу, эреже катары, чоң топтун алдында өткөрүлөт. Жарыш сөз ыкмасында бир темага байланыштуу макул же каршы көз караштарды жактаган эки топ түзүлөт. Топтор алдын-ала даярдыктан өткөрүлгөн соң калыстар тобунун алдында өз көз караштарын талкууга коюшат. Жеңип чыккан топ калыстар тарабынан жарыяланат. Талкуу методунда колдонулган ыкмалардын дагы бири - «мээге чабуул» деп аталат. Ал окуучулардын оюна келген пикирлерин ошол заматта талкууга коюлушун жана талкууланган пикирлердин окуучулар арасында колдоого алынышын камсыз кылат. Өз ара толуктама баарлашуу ыкмасы (окуянын тескерисин жаса же айт деген ыкма) суроо жана жооп берүүчү эки тайпада ишке ашырылат. Топтор адегенде берилген темага даярданышат. Андан соң суроочулар тобу даярдаган суроолорун берсе, жооп берүүчүлөр тобу берилген суроолорго жооп кайтарат. Суроо-жооптун натыйжасында ийгиликке жетишкен топ аныкталат.Симпозиум ыкмасында кандайдыр бир темага байланыштуу эки же андан көп баяндамачы дайындалат да, алар угуучулардын алдында баяндама жасашат. Угуучулар суроо-жооп учурунда талкууга катышат. Талкуунун жыйынтыгы баяндаманын мазмуну жана суроо-жооптун натыйжасы боюнча чыгарылат. Тегерек стол ыкмасында 10-15 студент уй мүйүз тарта отургузулат. Ар бир студент өзүнө берилген суроого жооп кайтарат. Алты калпактуу ыкмада класска алты башка маани ыйгарылган алты калпак тартылат. Талкууда ар ким өз калпагына туура келген көз караштарын билдирет. Максат: ар кандай пикирлерди айтуу жана талкууга алуу. 
Суроо-жооп методу сабакта окуучулардын активдүүлүгүн жандандыруу максатында карым-катыш түзүүдө көп колдонулган метод болуп эсептелет. Суроолор максатына, жооптун түрүнө, үйрөтүү методуна, берилиш формасына жана кимге багытталганына карай бири-биринен айырмаланат. Алар киришүү, сабакка багыттоо тести, сабакка даярдануу, сабак ичи, баалама жана кер байланыш суроолору болуп түркүмдөлөт. Бардык учурда мугалимдин таасирлүү суроо бере билүүсү, б.а. бул ыкманы натыйжалуу колдоно билүүсү талап кылынат.
Долбоор методу - кандайдыр бир маселенин жеке адам же жамаат тарабынан колго алынып, жашоо турмушка өзгөчө зарыл болгон натыйжаларга жетүү максатын көздөгөн метод. 
Маселе чечүү методу маселе чечүүнүн илимий негиздерин жетекчиликке алуу аркылуу окуучуларга практикалык мүнөздөгү маселелерди чечүүнүн жол-жоболорун үйрөтүү максатын аркалайт. Көрсөтүп жасатуу методу кандайдыр бир иш-аракетти адегенде көрсөтүп, андан соң окуучулардын өздөрүнө жасатууну көзөмөлдөп турт. Өрнөк окуя методу болуп өткөн же боло турган бир окуяны же кубулушту окуучуларга айтып берүү жана ал окуяда баяндалган маселени суроо-жооп формасында талкуулоо аркылуу өткөрүлөт. Жеринде байкоо методу максаттуу жана пландуу түрдө мектептен башка бир чөйрөгө алып баруу жана жеринде байкоо жүргүзүү аркылуу окуучуларды кандайдыр бир ишке үйрөтүү максатын аркалайт. 
Роль ойноо методу роль аткаруу аркылуу окуучулардын туюм-сезимдерин жана ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталат. Окшоштуруу методу бир окуяны же маселени ар кандай өңүттөн талкуулоо, бир документти талдоо үчүн кандайдыр бир эрежелердин негизинде окшоштук белгилерди табууга, андай белгилердин моделин түзүүгө багытталган метод. Драма методу- окуучуларды кайсы шартта кандай аракеттенүү керектигин өздөрүнө аткаруу аркылуу үйрөткөн ыкма. Анын табигый драма жана формалдык драма деген эки түрү бар.
Долбоор методу – кандайдыр бир маселенин жеке адам же жамаат тарабынан колго алынып, жашоо-турмушка өзгөчө зарыл болгон натыйжаларга жетүү максатын көздөгөн метод. Программалап үйрөтүм методу жеке адамдын өз алдынча үйрөнүү өзгөчөлүктөрүн жетекчиликке алган жана программанын маани -мазмунун үйрөнүүгө жеңил болгон бөлүктөргө бөлүп, аларды ырааттуу жана белгилүү бир тартипте жайгаштыруу аркылуу сунуштаган, ошондой эле мурдагысын жакшылап үйрөнгөнгө чейин жаңы маалымат бербөөнү негиз тутунган метод. Микро үйрөтүм - мугалимдерди даярдоодо көп колдонулган жана сынчыл-негизги үйрөтүм жөндөмдөрүн болочок мугалимге үйрөтүү максатын көздөгөн метод. 

