№37 Молдо Нияз мектебинин тарыхы
1931-жылы Мурдагы Токто кемпир үйү азыркы Абдилат ака отурган жерде биринчи жолу айылда мектеп ачылган.Мектепте окуучуларга биринчи болуп Аман агай билим берген.
1932-33-жылдары Тажибаевдердин коргонунда мектеп ачылган.Анда Ош шаарынын Жапалак айылынан келген Матисак агай, кийин Айдаркенден келген Улукбек агай билим берген.
1934-жылы Мустафакуловдун үйүндө мектеп ачылган.Ал мектепте өзүбүздүн Кызыл-Булак айылыбыздан чыккан Ормонов Жусуп агай мугалим болуп иштеген.
1935-жылы Чокунун астында Жусуп аксакалдын үйүндө 3 жылдык мектеп ачылган.
1936-37-38-жылы Дашта Жусупбайдын мейманканасын экиге бөлүп, 5-6 жылдык мектеп ачылган.
1938-жылы Турганбай агайдын үйүнүн астында мектеп ачылган.Жусупбайдын коргонундагы мектепте Касымов Пырхан, казактын кызы Асылкан, Бекбашов деген мугалимдер окуучуларга келип билим беришкен.
1936-38- жылдары Бекбашов,Асылкан,Пырхан деген мугалимдер окуучуларга билим беришкен.
1938-39-жылдары Сыдыгалиев агай окуучуларга билим берген.Ал мектеп Кескенташ башталгыч мектеби деп аталып жүргөн.
1940-жылы Кескенташ мектеби экиге бөлүнгөн.Кескенташ башталгыч мектеби жана Гайрат башталгыч мектеби. Охна айылынан келген Полот агай окуучуларга билим береген.Кийин кескенташ башталгыч мектеби урап калган.
1942-жылы Турганбай агайдын үйүнүнастында мектепте Шермат агай, Тажибай агай, Мухтар агайлар мугалим болуп иштешкен.
1941-жылы Кызыл-Булак айылынан Карабаев Абдилла,Кочкоров Жакып,Мадымаров Пахыр, Эрмеков Алым, Эргешов Бахап, Сатыбалдиев Жамал агайлар эмгектенишкен.
1952-жылдан кийин Гайрат башталгыч мектебинде Элпейсекиде Орунбай агайдын үйүндө мектеп ачылган.
1961-жылы П. Тольятти 8 жылдык мектеп болуп уюшулган. Мектептин директору Саттаров Исраил агай болгон.
1988-жылы жаңы мектеп курулуп бүтүп,ишке берилген.
Ал биринчи П.Тольятти деп аталып жүргөн.Кийин 1993-жылы Молдо Нияз мектеби деп аталган.
1.1997-жылы 17-июлда №9\3-18 гимназия статусу
2.2002-жылы 17-майда №248\1 гимназия статусу
3.2008-жылы 7-майда №256\1 гимназия статусу
4.2014-жылы 21-апрелде №256\1 гимназия статусу алынган.
Бул мектепте төмөнкү мугалимдер жетекчи болуп иштешкен.
1.Саттаров Исраил агай 1961-1965-жж
2.Миңбаев Дамин агай 1965-1967-жж
3.Абыкеева Батма эжей 1967-1969-жж
4.Имамидинова Шакар 1969-1984-жж
5.Маматкулова Аллома 1984-1987-жж
6.Нурмаматов Абибилла агай 1987-1994- жж
7.Көчкөнов Абдиллазиз агай 1994-1999-жж
8.Сайпидинов Убрайим агай 1999-2002жж
9. Нурмаматов Абибилла агай 2002-2008 жж
10.Эшатов Жумабай 2008-2012-жж