Адабият 10-класс*
Сабактын темасы: Молдо Кылыч "Буудайык" (талкуу сабагы).
Сабактын максаты:
а) М.Кылычтын өмүрү, чыгармачылыгындагы өзгөчөлүктөрдү, "Буудайык" поэмасынын сюжеттик өзөгүн, негизги идеясын талдап, жаратылыш жана адамдын ортосундагы мамилени терең түшүнүшөт.
б) Өз оюн далилдүү айта билүүгө машыгышат, сүйлөө кебин өстүрүшөт, чыгарманы тереңден талдап, негизин ачып берүүгө көнүшөт.
в) Жаратылышты коргоого, сыйлоого калыптанышат. Бири бирин уга билүүгө жана сыйлоого үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Алган түшүнүгүн талдоо, ченемдөө.
Сабактын ресурсу: Проектор, слайд, ватман.
Сабактагы негизги компоненттиктүүлөр:
а) Маалыматтык – М.Кылычтын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча кошумча адабияттарды окушат. "Буудайык" поэмасына окшош чыгармаларды билишет.
б) Өз алдыча маселелерди чечүү – берилген суроолорго ой жүгүртүп жооп беришет.
в) Тарых сабагы жана биология сабагы менен байланыш түзүшөт – предметтик компоненттүүлүк.
Күтүлүүчү натыйжалар:
а) М.Кылычтын өмүрү, чыгармачылыгындагы өзгөчөлүктөрдү так айырмалай так айта билсе.
б) Чыгарманы негизги идеясын ачып берсе, жаратылыш – адам темасын ачык чагылдыраса.
в) Берилген тапшырманы так, туура аткарса.
Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу (2 мин)
Мугалимдин ишмердиги: Окуучуларды топко бөлүү
Окуучунун ишмердиги: Окуучулар 1 жана 2 санын тартып алуу менен топко бөлүнүшөт
Компетенциялар: НК
Баалоо: Белгиленген тегерекчелер менен баалоо
2. Үйгө берилген тапшырма боюнча (3 мин)
Мугалимдин ишмердиги: 1-тапшырма: М.Кылычтын адабияттагы орду кандай?
Окуучунун ишмердиги: Топтор өз ойлорун болушуп, М.Кылычтын адабияттагы ордун айтып беришет
Компетенциялар: НК
Баалоо: Белгиленген тегерекчелер менен баалоо
3. 5 мин
Мугалимдин ишмердиги: 2-тапшырма: М.Кылыч – тарых барактары деген сөздөр байланыштырылат
Окуучунун ишмердиги: Топтор өз ойлорун болушуп, М.Кылычтын өмүрү чыгармачылыгына саясий көз карашынан, тарыхый кырдаалдын тийгизген таасирин тизмектеп айтып беришет
Компетенциялар: НК
Баалоо: Белгиленген тегерекчелер менен баалоо
4. Поэма боюнча берилет (7 мин)
Мугалимдин ишмердиги: Алгач мугалим поэманын негизги өзөгүн баяндап берет.
3-тапшырма: Поэмадагы берилген ыр саптары чечмеленет.
Окуучунун ишмердиги: Поэмадагы алынган ыр саптары так, туура чечмелеп берүү, топтор менен кеңешүү.
5. Поэманын чечүүчү ыр саптарынан негизги идеясын талдап берүүсү (7 мин)
Мугалимдин ишмердиги: Поэмада берилген негизги идеяны чечип, адам менен жаратылыштын ортосундагы байланыштын
Окуучунун ишмердиги: Берилген суроо боюнча ой жүгүртүү, топтор менен биргеликте так жана туура
талкулоо | жооп издоого аракеттенишет
6. Адам менен жаратылыштын ортосундагы байланыш 7мин.
Адам жаратылыш экөөнун байланышын тузуу.
Берилген тапшырмага жооп издешет. Топтор ойлорун бөлүшушөт
7. Жыйынтыктоочу ой 7мин
8. Мугалимдердин жыйынтыктоочу сөзу 7мин