Моголстан мамлекети
мОГОЛСТАН
XIV к. орто чегинде Орто Азиянын чыгышында жаны мамлекет Моголстан, т. а. «моголдор өлкөсү» (түрк элдери моголдор деп монголдорду аташкан) түзүлгөн. Моголдордун эн ири уруулары түркчө да, монголчо да аталыштарын алып жүрүшкөн. Алардын ичинен дуглаттар, каңгылар, аргынуттар, баариндер, барластар, жаяа башкалар өзгөчөлөнүшкөн. Алардын баары тең эчак але түрк тилинде сүйлөшүп, түрк салттарын кабыл алышкая жана өз мекени деп Монголияны эмес, Теңир-Тоону эсентешкен. Алар ислам динин кабыл алышкан. Бул уруулардын көбү кийинчерээк «моңолдор» ж. б. аталыштар менен кыргыз элинин курамына кирген. Моголстан мамлекети чыгыштагы Бар-Көлдөн баштап батыштагы Сыр-Дарыяга чейинки аймакты ээлеген. Анын түндүк чек арасы Балхаш көлү, түштүктө Чыгыш Түркстан болгон. Мамлекеттин чыгыш чет-жакаларында кыргыздар жашаган. Моголстан мамлекетинин саясий турмушунда башкы ролду дуглат уруусунун ири феодалдары ойношкон
Алар Чыгыш Түркстанды, Фергананын бир бөлүгүн, Алайды, Ысык-Көлгө чейин бүткүл Борбордук Теңир-Тоону камтыган кеңири аймакты ээлешкен. Уруунун эң күчтүү феодалы Пуладчы болгон. Борбору Ак-Суу шаарына жайгашкан. Талас, Чүй өрөөндөрү, Ысык-Көл жана алардан түндүктөгү Балкашка чейинки аймак, чыгышта — Иртышка чейин эмир Пуладчьгаын кичүү бир тууганы Камар ад-Динге караган. Пуладчы Чынгыз хандын тукумунан болбогондуктан хандын тактысына олтура алган эмес. Ошону үчүн жашы толо элек чыңгызид Тоглук-Темирди таап алып, аны 1348-ж. хандыкка көтөрүп, анын аты менен башкарууну чечкен. Өзү хандын алдындагы жогорку бийлик болгон Улусбек деген кызматты ээлеп, аны мурастаган. Моголстандын биринчи ханы Тоглук-Темир мамлекеттик ишке шыктуу чыкты. Ал көчмөн элдер менен тил табыша алган. 1354-ж. өзү ислам динин кабыл алып, аны мамлекеттик динге айланткан. Мусулман болуу менен Тоглук-Темир бүткүл Орто Азиядагы бийликке атаандашууга укук алган.
- 1360-1361-жж. Тоглук-Темир Мавераннахрга жортуул жасайт. (Мавераннахр — арабча «дарыянын өйүзүндөгү жер», Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыянын ортосунда жайгашкан жер). Акыркы жортуулда моголдордун аскер күчү Сыр-Дарыяны кечип өтүп Кундузга чейин жетишип, олуттуу каршылыкты жолуктурушкан эмес. Тоглук-Темир Самаркандга өзүнүн уулу Илияс-Кожону наместник кылып калтырып, өзү чон олжо менен Моголстанга кайткан. Моголдор Мавераннахрда талоончулук, каракчылык иштерин жасашкан. Аларга каршы элдик көтөрүлүштөр башталып, ага кээ бир жергиликтүү феодалдар да кошулушкан. Илияс-Кожонун абалы өтө оор болгон.
1364-ж. Тоглук-Темир ооруп өлөт. Мавераннахрдын аскерлеринин башында Хусейин жана Темир деген эмирлер турган. Темир учурунда Тоглук-Темирден көп жакшылык көргөн, ошону үчүн көтөрүлүпгчүлөр тарабынан туткунга түшкөн Илияс-Кожону бошотуп, Моголстанга жөнөтүп жиберген. Илияс-Кожо Моголстандын ханы болгондон кийин атасынын тышкы саясатын улантып, Мавераннахрды басып алууну чечет.
