СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Молдо Кылычтын чыгармачылыгы

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Молдо Кылычтын чыгармачылыгы»

Кыргыз адабият\7-класс\_______________________________I чейрек, 10-сабак

Тема: Молдо Кылыч. “Чүй баяны”

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик: Окуучулар Молдо Кылыч “Чүй баяны” чыгармасынын негизги идеясы жөнүндөгү билимдерди алышат.

-чыгарманы адабий талдоого салып талдашат.

-чыгарманы башка чыгармаларга салыштырат.

Социо-маданий: Жаратылышты кордобоого, табиятка аяр мамиле жасоого тарбияланышат.

-табият менен таттуу мамиледе болууга аракеттенишет:

-алтын эрежени сактап бири-биринин пикирин сыйлоого тарбияланышат.

Кептик: Башка чыгармалар менен салыштырат.

-ар бир окуучу өз пикирин башкаларга таңуулабай айтууга үйрөнөт.

Лингвистикалык минимундар: мыз, набак, какол, ыран, керенеч, бередке, бейкасам, казан, жаңы кадагы, кырмески

Сабактын тиби: жаңы материалды анализдөө

Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: фронталдык, жекече, жуптар менен иштөө

Сабактын жабдылышы: проектор, экран

Дидактикалык материалдар: слайд, окуу китеби, таркатмалар

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

Бар болуңуздар!

Каалагандай канаттуулардын атын чынжырча аркылуу улуп айтуу.

Арыбаңыз!

  1. Ак куу,

  2. Өрдөк

  3. Бүркүт

  4. Жарганат ж.б


2)Үй тапшыр-масын суроо

(5-мүнөт)

Берилген тапшырманы жуптар менен алмаштырып окуп.

Төмөнкү суроолорго жооп жазып коёбуз.

1.Эсседен кайсы цитаталарды кезиктирдиң?

2. Эссенин кайсыл жерлерин оңдосо болот?

3. Сенин пкириңде эссеге кандай маалыматтарды кошкондо дагы да сонун болмок?

3)Жаңы тема. (10 мүнөт)



Молдо Кылыч Шамыкан (Шамыркан) уулу (1866- 1917)- кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири. Кочкор өрөөнүнүн Бугучу деген жеринде төрөлгөн. Кылычтын өз атасы Шамыркан — атактуу баатыр Төрөкелдинин тун уулу.Кылыч беш жашка чыкканда анын атасы Шамыркан дуйнодон кайтат. Ал атасындай жаш кезинен чыйрак, зирек бала болуп чоноёт. Анын “Зилзала” деп аталган чыгармасы 1911-жылы Казан шаарында араб алфавити менен басылып чыккан. Бул жагдай кыргыз элинин тарыхында басмага жарыланган алгачкы чыгармалардан болгондугун айгинелейт. Чыгармалары: “Чүй баяны”, “Керме тоо”, “Канаттуу”, “Кол казал”, “Кара Кочкор”, “Кыз-жигит”, “Мал казал”, “Жатакчылар”, “Чүй канаттуулары”

Сатиралары: “Бүркүттүн тою”, “Он жети бий”, “Качанак Молдо Сулайман”, “Молдо Дүйшө”.
Санаттары: "Зар заман”“Азаматтар”, “Сапар”. Кошоктору: “Байтайлак” ж.б. Чыгармалары адам баласынын жүрүм-туруму жөнүндөгү этикалык ойлорго, накыл сөздөргө, тарбия-таалим идеяларына бай. «Чүй баяны», «Буудайык» чыгармасы табиятка каршы баруу адам баласы үчүн трагедия менен аякташы мүмкүн деген философиялык ойду билдирип турат. Молдо Кылычтын чыгармалары тоталитардык идеология узак мезгил бою саясий кодулоодо болуп, «кара сандыкка» жабылган. Анын чыгармачылыгы жөнүндө 40-жылдары илимий эмгек жазган окумуштуу Тазабек Саманчин «Улутчул», «Космополит» катары куугунтукка алынган. Молдо Кылычтын адабий мурастары демократиялык жаңылануу жылдарында элге кайрылып келди, апасынын атын билбейбиз.

Молдо Кылычтын “Чүй баяны” поэмасында орустарга болгон маилесин, көз карашын шарттуу түрдө эки мезгилге бөлүп көрсөткөн. Алгачкы жана кийинки. Алгачкы мезгилде толгонуу, шектенүү, жек көрүү мүнөздүү болсо, кийинчирээк акындын көз карашындабелгилүү өзгөрүүлөр пайда болот. Ислам динин орустартар булгап коёт деп кооптунушса, кийинчирээк Чүй боорундагы өзгөрүүлөрдү орустар алып келди дегн нукка өтөт. Чыгарманын эң басымдуу бөлугүн Чүй боорундагы жаныбарлар менен өсүмдүктөр түзөт. Акын чыгармада 140 өсүмдүк, 73 жаныбардын атын атап, ар биринин өзгөчөлүгүнө токтолот.

1)Окуучулар менен иштөө

(12 мүнөт)




1-кадам.

Окуучулар жекече иштөө. 5 мүнөт ичинде өсүмдүктөрдүн атын жазып келүү. Ким канча өсүмдүктүн атын жазат.

2-кадам.

Окуучулар жекече иштешет. 5 мүнөт ичинде чыгармадагы жаныбарлардын аттарын жазып келет. Ким көп жазып келет.




4)Бышыктоо

(5 мүнөт)


  1. Молдо Кылыч деген ысым жөнүндө кандай маалымат айта аласыңар?

  2. Чыгармадагы Токмок шаарынын сүрөттөлүшү?

  3. Орустардын келиши менен Чүй борборунун кандай өзгөрүшүн байкадыңар?

5) Рефлексия

(2 мүнөт)

1.Акындын кандай өзгөчөлүгүн байкадыңар?

2.Чыгарманын негизги өзөгүнө түшүндүңөрбү?

3. Келерки сабакта чыгарма жөнүндө кандай маалыматтарды күтөсүңөр?

6)Үйгө тапшырма

(3мүнөт)

1пайдалуу өсүмдүк, 1пайдалуу жаныбардын, 1пайдасыз өсүмдүктүн, 1 пайдасыз жаныбардын сүрөтүн тартып келгиле?

7)Бааолоо

(3мүнөт)

Окуучулардын аракетине жараша.

«5», «4», «3», «2»