СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Microsoft Excel тууралуу алгачкы маалыматтар

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

MS Excel деги таблицалык берилгендер менен иштөөнүн практикалык көнүмүштөрүнө (навыктарына) ээ болуу

Просмотр содержимого документа
«Microsoft Excel тууралуу алгачкы маалыматтар»

Сопуев А., Кожобеков К. Компьютердик практикум. Кыргыз тилинде даярдаган Раманкулов М.

Microsoft Excel тууралуу алгачкы маалыматтар

Максаты: MS Excel деги таблицалык берилгендер менен иштөөнүн практикалык көнүмүштөрүнө (навыктарына) ээ болуу

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырма: Документтин электрондук көчүрмөсүн даярдагыла.

Microsoft Excel - таблицалык берилгендер менен иштөөгө ылайыкталган, аларды иреттөөгө, ар түрдүү берилгендерди анализдөөгө жана графикалык түрдө көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү программалык каражат болуп эсептелет.

MS Excel ди ишке киргизгенден кийин бир же бир нече рабочий лист терден турган Рабочая книга ачылат. Рабочий лист жолчолорго жана мамычаларга бириктирилген ячейкалардан турат. Мамычалар тамгалар менен, ал эми жолчолор бүтүн оң сандар менен белгиленет. Жолчолор жана мамычалар менен белгиленген комбинация ячейканын дареги (адреси) деп аталат. Мисалы, A1, G23, …

Ячейкаларга кийирилүүчү берилгендер үч түрдө болот: сан маанилери, формулалар жана текст. Бөлүнүп алынган ячейка оң жактагы төмөнкү бурчунда толтуруу маркери деп аталуучу кичинекей квадраты бар жоон кара сызык менен чектелет

Автосумма – бул MS Excel дин бөлүнүп алынган ячейкаларындагы берилегендердин суммасын автоматтык түрдө эсептөө мүмкүнчүлүгүн берет. Эсептөөнүн жыйынтыгы абалдар жолчосунан (строка состояниядан) көрүнөт. Строка состояния га мыштын оң кнопкасын басып, ачылган менюдан керектүү процедураны тандоо аркылуу суммалоодон башка функцияларды менен алмаштырууга болот.

Автозаполнение – бул MS Excel дин удаалаш даталарды, убакыт моменттерин же прогрессиянын мүчөлөрүн автоматтык түрдө улантууга шарт түзөт. Удаалаштыктын элементтерин эки ячейкага кийирип, ал ячейкаларды бөлүп алгандан (выделение) кийин автозаполнение (автототол-туруу) маркерин мыштын сол кнопкасынын жардамында керектүү багытка жылдыруу жетиштүү.



Көрсөтмө. Экрандагы көрүнгөн абалды көчүрүү үчүн Print Screen клавишасын басуу жетиштүү, андан кийин Надпись аркылуу документке коюуга болот.