Сабактын темасы: Молекулалык-кинетикалык теориянын негизги жоболору.
Сабактагы өтүлүүчү материалдар жана тапшырмалар:
Молекулалык - кинетикалык теориянын негизги жоболору;
Моль масса, заттын саны жана салыштырмалуу молекулалык массанын физикадагы ордун аныктагыла;
Заттын санын формуласын негизинде маселе чыгаргыла;
Сабактын критерийлери:
Молекулалык - кинетикалык теориянын негизги жоболорун билсе;
Моль масса, заттын саны жана салыштырмалуу молекулалык массанын физикадагы ордун аныктаса;
Заттын санын формуласын негизинде маселе чыгарса;
Өз көз караштарынын жана чечимдеринин ар түдүүлүгүн кабыл ала билип, башка студенттердин пикирлерин урматтоо менен кабыл ала билүүгө тарбияланышса;
Сабакка активдүү катышса;
Кайталоо үчүн жана жаңы темага өбөлгө түзүүчү суроолор:
Механикалык жана аргасыз термелүү деп эмнени айтабыз?
Толкун жана анын түрлөрү?
Үн толкундары деп эмнени айтабыз?
Жаңы тема:
Молекулалык физика түрдүү агрегаттык абалдардагы нерселердин физикалык касиеттерин, молекулалык түзүлүшүн окутат. Ошондой эле нерсени түзгөн атомдордун, молекулалардын, иондордун өз ара аракеттешүүлөрүн окутуп үйрөтөт.
Ар кандай физикалык кубулуштарды атом жана молекулалардын кыймылы, өз ара аракети аркылуу түшүндүрүүчү теория молекулалык-кинетикалык теория деп аталат.
Биз VIII класстын физикасынан заттар эң майда бөлүкчөлөрдөн: атом жана молекулалардан турарын билебиз. Бул ойлор байыркы Грециянын атактуу ойчулдары Демократ, Левкипп ж.б. тарабынан 2300 жыл мурда айтылган.
Молекулалык-кинетикалык теориянын негизги үч жобосу бар:
Заттар кандай гана абалда (катуу, суюк, газ) болбосун, эң майда бөлүкчөлөрдөн: атом жана молекулалардан турат.
Атом жана молекулалар тынымсыз башаламан (хаотикалык) кыймылда болушат.
Атом жана молекулалар арасында өз ара аракеттешүү күчтөрү жүрөт.
Молекулалар дүйнөсүндө, же микродүйнөдө эң көп сандаган майда бөлүкчөлөрдү кезиктиребиз. Мисалы, нормалдуу шартта (б.а.
, 760мм сым.мам) ар кандай газдын 1см3 көлөмүндө 2,71019 молекула бар экени аныкталган. Суутектин бир молекуласынын масасы
.
1827-жылы Англиялык ботаник Броун тарабынан молекулалардын хаотикалык кыймылы аныкталган. Температура жогоруласа бөлүкчөлөрдүн кыймылы интенсивдүү, ал эми температура төмөндөсө интенсивдүүлүгү начар, бирок кыймылы токтобойт.
“Атом” грекчеден которгондо “бөлүнбөс” дегенди билдирет. Азыркы кезде атом татаал – ал оң заряддалган ядродон жана оң заряддалган протондон жана нейтралдуу бөлүкчө - нейтрондон тураары, аны терс заряддалган электрондор айланып жүрөт. Атомдун бул моделин англиялык окумуштуу Э.Резерфорд атомдун планетардык моделин ачкан.
Айрым молекуланын жана атомдун массасы абдан эле кичине. Мисалы, 1г сууда 3,71022кг молекула болсо, анда суунун бир молекуласынын массасы m0(Н2О)2,710-26кг.
Молекуланын массасы абдан кичине экендигине карата, массанын абсолюттук мааниси эмес, салыштырмалуу мааниси кабыл алынган.
Берилген заттын молекуласынын m0 көмүртектин атому m0с массасынын
не болгон катышы ал заттын салыштырмалуу молекулалык массасы деп аталат.
; Mr – салыштырмалуу атомдук масса.
Массасы 0,012кг болгон көмүртекте канча атом болсо, ошончо сандагы атомдордон же молекулалардан турган сан бир моль деп аталат.
