Microsoft Word
тексттик редакторунун структурасы
Маалыматтар(тексттик информациянын бирдиктери)-бул символдор, сөздөр, саптар жана абзацтар.
Символ-символдордун информациянын эң кичине бирдиги.
Сөз-символдордун боштуктар же тыныш белгилери менен чектелген тобу.
Абзац-бул файлдын маанилик байланыштагы жанаша саптарынын тобу, абзацтын биринчи сабы калган саптарга салыштырмалуу сол жагынан кемтик менен, кемтиксиз оң жагын көздөй кемтик менен(кызыл сап) башталышы мүмкүн. Абзац дайыма жаңы саптан башталат. Ар бир абзац үчүн оң жана сол чектери жана биринчи саптагы кемтик белгиленип коюлат. Жаңы абзацка өтүү үчүн Enter баскычын басуу керек.
Сап-абзацтын оң жана сол чектеринин ортосунда жайгашкан символдордун ар кандай удаалаштыгы.
Бул бирдиктердин ар бири менен иштөөнүн аныкталган өзүнчө ыкмалары(командалары) бар. Enterклавишасын басуу менен аяктайт. Эгер бул клавишаны баспай койсок, анда бул текст башкача болмок.
Тексттик редактордун чөйрөсү. Колдонуучу тарабынан клавиатурадан терилген текст компьютердин экранындагы редактордун жумуш талаасында чагылдырат.
Абалды көрсөтүүчү сап текст редакторунун учурдагы абалы жөнүндө информацияны камтыйт. Эреже катары курсордун координаталары(терилип жаткан саптын жана саптагы позициянын номери) беттин номери, тексттин форматы, колдонулган шрифт жана башка информациялар көрсөтүлөт.
Редакциялоо–бул терилген текстке өзгөртүүлөрдү киргизүү. Көпчүлүк учурда ката терилген символду, сөздү, сапты өчүрүүгө, бир символду экинчи символго алмаштырууга, жазылбай кеткен символду, сөздү, сапты коюуга туура келет. Ошондой эле шрифтин түрүн, түсүн, өлчөмүн төмөнкү терезеден тандап алууга болот. Горизонталдык менюФорматШрифт
Текстти ар түрдүү формада жана стилде жазуу үчүн: Инструменттер панели
баскычын басабызстиль тандооOk баскычын басабыз.
Төмөндөгүдөй диалогдук терезе пайда болот. Бул жерге каалагандай текст жазуу менен каалагандай шрифтин түрүн, өлчөмүн тандай алабыз.
Жыйынтыгында өзүбүзгө жаккан формадагы текст келип чыгат. Бул текстти дагы ар түрдүү формага өзгөртүүгө болот. Ѳлчөмүн бурчтагы кара баскычтардын жардамы менен өзгөртө алабыз.
Текст терүү менен бирдикте математикалык ар түрдүү формулаларды жазууга да болот. Ал үчүн инструменттер панелиндеги
баскычын басабыз, же Горизонталдык менюВставкаОбъект тандайбыз. Бул учурда төмөндөгүдөй терезе пайда болот. Андан microsoft equation пункттун тандайбыз.
Мына ушул эки учурда тең төмөнкү терезе пайда болот.
Мындан ар түрдүү бөлчөк, тамыр, сумма, көбөйтүндүлөрдү тандоо менен грек жана латын тамгаларын да колдонууга болот.
Таблица менен иштөө үчүн
Горизонталдык менюТаблицаЖайгаштырууТаблица тандайбыз. Диалогдук терезе пайда болот.
Мамыча менен сапчанын санын тандайбыз(же өзүбүз киргизсек да болот) Оk. Таблица пайда болот.
Пайда болгон таблицага маалымат киргизип, уячаларды чоңойтуп, кичирейтүүгө болот. Таблица менен иштөө оңой жана түшүнүктүү.
Айрым тексттик редакторлор(мисалы WORD) текстке таблицаларды кошууга мүмкүндүк берет. Таблицага жаңы сап кошуу үчүн «TAB» баскычын басуу жетиштүү, ал эми мамыча кошуу үчүн мамычаны белгилеп,
чычкандын оң баскычын басабыз, мында контексттик меню пайда болот:
Бул терезеден мамыча кошуу пункттун тандап алабыз. Башка да мүмкүн болгон аракеттерди ушул ыкма менен жасоого болот. Ошондой эле уячалар менен иштегенде да контексттик менюну колдонуу эң ыңгайлуу.
Саптардын, мамычалардын өлчөмүн да өзгөртүүгө, бир уячаны бир нече уячаларга бөлүүгө, бир нече уячаларды бириктирүүгө жана таблицаны бөлүүгө болот.
№ | Ф. И. О. | Баалары |
Алгебра | Геометрия | информатика |
1 | Асанова | 5 | 3 | 4 |
2 | Белеков | 3 | 5 | 4 |
Текст менен иштөөдө бизге түшүнүксүз болгон сөздөргө ссылка коюу үчүн: Горизонталдык менюВставкаСсылкаСноска пункттун тандайбыз. Төмөнкү терезе пайда болот:
Бул жерден бизге жакан параметрлерди тандап алабыз. Ошондой эле ар түрдүү тизмектердин түрүн тандоого болот.
Ар түрдүү сүрөттөрдү жайгаштыруу үчүн, Горизонталдык менюВставкаРисунокКартинки пуктту тандайбыз. Терезе пайда болот. Жакан сүрөттү тандап, көчүрмөсүн алып, жайгаштырабыз.
Тексттерди бир нече колонкаларга бөлүп жаза алабыз. Горизонталдык менюФорматКолонки
Колонтитулдарды жайгаштыруу үчүн, Горизонталдык менюВидКолонтитулы
Буквица менен иштөө үчүн:
Горизонталдык менюФорматБуквица
Жеке эле тексттер менен чектелбестен, ар түрдүү символдорду жазууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн, Горизонталдык менюВставкаСимволы
Каалаган символду тандап, «Жайгаштыруу» баскычын басабыз. Символдордун өлчөмүн өзгөртүү, өчүрүү шрифтин өлчөмүн өзгөртүүгө, өчүрүүгө окшош.
Жумушчу баракты ар түрдүү чектөөлөргө алсак болот. Ал үчүн: Горизонталдык менюФорматГраницы и заливка
Ар түрдүү геометриялык жана башка фигураларды сызуу үчүн: Инструменттер панелиРисованиеАвтофигуры пункттун тандайбыз. Бизге жакан фигураны тандап, чычкандын багытын керектүү жерге алып барып, сол баскыч менен тарта баштайбыз.
Жумушчу барагына номер жайгаштыруу үчүн, Инструменттер панелиВставкаНомера страниц пуктту.