СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мидин Алыбаев 100 жашта

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Иш чараларга керектүү буклет

Просмотр содержимого документа
«Мидин Алыбаев 100 жашта»



Таланттуу акын, сатирик,

драматург жана прозаик





МИДИН АЛЫБАЕВ

100 ЖАШТА






Жаш кези


Жумгал районунун Чаек айылында

7-ноябрь 1917-жылы

туулган.

Мектепти бүткөндөн кийин

Фрунзедеги борбордук

педтехникумга окууга кирет.






1936 – 1938-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинде иштеп жүрүп, 1938-жылы Советтик аскерлердин катарына чакырылган.

1940-жылга чейин кызмат өтөп, ак финндерге каршы согушка катышкан.

Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жана андан кийин республикабыздын түрдүү гезит-журналдарында эмгектенген.


 Чыгармачылыгы


М.Алыбаевдин чыгармачылыгы педтехникумда окуп жүргөн кезинде башталып, «Сабаттуу бол» аттуу дубал

гезитке ырлары үзүлбөй чыгып турган.

М.Алыбаевдин «Бактылуу жаштык» деген биринчи ырлар жыйнагы чыгат.

Сатирик катары «Ак чүч» аттуу сатиралык жыйнагы менен таанылган 



Жарык көргөн китептери

Акындын

«Бактылуу жаштык» деген

биринчи ыр жыйнагында:

Текеси чуркап аскадан

Куштары сайрап бактардан,

Буралып чыгып тулаң чөп

Буркурап жыты аңкыган,- деп кыргыз жеринин сулуулугуна суктанып жазган.


Кийинки чыгармалары:

Ырлар жыйнагы. – 1938 ж.;

Жомокчу мерген. – 1939 ж.;

Ырлар жыйнагы. – 1947 ж.;

Жаңы ырлар. 1949 ж.:

Сатиралар жана лирикалык ырлар. 1957 ж.;

«Эмне үчүн короз таң алдында чакырат?»: Бөбөктөр үчүн. 1958 ж.;

Орус тилинде:

Разговор с современником: Ырлар жыйнагы – 1958 ж.





Акындын лирикалары:


«Түнкү сакчы»; «Ант»; «Чек сактаган жоокер»;

« Өлкөм-элим»; «Бил, душман»;

«Кыз жана гүл»;

«Кээде бүркөө, кээде жарк дейт кабагың »; «Ойлончу»; «Сүйгөнүмдүн сүрөтүнө »; «Сагындым»; «Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым»; «Кол жоолук»; « Өзүң бил»; «Баягы»; «Айтчы жаным»;

«Сага».

«Ыйлабачы»

Билесиң го, кансыз согуш болбосун?!

«Кан» деп учат, «Жан» деп учат коргошун.

Кан майданда каза болгон көрүнөт,

Каалап тийген кадыр шерик жолдошуң- Ыйлабачы, томсорбочу,

Кейибе, ташта! Кереги жек каранын! …

Жашын тиле эмчектеги баланын,-

«Ыйлабачы!» кайгыны ичке бастыргын.

Сабыр кылчы, айтканын ук акындын.

Коркок бирөө, коюнуңда жаткыча

Аты жакшы, жесири бол жакшынын!






Акындын сатиралары:


«Бюрократ», «Кошоматчы», «Саадат-кандидат», «Адабияттык парад»

Республикада тап күрөшү айыгышкан мүнөзгө

өтүп турган жылдарда К.Маликовдун

«Таш күзгүнүн түбүндө »,

«Сен койсоң да, мен койсом», «Атасы менен баласы» дагы башка сатиралык

чыгармалар эл арасына кеңири тарап кеткен.

«Чалкан дос», «Сизге айтам»,

«Дүжүр букалар», «Тилекматтын тили»

аттуу сатираларын,

«Жолдош Маяковскийге отчёт»

сатиралык поэзиясын жараткан.

«Ак чүч»:

Биз буларды сынга алсак,

Жүрөгү түшүп калмакпы?

Ансыз деле, Чыдап келдик,

Кесе тиштеп бармакты.

-Мен киммин! деп күзгүсүнөн сураса:

-Аай!! деп, айтар эле айнек

-Сен жатып ичер жан бакты.

Жеке эле мени тиктебей,

Карасаң боло,элди,жерди,жан бакты




Драматург

жана

котормочу


М.Алыбаевдин «Курорттогу окуя»

аттуу көп актылуу комедиясы

Кыргыз Мамлекеттик драма

театрында коюлган.

Акын 1952-ж. В.Саяновдун

«Ленин Горькийде»; 1953-ж.

Гафур Гулямдын «Акмат жаман

бала эмес, бирок...»; 1956-ж. «Ырлар» деген ат менен орус ырларын

1958-ж. «Пенджаб акындары»

аттуу ырлар жыйнактарды

кыргыз тилине которгон.







 Кызынын эскерүүсү


Мидин атам сүрөттү да жакшы

тартчу -деп кызы Зарема апа өзүнүн эскерүүсүндө.

Акын чындыгында карикатураларды мыкты тартчу. Зарема Мидинова кесипкөй сүрөтчү катары

"Алиппе" окуу китебиндеги бардык сүрөттөрдү тарткан.

Ал өзү айткандай, атасынын сүрөтчүлүк шыгы ага өткөн тура





Кызыктуу көрүнүш

Бир кызыктуу көрүнүш,

Мидин Алыбаевдин чыгармачылыгында достук

азилдери, эпиграммалык жанрдагы саптар

чоң орунду ээлеген.

Акындын замандаштарынын эсинде ал

ары шайыр, ары сөзмөр, көзүнө кабыла калган

бир кичине калыссыздыкты жөн калтырбай

ырга салып угуза калган жана чындыкты бетке айткан адам катары сакталган.

Мидиндин окуяларынан айрым мисалдар:

Согуш учурунда Мидин Алыбаев өз Мекени Жумгалга көчүп барат.

Так жолго чыгарда эле ал бир жакка жок болуп кетип, бир маалда, бооруна бир күчүк катып келип калат. Акын, көрсө, өкүл атасы жана устаты Аалы Токомбаевге коштошкону барса, ал киши «ала кетип багып ал» - деп бир күчүгүн берген экен…







Кайтып кеткени

Мидин Алыбаев 1959-жылы 6-декабрда

күтүүсүз жерден каза болгон. Жакындарынын эскерүүлөрүнө караганда, ошол күнү

акындын үй-бүлөсү мейман күтүп жаткан.

Бир маалда эле үй ээси "коноктор келгенче сейилдеп"

келмекчи болуп сыртка чыгып кетет. Бирок ошол боюнча кайтып келбейт. Акын башына кату сокку жеп, оор абалда жаткан жеринен көчөдөгүлөр таап, ооруканага жеткиргенден кийин көз жумган экен.











Акын өтө кыска өмүр сүргөнүнө карабай,

өзгөчө, бир чыныгы лирикалык чыгармаларды таштап кетти. Ал кыргыз жеринин ажайып кооздугун, баа жеткис асыл касиетин даңазалап

кетти.

Жээгиңде турдум, Соң- Көл, болдум сынап,

Көйкөлүп көлкүп жаткан сен бир сымап, Сөөлөтүң, сулуулугуң кубандырды

Эзилтип жүрөгүмдү кытыгылап.

Берилип, куштар болуп, жедеп сага,

Кээде, шат, кээде мени алат санаа.

Кайгысыз, ойсуз, муңсуз кайкып учкан,

Кап чиркин, каз-өрдөгүң болсом гана…