Просмотр содержимого документа
«Моюнкум трагедиясы.»
Моюнкум трагедиясы
“О, кишилер, кишилер –адам кудайлар! Ошло кишилер эзелтеден бери Моюнкумдун бөкөндөрүн куугундап келе жатпайбы. Алгач алар жаргак шым, куур тон кийип, мингени ат, колунда жаасы болор эле. Андан кийин тарс этме балээ таап, бөкөндордүн тобун чаң-тополоң түшүрүп куугундашты. Ага болбой бөкөндөр сөксөөл бадалды аралай качып, кутулуп жүрүштү. Кийинчерээк адам кудайлар машине ойлоп минишип, жиниктире куугундап, тарс этмейи татыраган ок жаадырып кырчу болду. Ошондо эле ынсап кылып кылчу адам кудайлар бекен, андан кийин калдыркан канат вертолёт минип, жайылып жаткан короо-короо бокөндөрдүн төбөсүнөн тик сайылып учуп, жердеги машинечен келаткан аткычтарына кайгуулунун кабарын берип, а тиги машинечендер болсо саатына жүз-жүздөн ыкчам километр тездикте чабылып, бөкөндөрдү көз жазгырып кетчү туугуна жеткирбей кыра баштады. Вертолёту көктөн шилиңди көзөп тиктеп аердеги машинечендер болсо туягыңдын даңканын көккө сапыртпай сая түшүп, тынбай аткан мылтыктары көтөн чучугуңан кирип, как желкеңе жетип такалып, бөкөндөр оңко баш атып куланып, кез келгенде Моюнкумдагы жашоо антар-теңтер болуп, сырайган буттар асманга сайылып жатып калды...” “Куугун салган вертолёттор рация аркылуу бири-бири менен сүйлөшүп, качкан топту эки жактан сүрөй кысып, төбөдөн ажал болуп күркүрөп, ансыз да катуу качып бараткан бөкөндөрдү андан катуу качууга аргасыздантып, кууп келатат. “Жыйырманчы уккун, жыйырманчы! кана, дагы күчөтө түш! Дагы күчөт! Жогортон карап бараткан вертолётчу учкучтарга астындагы өздөрү козгогон кара сүргүн даана көрүнөт. Сапырылган ак карды уюлгутуп, кирген кара дайра албууттанып, тынбай агып бараткандай. Анда жыйырманчынын ээликкен үнү кулакчындан шаңдуу угулат:”Күчөтсө мына! –Ха-ха-ха, карасаң, арасында карышкырлар да качып баратат. Мына кызык сүргүнгө кабылган экенсиңер ээ, кашабаңдар! Өлүмдөн кайда качып кутуласыңар?” Акырында күтүрөп качкан бөкөндөрдүн калың тобу жайык түзгө агылып чыга бергенде аткычтарга кептелди. Чүмбөтү ачык “Уазик” минген аткычтар бөкөндөрдү андан ары кубалай артынан сая туштү да, автоматтарынан ок жаадырып, огородунан чөп чапкан сыңары мээлебей этпей, кыркып кыра баштады. Анын артынан прицептүү машиналар бекер олжону жыйнап, кишилер ок жеген бөкөндөрдү машинеге ыргытып салып баратты. Чал жандуусун шамшар менен сол колтукка бир сайып, аны да ыргытып, жаралуусун кууп жетип жүрүштү. Акыр кыяматтын коргонучу да мынчалык болбос – дүңгүрөгөн дүбүрттөн ок, жаадырган автоматтардын добушунан улам кулагы биротоло тунуп калган Акбарага бүгүн дүйнө дүлөй болуп калгандай туюлду, асман-жер астын –үстун түшүп, колго кармагыс, көзгө көрүнгүс болуп кыйрап кеткенсиди. Төбөдөгү боз чалган күндүн өзү да бу кар сүргунгө жердегилер менен кошо куулуп, жылтылдаган миң сан майда сынык болуп быркырап, үн-дабышсыз, ын-жың алоолоп бараткансыды. Автоматчан аткычтар “уазиктердин” үстүнө бири тизелеп, бири бортко өбөктөп, үн-доошсуз атып
баратышат, жер үстүндө кайкып учуп баратышат . Машиналар үнсүз зыпылдап чуркап, зоруккан бөкөндөр алсырай тикиреңдеп, окко тешилип, кан жая үнсүз кулап жатышат... “Эт планы сөзсүз аткарылат, - деп жооп берип жатты облбашкарма, -жакынкы декадада аткарабыз. Кошумча резервдер бар. Жер-жерлерди кысымга алабыз, талап кылабыз..” Жыл маалы Акбара менен Ташчайнар Алдаш камышынын арасында жүрдү. Мына ушерде экөөнүн эң көп бөлтүрүктөрү – беш бөлтүрүк туулду. Мына тукум! Бөлтүрүктөрү чоңоюп келатканда камыш өрттөнүп бөлтүрүктөргө дагы балээ болду. Ушул аймакта жаңы ачылган тоо-кен жайына жол салыш керек болгон соң камышты өрттөп жиберишти. Алдаш көлүнүн калаасындагы жүздөгөн -миңдеген гектар жерди байыртадан ээлеп өскөн камыш өрткө кетип, туп тамыры менен коңторулду. Согуштан кийин бул аймактан сейрек кен табылган. Ошого байланыштуу ээн талаада аты жок “почтовый ящик” шаарчасы курулуп жатат. андай табылбас кен табылганда камыш да сөзбү. Дүйнөдө бөтөнчө делген Алдаш көлүнүн өзүн жок кылып жибериштен тартынабы адам. Керек болсо жер шарын ашкабактай кылып ичин кырып алар. Оболу камыш токоюнун үстүнөн самолёттор кайып жапыс учуп, от тутантар бир суюктук чачып жүрдү. Көрсө, керектүү маалда камыш дүрт күйөт экен. Өрттү түн ортосу ченде тутантышты. Алиги суюктук чачылган камыш ок дарыдай жалбырттап, калың токой күйгөндөн алда канча катуу күйдү. Жалын алоосу асманды чапчып, түтүнү кышкы тумандан бешбетер жер бетин каптап калды. Куйук жыт келип, өрт ар кай жерден жалбырттай баштаганда эле бөрүлөр бөлтрүктөрүн сактоонун амалын таппай, камыш арасында алдастап калышты. Улам бир жерге тиштеп барып коюшат. Алдаштын калың токоюндагы акыр заман мына ошентип башталды. Чуулдаган үндөрү алда кайда жаңырып, көл үстүндө канаттуулар калың булут болуп удургуй учушту. Кылымдап камышты байырлаган доңузунан баштап, жыланга чейин дүрбөлөңгө кабылып, тополоңу тос туштү.