| № | Аткарылуучу иштин мазмуну | Мөөнөтү | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжалар |
| 1 | Окуу жылында аткарылуучу иш план менен таанышуу | Сентябрь | Иш пландар | Иш пландар кандай түзүлөт, параметрлери менен таанышат |
| 2 | Календардык жана күнүмдүк пландарды түзүү жөнүндө маалымат | Сентябрь | Календардык пландар, конспект пландар | Календарлык план түзүлөт, конспект план жазуу боюнча үйрөнөт |
| 3 | Коллективде мугалимдин орду, педагогикалык кызматташуу жөнүндө | Сентябрь | Мугалимдин статусу ж.б мыйзамдар | Жүрүм турум эрежелерин үйрөнөт |
| 4 | Мугалимдин журнал, күндөлүк, дептер менен иш жүргүзүү | Сентябрь | Журнал, күндөлүк, айланма дептерлер | Журнал менен иштөөнү, күндөлүк план жазууну, дептер текшерүүнү үйрөнөт |
| 5 | Сабак өтүүдөгү мугалимдин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жөнүндө сунуштар | Октябрь | Өз билимин өркүндөтүү боюнча маалыматтар | Сунуштар айтылып, методикалык жардам берилет |
| 6 | Насаатчынын сабактарына катышуу жана анализ берүүнүн жолдору | Октябрь | Анализдер, сабакка катышуу дептери | Сабактарга катышып, анализ берилет, сунуштар айтылат |
| 7 | Жаш мугалимдин сабактарына катышуу жана анализ берүү жолдору | Дайыма | Анализдер | Сунуштар айтылат |
| 8 | Күндөлүк сабактардын планын түзүү сабактын максатын туура коюунун жолдору | Октябрь | Сабактардын планы | Сабактардын планын жазууда жана туура максат коюу боюнча сунуштар берилет |
| 9 | Окуучулардын дептерлерин кантип текшерүү керек баа коюу | Октябрь | Айланма дептерлер | Дептер текшерүү параметрлерин үйрөнөт |
| 10 | Окуучулар менен жекече иш алып баруу | Октябрь | Сүйлөшүү дептерлери, ж.б | Окуучуларга индивидуалдык мамиле жасоо жолдорун үйрөнөт |
| 11 | Предметтик сабактарга ийримди кантип уюштуруу керек | Октябрь | Иш план, дептерлер | Ийримдин ишин жандандыруу |
| 12 | Ийримдин дубал газетасын чыгаруу боюнча кеңеш берүү | Октябрь | Дубал гезиттер | Окуучулардын жетишкен жактарын чагылдыруу |
| 13 | Предметтик отчет жазуу чейректик жыйынтык иш аракеттер жөнүндө | Октябрь | Отчёттор, анализдер | Отчёт жазуунун параметрлерин үйрөтүү |
| 14 | Окуучулардын дептерин текшерүүнүн ыкмаларын үйрөтүү | Ноябрь | Айланма дептерлер | Дептерлерин текшерүү |
| 15 | Класста өзгөчөлөнгөн балдар менен иштөөнүн жолдору | Ноябрь | Иш чаралар | Өзгөчөлөнгөн окуучулар менен иш алып барылат |
| 16 | Сабакта колдонулуучу каражаттар (көрсөтмө курал дидактикалык материалдар ТСО) менен иштөө | Ноябрь | Акылдуу доска, телевизор, диск, флешка ж.б | ТСО менен иштөөнү жана пайдаланууну үйрөнөт |
| 17 | Окуучулардын чыгармачылык изденүүсүн өнүктүрүү | Ноябрь | Интернет булактары, гезит, журналдар | Чыгармачыл өнүгүү болот |
| 18 | Мектептин тажрыйбалуу мугалимдеринин сабактарына катышуу анализ берүүгө үйрөнүү | Декабрь | Анализдер, сабактын иштелмелери | Тажрыйба алмашуу жүрөт |
| 19 | Класстан тышкаркы иштерди кантип уюштурууну үйрөнүүсү | Декабрь | Иш чаранын сценарийи | Класстан тышкаркы иштер өткөрүлөт |
| 20 | Насаатчынын класстан тышкаркы ишин көрүү | Февраль | Иш чаралардын планы | Тажрыйба алмашат |
| 21 | Жаш адистин класстан тышкаркы ишти уюштуруусу | Февраль | Иш чаралардын планы | Жардам берип, уюштуруу |
| 22 | Окуучулар менен жекече иштөөнүн негиздери | Февраль | Иш пландар | Индивидуалдык мамиле жасоону үйрөнөт |
| 23 | Жаш адистин ийрим иштерин анализдөө | Март | Ийримдин планы жана анализдер | Ийримдин ишинин жыйынтыгы чыгарылат |
| 24 | Жаш мугалимдин өз билимин өркүндөтүү боюнча жасаган иштери | Март | Өз билимин өркүндөтүү боюнча иштер | Өз билимин өркүндөтүү боюнча иштердин жыйынтыгы чыгат |
| 25 | Жаш мугалимдин сабактарына катышуу жана анализ берүү | Март | Анализдер, сабактын планы | Өз ара сабакка катышуунун анализи |
| 26 | Жаш мугалимдин сабакта колдонулган көрсөтмө курал дидактикалык материалдарына анализ | Май | Дидактикалык материалдар ж.б | Колдо жасалган көрсөтмө куралдар |
| 27 | Жаш мугалимдин окуучуларынын билим сапатына анализ | Май | Отчёттор | Билим сапаты боюнча анализ берилет, отчёт чыгарылат |
| 28 | Окуу жылын аяктоо аткарылган иштер боюнча маалымат берүү | Май | Анализдер, милдеттер | Окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылат |