Просмотр содержимого документа
«Мугалимдин түрлөрү»
Диктатор, кайдигер, кесипкөй мугалимдер зыяны жана пайдасы
Үч түрдүү мугалим
Мугалимдердин жүрүм- туруму жана түшүнүгү туурасында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында мугалимдин бир канча түрлөрү аныкталган. Аларды төмөнкүдөй 3 категорияга бөлүп кароого болот:⤵
- Диктатор мугалимдер;
- 2. Кайдигер (көңүл кош) мугалимдер
- Мыкты ( кесипкөй) мугалимдер. Булардын ар биринин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Бул өзгөчөлүктөр айрыкча окуучулар тарабынан жакшы байкалат.
Диктатор мугалимдер
Класстын абсолюттук өкүмдары жана сабактын жалгыз башкаруучусу абалда болушат. Сабак учурунда уруксатсыз чымын учурайт, шартсыз моюн сунууну талап кылат. Жазаландыруу методун көп колдонот, бааны дисциплинанын куралы катары колдонот.Окуучулар менен болгон мамилеси суук, айрым учурда каардуу. Сабакты өзү даярдап өзү жүргүзөт. Окуучулардын жүрүм-туруму на белгилүү эрежелерди киргизет. Окуучулардын пикир-ойлоруна көр көп деле маани бербейт. Диктатор мугалимдердин усулдарын класста тартиптин сакталган дагы үчүн колдогондор бар. Бирок, мындай мугалимдер окуучулардын аң-сезимине терс таасирин тийгизери анык.
Диктатор мугалимдер кирген класста:
Окуучу сабакка мугалимден чочулагандыгынан гана катышышы ыктымал;
- Убактылуу тартип орношу мүмкүн;
- Окуучу негизинен коркок жана тартынчаак болуп калат;
- Топтук биримдиктин ордуна, өзүмчүлдүк алдыңкы планга чыгарылат;
- Окуучу сабакта активдүү жана шайыр отура албайт;
- Окуучунун эркин ой-жүгүртүү жана чечим чыгаруу жөндөмдүүлүктөрү кеч өнүгүшү мүмкүн;
- Окуучу мектептен жана билим алуудан алыстай баштайт.
Кайдыгер ( көңүл кош) мугалимдер
Кесибин сүйбөгөн жана окутуп-үйрөтүүгө кызыкпаган мугалимдер да бар. Алар бул кесипти өз каалоосу менен тандашкан эмес, же экинчи иш катары көрүшөт. Ушул себептен окуучулар менен алектенишет, аларга керектүү багыт бере алышпайт. Аларсыз, максатсыз, каалоосун, чаржайыт иштешет. Бул көрүнүш көп учурда окуучуларга байкалып калат. Ошондуктан сабактан көңүлдөрү бурулуп,ойго батып кетишет.Кайдигер мугалимдер кирген класста:
1.Окуучулардын көңүлү башка жакка бурулгандыгы үчүн класста башаламандык өкүм сүрөт;
2. Окуучунун сабакка болгон шыгы солгундайт;
Мугалимдин эң мыкты деңгээлде өсүп-өнүгүшү билим берүүнүн сапатын жогорулатат. Ал эми сапаттуу билим берүү мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошот.Чындыгында мугалимдер жалгыз гана окуучуларга билим бербестен жалпы мамлекетке же улутка таасир этет. Ал эми сапатттуу билим берүү өзүн ар тараптуу өнүктүргөн кесипкөй мугалимдин аракети менен гана ишке ашат. Андыктан идеалдуу, заманбап мугалим болууга ар бир мугалим аракет кылыш керек. Азыркы мезгилге ылайыкталган заманбап жана жемиштүү мугалим кандай болот?
-Өзүн тараптан өнүктүргөн предметтик иш билгилик менен балдарга болгон сүйүүсүн айкалыштыра алып кеткен гана мугалимди кесипкөй, чыгармачыл мугалим дейбиз.
ОКУУЧУ МЕНЕН ТИЛ ТАБЫШУУНУН
6 ЖОЛУ
1. Класстан чыгыңыз. Балдар менен маектешип жатканда класс менен гана чектелбеңиз. Окуучулардын класстын сыртында өздөрүнө тиешелүү ааламы бар экененин унутпаңыз. Мектептин ичин аралап, залда окуучулар менен аңгеме-дүкөн куруңуз, сабагыңызга келе турган окуучуларды залдан баштап жылуу жүз менен каршы алууну адатка айландырыңыз. Ошондо гана окуучулар сиздин сабагыңызга ашыга турган болушат.
2. Ийримдерди жана клубдарды уюштуруңуз. Окуучуну таануунун дагы бир жолу класстан тышкаркы иш-чараларда бирге болуу: футбол, волейбол, стол теннисин бирге ойноңуз. Спорттук иш-чара болбосо жаңы клубдарды ачууга болот. Ал үчүн да окуучулардын пикирин угуу зарыл. Эгер, кичине болсо да ойлонуп көрсөңүз, классыңыздын көп жактуу боло алышына көзүңүз жетет. Мисалы: класс ичинде китеп окуу клубун уюштурууга болот.
3. Окуучуларыңызды башка тарабынан тааныңыз. Мунун эң оңой жолу – мектептен тышкаркы иш чаралардан калбоо. Топ ойногон окуучуңузга күйөрман болгондугуңузду көргөндө, анын кубанычы көккө көтөрүлөт. Сиздин жылуу мамилеңизди көргөндө, сахнада турган окуучуңуз бар өнөрүн ортого салат. Окуучуңуздун башка дагы жаңы өнөрлөрү менен таанышып, ошол тууралуу аны менен ой бөлүшкөнүңүз карым-катышты күчөтүүнүн өтө маңыздуу жолдорунун бири.
4. Иш-аракеттерин түшүнүп, ой-пикирлерин урматтаңыз. Окуучулардын жеке ойлонууга укугу бар. Аны бузбоого жана болушунча урмат менен кароого тырышуу керек. Эгер окуучу жумуш дептерине карооңузду каалабаса, сабырдуу болуңуз. Кандай жумуш менен алектенип жатканын сыпайы сураңыз, окуп көрүүгө уруксат алыңыз.
5. Ар дайым жакшы жагын көрүңүз. Коомчулуктан алыс калган окуучулардын көңүлүн кандай алууга болот? Мындай жолду көрүңүз: Бир мугалим окуу жылы аралыгында өзүнчө бир тизме жазат экен. Ал тизмени жанагы мектепке аралаша албаган окуучулар түзөт. Сырттан байкоо жүргүзүп, жагымдуу аракеттерин дептерине жазып жүрөт. Кийин ошонун баарын кагаз бетине түшүрүп почта аркылуу ата-энелерине жиберет. Эртеси күлүмсүрөгөн окуучу мугалимине келип: “рахмат сизге, апам бүгүн мени өзгөчө мактады” дейт. Кээ бир ата-энелер ал катты үйүнүн дубалына жабыштырып сактап койгон учурлар да болгон.
6. Эң негизгиси, жөнөкөй болуңуз. Окуучулар жасалмалуулукту дароо сезет. Мугалимдикке, окуучуларга деген сүйүүңүздү болушунча аларга сездирүү зарыл. Бул – бир гана жөнөкөйлүк менен ишке аша турган нерсе.