Мугалимдин профессиограммасы
(профессияга ылайык сапаттардын тизмеси)
Мугалимдин профессиограммасы ХХ кылымда 20-30-жылдарынды кийинчерээк 80-жылддарда изилдешкен. Профессиограмманын негизги ордун интеллектуалдык-эрк жана эмоционалдык баалоо системасы ээлейт.
Мугалимдин профессиограммасына ден соолугу, мүнөзү, эрки, ыктыярдуулугу, предметти жакшы билүүсү, уюштургуч, окутуунун методикасын жана методдорун билүү, педагогикалык чеберчилик, окуунун жаңы тарбиялык психологиялык негизин билүү, классты түшүнүү, балага жакшы мамиле кылуу, өзүн алып жүрүү, ишин сүйүү, так, чынчыл, адилет, үлгү болуу, өз билимин өркүндөтүү, чыгармачылык менен иштөө, көбүнчө уюштуру, башкара, пландай, прогноз түзө билүүгө көңүл бурулган.
Мугалимдин инсандык-профессионалдык сапаты.
Профессионалдык билиминин мазмунун кесиптик предметтин билиминин өлчөмү, анын методикасы, педагогикасы, психологиясы түзөт.
Профессионалдык билимдин өзгөчөлүктөрү комплекстүлүгү, жалпылуулугу, жеке инсандык таасирдүүлүгү.
Профессионалдык билимдин негизинде педагогикалык аң сезим калыптанат.
Профессионалдык билим бир эле учурда бардык деңгээлде калыптанышы зарыл: методологиялык, теориялык, методикалык жана технологиялык.
Мугалим эки позиция менен иш аракетте болот.
1.Социалдык позиция – адамдын көз карашы, ишенүүсү жана баалуулук.
2. Профессионалдык позиция – кесипке болгон мамиле, педагогикалык максат жана иш аракет.
Педагогикалык ишке кызыгуу, милдетти жана жоопкерчиликти сезүү, этиканы (жүрүш-турушту) сактоо, өзүн алып жүрүү зарыл.
Позиция – маселени чечүүдө аягына чейин колдонулуучу ыкма, жол, өзү бекем ишенген көз карашта туруу, изден тайбагандык
Мугалимдин функциялары
1. Маалымат берүүчү функция – бул функция аркылуу кабыл алуу, жаңы билимдерди өздөштүрүү процессии ишке ашат. Андан тышкары профессионалдык билим, ык, машыгуулардын суммасы иретке келет.
2. Проблемалуу функция – негизинен бул функция аркылуу теориялык билимдерди практикалык ык, машыгууларга айландыруу процессии чечилет.
3. Жүрүш-туруш функциясы – туура чечим кабыл алууга бир атайын жагдай үчүн программалык кыймыл аракет түзүүгө жана анын чыгармачылык маанисин толук чагылдырууга өбөлгө түзөт.
4. Баа берүүчү функция аркылуу жүрүш-туруштун программасынын оптималдуу чечимин тандаса болот.
Функциялар бири-бири менен тыгыз байланышта гана болгондо оптималдуу мааниге ээ болот.
Мугалимдин педагогдук ишинин принциптери
1. Кызматташтык принциби – принциптин маанисин туура ачыш үчүн негизги акцентти маалымат берүү окутуудан методикалык окутууга буруу керек. Таанып билүү, илимий, уюштуруучу жана тарбиялоочу ишмердүүлүктүн методологиясын өздөштүрүү керек.
2. Өздөштүрүү принциби- бул принциптин негизинде катышуучулардын эмоционалдык интеллектуалдык аброюн башкаруу процесси жатат. Мугалим окуучулардын жеке кызыкчылыгын, даярдык деңгээлин эске алуу менен иш алып барышы керек.
3. Баа берүү жагы бирдей болуу принциби-окуу процессии оптималдуу болуш үчүн алып баруучу катышуучулар тарабынан айтылган пикирларга кылдаттык менен мамиле жасашы керек. Окуучулар менен биргелешип иштөөсүнө көңүл буруп жана алардын деңгээлин, кызыкчылыгын өстүрүүгө өбөлгө түзүү – бул принциптин негизги максаты.
4. Сөзсүз түрүндө аткаруу принциби – педагогикалык максатын көздөп, кээ бир күтүлбөгөн өзгөрүүлөрдү иш билүү менен алып барышы керек. Негизги максатын чечүүгө мажбурлап турушу зарыл.
5. Оюн типтеги (мажорлук) принциби–тамашалуу, оюн жагдайлары, жеңген камодага сыйлык берүү аземи ж.б.у.с. ыкмалар ар бир окуучунун потенциалдык мүмкүнчүлүгүн ачууга жардам берет.
Педагогикалык жөндөмдүүлүк динамикалык мүнөздө болуу менен мугалимдин тынымсыз өз үстүндө иштөөнү, изденүүнү талап кылат.
Мугалимдин стили
Таанып билүү стили : башкаруу, жетектөө, иш-аракет.
Авторитардык стили: указ, буйрук, жолдонмо, инструкция
Демократиялык стили: балдардын оюн, түшүнүгүн угуу, колдоо, сыйлоо, урматтоо, балдардын түшүнүгүн жактыруу, активдүүлүгүн, демилгесин колдоо, жактоо, кеңеш, сыйлоо, мактоо, сурануу.
Либералдык стили: мугалим окуучулардын ишине кийлигишпейт, көрмөксөн болот.
Мугалимге коюлган талаптар
1.Коом мугалимдин, мектептин алдында төмөнкүдөй конкреттүү маселелерди чечүүнү, ишке ашырууну талабы төмөнкүлөр:
- Окуучуларды маалыматтардын системасы менен куралдандыруу;
- Адептүүлүк түшүнүктөрдүн өздөштүрүлүшүн камсыздоо;
-Жүрүш-туруш, ыктарын, машыгуулардын калыптануусунун мыйзам ченемдүүлүгүн үйрөтүү;
- Ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо;
- Окуучуларды келечек турмушка, кесипке даярдоо.
2. Мугалимге мектеп тарабынан коюлган талаптары:
- Социалдык милдетти жогору сезген;
- Моралдык жактан таза, эң жогорку интеллектуалдуу;
-Жалпы, терең билимдүү, түрдүү илимдин тармагы менен сугарылган;
- Курак, педагогикалык, социалдык психология, педагогика, курак физиология жана мектеп гигиенасы сабактарын жакшы билүү;
- Өз предмети боюнча фундаменталдуу илимге ээ болгон;
- Тарбиялоонун, окутуунун методикасын, технологиясын билүү;
- Өз кесибин сүйгөн жана ал сүйүүсүн окуучуларга бере алган;
- Ишке чыгармачыл мамиле жасаган;
- Окуучулардын ички дүйнөсүн түшүнө билген, педагогикалык оптимизм касиетине ээ болгон;
Мугалимдин сапаттары
Уюшкандык
Тартиптүүлүк
Эмгекчилдик
Тыкандык
Сылыктык
Жөнөкөйлүк
Мээримдүүлүк
Адилеттик
Талапкердик
Предметин билүүсү
Түшүндүрүүсү
Окута билүү
Сезгич
Ак ниеттүү
Адептик тазалыгы
Окуучуларга ишеними
Жүрүм-туруму
Авторитети (кадыр-баркы)
Кечиримдүүлүк
Чыдамкайлык
4