Просмотр содержимого документа
«Моллюскалар жөнүндө»
Моллюскалар
Моллюскалар — кеңири тараган экинчилик көңдөйлүү, омурткасыз жаныбарлар. Булар жумшак денелүү, муунакчаларга бөлүнбөгөн, көбүнчөсүнүн башы, тулку бою жана булчуңдуу буту даана айырмаланып турат. Моллюскалардын негизги белгиси –катуу акиташ жана мүйүз сымал заттардан турган үлүл кабы жана тери бүгүшү – мантия ички органдарын жаап, Денесине кыналып жатат. Моллюскалардын оозу боштук паренхимасы менен толтурулган. Жумшак денелүү деп аталганы ушул себептен. Кан айлануу системасы туюк эмес. Бул типке кирген жаныбарлардын 130 000 жакын түрү белгилүү, ушундай эле санда палеонтологиялык казып алынган түрү белгилүү.
Моллюскалар: курсак буттуулар, кош капкалуулар, баш буттуулар класстарына бөлүнүшөт.
Курсак буттуулар
Курсак буттуулар —бул класстагылар суу чөйрөсүндө гана байырлашпастан, кургактыкта тиричилик кылган бирден- бир жандыктагы класстын өкүлү. Булардын өкүлдөрүнүн денесинин көлөмү кичине, мисалга, карадеңиз рапана бийиктиги 12 см, жүзүм улулу -8см, кайсы бир жылаңач үлүл -10 см жетип, ири тропикалык түрлөрү 60 см жетет.
Бул класстын кеңири тараган өкүлү- көлчүкчү үлүл болуп саналат. Алар көлчүктөрдө, тынч көлмөлөрдө байырлашат. Алардын денеси баш, тулку бой жана бутка бөлүнүп, бүт денесин каптап тургандыктан, класстын аты ошого байланыштуу аталып калган.
Чоң көлчүкчү
Чөп жечү курсак буттууларга жүзүм үлүлү кирет, алар айыл чарбасына чоң зыян келтирт. Кайсы бир өлкөлөрдө адамдар тамак катары пайдаланып келишет.
Курсак буттуулардын арасында өзгөчө белгилүү түрү океандарда жашагандар, алардын раковиналары өтө кооз келет. Аларды эстелик (сувенир) катары, бермет катмарларынан топчуларды даярдоодо колдонот. Ал эми Африка, Азияда алардан акчаларды, дагы башка жасалгаларды даярдашат