СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалимдик -кесиппи же талантпы?

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кесип тандоо

Просмотр содержимого документа
«Мугалимдик -кесиппи же талантпы?»

Мамбеталиева Айгүл Каниметовна.

Ак - Суу районуна караштуу М. Мамакеев атындагы гимназия мектеби.

Мугалимдик - кесиппи же талантпы ?

  1. Киришүү.

  2. Негизги бөлүк.

  3. Кортунду.

Ыракатым – жандай сүйгөн кесибимди жандап жүргөн, жан дүйнөмө тартууланган талантым.

1. Изилдөөлөрдүн негизинде кандайдыр бир нерсеге муктаж болуу себептерден улам кесип пайда болгонун билебиз. Баардык кесип адамдар үчүн кызмат кылат эмеспи. Биз адамды кесиби, таланты, жөндөмү , адамгерчилиги менен тааныйбыз. Ар бирибиз кичине кезибизде « чоӊойгондо ким болсом экен» деген таттуу кыялдар менен ааламды айланып келген мезгилдер көп эле өттү го… Кесип адегенде ушинтип кыялда тандалат. Анан бара - бара чоӊойгондо түрлүү кесиптер жөнүндө кеӊири маалыматтарды чогултабыз. Кесиптин ээси болуп, аны аткарууга киришебиз.

Кесип тандоодо кесибине өзүбүздө болгон жан дүйнө байлыктарыбыз төп келбей калып өтө кыйналган учурлар кездешет. Тактап айтканда, жөндөмүбүз, шыгыбыз, талантыбыз, ден соолугубуз менен эсептешпей эле тандоого туш болуп калабыз. Мунун натыйжасында кесип ээси : «Менден эч нерсе чыкпайт экен»- деп, өзүн бактысыз сезет.

Жогоруда айткан жан дүйнө байлыктары – өзүбүздөгү өзгөчө сапаттар. Муну «тубаса талант» деп атасам жаӊылышпасмын. Энчиленип берилген бул талант өзүбүздүн кызыгуубузга жараша өзгөрөт. Мында эмгек чоӊ ролду ойнойт. Таланттын 99 пайызы эмгек. Ошондуктан кесип ээси макталат, даӊкталат. «Адам эмгеги менен барктуу»-деп бекер айтылбаган чыгар. Ушул жерде баса белгилеп кетүүчү оюм- ар бир балага кесип тандоодо туура багыт берүү өлкөнүн да, жаштардын да, келечектин да кызыкчылыгы үчүн өтө маанилүү.

2. Ал эми мугалимдик кесип байыркы доордо эле пайда болсо керек. Себеби, уруунун эӊ картаӊ адамы аларга кантип тамак таап жешти, коргонууну, сактанууну, коркунучта бири - бирине белги берүүнү, кийимди кантип тигип алууну үйрөткөн да. Ошондон бери бул барктуу кесип сый, урматтын үстүндө жашап келе жатат. Бул кесип канчалаган түмөн түйшүктү аркалап келсе да анын рахатын эч нерсеге алмаштыра албайбыз. Жашоомдо мен үчүн жаӊы барак ачылгандай сезилет. Себеби, мектептеги бир күнүм экинчи күнгө такыр окшобойт.

Быйылкы окуу жылында мектептин эӊ кичине окуучулары менен иш алып бардым. Башкача айтканда , 480 сааттык программа менен иштедим. Алгач алар менен таанышууда 25 жылдык стажым болсо да абдан корктум. Саманчиева Фатима аттуу окуучу кыз апасынын этегин уучтай кармап, класска бир ай ызы -чуу салды. Апасынын колунда эмизген кичинеси да бар. Экөө кошулганда класстын ичи өзүнчө эле бир чоӊ ызы - чуулуу үй бүлөгө айланабыз. Бара- бара апасын арткы партага, эшиктин оозуна, сырттан күттүрүп жатып көнүштүк. Ошентсе да, эстей калганда « апама чалчы» деп кыйкырып ыйлап кирет. Азыр болсо ошолордун баарын эстеп баарыбыз күлүп калабыз. Жөргөлөшүп менин мектепке келүүчү жолумду тозушуп, быйтыйган алакандарын жая кучакташып учурашканда, жан дүйнөм эзилип, рахатка балкып кетем. Бул көрүнүштөр кесибимдин бир эле үзүмүнөн.