1365-ж. моголдор Мавераннахрдын Эмир Темир башында турган аскери менен Ташкенттин жанында беттешет, Салгылашуу учурунда катуу бороон, нөшөрлөнгөн жаан башталат. Жоокерлер улуган бороондон буйрукту укпай, көз ачырбаган жаандан улам бирин-бири ажырата албай ылайда кармашты. Акыры Эмир Темирдин аскерлери качып жөнөйт. Баш аламан качып баратканда көпчүлүк кишилер ылайда тепселнп өлөт. ♦Баткак салгылашуусу» деп аталган бул салгылашууда он миңге жакын адам өлгөн. Жеңишке ээ болгон моголдор Самаркандга жакын келишип, аны курчоого алышкан. Эмирлер Темир жана Хусейин шаарды таштап качып кетишкен. Коргоосуз калган Самарканддын калкы шаарды коргоону өз колуна алышат. Аны баскынчыларга багынууну каалабаган карапайым адамдар жетектеген. Коргоочулар шаарга кирүүчү негизги жолдон башкаларынын баарын казышьш, айланта тосмолошкон. Моголдордун атчандары тар көчө менен жыльш киргенде аларга жебелер, таштар, таяктар мөндүрдөй жааган. Моголдор шаарды алалбай көпчүлүк кишисинен ажыраган.
- Ошондон улам Илияс-Кожо аскерин Моголстанга алып кетүүгө мажбур болгон. Алар кеткенден кийин эмирлер Темир менен Хусейин Самаркандга келишип, өздөрүнүн бийликтерин чыңдаш үчүн шаарды коргоочулардын жетекчилерин өлтүрүшкөн. Ошентип, жоону карапайым элдер жецгени менен анын жемиштерин феодалдар пайдаланышкан. Илияс-Кожонун жеңилип келиши Моголстандын ирн феодалдарын нааразы кылган. Дуглат уруусунун эмири Камар ад-Дин Илияс-Кожону үй-бүлөсү менен өлтүрүп салат. Ошондон кийин Моголстанда узакка созулган ич ара согуш башталып, мамлекет начарлаган
Амир темирдин моголстанга жасаган жортуулдары
1371-72-жылдары эмир Темир могол эмирлеринин жортуулдарына жооп иретинде жана аларды жазалоо үчүн чыгышты көздөй Моголстанга аттанган. Ал Фергана, Өзгөн аймактары аркылуу өтүп, Кара-Кожого чейинки Моголстанга тиешелъъ ээликтерди бътъндёй өзүнё багындырган.
Мухаммад Хайдардын пикирине Караганда Моголстанга болгон алгачкы жортуулга эмир Тимур жеке өзү катышкан эмес. Ал Мавераннахр жерлерине кол салуусун токтотпогон кереит Өзбек-Тимурду жазалоо үчүн аскерлерин жөнөтүп гана тим болгон. Эмир Темирдин ал аскерлери Алмалыктын (Алмалык — Жети-Суу аймагындагы орто кылымга таандык шаар. Кийинчерээк Чыңгыс-хандын экинчи уулу Чагатайга баш ийген улустун жана Моголстан мамлекетинин ордо калаасы да болуп турган. Ушул шаарда 628-х.ж./1230-1231-жылдары тарыхчы Жамал Карши туулган. Ички жана тышкы саясий күрөштөрдөн болжол менен XVI кылымдын орто ченинде Алмалык саясий борбор жана шаар катары маанисин жоготкон чегине чейин жетип барып, кайра артка кайтышкан. Темир тарыхнаамачылары (Шами, Йезди, Самарканди) анын жортуулдарынын ийгиликтерин бир жактуу сүрөттөшүп, кыйла эле апыртып жазышкан. Анткени ал учурда эмир Темир Турпанга чейин жеткен эмес. Темирдин жортуулу Моголстандын тъштък-батыш аймактарына жана Кочкор өрөөнүнө чейин гана жеткен. Эмир Темир Моголстандын бир вилайетин багындырып, өз эрки менен анын бийлигин таанууга макул болгон Урунг-Тимурду ошол вилайеттеги өзүнүн өкүлү катары калтырган. Мындан көп узабай эле, эмир Темир тарабынан дайындалган могол башкаруучусу Кепек-Тимур кетерулуш чыгарган. Бул көтөрүлүштү басуу үчүн эмир Темир Бахрам-жалаир жана Аббас-Бахадыр баш болгон аскерлерин жөнөткөн. Моголстанга бара жаткан жолдо жүз башы Тезекчи баш болгон аскелердин арасында эмир Бахрамга каршы козголоң уюштурулат. Муну алдын-ала сезип калган эмир Бахадыр жана башка аскер башчылары жүз башы Тезекчиге шек алдырбай коопсуздук чараларын алдын-ала көрүп коюшат. Тимур аскерлери менен Кепек-Тимурдун аскерлери бизге белгисиз болгон бир дарыянын жээгинде беттешип, бирин-бири жеңе алышпай элдешүүгө мажбур болушат. Эмир Темирдин аскерлери кайра артына кайткан жолунда эмир Бахадыр көтөрүлүшчүлөрдү жазалап, кай бирлерин өлүм жазасына тартат.
