СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Microsoft Power Point программасында слайд тузуу жана слайдды сактоо

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаны теманы уйронолу

Просмотр содержимого документа
«Microsoft Power Point программасында слайд тузуу жана слайдды сактоо»

Датасы:______________ 1-2-3-группа

Датасы: ______________ 4-5-группа

Датасы: ______________ 6-7-группа


Сабактын темасы:Слай түзүү, сактоо жолдору. Текст киргизүү, текстин кооздуктары


Сабактын тиби: Билимдерди бышыктоо, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк- Окуучулар презентация жана слайд жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк- Microsoft Power Point программасын ачууга, жөнөкөй слайд түзүүгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;

  3. Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыккачычкан менен иштөөгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.

Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, интернет булагы www.iet.kg, www.infourok.ru

Маалыматтык технологиялар улуттук борбору «Компьютерди үйрөнүү курсу»

Жабдылыштар: компьютер, Microsoft Power Point программасы, слайд,

Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,

Сабактын формасы: компьютердик сабак

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили,

Сабактын планы:

  1. Уюштуруучулук.

  2. Мотивация.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө

Бүгүнкү сабакта биз

  1. Өткөн теманы кайталоо, бышыктоо;

  2. Жаны тема боюнча маалымат алышат;

  3. Бышыктоо үчүн көнүгүүлөрдү аткарышат;

  4. Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;

  5. Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)

Компетенциялар/

Деңгээлдер

Маалыматтык


Социалдык-коммуникативдик

Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү

Репродуктивдүү

Окуучу Microsoft Power Point программасын билишет

Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт

Окуучулар Microsoft Power Point программасын үйрөнүшөт

Продуктивдүү

Окуучулар Microsoft Power Point программасынын командаларын үйрөнүшөт

Окуучулар бири-биринен үйрөнүшөт жана талкуулайт

Microsoft Power Point программасынын иштерин, элементтерин билишет


Креативдүү

Окуучулар Microsoft Power Point прогр-нын командаларын айырмалай алышат

Окуучулар Microsoft Power Point программасында иштегенди башкаларга үйрөтө алат

Окуучулар Microsoft Power Point программасын турмушта колдоно алышат


Өтүлгөн темаларды кайталоо:

  1. Слайд деген эмне?

  2. Microsoft office- Microsoft Power Point кандай программа?

  3. Слайд кайсы учурда колдонулат?

  4. Слайд жасоо үчүн кандай иш-аракетти аткарабыз?

  5. Слайд жасоочу программа эмне деп аталат?

  6. Слайдка тексти кантип жазабыз?

  7. Слайд түзүү үчүн кайсы команда колдонулат?


Жаны тема: Билимдерин бышыктоо

Пуск-все программы- Microsoft office- Microsoft Power Point командаларын тандайбыз

Microsoft office- Microsoft Power Point программасынын терезеси ачылат

Эми балдар бүгүн силер менен Слайд түзүүнүн жолдорун, слайддагы текстердин кооздуктарын мисалдарды аткаруу менен үйрѳнѳбүз. Силердин алдынарда презентациялык программанын терезеси ачылып турат, анда эмесе баштайбыз.

Жаңы слайдды шаблондор менен түзүү үчүн:

  1. Файл-Создать командасын тандайбыз;

  2. Образование деген шаблонду интернеттен жүктѳп, создать командасын басыңыз

  3. ушундай кѳрүнүштѳгү слайддын титулдук жана жумушчу барактары ачылат

  4. Название презентации бѳлүмүнѳ “Кыргыз Республикасынын атрибуттары” деген тексти киргизебиз

  5. Жазылган тексти белгилеп, Главная менюсунун шрифт командасынын текс шрифта Times New Roman размер шрифта: 54, Полужирный текст цвета красный командаларын тандайбыз, Абзац бѳлүмүнѳн по центру

  6. Слайддын экинчи барагын тандайбыз: Кыргыз Республикасынын символикалык белгилери: Герб, Гимн, Желек деген текстерди ар бир бѳлүмгѳ киргизип, жогорудагыдай жол менен тексттерди форматтайбыз.

  7. Кийинки баракты ѳзүбүз түзѳбүз: Ал үчүн Главная-Создать слайд-керектүү макетти тандап, Герб жѳнүндѳ текс киргизебиз:

Герб Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген. Автор: А. Абдраев и С. Дубанаев.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат.

  1. Кийинки баракты ѳзүбүз түзѳбүз: Ал үчүн Главная-Создать слайд-керектүү макетти тандап, Желек жѳнүндѳ текс киргизебиз:

Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Авторлук жамаат: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

  1. Кийинки баракты ѳзүбүз түзѳбүз: Ал үчүн Главная-Создать слайд-керектүү макетти тандап, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни

Гимн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 18-декабрындагы токтому менен бекитилген.

Сөзү: Ж.Садыковдуку жана Ш.Кулуевдики

Музыкасы: Н.Давлесовдуку жана К.Молдобасановдуку


Түзүлгѳн слайдды ар кандай форматтарда сактасак болот. Мисалы: презентациялык документ форматында сактасак болот, мында слайдды ѳзгѳртүүгѳ мүмкүнчүлүк болот.

Слайддын барактарын картинка түрүндѳ сактасак болот. Мында слайдын барактары сүрѳт түрүндѳ сакталып калат, кийин ѳзгѳртүүгѳ мүмкүн эмес.


Слайдды презентациялык докумен форматта сактап кѳрѳлү:

  1. Даяр болгон слайдды Файл-Сохранить как- рабочий стол папкасы- окуучулар папкасы- ѳзүнѳрдүн папканарды тандап- открыть баскычын басабыз;

  2. Имя файла пунктуна Кыргыз Республикасынын символдору деген тексти жазабыз;

  3. Тип файла пунктун ачып- презентация Power Point форматын тандап- Сохранить командасын басабыз

Презентация документ түрүндѳ сакталды.


Картинка түрүндѳ сактоо үчүн тип файла пунктун ачып-Рисунок в формате JPEG форматын тандайбыз.


Үй тапшырма: Кыргыз республикасынын акча бирдиги сом жѳнүндѳ билип келүү


Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура, ойлонуп жооп берүүсүнө, бири-бирине оригиналдуу суроолорду берүүсүнө жана берилген ташырмаларды өз алдынча аткаруусуна жараша оозеки бааланат.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!