Окутуунун түшүндүрүп-иллюстрациялоо түрү окутуунун башка түрлөрүнө караганда бир катар артыкчылыкка ээ. Эң башкысы өтүлгөн тема боюнча негизги материалды эстеп калуу жагын жакшы чечкен. Окутуунун мындай түрү мектептерде узактан бери колдонулуп, аны дагы өркүндөтүү менен ар кандай көрсөтмөлүүлүктөр көп пайдаланылып, жаңыдан өтүлө турган теманы түшүндүрүүдө убакытты үнөмдөөгө жетишет. Өтүлүүчү материалды кыска мөөнөттө түшүндүрүүгө болот. «Кемчилиги» көбүнчө окуучуларды «даяр» далилдерди гана айтып берүүгө үйрөтүп, өз бетинче иштөөгө, анын тегерегинде ойлонууга, изденүүгө түртө албайт. 

Модулдук үйрөтүм - «модулдап программалоо» аттуу бир программаны практикалоо формасы. Билим берүү процессиндеги жеке адамдын өз алдынча үйрөнүшүн камсыз кылган, кандайдыр бир ички бүтүндүккө ээ болгон жана бири-бирин толуктап тактаган үйрөнүүнүн өз алдынча элементтеринин иреттелген жыйындысы модулдап программалоо деп аталат. Ал эми бул программага шайкеш аткарылган үйрөтүм модулдап үйрөтүм катары кабылданат. Түшүнүк карталары маалымат жана түшүнүк жаатында иерархиялык катышты жалпыдан жекеге карай сыпаттоо жана графикалык формага келтирүү аркылуу конкреттештирүү максатын көздөгөн метод. Кызматташып үйрөнүү- чакан топторго бөлүштүрүлгөн окуучулардын өз ара жардамдашып үйрөнүшүн камсыз кылган метод болуп эсептелет [40 , 154-156-б.].


1.2. Окутуунун жаңы технологиялары.

Жогоруда айтылган традициялык методдор менен катар азыркы учурда проблемалык, программалык, компьютердик, талкуу, интерактивдүү ж.б. методдор жана алардын ар кыл ыкмалары да активдүү колдонулууда.

Ал эми орус методистери колдонуп жаткан методдор жөнүндө А.Муратов иликтөө жүргүзгөн. Анда кийинки мезгилдерде көп колдонулуп калган «технология» деген терминдин мааниси да чечмеленет. 

«Педагогикалык технологиянын бир нече аныктамалары бар:

  • «… ыкмалардын биримдиги – педагогикалык ишмердүүлүктүн терең процессин чагылдырган, алардын өз ара таасир этүүлөрүн көрсөткөн, ошондой негиз кылганда окуу - тарбия процессинин натыйжалуулугун көтөрүүгө шарт даярдап берген педагогикалык билимдердин тармагы» (Основы педагогических технологий: Краткий толковый словарь. Урал. Гос. Пед. Ун-т. Екатеренбург, 1995, 19-бет);

