Мен мугалиммин
Бир акылман айтыптыр: «Жаштарыңды, балдарыңды көрсөт, мен эртеңки күнүңдү айтып берейин» деп. Балдар – эртеңки мамлекетибиздин келечеги. Келечекте бул балдар кыргыздын келечегин ойлогон инсан катары калыптанышына мугалимдин ролу өтө чоң.
Адамдын жашоосундагы эң маанилүү жана эң татаал маселелер булар - адамга билим, таалим – тарбия берүү, бир нерсени үйрөтүү болуп эсептелет, себеби бул иш - аракеттерсиз адамдын чыныгы адам, инсан болушу мүмкүн эмес. Адамга билим, таалим – тарбия берүү, бир нерсени үйрөтүү оңой- олтоң иш эмес экендиги бардыгыбызга маалым. Бул маселелерди ишке ашыруу үчүн нечендеген улуу инсандар өз салымын кошкон, буга албетте адамзаттын тарыхы күбө. Чыныгы инсандын, нарктуу адамдын кандай боло тургандыгы, ага тиешелүү эң баалуу сапаттар кандай болуш керектигин жана ал сапаттарды адамда кандайча калыптандыруу мүмкүн экендигин эски жана жакынкы замандын улуу инсандары айтып келген. Адам кандай өзгөчөлүктөргө ээ болсо, ошол өзгөчөлүктөргө жараша өзүнө керектүү нерселерди топтой алат. Адам өзүнө керектүү, пайдалуу нерселерди алганга аракет кылат, бирок тилекке каршы терс нерселерди да тартып алышы мүмкүн, ошондой эле эмненин туура, эмненин туура эместигин билбей калган учурлары кездешет. Мына ошондо тандоого туш келет да, тандоо жолуна түшкөн адам, эки айрылыш жолдун кайсынысы менен кетсем деген учурда, ага чейин тажрыйбаларга ээ болгон улуу адамдар тарабынан жаралган асыл ойлор жана улуу насааттар багыт берет. Мындай улуу адамдар бул дүйнөдө сейрек болсо дагы, алар жалпы адамзатка багыт беришет. Андай адамдар биз үчүн бар болгон, бар жана бар боло берет. Алар мугалим, устат деп аталат. Орто кылымдарда жашап өткөн даанышман, адамдарды сүйгөн улуу ойчул-акын, таалимчи Мевляна Желаледдин Руми: “Жакшы адам - башка адамдарга же жалпы адамзатка пайдасы тийген адам” деп айтып, бизди гумандуулукка чакырган. Ал эми биздин милдетибиз бизден кийинки муунду ак ниеттүүлүккө, айкөлдүккө, боорукерликке, адеп- ахлактуулукка тарбиялоо болуп саналат.
“Урууңду сактайм десең уулуңду тарбияла, улутуңду сактайм десең кызыңды тарбияла” деген сүйлөм 10 эле сөздөн турганы менен маанисин чечмелей келсек 10 томдук китептен ашып кетиши мүмкүн. Мен бул сүйлөмдүн бир маанисин чечмелөөнү туура көрдүм. Келечек муундун тарбиясы улуттун келечегине байланыштуу экендигин. Келечек муун билимдүү болсо өлкөбүздө күчтүү адистер пайда болот. Ал эми күчтүү адистер болсо ишканалар күчтүү болот. Ишканалар күчтүү болсо ишканалар көбөйөт. Ишканалар көбөйсө киреше көбөйөт. Киреше көбөйсө мамлекеттин казынасы көбөйөт. Казына көбөйсө экономикалык туруктуулук пайда болот. Экономикалык туруктуулук өлкөнүн гүлдөп өсүшүнө негиз болот. Мен бул жерде убакыттын тар болгондугуна байланыштуу бир эле маанисин кыскача чечмеледим.
