СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Менин интернеттеги мүмкүнчүлүктөрүм

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мои возможности в интернете

Просмотр содержимого документа
«Менин интернеттеги мүмкүнчүлүктөрүм»


Тема: “Менин Интернеттеги мүмкүнчүлүктөрүм

Сабактын максаты:жаңы медиадагы маалыматтарды сын көз менен баалоо жөндөмүн калыптандырууга өбөлгө болуу жана глобалдык Интернет тармагын пайдалануунун пайдалуу билимдерин өздөштүрүү.

Милдеттер:

  • Адамдын маданиятынын калыптанышында жана анын жалпы ишмердүүлүгүндө Интернеттин ролунун өсүп бара жатышын таануу.Интернеттин адамга болгон таасиринин оң жана терс жактарын аныктоо.

  • Коомго болгон маалыматтын таасирине байланыштуу маселелерди аныктоо.

  • Глобалдык Интернет тармагындагы болгон мүмкүнчүлүктөрдүн болушунча максималдуу спектрин элестетүү.

  • Интернеттеги маалыматты колдонуу процессинде сын көз менен ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү.

  • Эл алдында сөз сүйлөө жөндөмүн өстүрүү.

  • Өз алдынча ой жүгүртүү жана өз ынанымдарына жоопкерчиликти болууга тарбиялоо, технологиялык жаңычылыктарды өздөштүрүү адатын калыптандыруу.


Сабактын жабдылышы: Мультимедиа проектору


Сабактын тиби: мурда алган билимдерди системалаштыруу жана жаңы материалды изилдөө.

Негизги түшүнүктө: «Интернет» жана «жаңы медиа», сын көз менен ой жүгүртүү ,маалымат, социалдык тармактар, мессэнджерлер.

Сабактын жүрүшү

  1. Уюштуруу учуру. Саламдашуу. Класста кызматташуу маанайын түзүү.

Мугалимдин кириш сөзү. Теманы, сабактын максаттарын түшүндүрүү.

2. Жаңы материалды изилдөө

Сабактын планы

- Заманбап дүйнөдө Интернеттин жана маалымат технологияларынын орду;

- Заманбап адамдын жашоосундагы Интернеттин ролу жана функциясы;

- «Жаңы медиа» жана «жарандык журналистика» түшүнүктөрү.













слайдтын №

Слайдтын мазмуну


1

  1. Уюштуруу учуру. Теманы жарыялоо.

Мугалим окуучулардан мурдагы сабакта эмне өтүлгөнүн сурайт. (сунушталган убакыт 5мин.)

Мугалим бул сабакта окуучулардын Интернет туурасындагы билимдери текшериле турганын билдирет: окуучулар онлайн-ресурстарды канчалык мыкты деңгээлде билишет. Бул максатты төмөнкү көнүгүү жасалат.









1-Көнүгүү. «Интернет-ресурстар» (сунушталган убакыт 5 мин.)

1-Кадам.Окуучуларды 3 топко бөлүү.

2-Кадам.Ар бир топ окшош тапшырмалар жазылган карточкаларды алышат.

Тапшырма: Интернет ресурстарды белгилеринен аныктагыла. Алар кандай аталышат? Андан соң интернет-ресурсуна тиешелүү аныктамаларды тандагыла.






  1. __________________

  1. Көңүл ачуучу социалдык тарма – достор менен сүйлөшүү, фотожанавидео, фильмдер жанасериалдар, музыка, оюндар, кызыкчылыктар боюнча топтор. Кыргызстандагы популярдуу социалдык тармактардын бири.

Социалдык тармак Mail.RuGroupка тиешелүү. Сайтка кирүүлөрдүн саны — бир суткада 70 миллиондон ашуун. 

2.________________________

  1. Бул тиркеме смартфон кодонуучуларына көз ирмемде билдирүүлөр (фото, видео да) менен алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Бул ресурстун аталышы “Эмне болуп жатат?” деген фразага окшош.