  • «… билим берүү процессинин өзгөрүп жаткан шарттарында (адистик жогорку билим берүүнүн стандарты) ага прогноз жана диагностика берүү үчүн инструментарий даярдаган процедуралардын, операциялардын, кыймыл-аракеттеринин биримдиги;

  • «-социалдык тажрыйбаларды чагылдыруунун форма, ыкма, метод жана каражаттарынын биримдик - байланышы, ошол процесстин техникалык жактан ишке ашырылыш жолу» (Психолого-педагогический словарь - справочник для учителей и руководителей общеобразовательных учреждений. Ростов-на-Дону: Феникс, 1998, 436-бет);

  • «-окуу–таанып билүү процессин уюштуруунун жолдорунун биримдиги же алдыга койгон максатка жетүүгө багытталган мугалимдин конкреттүү ишмердүүлүгү менен байланышкан белгилүү бир кыймыл-аракеттердин, операциялардын ырааттуулугу. (Байкова Л.А., Гребенкина Л.К. Педагогический мастерство и педагогические технологии. М.: Пед. Об-во России, 2001, 9 - бет).

Урал мампедуниверситетинин профессору, педагогикалык илимдердин доктору Е.В.Каратаева педагогикалык технологияларды классификациялоого аракет кылып негизги 3 топко бөлөт:
1. Окутуунун активдүү методдору менен формаларын колдонгон педагогикалык технологиялар: оюн технологиялары, проблемалык окутуу, өстүрүп-өнүктүрүп окутуу технологиялары, программалык окутуу технологиялары, интерактивдүү окутуу, окутуунун компьютердик технологиялары, модулдап окутуу, окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн активдештирип окутуу ж.б. 
2. Адептивдүү педагогикалык технологиялар: түрдүү деңгээлин карап окутуу; окутуунун жекелештирилиши; вальдоф педагогикасы; суггестивдүү технологиялар; окутууга аудиовизуалдык мамиле кылуу; адептивдүү мектеп (Е.Ямбург), мектеп-парк (Балабан); агромектеп (А.Католикова) ж.б.
3.Окутуунун автордук мектеби катары сунуш этилген педтехнологиялар: Ш.А.Амонашвили, Е.И.Ильин, С.Н.Лысенкова; Никитиндердин үй-бүлөлүк тарбиялоо системасы; В.Ф. Шаталов ж.б. (Коротаева Е.В. Обучающие технологии в позновательности школьников: Библ. журнала «Директор школы // 2003, № 2, 21-22-б.

Барнаул шаарынан А.В.Петров ХХ кылымдын соңунда Россияда саясий, социалдык, экономикалык тармактарда гана кризис болбостон, билим берүү тармагында да олуттуу кризис болгондугун айтып келип, азыркы учурда мектептер жана ЖОЖдо төмөнкүдөй технологияларды практикага активдүү киргизип жаткандыгын белгилейт:

  • Проблемалык окутуу. Анын маңызы, максаты үйрөнүп жаткандын алдына бара-бара жана атайын максат менен билимди активдүү өздөштүрүү үчүн таанып билүүчү милдеттерди коюп баруу; билим берүүнүн максатына жетишүү үчүн изденүүчү методдорду жана таанып билүүчү милдеттерди коюунун механизмдерин колдонуу;

  • Концентирленген окутуу. Анын маңызы, максаты - билим блокторун бириктирип окуу менен предметтерди терең өздөштүрүүгө аракет кылуу, мында максатка жетүүнүн башкы жолу - үйрөнүүчүнүн иш жөндөмдүүлүгүнүн динамикасын өстүрүүчү ыкмаларды колдонуунун механизмдерин пайдалануу;

  • Модулдук окутуу. Өз алдынча окуу программасы менен үйрөнүүчүнүн жекече ишмердигин өнүктүрүшү. Анын максатка жетүү механизми – окутуунун индивидуалдуу темпи жана проблемалуу мамиле. 




  • Өнүктүрүп - өстүрүүчү окутуу. Мунун маңызы- үйрөнүүчү адамдын потенциалдык мүмкүнчүлүгүнө жана анын реализацияланышына негизденип билим берүү. Максатка жетүү механизми - үйрөнүүчүнү ар кандай ишмердүүлүктүн түрлөрүнө салып, максатка алып баруу.

