Просмотр содержимого документа
«Монитор жөнүндө»
Иш-такта компьютеринен ноутбук эмне менен айырмаланат?
Ноутбуктар мобилдүүлүк үчүн жасалгандыктан иш-такта компьютеринен маанилүү өзгөчөлүктөрү бар. Ноутбукта бардыгы камтылган, мисалы монитор, баскычтоп, тийме тактасы (чычкан ордуна) жана динамиктер. Бул эч кандай кошумча тетиктери жок эле функионалдуу. Ноутбукту орнотуу жеңил, жана кабелдер да аз.
Ошондой эле чычканды, чоң мониторду жана башка жабдууларды байланыштыра аласыз. Бул, негизинен, сиздин ноутбукту иш-такта компьютерине бир гана айырмачылык менен айланта алат: сиз жабдууларды сууруп таштап, ноутбукту каалаган жерге ала барсаңыз болот.
Бул жерде ноутбуктун негизги айырмачылыктары.
Алардын экранын размеринде айырмачылыктары бар , дюйм менен өлчөнөт. 1 дюйм=2.54 см болуп саналат. Мисалы, төмөндөгүлөр стандарттык белги болуп эсептелет.
— Мониторы – 17”, 19”, 21”, 23”.
— Телевизоры – 32”, 43”, 49”, 50”, 55”, 65”.
— Мобильные телефоны и смартфоны – 4”, 4,5”, 5”, 5,5”.
— Ноутбуки – 13,3”, 15,6”, 17”, 19”.
Тийме тактасы: Тийме такта -бул тийүүгө сезимтал такта, ал курсорду манжаңыздын кыймылы менен башкарат.
ноутбук тийме тактасы
Батарея: Ар бир ноутбук батарея менен камсыздалган, токко сайылбай турганда ноутбукту колдонууга шарт түзөт. Сиз ноутбукту токко сайган учурда, батарея кубаттандырылат. Батареянын бар болгону капысынан электр энергиясы өчүп калса да электр энергия менен ноутбукту камсыздайт.
AC адаптер: Ноутбуктарда адатта, ар бир ноутбук үчүн жасалган өзгөчө AC адаптери болот.
ноутбук AC адаптери
Порттор: Иш-такта компьютерлеринде бар порттор ноутбуктарда да бар (мисалы USB), адатта, мейкиндикти сактап калуу үчүн порттордун саны аз. Бирок, кээ бир порттору ар түрдүү болушу мүмкүн, жана аларды колдонуу үчүн адаптерлер керек болушу мүмкүн.
Баасы: Жалпысынан айтканда ноутбуктар, иш-такта компьютерлерине караганда кымбатыраак, экөөнүн ички компоненттери бирдей болсо дагы. Эгер кээ бир ноутбуктар иш-такта компьютеринен арзан болсо, адатта алар күчтүү эмес машиналар.