Эмир Бахадырдын Кепек-Тимур менен элдешип келгенинен кабардар болгон эмир Темир ачуусу келип Моголстанга каршы өзу аттанат. Ал Сакиз-Йагач (кийинки тарыхый булактардагы Тараз шаарынын аты) деген жерлерге чейин жетип барган. Бул ирет Кепек-Тимур душмандарынын жакын келип калгандыгын эшитип, түндүк-чыгыш Моголстандын түпкүрүнө кире качкан. Темир аскерлери көп олжого марып, көп сандагы туткундарды алып кайра артына тартышкан.
Окумуштуу К.А. Пищулинанын, эмир Темир алгач ирет Моголстанды талап-тоноо жана чалгындоо иретинде гана барган деген пикирине толук кошулууга болот.Темир тарыхчылары Шараф ад-Дин Али Йезди жана Фасих Хавафилердин берген маалыматтары боюнча эмир Темирдин жортуулдары 772/1371-1372-жылдары, ал эми Низам ад-Дин Шаминин даректери боюнча андан кийинки жылы болгон.
1375-жылы эмир Темир Моголстанга үчүнчү жолу жана бул жолу ал жакка өз бийлигин бекем орнотуу максатында барган. Ал Сайрам, Талас, Чу өрөөндёръ аркылуу Жарунка-Чарын (В.В. Бартольддун «Жети-Суу тарыхынын очерктеринде» Чарын деп берилген) деген жерге чейин жеткен. Ал жерден Темир чалгындоо максатында бир жоокерин жөнөткөн. Чалгынчыдан, «...Камар ад-Дин аскерлери менен Көк-Дөбө деген жерде эч нерседен капары жок, беймарал Кожобек деген адамын кутуп жатат» деген маалыматты алышкан. Эмир Темир элдешкис душманына капысынан сокку уруу үчүн, аскерлеринин алдьңкы бөлүгүн тезинен согушка кирүүсүн буюрган. Жоонун жакын келип калганынан кабардар болгон эмир Камар ад-Дин тездик менен Барка-йи Гуриан деген үч дарыянын артындагы оңой менен адам өтө алгыс татаал жерге чегинип, душманынын жолун бөгөөгө үлгүргөн. Камар ад-Диндин мындай бекинүүсүнө карабастан эмирзаада Жахангир көп сандагы аскерлери менен Камар ад-Диндин маңдай тушуна келип токтогон да, жаанын жебелерин Камар ад-Динди көздөй жамгырдай жаадырган. Муну көрүп жүрөгү оозуна капталган Камар ад-Дин качууга аргасыз болгон. Могол эмиринин артынан эмир Дауд, эмир Хусайн жана Учкара-Бахадур кууп жөнөшкөн. Эмир Темир эмирзаада Жахангирге Камар ад-Динди таап туткунга алышын тапшырып, өзү Байтак (Пайтак) деген жерге келип, бир-бир жарым айча тыныгуу алып токтогон. Бул мезгилде Жахангир Уч-Парманды талкалап, Теңир-Тоонун тоолоруна жашырынган Камар ад-Диндин артынан сая түшүп кууп жүрүп олтурган. Бирок, Камар ад-Дин изин суутуп таптырбай кеткен. Ошондой болсо да, Жахангир эмир Камар ад-Диндин агасы Шамс ад-Диндин аялы Буян-аганы жана анын кызы Дилшад-аганы туткундап алган
Бул окуядан кабардар болгон эмир Темир Кара-Касмак деген жерге келип, Жахангир менен ошол жерден кездешет. Андан ары алар Атбашка жана Арпа-Жазыга барып токтошкон. Ал жерден эмир Темир уулу Жахангир тарабынан туткунга алынган эмир Шамс ад-Диндин кызы Дилшад-ага менен никеге турган. Темир тарыхчыларынын айтымында могол эмирлеринин бири меркит уруусунан чыккан Мубарек-Шах Темирдин алдынан шаан-шөкөт менен тосуп чыккан. Бул маалымат дагы бир жолу Моголстандын бытырандылыгын жана баардык эле уруулардын Камар ад-Динге баш ийип, бийлигин тааныбагандыгын айгинелейт. Эмир Темир Арпадан чыгып, Өзгөн аркылуу Самарканга кайтып келген]. Жогоруда айтылгандай, Темир бул жолу да Моголстанды баш ийдирип, аны Мавераннахр менен кошууга чамасы келген эмес.