  • Дифференцирлеп окутуу. Анын маңызы - үйрөнүүчүнү жалпыга милдеттүү стандарттан төмөн түшүп кетпеген ар түрдүү пландалган денгээлдеги программалык материалдарды окуп үйрөнүү. Максатка жетүү механизми - индивидуалдуу окутуу методдорун колдонуу.

  • Активдүү окутуу. Анын маңызы- келечектеги адистин ишмердүүлүгү үчүн предметтик жана социалдык мазмунду моделдештирүү. Максатка жетүү механизми - активдүү окутуунун методдору.

  • Оюнга негиздеп окутуу. Анын маңызы - билим берүүчү маалыматтарды издеп табуу, иштеп чыгуу жана өздөштүрүү ишмердүүлүгүнө багытталган жумуштарды өз алдынча ишке ашыруу. Максатка жетүү механизми - үйрөнүүчү чыгармачылык ишмердүүлүккө тартуу үчүн оюн ыкмаларын колдонуу» [23].

Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктоо менен башталгыч класстарда кыргыз тилинен сабак берген мугалим мектептеги өз ишмердүүлүгүн жогорудагы маалыматтарга таянып уюштурса, замандын талабына шайкеш аракеттенип, иш алып барат.



Инновация (анг. «жаңылануу, өзгөрүү» деген сөз) педагогикалык системада илимдин, техниканын жаңы жетишкендиктерин, жаңы технологияны колдонуу менен окуу-тарбия процессинин жаңылануусуна жетишүү, б.а. натыйжалуу, эффективдүү кайра жаралуу процессин түзүү дегенди билдирет.
Педагогикалык инновациялар.
Азыркы мезгилдеги көрүнүктүү жаңылануулардын бири Кыргызстанда ар түрдүү типтеги мектептердин пайда болушу. Жаңы «инновациялык» - традициялык эмес мектептер - бул жаңы педагогикалык идеяларды издеген, базасы, педагогикалык коллективи, каражаттары, финансысы ж.б. бар, аракетчил, жаңы нерселерди (усулдарды, ыкмаларды ж.б.) колдонуудан коркпогон, чыгармачыл, окуучуларды субъект катары эсептеген, окуучуларга багытталган иш-аракеттерди колдонгон, изденүүдөн талбаган мектеп жамааты.

Кыргызстанда жаңы типтеги мектептердин жана жогорку окуу жайлардын пайда болушу 20-кылымдын 80-жылдарынын аягына таандык. Ага түрткү болгон союздук гумандулук жана демократиялык кыймылы.

Аны биринчилерден болуп баштаган жогорку окуу жайлары болду, себеби мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлинин төмөндөй башташы түздөн-түз бир типтеги мектептердин иши менен байланыштуу. Бардык окуучуларга жалпы билим берүү, алардын жөндөмдүүлүгүн, кызыкчылыгын, талабын эске албоо болуп саналган. Чындыгында, ар убакта таланттуу жана шыктуу балдар өсүп чыккан. Анын талантын, шыгын кантип билүү керек? Кантип жардам берүү керек? Буга жооп иретинде 1990-жылы Кыргызстандын Министрлер кеңеши «Жалпы билиим берүүчү мектептердин жаңы типтери» жөнүндө токтом кабыл алган. Анын негизинде Эл агартуу министрлиги 28-майда 1990-жылы «Жаңы типтеги мектептерди уюштуруу» боюнча буйрук чыгарып, эксперимент катары Бишкек шаарынын №5- мектеп-гимназиясы (кыргыз тилинде), № 6 мектеп- гимназиясы (орус тилинде), Ош шаарында № 20, № 28, У.Салиева атындагы мектеп-интернаты жаңы типтеги мектеп деп жарыяланган. Булар эң биринчи инновациялык мектептер.

