СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

МИФ профильдик газета

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ар бир чейректе математика, информатика, физика кафедрасынын профильдик газетасы жарык көрөт

Просмотр содержимого документа
«МИФ профильдик газета»

Октябрь 2017-жыл





 РУБРИКАЛАР



Математика-Информатика-Физика кафедрасы










  • Тарых барактарынан

  • Кыскача маалымат

  • Кызыктуу маалымат

  • Математикалык кроссворд

  • Математикага байланыштуу макалдар

  • Математикага байланыштуу ыр саптарынан

  • 2017-2018 окуу жылынын 1-чейреги боюнча физика-математика профилинин класстарынын билим сапаты


















 





ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Аль-Хорезми

ТАРАЗАГА түшөбү же соода-сатык кылабы, көп өлкөлөрдөгү адамдар инди-араб цифраларын колдонушат. Эмне үчүн? Себеби бүгүнкү күндөгү эсептөө системасындагы нөлдөн тогузга чейинки сандар алгач Индияда негизделген жана Батыш өлкөлөрүнө орто кылымдагы араб тилинде жазган илимпоздор аркылуу жайылган деп эсептелет. Ал илимпоздордун эң көрүнүктүүсү Мухаммед бен Муса аль-Хорезми деген киши болгон. Сыягы, учурдагы Өзбекстандын аймагында б.з. 780-жылдары жарык дүйнөгө келген ал окумуштуу «араб математикасындагы эң чыгаан инсан» деп саналат. Ал ушундай атакка кантип ээ болгон?

«АРАБ МАТЕМАТИКАСЫНДАГЫ ЭҢ ЧЫГААН ИНСАН»

Аль-Хорезми ондуктарды тиричиликте колдонуунун пайдасы жөнүндө жазган жана белгилүү бир математикалык амалдарды чыгаруу ыкмасын тагыраак иштеп чыгып, ал ыкманы кеңири жайылткан. Ал ошол ыкманы «Ордуна келтирүү жана карама-каршы коюу тууралуу китеп» деген китебинде түшүндүргөн. Китеп арабча «Китаб аль-джебр ва аль-мухабала» деп аталат. «Алгебра» деген сөз ошол китептин аталышындагы аль-джебр деген сөздөн келип чыккан. Эхсан Масуд деген жазуучунун жана окумуштуунун айтымында, алгебра «буга чейин ойлоп табылган математикалык ыкмалардын арасынан эң маанилүүсү жана илим аттуунун баарынын тирөөчү» болуп саналат *.

Араб цифраларынын жөнөкөйлүгүнө мисал: 188 деген сандын Рим цифралары менен жазылышы CLXXXVIII

Анткен менен бир жазуучу «кайсы муундун студенттери болбосун, [аль-Хорезминин] ошончолук убара болбой эле коюшун кааламактыгын» жазган. Бирок аль-Хорезми ал математикалык ыкмаларды, өзү айткандай, соода-сатыктагы, мурас бөлүштүрүүдөгү, жер өлчөөдөгү жана башка ушу сыяктуу күндөлүк турмуштагы иштердеги эсеп-кысапты жеңилдетиш үчүн иштеп чыгарган.

 Бир нече кылымдан кийин Батыш математиктери, анын ичинде Галилео менен Фибоначчи деген окумуштуулар аль-Хорезминин теңдемелерди колдонууну так түшүндүргөнүнө жогору баа беришкен. Анткени ал алгебра, арифметика жана тригонометриянын (математиканын үч бурчтуктарды изилдөө тармагы) андан ары өнүгүшүнө чыйыр салган. Маселен, тригонометриянын негизинде Ортоңку Чыгыштагы окумуштуулар үч бурчтуктун жактарын жана бурчтарынын чоңдугун эсептей алышкан, ошондой эле астрономия тармагында албан ийгиликтерди жаратышкан *.

Алгебра — «буга чейин ойлоп табылган математикалык ыкмалардын арасынан эң маанилүүсү»

Аль-Хорезминин эмгегинин негизинде ондук бөлчөктөрдү колдонуунун, аянт менен көлөмдү эсептөөнүн жаңы ыкмалары ачылган. Ортоңку Чыгыш архитекторлору жана куруучулары ал учурда эң алдыңкы деп эсептелген ошондой ыкмаларды Батыш өлкөлөрүндөгү кесиптештеринен көп жыл мурун эле колдоно башташкан. Батыштагылар ал ыкмалар жөнүндө крест жортуулдары учурунда гана билишкен. Ал билим алардын мекенине билимдүү мусулман туткундар жана иммигранттар аркылуу тараган.

