СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мөмөлөр жана уруктар

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын максаты:

а) Окуучуларды мөмөлөр жана уруктар менен тааныштыруу.

б) Мөмөлөр менен уруктардын жаратылыштагы көп түрдүүлүгүнө токтолуу жана алардын адам баласы үчүн мөмөлөрдүн жана уруктардын маанисине токтолуу.

Сабактын жабдылышы:

а) Окуучулардын өздөрү чогулткан уруктары, мөмөлөрдүн коллекциялары , муляждар, мөмө-жемиштер.

б) «Мөмө» - деген темада өз алдынча иштөөгө сөздүк диктант.

в) Кроссворд.

г) Тайм-минутага кызыктуу тапшырма.

д) перфокарточкалар.

ж) диаграмма венна

к) синквейн

Просмотр содержимого документа
«Мөмөлөр жана уруктар»

мөмөлөр жана уруктар


Сабактын максаты:

а) Окуучуларды мөмөлөр жана уруктар менен тааныштыруу.

б) Мөмөлөр менен уруктардын жаратылыштагы көп түрдүүлүгүнө токтолуу жана алардын адам баласы үчүн мөмөлөрдүн жана уруктардын маанисине токтолуу.

Сабактын жабдылышы:

а) Окуучулардын өздөрү чогулткан уруктары, мөмөлөрдүн коллекциялары , муляждар, мөмө-жемиштер.

б) «Мөмө» - деген темада өз алдынча иштөөгө сөздүк диктант.

в) Кроссворд.

г) Тайм-минутага кызыктуу тапшырма.

д) перфокарточкалар.

ж) диаграмма венна

к) синквейн.

Уюштуруу

Сабактын жүрүшү

Жаңы теманы өтүү.

Гүл:

  1. Гүл сабы, 2) гүл төшөгү, 3) энелик, 4) аталыктар, 5) желекчелер, 6) чөйчөкчө жалбыракчадан турат.

Эми балдар силердин көңүлүңөрдү «Энеликке» бурам. Ал төмөндөгүдөй бөлүктөрдөн турат.

    1. Чаң алгычтан.

    2. Мамычадан.

    3. Энеликтин мөмө байлагычынан.

Мөмө деген эмне?

  1. Мөмө өсүмдүктүн органы.

  2. Кана балдар бардыгыңар үйүңөрдөн алып келген мөмөлөрдү колуңарга алгыла.

    • Бардыгыңар жакшылап карагыла, сыртында эмнеси бар?

    • Кабыгы.

    • Кабыктын астында жумшак эти бар.

    • Тиштеп жеп көргүлөчү.

    • Таттуу ширеси бар экен.

    • Тышындагы кабыгы «мөмө коргону» деп аталат, ал жумшак этин жана уруктарын коргоп турат.

    • Алманын, өрүктүн, алмуруттун, шабдалынын мөмөлөрүн салыштырып көргүлөчү?

    • Эмнелери окшош?

    • Ширеси бар.

    • Эмне айырмасы бар?

    • Өрүктүн данеги сөөк менен капталган. Демек, балдар данеги сөөк менен капталгандарды ширелүү «сөөктүү мөмө» дейбиз. Ал эми алма, алмуруттардын мөмөсүн «жемиш» дейбиз.

    • Мөмөнүн ичинде эмне бар экен?

    • Уруктары.

    • канчадан?

    • Өрүктө, кара өрүктө бирден. Балдар буларды бир уруктуу мөмө дейбиз.

    • Алма, алмуруттардачы?

    • Аларда бештен, алтыдан экен. Демек аларды көп уруктуу дейбиз.

Мына менин колумдагыларга көңүл бургула. Бул эмне?

    • Семичка (күн караманын башы).

    • Ал эми булчу?

    • Буудай, арпа.

    • Мына булчу?

    • Буурчак.

Балдар булар да мөмө.

Бирок ширеси, жумшак эти жок. Ошо үчүн буларды кургак мөмө дейбиз.

а) Күн караманын мөмөсү - урукча деп аталат. Анын мөмө коргонунун бетине жалгыз уругунун бети тийип турат, бирок биригип өскөн эме.

б) Дан-мөм коргону урук менен биригип өсөт (арпа, буудай).

в) Чанак-кургак мөмө, эки капкакчага ачылат. Чанак жетилгенде ал капкакчалары кургап, толгонуп ачылат, уруктары ыргып чыгат (буурчак).

г) Саадакча – эки капкакчадан турат, уруктары мөмөсүнүн ичиндеги тосмонун кырында бекийт (туруп, капуста).

Уруктар формасы жана өлчөмү боюнча да айырмаланат.