1991-жылы 5 мектеп-гимназиясы, 3 лицей, 20дай эксперименттик аянтчалар ачылган. Бүгүн инновациялык мектептердин саны 300дөн ашуун. Азыркы күндөгү инновациялык мектептер билим берүү менен акыл эмгегинин, нравалык, эстетикалык, дене түзүлүшүнүн өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзгөн, жөндөмдүүлүктөрүн, шыгын өстүргөн, маданий – улуттук талаптарын камсыз кылган мектептер. Бул мектептеги мугалимдер жаңы, жеке программалар менен иштей баштады. Алар гумандуулук, демократиялык, дифференциялык, вариативдик окуу принциптерин колдонуу менен балага багытталган окуу-тарбия иштерин жүргүзүүдө.
Мисалы, Бишкек шаарындагы № 5 гимназия мектеби гуманитардык, химия-биологиялык, англис тили боюнча терең билим берүү максатын көздөйт.
2. Мектеп-лицейи окуучуларды келечекте кесип алууга багыттайт. Гимназияга караганда лицей тандап алган кесиби боюнча гана билим алууга мүмкүндүк берет. Мисалы: Бишкек шаарындагы № 61- физика-математикалык мектеп лицейи башталгыч класстан эле кесиптик багыт бере баштайт. Ал жалпы билим берүү менен келечек кесибине да багыттайт. Мындай лицейлер республикабыздын бардык шаарларында ачылган. Мисалы: Жалалабад, Ош, Нарын, Каракол ж.б.

  1. Мектеп- комплекстери биргелешкен билим берүү системасы: орто билим берүүчү мектеп-бакча, мектеп-вуз, мектеп-колледж, мектеп-музыкалык борбор, мектеп-спорт класстары ж.б.


  1. Профилдик (кесиптик) мектептер балдардын тандап алган предметин тереңдетип окутулуучу программалары менен айырмаланат.


Автордук мектептер жеке автордун түзгөн өзүнчө программасы менен иштешет. Мисалы: Тоң районундагы академик А.А.Салиевдин автордук мектеби көбүнчө музыкалык билим берүүгө багытталган.

Педагогикалык инновацияларды колдонуу менен

сабактарды уюштуруу.

Интерактивдүү методдорду пайдалануу менен сабак өтүүдө пландаштыруу негизги орунду ээлейт. Сабактын планын жазыш үчүн бир теманы алып, ар бир суроого жооп жазуу менен, сабаккка чейинки даярдыктар бекемделет.

Эгерде окуучуга сабак жакпаса, берилген маалыматты менчиктештире албайт. Ушуга байланыштуу сабактын мотивациясынын ролу чоң.
Сабактын мотивациясы: Ал өтүлүүчү темага байланыштуу болот. Планда берилген боюнча сабактын мотивациясын мугалим өзү жазат. 

Сабактын мотивациясы – Ушул өтүлгөн тема окуучу үчүн эмнени берет? Бул сабактын маңызы эмнеде? Окуган жана окуй турган материалдын ортосунда кандай байланыштар бар экендигин түшүндүрөт.

Сабактын ийгиликтүү натыйжасы – бул окуучунун кызыгуусун арттыруу. Кызыгуу- бул мотивация. Мотивация окуучунун каалоосу, сабакты чыгармачылык менен өтүү үчүн окула турган жана окуган материалдардын байланышы, булар боюнча «Сөз айкашы жөнүндө түшүнүк» деген теманы өтүүдө бул темага окуучунун көңүлүн буруу үчүн сөздөрдүн пайда болуу жолддорун мотивациялоо жакшы жыйынтыктарды берет. 

Мисалы: Тыбыштардын катар келиши же туш келди колдонулушу сөздү пайда кылабы? Албетте, жок. Демек, сөздөр белгилүү мааниге ээ болуусу үчүн негизги ролду ойной тургандыгын, сөздөр тыбыштардан (ат, ык, ар) жасалаарын, сөздөрдөн сөз айкалышы, андан сүйлөм куралып, пикир алышууга болорун айтуу менен темага жакындоо.

Сабактын өбөлгөсү: Окуучулардын априордук билими. Сабак окуучуларга пайдалуу болушу үчүн окуучу эмнени билиш керек жана эмнени жасай алышы зарыл? Сабакты пландаштырганда мугалимдерге өбөлгөлөр жөнүндө ойлонуп, сабактын структурасын жана мазмунун түзүү маанилүү. Сөзсүз кандайдыр бир тема боюнча окуучуда жок дегенде бир идея же божомолдоо, ассоциация, же сезимдер пайда болушу мүмкүн. Кийинки сабакка мурунку сабак өбөлгө түзөт.

