Ф. А. А. ______________________________
№ | Суроолор | Жооптор |
| Маринанын атасынын беш кызы бар: Леля, Лёля, Лиля, Люля жана … Эң кичинекей, бешинчи кызынын аты ким? | |
| Электричка түндүктөн түштүктү көздөй баратат. Шамал түштүктөн түндүктү көздөй болуп жатса, анда түтүнү кайсы багытты көздөй урат? | |
| Бул адам мага эже да, ага да эмес, бирок бул бала-менин ата-энемдин баласы. Бул ким? | |
| Археолог:«Иссус Христос туулганга чейин 49 жыл»-деп жазылган тыйын тапкандыгын тастыктайт. Ага ишенүүгө болобу? Эмне үчүн? | |
| 30 санын ½ ге бөл жана 10ду кош. Канча пайда болот? | |
| Кээ бир айларда 30 күн, кээ биринде 31 күн бар. Канча айда 28 күн бар. | |
| Сен мага баласың, бирок мен сага ата эмесмин. Бул сөздү ким айткан? | |
| Түнкү күзөттө турган кароолчу күндүзү өлсө, пенсия алабы? | |
| Англияда 7-ноябрь барбы? | |
| Римдин ортосунда эмне бар? | |
| 2 + 2 x 2 =... жообу канча болот? | |
| Бишкек «Б» тамгасы менен башталып жазылып, ал эми аягы «а» бы? | |
| Талаада кыздар чуркап баратышат. Бирөө экөөнүн алдында, бирөө экөөнүн артында, бирөө экөөнүн ортосунда. Канча кыз чуркап баратышат? | |
| Элестет, сен автобустун айдоочусусуң. Сыртта жамгыр жаап жатат. Биринчи аялдамадан автобуска 7 адам кирди, экинчиден 2 адам кирип, 3 адам чыкты, кийинкиден 2 адам чыгып, 1 адам кирди. Андан кийин 4 адам кирип, 2 адам чыкты. Айдоочунун аты ким жана автобустун номери кандай? | |
| Сен чуркоо боюнча жарышка катышып жатасың. Сен экинчи бараткан адамды ашып өттүң. Сен эми канчанчы орунда баратасың? | |
| Монастырдын эшигинин астында монахина бир эркек менен өбүшүп жатканын көрүшүп, аны башкаруучуга алып барышат. Монахина:- «Бул кишинин апасы-менин апамдын кайненеси»-дептир. Ал адам ким болот? | |
| Бир айылдын жолунда жыйырма тонналуу таш жатат жана эртең менен эрте короз кыйкырганда ал кыймылдайт. Сен ушуга ишенесиңби? | |
| Врач сага 3 таблетка берип, ар бир жарым саатта ичүү керектигин айтты. Бардык таблетканы канча убакытта ичип бүтөсүң? | |
| 10 санынан 1 ди канча жолу кемитүүгө болот? | |
| Аялы жана күйөөсү дача салууга камданып жатышат. Баары эмнеден башталат? | |
| Кайсы жырткыч жаныбар 5 кабаттуу үйдөн бийик секирет? | |
| Мен сага өзүмдүн колдорумду корсотуп турам, мында 10 манжа бар. 10 колдо канча манжа бар? | |
| Ачка болуп турганда канча жумуртка жегенге болот? | |
| Решеткага сууну кантип көтөрөбүз? | |
| Кимдин алдында бардыгы баш кийимин алууга милдеттүү? | |
| Ат талаада тынч турган. Көз ачып жумганча эле көздөн кайым болуп жок болуп кетти. Эмне болду? | |
| 7 жер казган адам 7 чуңкурду 7 күндө бүтөт. 1 жер казгыч жарым чуңкурду канча күндө бүтөт? | |
| Түндүк уюлдан батышты көздөй 3333 км алыстыкта кайсы шаар жайгашкан? | |
| Шаардын 10% жашоочуларынын телефону жашыруун номерге ээ. Телефон справочнигинен 100 адамдын номерин наугад тергенде алардын канчоосу жашыруун номерге ээ экен? | |
| Ак аюулар эмне үчүн пингвинди жебейт? | |
| Эверест табылганга чейин дүйнөдөгү эң бийик чоку кайсы болгон? | |
| Мен конокко чакырылган адаммын. Ал жерден өтө сейрек кездешкен саат тагынган адам менен жолугуштум. Ал саат уурдалган экендигин мен кайдан билдим? | |
| Эгер Сагындын салмагы 40 кг жана салмагынын жарымына барабар болсо, салмагы канча кг болот? | |
| Түндүк уюлдун деңизинде 50 ар түрдүү жаныбарлар сууга түшүп жатышат. Биринчи 10 тюллень, анын артынан 10 морж, алардын артынан 10 кит жана 10 ак аюу сүзүп келишти. Пингвиндер канчоо болгон? | |
| Кармалган балыктын баш бөлүгү 5 см. Куйругунун узундугу баш бөлүгүнүн узундугу жана денесинин узундугунун суммасына, ал эми денеси баш бөлүгү менен куйругунун узундугунун кошконго барабар. Балыктын узундугу канчага барабар? | |
| Күн менен түндүн эмне окшоштуктары бар? | |
| Эмне үчүн Ленин ак түстөгү ийин кур колдонгон? | |
| Сагызган бир мүнөттө канча кадам жасайт? | |
| Шымдын жыртык чөнтөгүндө абадан башка эмне болот? | |
| Лифти бар кабат үйдүн 2-кабатында тиш догдур, 3-кабатында адвокат, 4-кабатында сойку- адамдарды кабыл алышат. Лифттин кайсы баскычы көп басылат? | |
| 10 дукатту 1 кг салмактагы алтын тыйын оорбу, же 20 дукатту жарым кг алтын тыйын оорбу? | |
| Макс эч качан жалган айтпайт, ал эми Стас эч убакта чындыкты айтпайт. Алардын бирөө экинчисинин аты Макс экендигин айтты. Муну ким айтышы мүмкүн? | |
| Австралия ачылганга чейинки жер жүзүндөгү эң чоң арал кайсы эле? | |