Мисалы: орхидеянын уругу тоголок, чаң сыяктуу, майда. Ал эми сейтель пальмасынын уругу эң ири, узундугу 50 см, массасы 10 кг болот.

Урук сырткы кабыктан, түйүлдүктөн, азык-заттардын корумунан турат. Урук түйүндүгүнөн жаңы өсүмдүк өсүп чыгат. Адам баласы үчүн уруктун жана мөмөнүн да тамак аш катары мааниси чоң. Адамдын организмине керектүү витаминдер уруктун, мөмөнүн составында көп кездешет. Кышында бул мөмөлөрдөн жасалган кыямдарды (варенье) тамак аш катары кеңири даярдап алышыбыз керек.


Өткөн тема боюнча бышыктоо.


1-тапшырма.

«Мөмөлөр – деген профкарточка бардык окуучуларга таратылып берилет.

Мөмөнүн коллекциясы же уругу (алманын уругу).

Өсүмдүктүн аты – алма.

Түрү - ширелүү.

Мөмөнүн аты – жемиш.

Көп уруктуу.


2-тапшырма.

Автор ырдан эмне жаңылыштык кетирген?

Жаз кылтайып тоолордо,

Кар жатса да сакталып.

Мандалактар биринчи

Гүлүн ачат мактанып,

Ушул саргыч мандалак,

Гүлдөрдүн эң көйрөңү.

Ошон үчүн баарынан,

Тез жыртылат көйнөгү.


Кайсы гүл жөнүндө сөз балуп жатат?

    • Байчечекей жөнүндө (Мандалк эмес).


3-тапшырма.

Балдар төмөндөгү сөздүк диктантты иштегиле.

Энеликтен 1 мөмө өрчүйт. Мөмө 2 жана 3 болуп бөлүнөт. Сыртынан 4 менен капталат. 5 Астында 6 7 бар. Буурчактын мөмөсү 8 буудайдын мөмөсү 9 деп аталат.


4-тапшырма.

Ойлон: Өсүмдүк гүлдөбөй калса эмне болот?

Тап: Эң чоң, эң кичине мөмө кайсы өсүмдүктөр.

Изде: Биздин өрөөндө кандай мөмөлөр бышат?

Жаз: Дары катары пайдаланылуучу мөмөлөрдү жазгыла.





5- тапшырма.

Бул сөздөрдүн экинчи бөлүктөрүн тапсаңар өсүмдүктөргө айланат.

Кызыл…

Козу…

Ак…

Бака…

Сары…

Ат…

Кара…

Аюу…

Көк…



6-тапшырма.

Зат атооч – алма.

Сын атооч – кып-кызыл.

Этиш – бышат, өсөт.

Фраза – алма кымбат кайда, издегеним пайда.

Синоним – алма ширелүү.

(окуучулардын иштеринен)


7-тапшырма.

Диаграмма венна.

Өз алдын иштөө.


8-тапшырма.

Кроссвордду чечкиле.

Мөмөлөрдү тапкыла.


Мына балдар, ошентип күз берекеси жер бетине төгүлүп, базарыбыз мөмө-жемишке толуп турган кез. Шагы ийилген алма өрүгүбүз, жер жайнаган коон дарбыздар ажайып токчулуктан кабар берет. Ал эми желге ыргалган алтын дан, арпа, буудай жер эненин мээнеттенген баба дыйканга берген белеги эмеспи.


Үйгө тапшырма берүү.

Өзүңөр жеген мөмө-жемиштердин уруктарын чогултуп кийинки сабакка кургатып алып келгиле.


Окуучулардын билимин баалоо.

Эскертүү: туура жооп берген окуучуларга мөмө-жемиштердин сүрөттөрү таратылып берилет. Мисалы:

Кызыл алма – 5.

Алмурут – 4.

Кара өрүк – 3.




ноосфера


Сабактын максаты:


а) окуучуларга адам иш-аракетинин биосферага тийгизген таасирин ачып көрсөтүү, экологиялык проблемалардын келип чыгыш себептерин окуучулар менен биргеликете иликтөө;

б) окуучулардын экологиялык ай-сезимин өстүрүү, аларда экологиялык жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу.


Сабактын жабдылышы:


Таблицалар,кошумча китептер, гезит-журналдардан алынган экология проблемасын чагылдырган макалалар.


Сабактын жүрүшү:


Классты уюштуруу.


Жаңы темага киришүү:


Жаңы теманы үч этапка бөлүп алып түшүндүрүү.


  1. Табият жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөрдүн пайда болушу.