Көбүнчө, мугалимдер сабактарында окуучуларга белгилүү маалыматты айтып бекер убакыт кетиришет. Мунун баары мугалимдин өбөлгөнү эске албагандыгы болуп саналат. Мугалим сабактын өбөлгөсүн көмүскөдө калтырбашы керек. 

Мисалы: 3- класстара «Бөлчөк сан» - деген теманы өтүүдө мугалимдин «Сан атоочтор жөнүндө эмне билесиңер?» деген суроосуна окуучулар 2-класста кыргыз тили сабагынан алган билимин пайдаланышат.

Же болбосо 4-класста «Кыскартылган сөздөр» деген теманы өтүүдө «Татаал сөздөр жөнүндө эмне билесиңер? деген суроого окуучулар мындан мурунку алган билимин пайдаланышат. Мында окуучулар билгендерин айтышып, мугалим менен баарлашат. Сынчыл ойлом программаларында сабактын эки максаты белгиленет.


    1. Сабактын конкреттүү максаты.


    2. Сабактын конструктивдүү максаты.



Сабактын конкретүү максаты:

Окуучулар ушул сабакта кандай билимге жана көндүмгө жетишет. Окуучулар ошол билимди жана шыкты кантип колдоно алышат. Мындан мурдагы этапта алынган ой-түшүнүктөр, теориялык деңгээлде конкреттештирилет. Конкреттешүүнүн ыкмасы -белгилүү бир натыйжага алып келген аракетти көрсөтүү.

Сабактын конструктивдүү максаты – бул изилдөө, маанисин чечмелөө, аргументтештирүү боюнча жеке ишмердиктен баштап өз билимин түптөө жана жаратуу процессиндеги окуучулардын активдүү ролуна чейин басым кылуу. Конструктивдүү таанып билүүнүн теориясы -окуучулардын жаңы алган билимдеринин негизи болуп калган схемалар, структуралар, моделдер.

Сабактын жүрүшү үч баскыч менен башталат. Бул чакыруу баскычы, түшүнүү баскычы, ойлонуу баскычы. 

Чакыруу баскычында мугалим азыраак сүйлөп, окуучуларга сүйлөөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет. Мугалим тарабынан суроо берилип, суроого жооп алынат. Мээ чабуулу аркылуу, окуучулардын билген нерселери же билем деп эсептеген нерселери тизмеленип жазылат. Убакытты мугалим темага жараша өзү белгилейт.

Көбүнчө чакыруу баскычына 5-8 минута берилет.

Түшүнүү баскычы – маалымат берүү менен камтылат. Маалыматты мугалим гана бериши керек деген түшүнүктөн алыс болуш керек. Азыркы мезгилде маалымат алуунун жолдору көп. Алар: газета, радио, телевизор, интернет, CD-ROM- аркылуу ар бир окуучу үйүндө отуруп да дүйнөлүк адабияттар менен тааныша алат. Интерактивдүү методдор менен сабак өтүүдө текстти түшүнүү негизги орунду ээлейт. Түшүнүү процесси татаал жана көп жактуу.

Түшүнүүнүн да түрлөрү болот. М: Илимий текст менен көркөм текстти түшүнүү. Илимий текстер фактылар менен берилет. Текстти түшүнүү кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет. Тексттерди түшүнүү – ошол эле мезгилде өзүнүн ички дүйнөсүнө кайрылууну билдирет.
Түшүнүү инсандык өзгөчөлүктөргө байланыштуу болот. Түшүнүү баскычында мугалим текст, видеофильм, компьютер, же китепти пайдаланат. Ошол даярдалган материалга карата убакыт бөлүнөт.

Түшүнүү баскычына 15 – 25 минута берилет.

Ойлонуу баскычында - окуучу өз оюн эссе, концептуалдык карта, схемалар менен жыйынтыктаса болот. Салттуу методикада мугалимдин суроо берип, жообун заматта айта албаган окуучуну «начар окуучу» деп четке кагышы биздеги окуу системасында белгилүү көрүнүш. Суроого жооп бериш үчүн ойлорду топтоо, жообун формилировкалоо кадамдарын иштеш керек.

