СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалимдин балдардын татыктуу тарбия, билим алуусуна туртку болуучу фактор тууралуу эссе

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мугалим балдарды татыктуу окутууда талбай эмгек кылганы, изденуусу, жаны заман талабына ылайык методикаларды колдоно билуусу. 

Просмотр содержимого документа
«Мугалимдин балдардын татыктуу тарбия, билим алуусуна туртку болуучу фактор тууралуу эссе»

Мукамбетова Асель АбдылисовнаЫ

сык-Көл облусу Түп району Бирлик айылы

Бирлик жалпы орто билим берүү мектеби,


Мугалимдик-бул кесиппи же талантпы?”

Мен мугалиммин...!

Жумушту адат кылган,

Турмушту санат кылган.

Өзү эмес окуучуга,

Бийикти самап турган,

Учуруп шумкарларын,

Кайра өзү суктанып карап турган.

Күн нурун тартып көктөн,

Мээримин жаркып төккөн.

Үй –бүлө мектеп жүгүн,

Үзүрлүү тартып кеткен,

Эреркеп,кубанып да,

Эжейим деген сөзгө балкып кеткен.

Мен мугалиммин!

Деген ыр саптары менен мен адам баласынын жашоосундагы эң жөнөкөй жана кичинекей ак сүтү оозунан кете элек балапандардын экинчи энесине татыган мугалимдик кесип жөнүндө кеп салгым келет.

“Ар бир кесип ардактуу”деп айтылган жогорку улуу сөздөрду ким кана укпаган. Жарыкчылыкка келип турмуш деген чоң даңгыр жолго түшкөнү билим алып,андан ары аны ийне менен кудук казгандай чоң аракетке түшүү ар бирибиздин милдетибиз. Ооба,бир кесиптин ээси болуу аны аркалап жада калса,бир кесим нан.. бир ууч туз таап жейт экенбиз да.Бала кезде баёо кыялдарыбызга жетеленип жүрө берип,келечегин сен тандаган кесипке байланаарын,ал тургай өмүрүңдүн ар бир кадамы тандаган кесипибизге байланыштуу экенин айтпасакта ак эмеспи.Албетте”Мугалимдик – бул кесиппи же талантпы?”деген суроо эң татаал жана талаш суроолордун бири .Азыркы ааламдашкан заманда балапан кезден кыялында багып,кийин эрезеге жеткенде ошол кесипти аркаладым деген инсандыдагы кезиктирүү кыйын. Азыркы биз менен сиздин жашоо өткөрүп жаткан заманыбызда ата-эненин же болбосо ага туугандын жардамы менен кесип аркалап келе жаткандар дагы жок эмес.Ушундан улам биздин мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө шек жаралбай койбойт экен .Канткенде дагы мамлекеттин жана жаңы муундардын келечекте ак эмгеги менен кызмат кыларына үмүтүм чоң.Бул суроого жооп катары мен өз кесибим тууралуу сөз кыла турган болсом орто мектеп курагында эле мен өз эжейимди экинчи энем сыяктуу карачымын. Окуучу үчүн мугалим күзгү болоорун азыркы кезде дагы сезип туям.Анткени мен дагы ошол эжекемдин жолун жолдоп,мугалимдик кесиптин аркасынан түштүм. Мугалимдик кесипке бир гана илим-билимдин болушун аздык кылат дээр элем себеби,талаланты болбосо кайсы кесипти болбосун андан аркы мындан дагы бийик өрүштөргө чыгуу кыйын болоору талашсыз кеп.Ал эми кайсы гана кесип болбосун өзүнүн жакшы жактары менен кошо кыйынчылыктары дагы коштоп жүрөрү белгилүү эмеспи.Менин ушул кесипти аркалоомо мектептеги эжейимдин дагы кандайдыр кошумчасы бар десем болот.Ушундан улам мугалим ар бир мектеп курагындагы өспүрүмдүн тигил же бул жактан таасири тиет дейт элем.Анткени мугалим мектеп босогосуна аттагандан тартып, экинчи үйүнө келгендей болот.Мектеп босогосун аттаганда эле окуучулардын эжей деп алдыңан тосуп, кайгы жана кубанычтары менен тең бөлүшкөнү бул сенин жан дүйнөңдү козгоп ого бетер мугалимдин кесибине байлап аны сүйүүгө таасирин тийгизет .Мугалимдин таасири астында ар бир окуучу баланын тагдыры чечилерин баарыбыз билип туябыз.Агай менен эжейдин мамлесинен окуучунун жашоого болгон мамилеси өзгөрүп адамдык жакшы- жаман сапаттары калыптанат эмеспи. Ошондон улам биздин ар бир атуулубуздун кулк мүнөзү ал турсун келечеги дагы мектеп партасынан эле калыптанып өзгөрүүгө дуушар болот. Ушул жана мындан башка себептерден улам мугалим психолог дагы болуусу зарыл. Кээде окуучу ата-энесине айта албаган ички сырларын айтат мына ошондо сен мугалим эле болбостон эне дагы болосуң .Албетте,мугалим билим гана бербестен таалим-тарбия сын дагы аябайт жана түздөн-түз милдеттүү. Мектеп ичине киргенден тартып ар бир окуучунун билимине ,тарбиясына дагы мектеп жана мугалим жооп берет. Мына ушул сыяктуу ары түйшктүү,ары мээнеттүү,ары кыйын кесиптин ээси болгон мугалимдин айлык маянасы дагы арзытаарлык эмес экендигин бүгүнкү күндө эч ким жаап жашыра албайт.

