Просмотр содержимого документа
«Мугалим – мѳлтүрѳгѳн булак, ѳссүн деп окуучуга билим сунат»
Мугалим – мѳлтүрѳгѳн булак, ѳссүн деп окуучуга билим сунат
Окуу-техникалык прогресс ѳсүп-ѳнүгүүдѳ. Азыркы күндѳгү оош-кыйыш заманда адамдарды аң-сезимдүүлүккѳ жана нравага тарбиялоо иши эң башкы маселелерден бири болуп саналат. Бул милдеттерди ишке ашырууда мугалимдердин алдына зор жоопкерчиликтер жүктѳлѳт. Ѳсүп келе жаткан жаш муундарды окуунун жана эмгектин сапаты үчүн, жүрүш-турушун жогорку жоопкерчиликтин духунда тарбиялоого, окуучулардын ѳзүн-ѳзү башкаруусун ѳнүктүрүп, мекенди сүйүүгѳ, улууларды. Ата-энелерди, мугалимдерди урматтоого үйрѳтүүдѳ мугалимдердин, анын ичинде абадият мугалимдеринин ролу зор. Мен “Кѳркѳм чыгармалардагы оң образдар аркылуу ѳспүрүмдѳрдү тарбиялоодо жана билим сапатын кѳтѳрүүдѳ окутуунун жаңы технологиясын пайдалануу” деген теманын үстүндѳ иш алып барып жатам.
Окутуунун жаңы технологияларына, инновациялык билим берүүнүн соңку жетишкендиктерине ылайык кыргыз адабиятын окутууну жаңы сапатка кѳтѳрүү азыркы учурдун зарыл милдети болуп саналат. Адабияттын атам замандан берки милдети техникалык ѳсүүнүн, бүткүл дүйнѳлүк компьютеризациялоонун доорунда андан бетер актуалдуу болуп, глобализация процессинде инсанды рухий жактан таза сактап калуу үчүн анын жан дүйнѳсүнѳ гумандуу идеяларды сиңирүү, эстетикалык таза кармоо кыйын да, керектүү да зарылдык болуп отурат. Адабият сабагынын багыты отурат. Адабият сабагынын багыты мына ошол түбѳлүктүү озуйпасын орундоого ар дайым багытталууга тийиш.
Анткени алар жаш жеткинчектердин рухий байлыгынын зергерлери эмеспи.
Балдар тарбиялоо турмуштук кеңири тажрыйбаны билимди жана талантты талап кылган улуу иш. Бул иште кѳркѳм чыгарманын кудурети менен окуучуну турмуштун кең дүйѳсүнѳ “жетелеп кирүу” мугалимдин ыйык парзы жана милдети.
Балдар кѳркѳм чыгармалар менен таанышкандан кийин жѳн гана андан эстетикалык рахат албастан, адам менен коом ортосундагы байланышты тереңирээк түшүнүп, ѳздѳрүн курчаган айлана-чѳйрѳгѳ сын кѳз менен караганды үйрѳнүшѳт.
Ооба, мугалим ардактуу да, сыймыктуу да, татаал да, жоопкерчиликтүү кесип.
Мугалим ар бир сааты тынымсыз методикалык колдонмолорду пайдаланууну талап кылат. Ошондуктан, ѳз билимин жогорулатууда газета-журналдарды, методикалык колдонмолорду окуп турууну талап кылат.
Мугалим болуш үчүн ѳз кесибин жан дили менен сүйүү кереку. Ошондо гана сенин алдыңда отурган жаш муундарды, ички дүйнѳсүн таза инсандарды турмушка калыптандырууга ѳбѳлгѳ түзүүгѳ кѳмѳктѳшѳсүң.
Ар бир баланын жан дүйнѳсүндѳгү сырды ача билүү жана алар менен тил табышуу эң негизги милдет болуп саналат.