3._______________________

  1. Эгер бул ресурс голиввуддук кинокомпания болгондо, аларда ар бир жума сайын 60 000 жаңы фильм чыгарып турганга материалдары жетиштүү болмок. Бул ресурстагы бардык роликтерди көрүп бүткөнгө 1700 жыл керек. Бул Интернет-ресурс – популярдуувидеохостинг, б.а. видео жайгаштырууга болот. Бул кирүүлөрдүн саны боюнча дүйнө жүзүндө экинчи орунда турган сайт. Ал колдонуучуларга видеону сактоо, жеткирүү, көрсөтүү жана монетизация кызматын көрсөтөт (б.а. видеонун көп көүлгөнүнөн акча табуу).

4.­­­­­­­­­­_______________________

  1. Бул ресурста колдонуучулар күнүгө 6 миллиард «лайк» жана комментарийлерди калтырышат, 300 миллион сүрөт жүктөшөт. В феврале 2011-жылы февралда «Google» компаниясынын Жакынкы Чыгыш боюнча маркетинг менеджериВаэльГоним Египетте революция ушул социалдык тармакта башталган деп билдирген.
    Бүгүнкү күндө бул ресурс — дүйнөдөгү эң ири социалдык тармак болуп саналат.

5._______________________

  1. Бул жерде бир гана чарчы формат эмес, альбом, портрет түрүндөгү форматты дагы колдонсо болот. Бул сүрөт де видео алмашууну эң тез кызматы.


6.______________________

  1. Кыргызстандагы популярдуу сайттардын бири – акысыз видео көрүп, музыка укса болот.  KG бөлүгүндө кыргыз тилиндеги музыка, клип жана фильмдер бар.

7.______________________

  1. Интернеттеги эң ири издөө системасы. Популярдуулугу боюнча биринчи орунда турат (77,05 %),бир айда 41 млрд 345 млн суроо-талапты канагаттандырат. Бардык форматтагы документтерди издөөгө болот.


8. ____________________

  1. Веб интерфейстин жардамы менен ачык түрдө пикир алмашуу үчүн социалдык тармак, SMS же башка программалары бардык курактагы колдонуучулар үчүн. Бул тармактын белгиси омурткалуулар классына кирген жаныбарга окшош.

9._____________________

  1. 2002-жылы бул ресурстун кыргызча бөлүгү пайда болгон. Бирок ал 2012-жылы гана активдуу пайдаланыла баштады. Бул ресуртса интернеттин дээрлик бардык колдонуучулары маалымат алышат жана каалаган адам ал маалыматтардын автору боло алышат. Бул жалпыга жеткиликтүү, көп тилдүү, универсалдуу, эркин контенттүү интернет-энциклопедия.






Туура жооп.

1-ВYouTube, 2-ГFacebook, 3-АОдноклассники, 4-БWhatsApp, 5-ЕNamba, 6-ЖGoogle, 7-ДInstagram,

8-ИВикипедия, 9-ЗTwitter.






2

2-Көнүгүү. Видео –ролик көрүү(сунушталган убакыт 5 мин.)

1-Кадам.«Социалдык медиа тармактагы революция» видеоролигин көрсөтүү

https://www.youtube.com/watch?v=dn68ChYsVDw&list=PLeACsCPrcY3BqjumpB8flFpX58DVh_waK&index=7

2-Кадам.«Интернет бүгүн мага кандай жардам берүүдө?»деген темада видеону окуучулар менен талкуулоо.

3-Кадам. Мугалимдин толуктоосу:

Заманбап адам өзүн жаңы технологияларсыз элестете албайт: Интернет, мобилдик байланыш, техникалык мүнөздөмөсү жагынан компьютерден калышпаган телефондор. Ал эми Интернет биздин жашообузга өтө тез сүңгүп кирип, телевизор, радио, магнитофон жана башка сактоо жана жөнөтүү каражаттарынын ордун алмаштырды.

