Мугалимди кабыл алуунун критерийлери.
1-бөлүм. «Мугалим жөнүндө жалпы маалымат»
2-бөлүм. «Педагогикалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары»
3-бөлүм. «Илимий-усулдук ишмердүүлүк»
4-бөлүм. «Предмет боюнча сабактан сырткаркы ишмердүүлүк»
5-бөлүм. «Мугалимдин кураторлук иштери»
6-бөлүм. «Мугалимдин өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүн баалоонун жыйынтыктары»
7-бөлүм. «Пикирлер»
1-бөлүм. «Мугалим жөнүндө жалпы маалымат»(Резюмеси)
Логотиби
Жеке темасы, девизи.
Ф.А.А., туулган күнү, айы, жылы;
билими(кайсы окуу жайды канчанчы жылы аяктаган, диплом боюнча адистиги);
жалпы жана педагогикалык стажы, учурда иштеп жаткан мекемедеги стажы;
Квалификациясын жогорулатуу(кайсы мекемеде, эмне темада өткөн айы, күнү);
кесиптик өнүгүүнүн жеке планы;
Илимий, ардактуу наамдары жана даражалары тастыктаган документтердин көчүрмөсү;
Мамлекеттик сыйлыктары, ыраазычылык кат, грамоталар, ар түрдүү конкурстун диплом, грамоталарынын көчүрмөлөрү; ж.б. документтер.
Мугалимдин педагогикалык философиясы
2-бөлүм. «Педагогикалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары»
окуучулардын билимдерин текшерүүнүн жыйынтыктары(чейректик, жылдык жана жыл ичинде алынган срез. боюнча);
окуучуларды аттестациялоонун жыйынтыктары;
бүтүрүүчүлөрдун жогорку окуу жайынын бюджеттик негизине окууга өтүшү;
окуучулардын гимназия ичинде, райондук, шаардык, республикалык олимпиадаларга катышуусунун жыйынтыгы;
3-бөлүм. «Илимий-усулдук ишмердүүлүк"
Бул бөлүмгө төмөнкүлөр кирет:
Мугалим тарабынан тандалган окуу-усулдук адабияттар жана билим берүү программаларын негиздеген материалдар;
Мугалим тарабынан тандалып колдонулган билим берүү технологиясын негиздеген материалдар;
Мугалим тарабынан тандалып колдонулуп, практикаланып келген билим берүүнүн жыйынтыгын баалоонун педагогикалык диагностикасын негиздеген материалдар;
Мүнөзү оор окуучулар менен иштөөнүн усулдук технологиялары,
Таланттуу окуучулар менен иштөөнүн усулдук технологиялары,
Билим берүү процессинде маалымат-коммуникациялык технологияларды колдонуу материалдары;
Усулдук бирикменин ЖОЖ, шаардык билим берүү борборлору менен биргеликте иштөөсү жөнүндө материалдар;
отчеттук маалыматтар:
- Кесиптик жана чыгармачыл педагогикалык конкурстарга катышуусу(«Мыкты мугалим», «Мыкты куратор», ж.б.);
- Декада, же предметтик жумалыктарга катышуусу;
- Семинар, тегерек стол, мастер-класстарды уюштуруусу жана өткөрүүсү;
- илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүсү;
- автордук, модифицирленген программаларды иштеп чыгуусу;
- кандидаттык жана доклорлук диссертациялардын кол жазмасы;
4-бөлүм. «Предмет боюнча сабактан сырткаркы ишмердүүлүк»
Бул бөлүмгө төмөнкүлөр кирет:
чыгармачылык иштердин, реферат, изилдөөчүлүк иштер, проектер, предмет боюнча окуучулардын иштеринин тизмеси;
интелектуалдык марафон, мелдеш, конкурс, олимпиадалардын ж.б. конкурстардын женүүчүлөрүнүн тизмеси;
сабактан сырткары жүргүзүлгөн иштердин сценарийлери, өткөрүлгөн иш-чаралардын(көргөзмө, предметтик экскурция, КВН, ж.б.) сүрөттөрү жана дисктери(видеосу);
элективдик курстардын жана кружоктордун программалары;
5-бөлүм. «Мугалимдин кураторлук иштери»
Бул бөлүмгө төмөнкүлөр кирет:
классынын жетишүүсүнүн жана билим сапатынын анализи;
классындагы окуучулардын контингенти жөнүндө маалымат;
тартип бузган окуучулар жөнүндө маалымат;
ата-энелер менен иштөөсү жөнүндө маалымат;
тарбиялык сааттардын жана ата-энелер чогулушун өткөрүүнүн иштелмелери.
6-бөлүм.
«Мугалимдин өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүн баалоонун жыйынтыктары»(отчеттор)
7-бөлүм. «Пикирлер»
окуучулардын, ата-энелердин, кесиптештеринин, мектеп администрациянын пикирлери