Менин кесибим өмүр бою эмгектенүүнү талап кылат. Ошондой эле өзүӊдөгү энергияӊды бирөөгө берүүчү кесип. Бул кесиптин ээлеринин жүрөгүндөгү сүйүү мелт – калт болуп төгүлүп турууну талап кылат. Кандай болсо да токтоо, сабырдуу, тамашөкөй, тапкыч, боорукер, сезимтал сапаттар коштоп жүрүшү шарт. (Дүйшөн агай баамдагыч болбогондо, Алтынайдын жөндөмү бааланбай академик болбой калат беле ким билсин .) Азыр окуучулар мугалимдин билиминен мурда анын адамгерчилик сапатын жогору баалап жатышат. Дагы айта кетүүчү нерсе, балага өз предметибизди таӊуулай бербей талантына, шыгына, жөндөмүнө жараша тапшырма берсек иш оӊ натыйжасын берер эле.

Былтыркы окуу жылында Таалай аттуу бала коӊшү мектептен келди. Ата- энесинин көзүнчө тест алдым. 4- класстын программасы эмес тамгаларды тааныбагандыгы аныкталды. Мурдагы эжекеси көбүрөөк талап койгондугун айтышты. Талап бардык жерде бирдейлигин эскертип, өзгөчө көӊүл бурдум. Алиппе китебин алып , экөөбүз сабактан кийин окуп жаттык. Сабакты жөндөй албаса да, адамдык сапаты , эмгекти сүйүүсү эӊ жогору тураарын баамдадым. Таалай экөөбүз топоӊдошуп бат эле тил табышып кеттик.

Ал эми Акылбегимчи. Биринчи классында көз ачып, жумгуча тегерегиндегилерди уруп, согуп жиберет. Акылбек сокту, Акылбек тепти, Акылбек түртүп жиберди деген даттануулар. Айрыкча ашканага тизилип барууда «чөкө таандын балдарындай болуп» ызы-чуусуз бара албас элек. Педагогикалык, психологиялык изилдөөлөрдүн негизинде ал менин эӊ кичинекей жардамчым экенин аныктадым. Менин айткандарымды туура эмес аткарган окуучуларды башкарып, мага жардам берип жаткандагысы тура. Гүлдөрдү сугарабыз десем «мен, эжей, мен» деп тура калат. Шкафтын ичиндеги сабакка керектүү материалдарды мени менен чогу алыша коёт, эмне кайсыл жерде экенин жазбай билет. Сабактын акырында дайыма менин жанымда калат да, баарын орду-ордуна коюшуп, классты бекитип, ачкычты колума берип, бетимден өөп, коштошот.

Оз кесибин берилип сүйүп, окуучунун билимин жогорулатууга жан – дили менен аракет кылып, жада калса уктаарда да окуучусун ойлогон мугалим - бул чыныгы мугалим деп ойлойм. Мындай инсанда мугалимдик таланттын көрөӊгөсү, идеясы бар деп ойлойм. Мугалим балага ак, караны ажырата билүүнү таанытат. Билим менен оозантып, кеӊ ааламга канат жайгызат, көзүн ачып, дүйнөнү таанытат. Мен ушундай кесиптин ээси болуп калганыма эч өкүнбөйм. Тескерисинче, кесибим менен сыймыктанам, чарчап –чаалыгуудан ырахат алам, өзүмдү эӊ бактылүү сезем.

Байкашыма караганда, башталгыч класстын мугалимдеринин эмгегин көп баркташпай келишет. Балага отуз алты тамганы үйрөтүү, аларды кошуп окутуу, кат сабатсыздыгын жоюу, цифраларды таанытуу, амалдар менен иштетүү, адептүүлүккө, тазалыкка үйрөтүү, мамилешүүгө көндүрүү деги койчу мунун баарын мен эӊ чоӊ эрдик деп эсептейм. Анан ушул окуучулар эр жетип чоӊойгондо баш ийип таазим кылып турса мындан өткөн бакыт , мындан өткөн рахат барбы?