Бүгүн глобалдык тармактын жардамы менен адамдар билим алышат, бизнес-иштерин жүргүзүшөт, өз кызыкчылыктарына жараша клубдарды түзүшөт, көз ирмемде маалымат менен алмаша алышат, алыста туруп башка өлкөнүн компаниясында иштей алышат, бирок ушул эле убакта эл аралык шылуундардын да объектисине айланышат.

Интернет өзүнүн технологиялык өзгөчөлүктөрү жана уникалдуулугу менен маалымат сактоо жана таратуунун дүйнөдөгү эң популярдуу жайына айланды. Ал 4 жылдын ичинде 50 000 000 адамдан турган аудиторияны чогулта алды, радио буга 38 жыл, ал эми телевдение 13 жыл короткон. Окумуштуу-генетиктер заманбап балдардагы “электрондук ген” туурасында олуттуу сөз кыла башташты: санариптик реалдуулук – алардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү, баарлашууну виртуалдаштыруу алар үчүн кадыресе нерсе. Бүгүнкү күндө ой жүгүртүү – бул маалыматты кантип жана кайдан табуу керектигин билүү жөндөмү дегенди түшүндүрүп калды.






3

3-Көнүгүү. «Адамдардын жүрүм-туруму»(сунушталган убакыт 5 мин.)

1-Кадам. Окуучуларды үчкө бөлгүлө

2-Кадам. Ар бир тарапка тапшырма берилет

Тапшырма:

«Соңку 10 жыл ичинде адамдардын жүрүм-турум кандай өзгөрдү?» Сүрөттү чоң экранга чыгарып көрсөтүүгө болот.


4

3-Көнүгүү. «Ишке ашкан кыялдар»

Мугалим кезек менен слайддарды көрсөтөт жана“Бул ким?”, жана “Интернет ага атактуу болууга кантип жардам берди?” деген суроолорду берет.

Мугалимдин толуктоосу: Интернеттин пайда болушу менен дүйнөдө Стив Джобс жана Марк Цукерберг сыяктуу генийлер жаралды. Биринчи генийдин кыялы ар бир адамга үйүндө жеке компьютерге ээ болууга мүмкүнчүлүк берди. Бүгүнкү күндө ар бир адам Стив Жобс негиздеген Apple компаниясынын техникасына ээ болууну кыялданышат. Ал бакма бала болгон, бирок өз идеясына жана максатына жетүүгө жан дилин берген.




11

4-Көнүгүү«Мен эмнени каалайм?» (сунушталган убакыт 10 мин.)

Задача: Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн ар бир бала менен байланыштыруу.


1-Кадам. Окуучулардын жекече иштөөсү.

Мугалим окуучуларга тапшырма берет «Өз кыялыңар туурасында ойлонуп көрүп, аны бир-эки сүйлөм менен атагыла. Аны кагазга жазгыла. Убакыт 1 мин.».


2-Кадам. Өз кыялыңарды ишке ашырууда интернетти пайдаланунун 5 жолун жазгыла. (1-2 мин.)

(Мугалим үчүн маалымат: Мисалы: мен чет тилин өздөштүрүүдө скайп аркылуу сүйлөшүү үчүн маектеш таба алам; сайттан жакшы жумуш таба алам; мен дүйнөлүк китепкана ресурстарын пайдалана алам ж.б.)


3-Кадам. Акыл калчаа.Мугалим бир катар идеяларды айтууну жана аларды доскага беш колонка кылып жазууну сунуштайт.

4-Кадам.Мугалим ар бир мамычанын алдына функциянын аталышын жазат (окуучулардын жоптору на жараша)


Маалыматтык функция

Эң чоң жана тез маалымат булагы

Маалымат жиберүү функциясы

Жеке жана ишкердик максаттагы виртуалдык коммуникациянын аянтчасы

Социалдык функция

кызыкчылыктар боюнча ири клуб

Билим берүүчүфункция

Билим алуу үчүн гиганттык мейкиндик

Көңүл ачуучуфункция

Өздүк реализация, көңүл ачуу, жеке маселелерди чечүү


“Интернет бүгүнкү күндө адамдын жашоосунда мына ушундай функцияларды аткарат”.