АРАБ МАТЕМАТИКАСЫНЫН ЖАЙЫЛЫШЫ

Убакыттын өтүшү менен аль-Хорезминин эмгектери латын тилине которулган. Алсак, Батыш өлкөлөрүнө инди-араб цифраларын Леонардо Пизанский деп да белгилүү болгон италиялык математик Фибоначчи (болж. м-н 1170—1250) жайылткан. Ал инди-араб цифралары жөнүндө Жер Ортолук деңиз менен чектешкен өлкөлөргө саякатка барганда билген жана ал тууралуу өзүнүн китебинде жазган («Book of Calculation»).

Аль-Хорезминин математикалык ыкмалары бир нече кылым өткөндөн кийин гана кеңири белгилүү болгон. Бирок азыр анын ыкмалары жана аларга байланышкан эсептөөлөр, соода-сатык менен өндүрүштүн эле эмес, илим менен технологиянын да өзөгүн түзүүдө.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
  • Учурда биз колдонуп жаткан цифралардын алгачкы формасы Индияда б.з.ч. 3-кылымдын башында эле колдонулчу.

  • Кийинчерээк индус окумуштууларынын математика тармагындагы билими Багдад шаарындагы аль-Мансур деген халифтин сарайына жеткен.

  • Аль-Хорезми «Индия эсеби тууралуу китеп» деген китебинде эсептөөнүн ондук системасы жөнүндө жазган. Ошондой эле мурун жазылган эмгектердеги, анын ичинде грек, еврей жана инди тилиндеги эмгектердеги түшүнүктөргө тактоолорду киргизген.

Баа жеткис мурас

«Цифралар менен математиканын [орто кылымдагы Ортоңку Чыгыш окумуштуулары калтырган] эң зор мурас экени талашсыз («Science and Islam», Эхсан Масуд).

«Бүгүнкү күндө колдонулган Батыш цифралары ар кайсы булактан алынган цифралардын аралашмасы болушу мүмкүн. Бирок ошол цифралардын көбүнүн эң оболу Индияда колдонулганы белгилүү» («Британика онлайн энциклопедиясы»).

Европада инди-араб цифралары «15-кылымдарда кеңири жайыла баштаган» («Encyclopedia of Society and Culture in the Medieval World»).











Кызыктуу маалыматтан айта кетсем математиканын 90%ти кызык негизи...

Мисалы: 

37 санынын кызыктуу касиеттеринен: 

37 * 3 = 111
37 * 6 = 222
37 * 9 = 333
37 * 12 = 444
37 * 15 = 555
37 * 18 = 666
Анан да мисалы 98ге 102 ни кобойт десе 100 * 100 - 2*2
Эгер 90 го 100ду десе демек (100 * 100) - (10 * 10)
башкача айтканда 100го жетпей жаткан сандын квадратын кемитип койсунар...









«Жаш математик» балдарбыз,

Эсептейбиз , талбайбыз.

Эсептөөнүн кээ бирин

Азыр айта баштайбыз.

Колдорубуз шакылдап,

Көбөйтүүнү аткарат.

Жадыбалын тогуздун,

Кереги жок го жаттап.

Айта берсе түгөнбөс,

Акылга бай бир мүнөз.

Математик болсок деп,

Кенди казып жатабыз.

Жасайбыз мында кънүгүү.

Аткара албай калбайбыз,

Адашкандын баарысын

Айыпка жыгып салбайбыз.

Алгебрада ар качан,

Тамырсыз амал жүрбөйт го.

Бизге келсеңбилесиң,

3, 5 ,7 , 9 ду

Тамырга коюп алабыз.

Калькулятор, Брадиссиз,

тамырын таап жазабыз.



"Аягы беш менен бүткөн сандардын квадратын эсептөө"-бештин алдындагы санды

өзүнөн кийинки келүүчү санга көбөйтүп, аягына 25 санын жазып коюу керек. Мисалы:

352 =(3х4)25=1225; текшер\\: 35х35=1225;

Санды он бирге көбөйтүү"- эки орундуу санды он бирге көбөйтүү үчүн сандын

цифраларын– бирдигин оң жакка, ондугун сол жакка жылдырып, ортосуна алардын

суммасы жазылат: ХУх11=Х(Х+У)У. Мисалы, 25х11=275. Эгерде сумма эки орундуу сан

болуп калса, анда анын ондугу берилген сандын ондугуна кошулат. Мисалы, 67х11=737,

б.а. көбөйтүндү (6+1)37 саны болот

"Санды токсон тогузга көбөйтүү"- берилген санды токсон тогузга көбөйтүү үчүн ал санды

жүзгөкөбөйтүп, көбөйтүндүдөн көбөйтүүчүнү кемитип коюу керек. Мисалы, 34х99=3400-

34=3366. Демек, 34х99=3366