Биздин көз карашыбызда Моголстанды биротоло баш ийдирүүгө арналган бул ийгиликсиз жана эч натыйжа бербеген жортуулдардын себеби мында болсо керек: «Эмир Темир жортуулдаган Моголстандын борбордук бөлүгү болгон Жети-Суу жана Тенир-Тоо аймактарын жалпы-жонунан алганда мал чарбачылык менен оокат кылып, тиричилик кылган көчмөн уруулар мекендешкен. Бул аймакка эмир Тимур басып кирген учурда бул уруулар Теңир-Тоонун адам жете алгыс тоо-токойлоруна көчүп кетип турушкан. Тимур аскерлери бул аймактан кеткен учурда ал уруулар кайрадан өз жайларына көчүп келип жайланышып, тиричилигин андан ары уланта беришкен. Бул көрүнүш мезгил-мезгили менен Темир аскерлери Моголстанга басып кирген учурда кайрадан кайталанып, учуру келгенде мурдагы өз калыбына келип турган.
Ошентип, эмир Темирдин өмүрүнүн акырына чейин мурдагы Чагатай улусунун чыгыш бөлүгүн баш ийдирүүгө кылган далаалаты текке кеткен.
1376-жылы эмир Темир Хорезмге аттанаар алдында, башында Сары-Бугу, Адил-Шах, Кытай-Бахадур жана Илчи-Бугу турган саны 30 миңге жеткен аскерлерин Камар ад-Динге каршы Моголстанга жөнөткөн[15]. Бирок, эмир Темир Хорезмге кеткенден кийин аймак бийликсиз калгандыгынан пайдаланган Адил-шах менен Сары-Бугу козголоң уюштурушуп, аскер башчылары Кытай-Бахадыр менен Илчи-Бугуну туткунга алышат. Бул эмирлер уруулаштарынын жана жалаирлер менен кыпчактардын колдоосунун аркасында Самарканды камалоого алышкан. Бул тууралуу кабарды уккандан кийин эмир Темир шашылыш түрдө уулу Жахангирди көтөрүлүшчүлөрдъ жазалоо үчүн аттандырган. Эмирзаада Жахангир козголончуларды Кермен деген жерде тосуп алып, таш-талканын чыгарган. Козголоь башчылары Адил-шах менен Сары-Бугу өзбек вилайетине кире качышып, Ак-Ордо ханы Урустун ээлигинен баш паанек алышкан. Бирок, ал жерден аны менен дагы тил табыша алышпай Камар ад-Динге келишип, аны кайрадан эмир Темирге каршы тукура башташкан
Белгилүү болгондой, 1380-жылдын акырында Моголстанда өз алдынча болгон бир катар түрк-моңгол элдеринин (арасында кыргыздардын) ээликтери пайда боло баштаган. Арасында булгаачын, баарын, арканут, меркит жана башка уруулар болгон. Алардын бири арканут уруусунан чыккан эмир Кожобектин жээни Эңге-Төрө болгон. Ал акырындык менен Моголстандагы саясий аренага чыга баштаган.
1387-жылы Эңге-Төрө 20 миң аскери менен Сайрам жана Ташкен аркылуу Ферганага басып кирген. Фергана башкаруучусу Омор-Шайык алардын алдынан аскерлери менен каршы тосуп чыккан. Алар Ахсикент дарыясынын жээгинен (Низам ад-Дин Шами боюнча Аксай, Натанзи боюнча Сыр-Дарыя) кезигишкен да, бири бирине каршы согушка батынып кирише алышпай узакка чейин туруп калышкан. Бир күнү түнкүсүн Эңге-Төрө 20 миңге жакын аскерин турган жерине калтырып, аларга көп жерге от жагууларын буюруп, өзү калган аскерлери менен бирге дарыянын жогору жагы менен айланып өтүп келип, душманына капысынан кол салган.