5-Кадам. Окуучуларды беш топко бөлүп, ар бир топко бирден функция боюнча тапшырма берилет.

Тапшырма: функцияны чечмелеп жана аны пайдалануу боюнча болушунча көп мисал келтирлгиле.

  • Интернет - Эң чоң жана тез маалымат булагы (Кайсы ММКнын Интернет сайты бар экенин атагыла).

  • Интернет - Жеке жана ишкердик максаттагы виртуалдык коммуникациянын аянтчасы (email, мессэнджерлер - Скайп, ВотсАпп, Телеграм, Вайбер, социалдык тармактар).

  • Интернет - кызыкчылыктар боюнча ири клуб (социалдык тармактардагы коомчулуктар, тематикалык форумдар жана порталдар).

  • Интернет - Билим алуу үчүн гиганттык мейкиндик(онлайн-университеттер, курстар, окутуучу видеолор, энциклопедиялар).

  • Интернет - Өздүк реализация, көңүл ачуу, жеке маселелерди чечүү (инстаграмм, блог, шаар карталары, такси ж.б.).

6-Кадам. Топтордун презентациисы


БҮТҮМ: Интернет –жеке, профессионалдык жана тиричилик маселелерин чечүүчү эң ыңгайлуу курал. Бул ошондой эле кошумча билим алуунун, чыгармачылык жактан өздүк реализациянын каражаты.


9

6-Көнүгүү. «Интернеттин мүмкүнчүлүктөрү» (сунушталган убакыт 5 мин.)

1-Кадам. Мугалим слайддарды кезеги менен көрсөтөт.Текстти окууга же өз сөзү менен айтууга болот.

Интернет –эң чоң маалымат булагы:

Бир нече жыл мурда англис тилинде расмий түрдө “google” этиши пайда болгон, ал “Интернетте издөө” дегенди түшүндүрөт.

“digital” стилинде ой жүгүртүү – бул азыркы жаштардын мээге өтө көп маалыматты топтобой, аны кайдан жана кантип издөөнү билүү жөндөмү. Адистер барган сайын “digital” стилинде ой жүгүртүү туурасында көп сөз кыла башташты. Б.а. бардык булактардан келип жаткан маалыматтарды, расмий маалымат болобу же мессенджерлерден келген маалымат болобу, анализдөө жана системалаштыруу жөндөмү.

Маалыматты издөө аракеттери натыйжалуу болушу үчүн эмнени сурап жатканыңды так жазуу керек жана булактын репутациясына катуу көңүл буруу керек.


10

Интернет - жеке жана ишкердик максаттагы виртуалдык коммуникация аянтчасы.

2015-жылы эле мобилдик операторлор мобилдик байланыш кирешелери төмөндөй баштаганын жана маалыматты Интернеттен пайдалануу көлөмүнүн өсүп жатканын айтып чыгышкан.Технологиялар акырындык менен биздин жеке жашообузга да, жумушубузга да кирди. Бүгүнкү күндө электрондук почта же Интернетсиз жашоосун элестеткендер аз. Тармактын заманбап мүмкүнчүлүктөрү бизге дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы адамдар менен алардын кызматына, статусуна карабай эч кыйналбастан сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Заманбап почта кызматтары кат жөнөтүү жана кабыл алуу менен гана чектелбестен, башка дагы толтура Интернетте иштөө функциялары менен камсыздайт.

Мисалы, Gmail менен Yandex бизге көнүмүш болгон документтерди түзүүгө, сактоого жана редакциялоого жол берет - тексттер, таблицалар, презентациялар.

Чоң көлөмдөгү маалыматты жөнөтүү үчүн дисктер менен флешкаларды колдонуу барган сайын сейрек болуп барат. “Файл-алмашуу” деп аталганИнтернет-сервистер чоң файлдарды, мисалы фото архив же видео жөнөтүүгө ыңгайлашкан. Кабыл алуучу дароо эле бул маалыматтарды көчүрүп ала алат.