Бул процесс убакытты талап кылат. Мугалимдер окуучуларга демилге берип, ар бир ойдун «туура», же «туура эмес» деген гана чечими бар проблемалуу суроолордун үстүндө көп – көп иштешкенде гана сабак процесске айланып, эки тараптан тең ар бир убакыт баалуу экендиги аныкталат. Мугалимге ар бир сабак жыйынтыкталып бүтүшү керек деген ой тоскоол болот. Ушундан улам балдарга ойлонууга эч кадай убакыт берилбейт жана шарт түзүлбөйт. Мугалим кайсы бир темага байланыштуу ойлонуу процессин сабактан кийин да улантса, бул сабактын ийгилигинин белгиси. Ошондуктан сабакка бөлүнгөн 45 минутада сабактын максатына жетүү деген окуучунун табиятына карама – каршы келген процесс. .Окуучулар ойлонуу баскычында билимдерди бекемдеп, жаңы түшүнүктөрдү калыптандырат.

Ойлонуу баскычына 10 – 12 минута берилет.

Баалоо – бирден – бир чечилбеген проблема. Бааны кантип койсо болот? Ар кыл окуу сабактары үчүн текшерүүнүн атайын методикалары барбы? Интерактивдүү методдордун баа берүү үчүн колдонуучу бирдиктүү критерийлери жок деп айтууга болот. Анткени окуучунун билимин сан жагынан баалого аракет кылуу – бул карым – катнаш маданиятына, же болбосо инсандын калыптанышына баа берүүгө аракеттенүү сыяктуу эле болуп калат.

Биринчиден, бирден – бир анын туура жообу болбогон жана болушу да мүмкүн эмес болгон маселелер тууралуу кеп болгондо, окуучулардын билимин баалоо жана өлчөө иши абдан кыйынчылыктарды туудурат.

Экинчиден, мугалим окуучунун жообундагы тууралыкты эмес, байкалып ойлонулгандыкты башкы орунга койгондо, окуучунун иш- аракетинин натыйжасы гана эмес, анын иш – аракет процесси да негизги мааниге ээ болот. Демек, мында окуучу жетишкен натыйжа эмес анын кандайча ой жүгүрткөнү да бааланат.

Үчүнчүдөн, мугалимдер эгерде окуучулар окууга жоопкерчилик менен карап, окуу процесси чексиз экендигин туюшса, анда алар баа коюу учурунда мугалимдерге көмөктөш болорун жакшы түшүнүшөт. Анткени, мында окуучулар өзүлөрү эмнени билүүгө тийиш экендигин жана эмнени жасай аларын жакшы сезишет, өздөрүнүн жетишкендиктерин билишип, аны менен чектелип калбастан, андан ары да өсүп –өнүгүүнүн зарылдыгын түшүнүшөт.
Окуучуну баалоо үчүн мугалим төмөнкүдөй билгичтиктерди эске алышы мүмкүн:

- Окуудагы жана турмуштагы маселелерди чечүү билгичтиги.

- Тексттин ичинен негизгисин, маанилүүсүн бөлүп алуу билгичтиги.

- Топ ичинде биргелешкен үзүрлүү иш- аракетке жөндөмдүүлүгү.

- Маалымат булактары менен иштөөдөгү тактыгы. тыкандыкы.

- Өз көз карашынан тайбастыгы.

Ушундай сапаттардын калыптанышы үчүн кандай баа коюуга болот? Албетте, булар сандык көрсөткүчтөр эмес, б.а. алар «төрт», же «беш» деген баа менен өлчөнбөйт.

2-класста

кыргыз тили боюнча сабактын планынын модели.

Сынчыл ойлом.
Сабакка чейин мотивация: 

-Сүйлөмдүн турмуштагы маанисин чече билүү;
- Сүйлөм болушу үчүн эмнелер керектигин аныктоо;

Максаттар-милдеттер: 

  1. Сүйлөмдүн негизги белгилерин ачуу.

