СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Монголиянын аймагындагы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Монголиянын аймагындагы»

1-сүрөттө Монголиянын борбордук аймагында жайгашкан Баянхонгор аймагынын (облус) Буйагаан сомонундагы (район) Гурван-Мандал деген жердеги бир тоого жазылган Гурван-Мандал жазма эстелиги. Женгиз Алйылмаз бул жазма эстеликтин экинчи сабын “Энлүк Кыз Кыргыз Чак” деп окуган. Башкача айтканда, аталган жазма эстеликте кыргыз сөзүнүн бар экендигин тастыктаган (Alyılmaz, 2013: 15). Биздин оюбузча, бул бир киши аты. Күбө болгонубуздай, бул антропонимдин курамында кыргыз сөзү орун алып, этноантропоним компоненти, башкача айтканда, кайсы элден экендигин чагылдырган сөз катары милдет аткарган. Андан сырткары каралып жаткан жазма эстелик жайгашкан таштын бетинде кыргыз тамгалары орун алган. Мындан сырткары бул жазма эстеликте Алтай жазма эстеликтеринен Ябоган (А 84) жазма эстелигинде да орун алган “Ак ат алтун эдерлиг (Ак боз ат алтын ээрдүү)” сөз айкашы учурап, кыргыздар менен байланыштуу экендигин көрсөтөт (Усеев, 2023а: 16).

Гурван-Мандал II жазма эстелигинде кыргыз этноними úXRiq түрүндө жазылган. Бул тамгалар кыргыз (qïrgïz) деп окулат. Күбө болгонубуздай, бул жазма эстеликтеги кыргыз этноними байыркы түрк (битиг) жазуусу менен жазылган башка жазма эстеликтерден айырмаланып, азыркы учурдагы тыбыштык турпатына окшош жазылган. Тагыраак айтканда, бөлөк тексттерде сөз ичиндеги к тыбышы баштапкы формасындагыдай каткалаң к тыбышы болсо, бул жазма эстеликте жумшак г тыбышына өтүп кеткен. Бул ошол мезгилдеги кыргыздардын жергиликтүү диалектилик өзгөчөлүгү болушу ыктымал. Анткени Энесай жазма эстеликтеринде прогрессивдүү ассимиляциянын жыйынтыгында сөз башындагы жана ичиндеги каткалаң к тыбышынын жумшак г тыбышына өтүп кетиши учурайт:

кейик (Е 28, 9) – гейик (Е 41, 7);

элимке (мамлекетиме) (Е 7, 3), йашымка (жашымда) (Е 3, 4), бегимке (бегиме) (Е 16, 2) – карамга (бодо малыма) (Е 11, 10), уйамга (туугандарымдан) (Е 15, 3) (Усеев, 2023б: 77-78).

Эң кызыгы аталган жазма эстеликтеги эн тамгалардын айрымдары азыркы кыргыз урууларынын эн тамгалары катары сакталып калган. Алсак, С.М.Абрамзон менен Н.И. Гродековдун эмгетериндеги алакчын уруусунун тамгасы деп көрсөтүлгөн тамга Гурван-Мандал II жазма эстелигиндеги тамгага окшоп турат. Ошону менен бирге Н.И.Гродеков берен тамга деп көрсөткөн. Ал эми берен - бул бүркүттүн эң мыкты түрү. Башкача айтканда, тарыхый Гурван-Мандал II жазма эстелигиндеги жана 19-кылымдагы азыркы кыргыздардын алакчын уруусунун тамгасы да алгыр куш тотеми менен байланыштуу.