Мугалимдердин кесиптик майрамына арналган “Мугалим – билим ачкычы” аттуу салтанаттуу кечени сценарийи.
Даярдаган: окууучу Г.А. Айтмаматова
1.Алып баруучу (Перизат):
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын бирден-бир маанилүү тармагы, билим берүү системасы экенин эске алып, ошондой эле билим берүү жана тарбия жумушчуларынын маанилүү ролун эстен чыгарбай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-февралындагы №36 Токтому аркылуу "Октябрь айынын биринчи жекшемби күнү" - жыл сайын мугалимдердин кесиптик майрамын белгилөө күнү деп кабыл алынган.
2.Студент (Назми жай музыканын коштоосунда көркөм айтат):
Мугалим... кандай гана ардактуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак, баёо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан.
3.Студент (Майрам жай музыканын коштоосунда орус тилинде көркөм айтат):
Кто такой учитель? Прежде всего, это человек, дающий нам знания. Но первый большой шаг в серьёзную жизнь мы делаем в колледже или в университете, в этом помогает нам учителя.
Учитель - это такое волшебное слово! Они помогают нам всем достигать цели и любят нас всех одинакова.
4.Алып баруучу (Перизат):
Ооба, мугалим күндөй тийсе чачырап, студенти гүл сыяктуу бажырайып ачылат. Анда эмесе, бүгүнкү мугалимдердин кесиптик майрамына арналган “Мугалим – билим ачкычы” аттуу салтанаттуу кечени ачып берүү үчүн, сөздү педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Турдубаева Бариса Майлыевнага берели.
( Куттуктоо сөзү. Ректор сүйлөйт.)
5. Студенттер “Мугалим жөнүндө” ар түрдүү тилде көркөм текст, ырларды айтышат.
Жайнагүл:
Жашоого жол көрсөтүп багыт берген,
Талыкпас акыл, эмгек, сөзү менен.
Билимден бийиктикти урмат, сыйды,
Табышкан ак эмгектен, маңдай терден.
Арууке:
Терметип билимине алтын бешик,
Келгин деп канчаларга ачып эшик.
Үйрөтөөр бул дүйнөнүн көп сырларын,
Ушундай бийик татаал мугалимдик кесип.
Салтанат:
Спасибо тем, кто нас ведёт к познанью,
Кто выбрал путь нелёгкий из дорог.
Спасибо тем, кто гордо носит званье:
Учитель, воспитатель, педагог.
Бекзат:
干,温泉,和教师
老师不仅是美丽的,柏树。
教师摆脱更多的光线
老师曾经训诂。
Котормосу: (Мугалим суусу соолбос кайнар булак,
Мугалим сулуу гана арча дарак.
Мугалим жарык нурун кенен чачкан,
Мугалим кылымдарга өчпөс чырак.)
Назми:
Only a good teacher can guide, hope, inspire, and ignite your imaginations and enlighten you. Thank you teacher for making us what you are today. Happy Teacher's Day!!!
Котормосу: (Только хороший учитель может направлять, надеяться, вдохновлять, разжигать ваше воображение и просвещать вас. Спасибо, учитель, что сделал нас такими, какие вы есть сегодня. С Днем учителя!!!)
6. Студенттер ( “Мугалим ким?” ырын көркөм айтышат)
Перизат:
Мугалим ким, ал биз өңдүү адамбы?
Кантип алар өзгөртүшөт заманды?
Ал улуу жан, адамдардын адамы,
Жакшылыкка арышталат кадамы.
Мээрим:
Кеч киргиче колледжинен чыкпайбы?
Айтчы мугалим үйгө барса уктайбы?
Сабак калса капчыгына күч келет,
Уктаса да студентти түш көрөт.
Айжан:
Чарчабайбы ызы-чуудан,студенттен?
Үйгө барып иш кылабы ал мугалим?
Мектепти да, үйдү дагы ардактайт,
Мекен жүгү аны эч качан чарчатпайт.
Аксана:
Капчыгында айтчы канча теңге бар?
Чөнтөгү көп сумкасынде эмне бар?
Мугалимде болбойт акча сүймөй адаттар,
Сумкасында калемсап, китеп, барак бар.
Алып баруучу: (Жыйынтыктоочу сөз)
Урматтуу мугалимдер! Сиздердин ар бир айткан сөздөрүңүздөрдү, кеңештериңиздерди жашообузда туу тутабыз! (“Туу тутабыз!” хор айтылат).
Ал эми сиздердин жашооңуздардын ар бир күнү бүгүнкүдөй майрамдык маанайда өтүүсүн каалайбыз.
ТААЗИМ СИЗГЕ МУГАЛИМ!
(хор, ийилүү менен айтылат.)