Просмотр содержимого документа
«Моделдердин көптүгү жөнүндө кенен маалымат»
Моделдердин көптүгү
Математикадагы «модель» бул - максаттуу математикалык идеяларды көрсөтө турган сүрөттөр, схемалар, ж.б.
Моделдер таякчалар, же боо сыяктуу физикалык предмет же, схема сыяктуу визуалдык берилиш, же сан туюнтмасы, теңдеме сыяктуу символдук берилиш болгондугуна карабастан, окуучуларга математикалык түшүнүктөр жөнүндө элестөөлөрдү түзүп берет. Моделдер 3 категорияга бөлүнөт:
Сиздердин оюнуздарча алар кайсылар ?
Конкреттүү моделдер -бул кармап көрүүгө жана манипуляция жасоого мүмкүн болгон физикалык предметтер. Ошндуктан буларды кээде манипулятивдик материалдары деп да аташат. Конкреттүү моделдер тажрыйбанын негизинде окуучуларга математикалык түшүнүктөрдү сезе билүүсүнө жардам берүү үчүн колдонулат.
Графикалык моделдер -бул математикалык түшүнүктөрдү визуалдуу түрдө берүүдө колдонулуучу сүрөттөлүштөр. Графикалык моделдер, Окуучуларга математикалык түшүнүктөрдү визуалдуу элестетүүгө жардам берүү үчүн колдонулат.
Абстрактуу моделдер -бул математикадагы идеяларды көрсөтүү үчүн колдонулган символдор (тамгалар, цифралар, формулалар, касиеттер, тыянактар). Жогорудагы эки категория ирети менен ишке ашканда гана окуучу абстрактуу моделди өздөштүрө алат. Билим берүүдөгү мындай мамиле «Конкреттүү графикалык абстрактуу ыкма» же КГА ыкмасы д.а. Эң алгач психолог Джером Брунер колдонгон.
1-100 таблицасы Боолор, таякчалар
Геоборд Кагаздан кесилген формалар
Сан шооласы
Диаграмма же гистограммалар Матрица
КГА ыкмасында окуучулардын жаңы математикалык түшүнүктөрдү өздөштүрүүсү конкреттүү моделдерди колдонуу менен башталат
Графикалык
Конкреттүү
Абстрактуу
Демек биз, темабызга жараша ар кандай моделдердин көптүгүн колдонсок болот .
Мисалы: Мисалдар берилет.
27 ÷3 түн тийиндиси канчага барабар
Конкреттүү Графикалык Абстрактуу берилиш берилиш берилиш
Ар бир топто 3 төн
Ар бир топто 3 төн
Ошондой эле сан шооласын да колдонсок болот