  2. Сүйлөмдөр аркылуу адамды ыймандуулукка, адамгерчиликке, адептүүлүккө, туруктуулукка ж.б. эң жакшы сапаттарга тарбиялоо.

  3. Өз көз карашын эркин айтууга, эреже иштеп чыгууга жардам берүү.



Өбөлгөлөр: Окуучулардын өз алдынча ой-жүгүртө билгени. 

Алган билимдерин сабакта колдоно билгени.
Баалоо: Мугалим баалайт:

Убакытты бөлүштүрүү:
Саламдашуу,уюштуруу-1 мүнөт.

Үй ишин суроо -2 мүнөт.

Карточкалар менен иштөө -15 мүнөт.

Көнүгүү иштөө.

Окуучулардын билимин баалоо,

үй тапшырмасын берүү – 2 мүнөт.
Сабак

Сабактын темасы: Сүйлөм.

Сабактын максаты:

Окуучулар менен бирдикте сүйлөм деген эмне экенин, сүйлөм болуш үчүн кандай белгилерге ээ болуш керектигин аныктоо. Эссе, көнүгүүлөр жазуу менен теманы бышыктоо.
Сабактын методу: эссе, чаташкан логикалык чынжыралар, сынчыл ойлом, ж.б.
Сабактын жабдылышы: окуу китеби, карточкалар.
Колдонулган адабияттар: 


  1. Кыргыз тили окуу китеби, 2-3-класс.


  2. Кыргыз тили (методикалык колдонмо).



Сабактын жүрүшү:

Үй тапшырмасын суроо.
1.Чакыруу этабы:

Суроо: Жылдын кайсы мезгили өкүм сүрүүдө?

- Күз.

Окуучулар бул темада эссе жазышат.

Мисалы:

Мына бат эле күз да келип калды. Жайкы каникул аяктап, мектепке сабакка келдик. Күн мурдагыдай ысыбай калды. Жер-жемиштердин баары жайнап бышты. Адамдар кышка даярдык көрүп жатышат. Ал эмес канаттуулар дагы. Мен күздү аябай жакшы көрөм, анткени ал кооз.
Суроо: Канча сүйлөмдөн, сөздөн турат?

2.Түшүнүү этабы:

Мугалим: Келгиле анда сөздүн, сүйлөмдүн эрежелерин аныктайбыз, чаташкан карточкалардан сөзгө, сүйлөмгө тиешелүү белгилерди бөлүп алабыз.

Окуучулар 2 топко бөлүнүшөт: 

1-топ – «Сөз»,

2-топ – «Сүйлөм».

Аргумент айтып, өз ойлорун далилдешет. Сөзгө, сүйлөмгө синквейн түзүү.

МИСАЛЫ: Күз.

Күз берекелүү.

Күз багат, боёйт.

Күркүрөгөн күз да келди.

Күз-жаз.

3. Ойлонуу этабы:

- Көнүгүүлөр аткаруу.

Мугалим окуучулардын эмгегин баалайт.

Үйгө тапшырма берилет





Ар бир сабакка даярдануу жана аны өтүү – бул В.А.Сухомлинскийдин оюу боюнча мугалимдин жалпы жана педагогикалык маданиятынын күзгүсү, анын интеллектуалдык байлыгынын чени, билиминин жана эрудициясынын көрсөткүчү болгон чыгармачылык процесс. Мугалим сабакты чыгармачылык менен өтүү менен бирге окуучулардын өз алдынча ойлонуусуна да, жыйынтык чыгара билишине да, билимди даяр түрүндө гана албастан, биргелешкен активдүү аракеттер менен далалат кылуусуна да көңүл буруусу зарыл. Бул азыркы педагогиканын талабынан эмеспи.

Сабактын бир типтүүлүгү окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун жоготот, окуу процессинин эффективдүүлүгүн азайтат. Традициялуу эмес методдор окуучулардын билим алууларына ыңгайлуу, инсанды өнүктүрүүчүлүк максатын көздөйт. Алсак, Сынчыл ойлом балдарды өз оюн ачык айтууга үйрөтөт. Сабакта окучу менен мугалимдин ортосунда тосмо болбойт ж.б