Просмотр содержимого документа
«Мугалимдер жана окуучулар үчүн интеллектуалдык-логикалык 10 суроо-жооптор топтому III»
КАПИТАНДАР ТАЙМА ШЫ
10 СУРОО
КАПИТАНДАРГА ИГИЛИК!
@bіlermandar_оffcіal
@bіlerman_оrdо
1 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Кээ бир тамашакөй адамдар Россиянын президенттери болгон Борис Николаевич Ельцин, Владимир Владимирович Путин, Дмитрий Анатольевич Медведевдердин сырткы көрүнүшү, бойлоруна маани беришкен абалда аларга төмөндөгүдөй мүнөздөмө беришет: “Айрым учурларда ушундай бир пикирлер жаралат, аларды кудум эле Х ти иштеп чыгаруучулар шайлашкан деген ой келет адамга”. Суроо: Х эмне экендигин айтыңыздар?
1 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Матрёшка
2 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Фарида Афруздан үч катар ыр:
Бүгүн мага эмнедир болду,
Ушунчалык жеңилмин,
Жада калса, ……. жок. Суроо: бош калган орундукту бир сөз менен толуктаңыздар?
2 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
КӨЛӨКӨ
3 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
XV кылымда англиялык айымдардын кызыктай ырым-жырымы болгон. Ага көрө эгерде нан тетири оодарылып калса, анда аны тездик менен оңунан коюуга шашылышкан. Суроо: бул аялдардын күйөөлөрү кимдер экендигин айтыңыздар?
3 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Деңизчилер. Сапарда жүргөн күйөөлөрүнүн кемелери оодарылып кетпөөсү үчүн алар жогорудагы ырым-жырымды пайдаланышкан.
4 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Кытай иероглифинде бир бутак даракты, эки бутак токойду билдирет. Суроо: ал эми үч бутак эмнени билдирет?
4 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Чытырман токой (жунгли)
5 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Эгерде жөргөмүш өз желесинин ортосунда эч кыймылдабастан турса, мал күндүз мүдүрүлсө, мышык оролуп жатып алса, тооктор дарактын бийигирээк жерине чыгып канаттарын тазаласа, чабалекейлер төмөнүрөөк учса, демек, жакын арада айлана-чөйрөдө бир өзгөрүш болот. Суроо: кандай өзгөрүш?
5 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Жамгыр жаайт
6 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Иьля Репин өзү туулуп өскөн айылы тууралуу жазып жатып, ошол мезгилдердеги үйлөр бири-бирине өтө окшош болгондугун эстейт. Ал тамаша катарында, жада калса, АЛАР да бул үйлөрдү айырмалоодо көп адашкандыгын белгилейт. Суроо: АЛАР дегенде Илья Репин кимдерди назарда туткан?
6 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Почта кызматкерлерин
7 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Тамашалуу суроо!
Апенди армияда аскерлерге командир болуп калат. Ал аскерлерге кайрылат: “Жолдоштор, азырынча бул жерди, дагы бул жер, анан бул жерди терең кылып казып турасыңар. А мен болсо барып ……… билип келемин”. Суроо: Апенди эмнени билип келмекке жөнөп жатат?
7 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Анык кайсыл жерди казуу керек экендигин
8 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
1634-жылда болгон өрттүн натыйжада орус падышасы Михаил мындай адамдар үчүн өлүм жазасын киргизүү маселесин кабыл алат. Суроо: ал кандай адамдарды өлүм жазасына тартуу керек экендигин айткан?
8 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Чылым чеккен адамдарды. Себеби ал өрт дал ошол чылымдын кесепетинен болгон эле
9 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Атактуу саясатчы Отто Фон Бисмарк төмөндөгүдөй учкул сөз айткан: «Адамдар уудан кайтканда, саякаттан кайтканда жана «ал окуядан алдын» көбүрөөк жалган сүйлөшөт». Суроо: эмнеден мурда?
9 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Шайлоодон алдын
10 -СУРОО
@bіlermandar_оffcіal
Орус адабиятында чыгармасын окууга кыйын болгон жазуучу бул – Толстой. А бирок кээ бир адамдардын ою боюнча окулушу эң кыйын болгон чыгармалар Чехов, же болбосо Вулгаковго тиешелүү экен. Суроо: бул сөздү тамашакөй адамдар айтканын эске алып, алардын жазуучулуктан сырткары дагы кандай өнөрү болгонун айтыңыздар?
10 -ЖООБУ
@bіlermandar_оffcіal
Дарыгерлик. Алардын кол жазмаларын окуу кыйынга турат
ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ!!!
ЫРАХМАТ!!!
ЫРААЗЫЧЫЛЫК!!!
@bіlermandar_оffcіal
@bіlerman_оrdо