Просмотр содержимого документа
«Мидин Алыбаев боюнча сабак»
Кыргыз адабияты сабагы
5-класс
Бугунку сабагыбызда:
Мидин алыбаевдин омуру-чыгармачылыгы.
Сабагыбыздын максаты:
Акындын омур жолун окуп, ырларынын , сатираларынын мазмунун тушунуу. Жартылыштын сулулуулугун барктай билуу. Корком окуу жана адабий-тилдик кондумдорун калыптоо.
Мидин Алыбаев
Талантың таңкы чолпон жылдыз эле,
Таптаган мүнүшкөрүң турмуш эле,
Аялдар акын төрөйт, баатыр төрөйт,
Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне !
( Байдылда Сарногоев)
Мидин Алыбаев
Акын, драматург жана котормочу Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарындын Жумгал районуна караштуу Чаек айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Азан чакырып койгон аты Асамидин болчу экен. 1931-жылы айылдын жети жылдык мектебин аяктагандан кийин Фрунзенин педтехникмунда билим алып, андан соң комсомолдук кызматкерлердин окуусун бүтүргөн.1937-жылы Мидин Алыбаевдин “Бактылуу жаштык” деп аталган биринчи ырлар жыйнагы жарык көрөт. Ал өтө кыска өмүр сүргөнүнө карабай, өзгөчө бир чыныгы лирикалык чыгармаларды таштап кетти. Ал кыргыз жеринин ажайып кооздугун, баа жеткис асыл касиетин даңазалап, коптогон ырларды, аңгемелерди, жомокторду, баяндамаларды жазган.
Ырлары, сатиралары:
« КОЛ ЖООЛУК», «Ак чуч», «Кошоматчы», « Жайкы жамгыр», «Сон –кол», «ала-тоого», «Шаркыратма», «Тянь-шань» ж.б
Кызы Зарема апанын эскерүүсүндө:
- Мидин алыбаев сүрөттү да жакшы тартчу экен. Кызы Зарема апанын эскерүүсүндө, акын карикатураларды мыкты тартчу. Баса, Зарема Мидинова кесипкөй сүрөтчү. 2000-жылдардагы "Алиппе" окуу китебиндеги бардык сүрөттөрдү тарткан. Ал өзү айткандай, атасынын сүрөтчүлүк шыгы ага ооптур.
Ырлары жана сатиралары:
- СӨҢ-КӨл
- Шарпылдап шаңы чыгып толкуп ташкан, Жээгине жайкай түшүп көбүк чачкан. Ай Соң-Көл! Кызыгыңды унутамбы? Калдайган колхоз малы баш адашкан. Тамшаткан тамашаңдан чыккым келбей Тарыхта тагы калган Тулпар таштан
- ЖАЙКЫ ЖАМГЫР
-
АЛА-ТООГО
Кереметтүү сен атасың-энесиң, Салыштырып сага ким жер теңесин. Көңүл толкуйт, көркөмүңдү көргөндө. Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң.
Ырым менин, сенин демиң эмеспи Шыктанамын, минип кыял кемесин. Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо, Калкып жаткан кандай сонун немесиң?
Калкып жаткан кандай сонун немесиң?! Качан жүрөк кагышынан танганда, Бир тартылып өтүп кетээр элесиң Бир тартылып өтүп кетээр элесиң…
Кийинки сабактан жолугушкуча Саламатта болгула!