Омор-Шайык артка чегинип, Өзгөн чебине (Йезди боюнча Анжыян) бекинген. Эңге-Төрө чепти көпкө чейин камалап турган да, Самаркандан ага каршы аскер келе жатканын эшитип, согушта чогулткан олжосун жыйнап, Моголстанды көздөй артына кайткан. Моголстандагы чыныгы бийлигинен жана ээлигинен ажыраган Камар ад-Дин, Ак-Ордонун башкаруучусу Токтомуштун жардамы менен эмир Темирге каршы күрөшүүнү көздөп Ак-Ордого келген
1388-89-жылдары эмир Темир Токтомушка каршы аттанууну ойлогон, бирок анын эмирлери менен аскер башчылары алгач Эңге-Төрө менен эсептешүүгө кеңеш беришет. Эмир Темир бул кенешти туура кабылдап, аскерлерин отузга бёлъп, чыгышты көздөй аттанган. Темирдин бул жолку жортуулу Моголстанды аябай булундурген. Анын аскерлери мамлекеттин түпкү чеги болгон Кара-Иртышка чейин кирип барышкан. Эмир Темирдин аскерлери Дашт-кыпчак аркылуу өтүп, түндүк-чыгышты көздөй бет алышкан. Алар Бөрү-Башы, Тубалык-Корук, Ур-Так, Узнак, Аткан-Сури, Туграуут, Улат-Чарлык жана Айгыр-Жал деп аталган жерлерди, ашуу, талааларды басып өтүшкөн. Айгыр-Жал аймагынан Темирдин кароолдо турган аскерлери Эңге-Төрөнун баарын урууларын издеп жүргөн миңге жакын аскери менен бетме-бет кездешип калышкан. Бул согушта могол аскерлери жеьилъъгё дуушар болуп, туткунга түшкөндөрү Эңге-Төрөнун Урунг-Йарда эч нерседен капарсыз жаткандыгын айтышкан. Эмир Темир ошол замат душманын камынтпай басып калуу үчүн аскерлерин жөнөткөн. Бирок жол көрсөтүүчү адам жолунан адашып калып, алар Сан-Чалыш, Кыян-Казы, Кек-Сал (Кел-Сал) аркылуу өтүшүп, төртүнчү күнү гана араң Ай-Акузга жетишкен. Бул жерден Тимур уулу Омор-Шайыкты душманды издөөгө жөнөтүп, өзү Кара-Тоо, Шире, Шибер-Тоо, Кой-Маарак, Кураган деген жерлерден өтүп Кара-Гучурга (Кара-Кужур) келген.
Чыгыш жазма булактарындагы маалыматтарга Караганда XIV кылымда Моголстан мамлекетинин ичинде ич ара келишпөөчүлүктөн чыккан күрөштөрдүн жана эмир Темирдин согуштук жортуулдарынын тынымсыз болуп турушуна байланыштуу, аймактагы эл болуп көрбөгөндөй жапа чеккен. Алардын бир бөлүгү согушта курман болсо, экинчи бөлүгү Темир аскерлери тарабынан туткунга алынып кулга айландырылган.
Тарыхый даректерде Теңир-Тоо аймагын мекендеген жалпы элди "моңголдор же түрк" уруулары деп бөлүшкөн эмес. Бул аймакта жашаган эл жалпы жонунан «могол» деген гана ат менен белгилүү болгон. Алардын арасында кыргыз эли да болгон.
Эмир Темирдин Моголстанга болгон жортуулдары мамлекеттин абалын начарлатып, чарбасын бүлүндүрүп, элинин санын азайтса да, Темир Моголстанды толук бойдон багындыра алган эмес. Темирдин баскынчылык жортуулуна каршы биргелешкен күрөштө Жети-Суу менен Теңир-Тоо аймагын байырлаган уруулардын ортосунда жылуу мамиле түзүлүп, бул аймактардагы түрк-моңгол урууларынын аралашуу-жуурулушуу жараянынын жүрүшүн ылдамдаткан.
Көңүл бурганыңар үчүн чоң рахмат!!!