Мугалимден ата-энелерге сунуш
Бир жылкыга айына 500 сом, уйга 450 сом, койго 40 сом беришет малчыларга кайтарып бергенге. Бирок биз малга акча төлөп, ошол кезде эле балдардан акча аяп жатабыз. Муну менен балдардын билим алуусуна жеткиликтүү шарт түзүп бербей жатабыз дегим келет. Азыр 21 кылымда, жаңы маалыматтык технологиялардын заманында жашап жатабыз. Китеп менен гана чектелүү мүмкүн эмес. Балаңызга ноутбук же компьютер алып бериңиз. Интернетке кирүүсүнө шарт түзүңүз. Ооба, интернеттин зыян жактары бар. Бирок, азыркы заманда интернет колдонбой кою туура эмес, замандан артта калгандык болуп эсептелинет. Интернетти кантип колдонуу, кайсыл багытта колдонуу керектигин түшүндүрүп айтыңыз.
Мугалимдин коомдогу азыркы орду
Азыркы учурда мугалимдердин бир жумушта иштеп үй – бүлөө багуусу мүмкүн эмес. Ошондуктан мугалимдер кошумча иштөөгө мажбур. Эгер мугалимдердин айлык акылары жетиштүү болгондо мугалимдер кошумча акча табууга кетирген убактысын ар бир окуучуну изилдөөгө, мугалимдик изденүүгө, чыгармачылыкка арнамак. Бул албетте келечек муунду тарбиялоодо көп ийгиликтерге алып келмек.
Көпчүлүгү мугалим болууну оңой ойлошот. Жогорку окуу жайда ата-энелер балдарына “Тапшыра бер. Жок дегенде башталгыч класска мугалим болосуң” дегендерди укканда ыйлагым келет. Ошол башталгыч класста адамдын инсан болуп өнүгүүсүнүн пайдубалы куюлуп жатат го. Башталгыч класста начар билим алуу бул -пайдубалсыз үй куруу деген сөз да. Өзүңүздөр элестетип көрүңүздөр пайдубалы жок үйдү. Бат эле урап калат же куруп бүтө электе урап калышы мүмкүн. Көпчүлүгү буга көңүл бурбай калышты. Башталгыч класстын мугалиминин дегеле мугалимдин коомдогу орду төмөндөп кетти.
Окуучулар эмне үчүн мугалимдик кесипти тандашпайт. Биринчиден энергияны (нервди) көп талап кылган жумуш. Экинчиден айлык акысы өтө төмөн. Үчүнчүдөн кадыры түшүп кетти. Бүтүрүүчулөрүбүз көбүнчө айла жоктон диплом үчүн эле тапшырышат. Анда да “которулам” деп. Көпчүлүгү адашып барып алгандар.
Көпчүлүгү “мугалим” дегенде эптеп-септеген кесиптин ээсин элестетишет. Баары дароо эле министр же депутат, экономист же юрист же банкир болгулары келишет. Мен аларга айтаар элем мугалим элдик киши, элди агартып, керек болсо министр, президенттер мугалимдин мөмөсү. Бекеринен айтпайт го экинчи ата-энең бул - мугалим деп.
Мен кантип мугалим болууну чечтим
Бала кезимде мектептин дубалынан “из калтыр бул дүйнөдө” деген сөздү окуп алып абдан ойлондум. “Кантип из калтырам?” деп көпкө ойлондум. Ал күнү эле эмес ар күнү ойлоно баштадым. Бир күнү “эгер жакшы мугалим болуп балдарга жакшы тарбия, билим берсем, алар эл керегине жараган улуу инсан болуп чыкса менден калган из ошолор болот го” деген ой келди. Ошол күндөн баштап мен мугалим болууну чечтим.
Мен миллиондорду таап өлкөмө салым кошо албасам да ошол миллиондорду таап, өлкө үчүн кызмат кыла турган инсандарды тарбиялап салым кошо алам. Мен ошентип чечкем.
Мен бирөөнүн бактысын көргөндө менден өткөн бактылуу адам жок болот. Ал эми өлкөнүн тагдырын чечкен, тарыхка өзгөртүү киргизе ала турган адамдар булар – мугалимдер. Себеби тарыхты өзгөрткөн адамдарды да мугалим окуткан, тарбиялаган.