Дүйнөлүк диндердин мисалында баяндалат. Мисалы, тотемизм, диний ишенимдин эң байыркы формасы катарында, табиятты ар дайым пир тутуп, жандуу чөйрөнү адам баалсына бир тууган катарында караган.

Христиан дини – кудай баарынан улуу деп эсептелет.

Иудезим болсо кудайдын буйругу боюнча адам баарына үстөмдүк кылат деген ойду айткан.

Ислам дини Алла жаратылышты жаратты, аны бузбагыла деген идеяны таратка.


2. Азыркы мезгилдеги адам иш-аракетинин биосферага тийгизген таасири.


Окуучулар Байдылданын «Жек көрөм» деген ырынын тексти менен иштешет.


Ырда көрсөтүлгөн адам аракетинин терс жактарын «Акыл таймашы» усулунун негизинде окуучулар доскага жазып чыгышат.


Жер байлыгы эл байлыгы деген кеп,

Терең экен дагы барат тереңдеп.

Уйпаланат куйкаланат турбайбы,

Улуу кичүү урунбаса чеберлеп.

Жердин көркү элдин көркү деген кеп,

Терең экен дагы барат тереңдеп.

Бала кезде жүргөн токой бадалды,

Байкап көрүп бара жатам мен өрдөп.

Жодураган жоогазын жок беттеги,

Аны көрүп жаш кылгырды көзүмдөн.

Дүмүрүнөн өсуп чыккан балаты,

Кабар берет каруусу жок жетимден.

Өрттөндү көп очоктор көп от жаккан,

Таштанды көп, бөтөлкө көп баш жаткан.

Айбандарга айтып жаттым миң каргыш,

Ак терекке тамга салып чок баскан,

Жер байлыгы эл байлыгы деген кеп.

Жердин көркү элдин көркү деген кеп.

Бул макалдын маани жайын билбести,

Бычакташкан душманымдай көрөм жек.


Байдылданын ырындагы адам аракетинин терс жактары:


  1. уйпаланат куйкаланат турбайбы,

улуу кичүү урунбаса чеберлеп.

  1. Жоодураган жоогазын жок беттеги.

  2. Дүмүрүнөн өсүп чыккан балаты

Кабар берет каруусу жок жетимден.

  1. Өрттөндү көп очоктор көп от жаккан,

Таштанды көп бөтөлкө көп бош жаткан.

  1. Ак терекке тамга салып чок баскан.


Андан соң окуучулар мугалим менен биргеликте экологиялык проблемалардын себептерин аныкташат.

1) Калктын санынын көбөйүшү. 1750-ж 7 эсе. 1900-ж 3 эсе. 1950-ж 2 эсе. XXI к башында 6 млрд, XXI к ортосунда 9 млрд жетет.

2) Коомдун жашашы үчүн заттарды, энергияны жаратылыштан алуунун татаалдашы.

3) Айлана-чөйрөнүн өндүрүш калдыктары, өзүнө жат заттар, энергия менен булганышы.

4) Калктын ден-соолугунун, экономикалык абалынын начарлашы, социалдык туруктуулуктун бузулушу.

5) Жер кыртышынын бузулушу-эрозия, бир жылда 26 млрд тонна кыртыш агат.

6) Флора, фаунанын көп түрдүүлүгүнүн азайышы, түрлөрдүн 1/5 азайышы.

7) Климаттын өзгөрүшү 2050-жылы жерде температура 1,5 – 4,5 градуска жогорулайт.

8) Чөйрөнүн булганышы – ушу күндө 70000 химиялык заттар пайдаланууда, 1 жылда 500 – 1000 жаңы заттар кошулат.

9) Озон катмарынын жукарышы.

10) Техносферанын жогорулашы, күйүүчү ресурстардын азайышы.


3. Келечекте бизди эмне күтүп турат. Кыйрообу же Аман калуубу?


Мурда – табиятты пир тутуу азыркы учурда – табияттан пайда көрүү.


Келечекте – экологиялык тарбия же катастрофа.


Күн деген эмне?

Жердин жаркырашы, табияттын бактысы.


Ай деген эмне?

Түндүн көзү, шүүдүрүм чачкыч.


Туман деген эмне?

Чак түштөгү түн, ирмелбеген кирпик.


Жер деген эмне?

Төрөлгөндүн энеси, тиричилик кепеси.


Аба деген эмне?

Өмүр сакчысы.


Киши деген эмне?

Карылыктын кулу, өз үйүнүн мейманы.


Жыйынтыктоо:


Окуучулар билимин баалоо.


Үй тапшырма:


«Келечекте дүйнө жүзү, сенин шаарың», сүрөт аркылуу түшүндүрүү, дилбаян жазып келүү.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!