Азыркы 9-класста окуп жаткан окуучуларым да ар дайым класска келип, чейректеги баалары тууралуу баарлашып турушат. Педагогикалык кеӊештин алдында бардыгына мамлекеттик сыноого ийгилик каалап, өзүмдүн кеп-кеӊештеримди берип чыктым. Мына жакында эле мамлекеттик экзамендерин тапшырып бүтүштү. Уч окуучу артыкчылык күбөлүгүнө ээ болушту. Көпчүлүк окуучулар «4» жана «5» ке тапшырып, атайын мага келишип, ыраазычылыктарын билдирип, таазим кылаарын айтышып, мени ырахатка батырып кетишти. Бул учурда мен өзүмдү кесибимдин эӊ бактылуу адамы катары сезип, «мөмөлөрүм түшүмдүү» болгонуна ыраазы болдум.

Мен Дүйшөн агайды эӊ бактылуу кесип ээси катары баалайм. Анткени анын эмгегин баалаган академик Алтынай Сулайманова бар. Окуучуга канчалык мээрим төккөн, изденип иштеген, адамгерчиликтүү, боорукер, адамдык сапаты жогору чыгармачыл мугалимдин окуучулары да турмушта да өз жолун таап, эл керегине жараган инсан болуп чыгарына толук ишенем.

3. Бала турмушта болуп жаткан жакшы, жаман окуяларды кабыл алат. Биз болсок кабыл алган маалыматтардын жакшы жагын гана кабыл алууга үндөп, багыт берүүчү – кеӊешчисибиз, багыттоочусубуз, жардамчысыбыз.

« Учкан уям» деп окуучу айткандай мектеп – уя. Ата – эне зор ишенич менен баласын бизге тапшырат. А биз болсок аларды жан дүйнө талантыбызга , сапатыбызга жараша таптайбыз. Ушундан улам төмөнкү ыр саптары эске келет.

Бала деген ушундай,

Колуӊдагы кушуӊдай.

Таптаганга жараша,

Түшүм берет кызылдай.

Баланын жан дүйнөсүнө из салып, билимге жетелөөчү бизбиз. Ошондуктан уядагы балапандарды сапаттуу азык - заттар менен «туура» тамактандыруу биздин чоӊ милдет. « Мугалим болуудан мурда мугалим болуп төрөлүү керек», «мугалим окуп турганда гана мугалим, ал окууну токтотоор замат мугалимдик кесибинен ажырайт» деген ойго толук кошулаар элем. Анткени азыркы коомдо өзүм көп окуп, өз билимимди, интеллектимди, эрудициямды, кесиптик деӊгээлимди үзгүлтүксүз жогорулатып турбасам мектепте иштөө бир канча кыйынчылыктарды туудураарын көрүп да , сезип да жатам. Бул кыйынчылыктарды биринчиден билимим менен экинчиден жан дүйнөмө тартууланган «тубаса талантым» менен жеӊип чыгаарыма көзүм жетет.

Оюмдун аягын 2006-жылы илхом келип, жазып койгон ыр саптары менен жыйынтыктамакчымын.

Кечирчи, ата-апа!

Атакем менин аска, зоом,

Алпештеп мени өстүргөн.

Ак сүтүн берип апаке,

Алдейлеп баккан күнү-түн.

Колумдан менин чай ичип,

Сый конок болуп тураарда.

Сыркоолоп калдыӊ атаке,

Сайгылап жүрөк сыздата.

Канатым болсо жетсем не?

Кабарыӊ күндө билсем не?

Кайгырып жүрбөй күнүгө

Кашыӊда туруп келсем не?

Сапарым жакын болгондо,

Сызып жетип бармакмын.

Сүт ,каймак куйган чайыӊдан

Сырдашып ичип кайтмакмын.

Убакыт учкан куштай учат неге?

Утурлап тозуп аны турбайм неге?

Улам бир убаралуу күндөр менен

Убакыттан утулгансыйм күндө неге?

Турмуш, жашоо шашасыӊ

Кайда алып барасыӊ?

Токтотуп сени турууга

Тоодой бир күчүм кайдасыӊ?

Ойлонуп кээде таӊ калам,

КЕСИПКЕ НЕГЕ БАЙЛАНАМ?

Отурсам, турсам эсимде

Отуздан ашык садагам.

Кыйналган көзүӊөрдү,

Алыстан сезип турам.

Кечигип бара албаган

Кечиргин кызыӊарды.

Кесип- бул адамдардын

Жандап жүргөн жан шериги деп айтышат

Кечирчи! Ата-апа

Кечигип бара албасам.


























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!