Башка кесиптерде эртеден кечке чейин гана иш убактысын өткөрсө,бул кесипте эртеңки балдарга өтүүчү сабакты пландоо менен балдардын иш дептерин текшерүү менен түнкү уйкудан калуусу бар эмеспи.Бул жагдай ушул кесиптин ар бир ээсине жакшы тааныш. Дагы бир кызыгы кайсы кесипти айтпайлы жыл өткөн сайын даражасы жогорулап,маянасы кошулуп ал турсун зоболосу дагы көтөрүлөт экен. Мына ушул окшогон нерселер карапайым мугалим үчүн өөн учурайт.Анын себеби мугалим билим алып ,кесипке даярдалып жатканда эле мен окуучуга “Келечек муундарга үлгү көрсөтөмүн деген негизги максатта тарбияланып билим алат”.Мугалим ар бир окуучунун Кулк- мүнөзү менен жакшы тааныш болуп,Ал тургай анын жеке мүнөзүнө ылайык ага тапшырмаларды берет.Мектеп окуучу үчүн жагылды аны көңүлүнө жаккан чөйрөө болуусу зарыл иш .Себеби окуучуга мектеп жакпаса,ал окумак турсун баруудан дагы баш тарткан учурлар дагы жок эмес. Ошол себептен мугалим мектеп ичинде өзүнө жана өзгө лөргө жагымдуу маанай тартуулаганга аракет кылат.Кайсы гана окуучудан сага кайсы мугалим жагат? Деген суроо узатсаңыз ал тигил же бул мугалим эжесинин жагымдуу мүнөзү жагаарын айтат.Демек биздин мугалим болуубузга бир гана мугалимдик беш жылдык билимибиз аздык кылаарына тажрыйбабызда кезиктирип кабылдадык. Окуучу үчүн мугалим күзгү болоорун мен дагы практикамдан кезиктирдим.Бөтөнчө башталгыч класстарда сен энеси катары ал турсун сенин кайсыл бир кыймылдарыңда андан байкап бир чети кубанып экинчиден ошол уул- кыздын тарбиясына кедергимди тийгизип албайын деген коркунуч туулат.

Баланын толук кандуу тарбияланышына ата-эненин тарбиясы аздык кылаары талашсыз кеп.Албетте совет доорундагы тарбия берүүчүлөр менен тарбиялануучулар дагы башкача өңүттө эле .Ал кезде сыналгыларда азыркы кездеги демократиялык ачык айкын керек болсо,уялта турган берүүлөрдү көрүп жатышына жана андан кийин ал баланын жашоого болгон кабылдоосу түк тамыры менен өзгөрүп кетерине кимдин шеги бар.Азыркы ааламдашкан мезгилдин келечек муундарга кайсы бир деңгээлдеги терс гедергисин тийгизип жатканына ичиң ачышпай койбойт экен .Кандай болгондо дагы мугалим окуучунун жалпы билим алуусуна гана эмес тарбиясына , ал турсун жеке инсан болуп чыгуусуна дагы чоң тасирин тийгизерин биз билим берүүчү мугалимдер унутпасак. Мен ушул кесипти тандаганыма жана келечек муундардын тарбияланышына салымымды кошуп жатканым мени кубандырат.Мектеп ичиндеги ар бир баланын келечеги биз менен сиздин колубузда экенин унутпасак.Андыктан мындай чоң жоопкерчиликтүү иште бир гана билимдин болушу аздык кылат дейт элем.Себеби, ар кандай кырдаалдуу бул кесипке таланттын дагы бар болуусу зарыл го.Мугалим ары акылдуу,ары тапкыч жана мээримдүү жан келет.Ушул окшогон сапаттарыбыз менен келечек уул-кыздарын тарбиялоодон талыкпайлы.Элибизде “Мугалим- мөмөлүү дарак” деген кеп бар эмеспи анысын кандай балдарга татыктуу тарбия берүү керектигин эсибизден чыгарбасак.