Ошондой эле, ишкердик коммуникацияда бир убакта көп адамдар менен сүйлөшүү кызматтары көп колдонулат. Алардын ичинен эң популярдуу сервистер Skype жана Zoom.

11

Интернеттин социалдык функциясы:Интернет, коомчулуктарды – тармактарды калыптандуруунун эң натыйжалуу жолу. Бул кызыкчылыктар боюнча клубдар, эксперттик коомчулуктар, фан-клубдар ж.б. Бул коомчулуктар жүздөгөн, миңдеген, кээде миллиондогон адамдардын башын бириктирет. Эч бир салттуу жол менен муну Интеренттегидей натыйжалуу кылып ишке ашырууга мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан, кээде айтышат Инетрент “тармактардын тармагы” деп. Учурда көптөгөн мектеп окуучуларынын бул мектепте окугандарды жана бүтүргөндөрдү чогулууга чакырган социалдык тармактарда баракчалары бар. Өз баракчаларында алар мектептеги жетишкендиктер жана жаңылыктар менен бөлүшүшөт..

Бирок Тармакта сүйлөшүүнүн белгилүү бир эрежелерин билүү керек.

12

Интернет билим алуу үчүн:https://ky.wikipedia.org/ - Кыргыз тилиндеги Википедия. Кыргыз тилиндеги эң чоң энциклопедия. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар тарабынан 65 000 статей жазылган.

Бул ресурстун артыкчылыгы – ар бир колдонуучу жаңы макала кошо алгандыгында. Канчалык көбүрөөк фактыларга далилдер келтирилсе, ошончолук тезирээк макалаңыз жарык көрөт.


Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, реферат жазуу үчүн же сабакка маалымат издөө үчүн окуучулар биринчи кезекте Википедиядагы маалыматка кайрылышат. Бул ачык энциклопедия жана андан материалдарды көчүрүүгө боло турганын түшүнүү абдан маанилүү. Бирок, маалыматтын булагына шилтеме кылбай коюу плагиат болуп саналат. Ар бир мугалим муну бат эле билип алат, болгону окуучулар тешкерүүгө берген эмгектеринин текстинин бир бөлүгүн “гуглдай” коюш керек.

Колдонуучулар өзүлөрү видео жайгаштырууга болгон сайттардын пайда болушу менен, өтө көп сандаган визуалдык материалдар жаралды, анынжардамы менен көрүүчү маселени чечүү жолун же билимдерин үйрөнөт. Бүгүнкү күндө эң популярдуу видео-сайт - Ютуб (https://www.youtube.com/). Андан каалаган видео тапса болот.

Жакында десилгечи топ Кыргызстандын тарыхын орус тилинде мультик аркылуу көрсөттү:

https://www.youtube.com/channel/UCUHAaZfxX1FvajRK4LYG2BA/videos



13

Интернет – чыгармачылык жактан өздүк реализациянын каражаты,

жеке, профессионалдык жана тиричилик маселелерин чечүүчү эң ыңгайлуу курал.

14



15



16

Туура жоопторду текшерүү «туура жооптор»

17

Жалпылоо. Сабак боюнча бүтүмдөр:

  • Интернет жашоо стилин өзгөртөт.

  • Интернеттин аркасы менен биз башкача ой жүгүртө баштадык.

  • Интернет кыялдарды ишке ашырууга жардам берет.

  • Интернет өтө тездик менен өзгөрүп турат.



Үй тапшырма: Окуучуларды 3 топко бөлүп, ар бирине тапшырма берүү.

ТАПШЫРМА: Кыялыңдагы мектептин сайнтынын маектин жана мазмунун иштеп чыгуу. Ал кандай функцияны аткарышы керек?


Ар бир топ А-1 форматындагы ватманга мектеп сайтынын башкы бетин тартышы керек, дизайнын ойлоп чыгуу, кандай бөлүмдөрү болушу керек, шрифти ж.б. Топтордун презентациясы келерки сабакта.