Ар кандай заттын бир жолу бирдей сандагы атомдордон, молекулалардан турат. Бул XIX кылымда италиялык окумуштуу Авогадро тарабынан ачылган.
- бул к=мңртектин бир атомунун массасы.
Берилген нерседеги молекулалардын N санынын Авогадро турактуулугуна
болгон катышы заттын саны деп аталат. Ал (нью) тамгасы менен белгиленет.
кмоль ж.б.
Бир мольдогу заттын г же кг менен алынган массасы моль масса деп аталат.
Заттын санынын дагы бир формуласы
.
Моль массанын бирдиги
; 1м.а.б.=1,71027кг ды түзөт.
Бышыктоо: Маселе иштөө.
17-көнүгүү
1. Идиште 4,51027газдын молекуласы бар. Газ канча мольго ээ?
| Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
| N = 4,51027 NА=6,021023моль-1 - ? | | Жообу: |
2. Бөтөлкөдө суунун 6 молу бар, анда канча молекула бар?
| Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
| = 6моль NА=6,021023моль-1 N - ? | | Жообу: |
3. Аллюминий тегиздигинин массасы 216г. Атомдук салмагы 0,027кг/моль. Тетикте канча атом бар?
| Берилди | Формула | Чыгаруу |
| m=216г=21610-3кг µ=2710-3кг/моль-1 N - ? | | = Жообу: |
4. Баллондо 31024 кычкылтектин молекуласы бар. Эгерде кычкылтектин молярдык массасы 0,032 кг/моль болсо, газдын массасы кандай?
| Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
| N = 31024 µ= 3210-3кг/моль m - ? | | Жообу: |
5. Аянты 39см3 нерсенин бетине калыңдыгы 1мкм платинанын катмары сөйкөлгөн. Бул катмарда платинанын канча атому бар? Платинанын тыгыздыгы 21500кг/м3, атомдук массасы 0,195кг/моль.
| Берилди: | Формула: |
| S = 3см3 = 3910-4м2 h = 1мкм = 10-6м = 21500кг/м3 µ = 19510-3кг/моль N - ? | |
| Чыгаруу Жообу: |
6. Идиште суунун 51023 молекуласы бар. Суу кандай көлөмдү ээлейт? Суунун тыгыздыгы 1000кг/м3, суунун молярдык массасы 0,018кг/моль. Жообун см3 менен бергиле.
| Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
| = 1000кг/м3 µ=18103кг/моль N = 51023 V - ? | ; | Жообу: |
Жыйынтыктоо:
Молекулалык-кинетикалык теория деп кандай теорияны айтабыз?
Молекулалык-кинетикалык теориянын негизги жоболору кайсылар?
Атом, молекула жөнүндө эмне билесиңер?
Салыштырмалуу атомдук масса деп эмнени айтабыз?
Моль масса жөнүндө эмне билесиңер?
Заттын саны деп эмнени айтабыз?
Авогадро саны.
Үйгө берилүүчү тапшырмалар:
1. Көлөмү 0,5л колбада 1,351022 гелийдин атому бар. Эгерде гелийдин атомдук массасы 0,004 моль болсо, анын тыгыздыгы кандай?
| Берилди | Формула | Чыгаруу |
| V=0,5л=510-4м3 µ = 410-3кг/моль N = 1,351022 - ? | | Жообу: |
2. Тыгыздыгы 2кг/м3 газ, 0,7м3 көлөмдү ээлейт. Эгерде анын 31025 молекуласы бар болсо, анда молярдык массасы кандай?
| Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
| V = 0,7м3 = 2кг/м3 N = 31025 µ - ? | | Жообу: |
3. Спортсмендин өпкөсүнүн көлөмү 5,8л. Толук бир дем алганда анын өпкөсүнө абанын канча молекуласы кирет? Абанын тыгыздыгы 1,25кг/м3. Молярдык массасы 0,029кг/моль.
| Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
| V=5,8=5,810-3м3 = 1,25кг/м3 µ=2910-3кг/моль N - ? | | Жообу: |
4. 200моль көмүр кычкыл газдын массасы канча?
| Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
| = 200моль µ=4410-3кг/моль m - ? | | Жообу: |
Баалоо: Студенттер баалоо критерийлеринин негизинде бааланат
Колдонулган адабияттар:
Физика окуу китеби. 10-класс.
А.П.Рымкеевич. Физика боюнча маселелер жыйнагы.
Тесттик тапшырмалар.